Муа эл жомогу: Дельфин этин адамдар неге жебейт?

Бир аралда чоң энеси менен бирге бир улан жашаптыр. Чоң эне жыпар жыт чыгаруучу кокос майын даярдоонун өзгөчө ыкмасын билип, аны менен небересинин денесин сүргөн күнү анын кереметтүү жытынан улам дельфиндер жээкке жакын сүзүп келишчү экен. Мындан пайдаланган аралдын жашоочулары дельфиндерди оңой эле торго түшүрүшүп, ошол күнү олжого туйтунушчу болуптур. Дагы бир жолу аралдын тургундары дельфиндердин чоң үйүрү торго чалынганын көрүп, олжолуу болгонуна сүйүнүп жатышканда алардын арасындагы кокос майын сыйпанып жыпар жыттанган алиги уланга бир дельфин сүзүп келип мындай деп […]

Назгүл ОСМОНОВА: Аманат бар, а аны уккан барбы?

Кыргыз өкмөтүнүн чечими менен 2015-2016-жылдары дагы бир даңктуу бабабыз, чыгыш-мусулман-ренессансынын улуу ойчулу, Караханиддер каганатынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, мамлекетти башкаруунун теориясы менен практикасына, түрк дүйнөсүнүн маданиятынын өнүгүшүнө зор салым кошкон Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы белгиленген. Караханиддер каганаты 10-12-кылымдардагы ири мамлекет болгон. Анын курамындагы түрк элдери маданий, экономикалык жана саясый чоң өсүшкө жетишкен. Азыркы Кыргызстан аймагында эле 60тан ашуун шаар болгон. Алардын ичинен биздин заманга чейин сакталып калгандары Токмок шаарындагы Бурана мунарасы, Өзгөндөгү тарыхый-архитектуралык комплекс, Шах-Фазиль күмбөзү жана “Таш-Рабат” кербен сарайы эсептелет. […]

Тахир МАЛИК: Шайтанат (Уландысы)

Мурда жарыяланганы: 1-баян  2-баян ПОВЕСТЬ ЭКИНЧИ БӨЛҮМ 1 Кайра куруунун шарапаты менен райаралык кыдыруу бөлүмүнүн тергөөчүсү, лейтенант Захид Шараповдун желкесине күн тийди. «Ак ниеттүүлүгү жана өз ишине чын көңүлдөн берилгендиги» үчүн аны район прокуратурасына прокурор кылып көтөрүштү. Захид ырасында эле ак ниет, таза, жана өз ишин сүйгөн тергөөчү эле. Анын бул пакизалыгы жана адалдыгы башчыга жакчу эмес. «Кайра куруу дегени кайдан чыккан балээ болду?» — деп жүргөндө, жаштарды көтөрмөлөө деген маселе көлдөлөң коюлду. Шаар ИИБнин башчысы ойлонбой туруп, Захидди тергөөчүлүктөн […]

Кожогелди Култегиндин кожо сөздөрүнөн

(Үчүнчү топтом) *    *    * Тообо, бала кезде балакеттей тентек болсок да, гүлдөргө таш аткан эмес экенбиз. *    *    * Самара Токтакунованы кыргыз эли тургай, кыргыздын комузу да жанындай сүйѳт экен! Ага далил, күүлѳнгѳн комуздун үч кылын бирден терип доош чыгарсаңар – тапа-так гана «Са-ма-ра» деп турат. *    *    * Майрам – карыпка да майрам. Карпына-карпына бөтөлкө жыйнап. *    *    * Айылдагы айрым майдалыктарды көрүп, андан мени окчун алып кеткен алпкаракуштун – Бишкектин болгонуна шүгүрчүлүк келтирдим. *    *    * Жигиттер […]

Сакебиздин «Итим, сага айтам, кишим, сен ук» икаясы

Ар жылдын февраль-марты – Салижан агайыбыз туулган, анан 70 жашка толушуна бир ай жетпей одүйнө кеткен мезгил. Салижан Жигитов агайымын жаркын элесине “Ит атаар” икаясы жөнүндө итабар сөз Аны биз, окуучулары, ар убак унутпай эстеп келебиз. Агай баскан-турган жеринде адамдарга жарык маанай, тамаша-күлкү тартуулап, жаркылдап жүрчү жаркын инсан эле. Окумуштуулугу, акындыгы, адамдык кыял-мүнөзү, аңызга айланган курч кеп-сөздөрү тууралуу көп эле айтылып жүрөт. С.Жигитов өзүн адабияттын ар кыл жанрында сынап, артына өрнөктүү тексттерди калтырып кетти. Салижан агай өз чыгармачылык жолунда көркөм […]

Ырысбай АБДЫРАИМОВ: Жолго чыкпа, сур коён!

АҢГЕМЕ Жол боюнда түштөн бери унаа күткөн Бектен бычан ташыгандардын машинесине туш келди. Бүгүн-эртең итабар жол басар түрү бар. Ал иштеген токой чарбанын кеңсеси жайгашкан кыштак, автоунаалар тынымсыз каттаган чоң жолдон кыйла окчун. Ага жетүү үчүн кеминде эки-үч ирет унаа которууга туура келет. Артынан чаң уюлгутуп, кыр жол менен ылдый зуулдаган  машинанын үстүндөгү кишиге айланадагы балык жон адырлар, андан төмөндө жаткан көк жашыл бак-дарактуу айыл, ылдыйдагы талаа, кийин Күнгө чагылышып, тасмадай сызылган  узун кара жол алаканга салгандай  көрүнөт. Колот коңулунда […]