(Үчүнчү топтом)

*    *    *

Тообо, бала кезде балакеттей тентек болсок да, гүлдөргө таш аткан эмес экенбиз.

*    *    *

Самара Токтакунованы кыргыз эли тургай, кыргыздын комузу да жанындай сүйѳт экен! Ага далил, күүлѳнгѳн комуздун үч кылын бирден терип доош чыгарсаңар – тапа-так гана «Са-ма-ра» деп турат.

*    *    *

Майрам – карыпка да майрам. Карпына-карпына бөтөлкө жыйнап.

*    *    *

Айылдагы айрым майдалыктарды көрүп, андан мени окчун алып кеткен алпкаракуштун – Бишкектин болгонуна шүгүрчүлүк келтирдим.

*    *    *

Жигиттер кыздарга тимеле ашыгып-шашылгандай 23-Февраль дагы 8-Мартка тезирээк жетсем деп ашыгып-шашылып – февраль айынын эки-үч күнүн аттап-буттап кеткенин кара?!

*    *    *

Чыгармачылык жарыштай шылдыңчыл нерсе болбостур! Катар эле жүрүшөт. Катар туруп каткырышат. Карасаң эле бири миллион чакырым алдыга кеткен! Бири кагып салгандай ордунан жылган эмес дымагын кучактап.

*    *    *

Таң атпай кечиндеги тарыхты айтып-сайрап – аялы «булбул»… «булбул»… Каяктагыны айтып атканын кармап-түшүнгөнгө алы келбей – күйөөсү  «бүлбүл»… «бүлбүл»…

*    *    *

Адам бир – өтө даамсыз тамакка, бир – өтө даамдуу тамакка  тойбогондой, окурман дагы бир – өтө супсак чыгармага, бир – өтө ширин чыгармага жаланган боюнча калат.

*    *    *

Маданиятты жалпы эл, жакшынакай жамаат жана жап-жалгыз талант өстүрөт!

*    *    *

Кыргызстанда партия-партиясы менен арактар, партия-партиясы менен калактар чыгарылгандай, партия-партиясы менен партиялар да чыгарылууда.

*    *    *

Ак кайыңда деле кара темгилдер бар.

*    *    *

Өзү бузулса да, сөзү бузулбаган жазуучуларга таң калам. Түрү бузулса да, үнү бузулбаган ырчыларга таң калам.

*    *    *

Чынынын ичиндеги чыныны алып жатканда чыккан «чыңк» эткен добуштун түшүндүрмөсү да – ынтымакчылык!

*    *    *

Чыныгы үмүткерлер деп чымындарды айтыш керек – бири эле келсе жүзү кошо пайда болуп! Эзели бир үмүтүн үзүп, кетип калган чымын болбойт окшойт.

*    *    *

Элүүгө чыгуу – элиңе чыгуу. Кандай өмүр өткөрүп, кандай эмгек бүткөрүп келатканыңды айтып.

*    *    *

Тойдо томурайып кызмат кылгандар эмес, том-том болуп тойгондор таарынышат.

*    *    *

Улуу инсандардын артында маданият калат! Маданиятка тийешесиз адам болсо да – маданият калат. Көзү өткөн соң музей уюшулса – ал маданият эмей эмне, мааракесинде ыр-музыка жаңырса – бул маданият эмей эмне, китеп чыгарса – тигил маданият эмей эмне?!

*    *    *

А балким, адамдар табигаттан ашып байый баштаганда жер титирейт…

*    *    *

Кокус адамды сабай турган шарт келсе – композитор кулакка забын келтирбей сабайт. Сүрөтчү көзгө забын келтирбей сабайт. Актёр  кулак менен көзгө забын келтирбей сабайт. Ал эми жазуучу адамдын бир дагы жерине забын келтирбей cабайт…

*    *    *

Илим жактаганга эң сонун тема бар – «Көчө кесилишиндеги МАИ кыздын эстетикалык көрүнүшү.”

*    *    *

Маданияттын кишилери ачка калбайт эч качан. «Дан» бар «маданият» деген сөздүн ичинде. Эч качан ачка калбайт.

*    *    *

Сенин тилиң эле чатак экен – убак-саатсыз тикенектей сайгылап. Ме, мегин, ошо тилиңди бут кийгич кашык менен кичине басып турчу – эс алсын.

*    *    *

Күн – бүт-бардык мамлекеттердин герби!

*    *    *

Чаркы күчтүү чач тарач айым – өзү чачын тегиздеп койкойткон эркекти өзү сылап карап атып, өзү сүйүп калыш керек!

*    *    *

Олдо-о, 12 деген сандын күйгүзгөнү-ай! 49га чыгып – кырктын эсебинде жүргөн кишини ушул 12 дегениң 61ге чыгарып – жетимишке кетип аткандардын катарына кошуп салбадыбы?! Бүт-баарысын эле ушу 12 карытып таштады, 12…

*    *    *

Акындын жөнөкөйлүгү – татаалдыктан дагы татаал, акындын татаалдыгы – жөнөкөйлүктөн дагы жөнөкөй.

*    *    *

Конструктивдүү оппозициянын үлгүсү – аялың экен. Сенин жасаган иштериң оңой менен жакпайт ага. Сени бирок кулатайын деген да ою жок. Өнүктүрүп-өстүрүү боюнча план-программасы дайыма  көңүлүндө (тилинде)!

*    *    *

Жакын аралык – жылан. Ошон үчүн эң сонун  кафе үйүңдүн жанында жайгашкан болсо – оңой менен кирбейсиң. Эң көзөл кыз кошуна жашаган болсо – оңой менен сүйбөйсүң. Жакын аралык – жылан.

*    *    *

Аракечке ичимдик өзүнөн-өзү жолугуп тургансып – суйкайган сулууга дагы кулпурган кийим өзүнөн-өзү табылып турат.

*    *    *

Гүлдөрдүн гана күнөөсү болбойт. Күнөөлөрдүн гана гүлү болбойт.

*    *    *

Оо, айылдын кемпирлеринин дарыгерлигин айтпа! Кокус бир жериңди күйгүзүп алсаң – аны сүйкө деп бири айтат, муну сүйкө деп бири айтат, тигини сүйкө деп бири айтат. Дагы бири башка жериңди күйгүзүп туруп, ошону сүйкө деп жалооруп турат.

*    *    *

Бийликте жүргөндөрдүн арасында бийикте жүргөндөрү өтө эле аз болот экен.

*   *   *

Биздин Жогорку Кеңеш биздин Өкмөттүн ишин карап жатканда – Армениянын же Эстониянын Парламенти Кыргызстандын Өкмөтүнүн ишин карап жаткандай туюлуп кетет.

*    *    *

Кудай берген кечти Кудай сүйгөн пенде кечеге айлантат.

*   *   *

Кыргыздын той-ашын токтотом дегендерге таң калам. Оболу кыргыздын жерин бир карап алышпайбы – коктудан-кокту,  аскадан-аска, тоодон-тоо! Казанды коё салып эле, алдынан от алоолотуп, кайната салчудай жер. Мындай жерде эгерим той-аш токтобойт.

*    *    *

Азыр… азыр кийимден бери саясатка киришип кетти. Арактан бери саясатка аралашып кетти.

*    *    *

Башкаларды басып-өтөм, башкалардан озуп-өтөм деп эмне кыласың. Өзүңдөн өзүң озуп олтурсаң эле болду – опол тоодой ийгиликти багындырасың!

*    *    *

Миң-миллион, сан жеткис жылдар бою жерде кантип жата берем деп денем үрккөндө – сулуулардын да ошентип жатаарын эстөө менен өзүмдү жооткотом.

*    *    *

Достошконду кой, душмандашканга дагы дурусураак киши керек турбайбы.

*    *    *

Адамдардын баарынын боору ачыганы да – какжыраган карылык. Бирок адамдардын баарынын жетсек деп жан үрөгөнү да – какжыраган карылык.

*    *    *

Пенденин бечарасына кичине бир жакшылык келсе Жараткан ушунун эсесин чыгарып албас бекен деп коркот.

*    *    *

Башың бүтүн болсо анан акыл, билим жыйнагын да.

*    *    *

Көркөм адабият – көйкөлгөн көлдөй болгон нерсе белем! Журналистиканын өлүмсаңги, кагыраган сөздөрүн дайыма толкуну менен сыртка тээп чыгарып.

*    *    *

Мейман күткөн адамдай алдыга көкүрөгүн тосуп эч ким тура албайт!

*    *    *

Ок менен ток өзүнөн-өзү жарым жолдо токтобогондой – ашыглык дагы өзүнөн-өзү жарым жолдо токтобойт.

*    *    *

Кыргызстан криминал өлкөгө айланган сайын адамдардын кыпылдаганын айтпа – тимеле кызыл жарыкта машина айдап-өтүп бараткансып!

*    *    *

Керилген аялдын керилген эле терезе-пардасы болот. Чүрүшкөн аялдын чүрүшкөн эле терезе-пардасы болот.

*    *    *

Мен дегениң – сенин денең эмес. Мен – денеңдеги жаның. Жаның жок болгондо – мениң жок болот. А денең кала берет.

*    *    *

Адам пейли дүрбүдөй: бирөөлөрдү канчалык өзүнө жакындатса, бирөөлөрдү ошончолук өзүнөн алыстатат.

*    *    *

Уйкунун да укмуштай бир акылы, жоопкерчилиги бар – ар дайым туруп көнгөн саат-мүнөтүңдүн так өзүндө ойготуп.

*    *    *

Аялды чүмбөттөө – ааламды чүмбөттөө! Күн каякка тийерин ойлогула, Күн…

*    *    *

Суулары миң ийрилип, жүз кесилишкен кенен сайды карап олтурсаң  – “А”дан баштап “Я”га чейинки тамгалардын баарысын табасың.

*    *    *

Так маңдайыңда сага баш тийиштире олтуруп сүйлөп жаткан маектешиң таптаза турган көз-кычыгын утур-утур аарчыса – анда эле сен өзүңдүн көз-кычыгыңдан шектен.

*    *    *

Баарынан – жаман “чоңдун” кабылдамасында олтурган жаман.

*    *    *

Тимеле үлпүлдөй жуунуп-жасанып, анан үйдөн чыгып баратканда  гана өтүгүн аарчып-майлаган, ошо колун башкаларга оолжуй сунуп-өптүргөн сулуулар көбөйүүдө. Менимче, акырзаманды ошолор апкелет…

*   *   *

Тоолор – качаар жагы жок качып бараткан кийиктер!

*   *   *

Кыргыздын нагыз баш кийимдери – калпак менен суусар тебетей жеригенсип жеңил машинага батпай турган сайын кубанам! «Ат миниш керек, – деп турат, – ат… ат…»

*   *   *

Туруп алып, ал тургай басып жүрүп, ал гана турсун жүгүрүп жүрүп уктагандар бар! Алар – иш кылбай-нетпей, максатсыз көчө таптагандар!

*    *    *

Найды эле карасаңар, найды – түтүндү сыртка чыгарыш үчүн өзү суурулуп сыртка чыккан! Силер болсо меймандарды үйдүн ичинен эле жолго салганга машсыңар.

*    *    *

Айтып эмне башкасын! Акчанын бир колунда согуш турат! Акчанын бир колунда тынчтык турат! Айтып эмне башкасын…

*    *    *

Чоң кишилер менен катар туруп даарат ушатпагандыгы үчүн – кыргыз жаштарынын келечеги кең!

*    *    *

Мамлекет жетекчисинин жүргүзгөн саясатын элге-журтка заматта жеткирүү абзел. Үндөн тез жетсин! Тетиги отун жарып аткан адамды көрчү, эгер ошондой балтаны чапканда эмес, балтаны чаап туруп анан көтөргөндө үнү башкаларга жетсе – иши менен сөзү дал келбегенсип, ишеним жаратпай коёт.

*    *    *

Ушунча кенен жүрөгүңө бирөөнү жашырып-сактап жүрө албасаң – кесир болбойбу, ботом.

*    *    *

“ — Жалгыз койгулачы мени, жазып-иштеп алайын.”
“ — Жалгыз койсок – жатып алат турбайсыңбы?”
“ — Жатамбы, олтурамбы, турамбы – баары бир иштеп аткан болом. Кайберенди атып алыш үчүн мергенчи жата калышы деле мүмкүн да…”

*    *    *

Ал тургай жылан “зирт!” эте коркуп-качкандан кийин – адам дегениң айласыз эле бир жалаңгыч окшойт?..

*    *    *

Музыкадан-музыка, музыкадан-музыка уга берсең, эң жан жыргатаар музыка – өлүк тынчтык болуп чыга келет. Тимеле балкып-магдырайсың аны угуп. Кийин да түбөлүк магдырап жатасың аны угуп…

*    *    *

“Жылдыздардын” көптүгү-ай. Бирок кээ бири “кулаганда” гана багы ачылгансып көзгө даана көрүнөт…

Кожогелди Култегиндин кожо сөздөрүнөн (1-топтом)

Кожогелди Култегиндин кожо сөздөрүнөн (2-топтом)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *