Ар жылдын февраль-марты – Салижан агайыбыз туулган, анан 70 жашка толушуна бир ай жетпей одүйнө кеткен мезгил.

Салижан Жигитов агайымын жаркын элесине

“Ит атаар” икаясы жөнүндө итабар сөз

Аны биз, окуучулары, ар убак унутпай эстеп келебиз. Агай баскан-турган жеринде адамдарга жарык маанай, тамаша-күлкү тартуулап, жаркылдап жүрчү жаркын инсан эле. Окумуштуулугу, акындыгы, адамдык кыял-мүнөзү, аңызга айланган курч кеп-сөздөрү тууралуу көп эле айтылып жүрөт. С.Жигитов өзүн адабияттын ар кыл жанрында сынап, артына өрнөктүү тексттерди калтырып кетти. Салижан агай өз чыгармачылык жолунда көркөм проза жанрына да кайрылып, 1977-жылы “Мектеп” басмасынан “Күн тууду” аттуу повести өзүнчө китеп болуп басылып чыккан. Повесть адабий-полемикалуу жана көркөм-пародиялуу формада жазылган.

Чыгарма адегенде кадыресе эле турмуштук окуяларды: баянчы-каарман Сарыбаштын кантип күчүктүү болгонун, күчүктүн андан кийинки өмүр таржымалын сүрөттөөдөн башталат. Биринчи-экинчи бөлүмдөгү окуялар анчалык кооздолбой, демейде турмушта кандай болсо ошондой, реалистик планда сүрөттөлөт. Окуялардын баяндалышынан, каармандардын сыпатталышынан, пейзаждык сүрөттөөлөрдөн ашкере апыртууну, адамды суктандырган көркөмдүктү, сөз болуп жаткан кейипкердин ичине кирип-чыккандай таамай жана кылдат туюндурулган терең психологизмди деле көрбөйбүз.

Баянчы бала чакта көргөн-билгендери, Жолборс аттуу ити, ошол иттин тагдырына тике же кыйыр тиешеси бар кишилер тууралуу жөн-жай гана сөз кылат. Ит атаардын кулк-мүнөзүнө, кылык-жоругуна байланыштуу улам бир кызыктуу жагдайларды, эпизоддорду, окуяларды көз алдыга тартып, окурмандарды бирде жылмайтып, бирде кыткылыктатып, бирде каткыртып отурат. Ырас, китептин аннотациясында “повесть баштан-аяк тамашалуу мүнөздө жазылган” деп эскертилген. Бирок ушундан улам «бул повесть окуган кишинин көңүлүн ачып, күлдүрүш үчүн гана жазылган чыгарма тура» деген ой туулбашы керек. Тамаша адатта акылдуу адамдарда кандайдыр бир себептер менен олуттуу түрдө айтууга болбой турган же олуттуу айтса кишинин оюна анча конбой турган нерселерди туюмдуу жана таасирдүү туюнтуу каражаты катары колдонуларын унутпаган оң.

Өз заманында Аристотель жан жөнүндө трактатында: “Айбанат аттуунун ичинен адам гана күлө алат”,- деп белгилеп кеткен экен. Дегеле адабият, искусство дегендин максат-милдети — ар кандай себептердин айынан асылдык ыракатын башынан кечире албай калышкан адамдарга аз да болсо жарыкчылыктагы жаркын сулуулуктан кабар берүү, алардын көңүл түпкүрүндө уктап жаткан аруу ой-сезимдерин ойготуу го. Юморлуу чыгарма да адам пендесиндеги ичи тарлык менен кыянаттык, арамзалык менен зомбулук, наадандык менен ташбоорлук, өзүмчүлдүк менен кара өзгөйлүк өңдүү өксүктөрдүн кесиринен улам тепсендиде калып жаткан асылзаада идеал үчүн күрөшөт. Бирок дүйнөнү юморлуу аңдап-билүүнүн спецификалуу өзгөчөлүктөрү бар. Анда адатта жашоонун жарык жана күүгүм жактарынын ортосунда тең салмактуулук болбойт. Юморлуу аң-сезим көбүнчө турмуштагы терс көрүнүштөргө, кишинин ички-тышкы кемчиликтерине көңүл бөлөт да, көмүскө планда идеалга туура келүүчү оң нерселерди тастыктап, адамда дүйнөнүн дисгармониялуу абалдарына карата жек көрүү сезимин козгойт. С.Жигитовдун ит икаясындагы юмор менен тамаша-күлкүнүн маани-маңызы да мына ушуга барып такалат.

Күлкүлүү учурларга повестте кийинчерээк, качан анын “аянтында” ит атаар Улукбек аке, Жоро-шайтан, Бейшеке Ургазиев, Айдараалы-бырыкна менен Айдараалы-бакырчаак сыяктуу кейипкерлер пайда болгондон баштап туш келебиз. Ага чейин сөз негизинен иттин айланасында жүрөт. Ал эми икаянын үчүнчү – соңку бөлүгүндөгү окуялар болсо толук бойдон Жолборс иттин армандуу тагдырына арналган. Автор чыгармасына “ит икаясы” деген кошумча атты бекеринен койбосо керек. Адабият тарыхында айбанаттарды башкы каарман кылып сүрөттөгөн чыгармалар айтарлык арбын. Алардын арасында асыресе ит менен мышыкка арналгандары да өзүнчө бир короо болот.

Баарын санаганда эмне, айрымдарын, алсак — Э.-Т.-А. Гофмандын “Мурр аттуу мышыктын турмуштук философиясы” романын, айтылуу Жек Лондон ит менен карышкырдын жашоо-турмушун жазганга абдан ыкылас коюп, алар тууралуу азыр классикага айланган бир нече повесть-аңгемелерди калтырганын, Чеховдун ит тагдыры тууралуу “Каштанка” аңгемесин же өзүбүздүн кыргыз прозасына келсек, Аман Саспаевдин «Сарала ит» аңгемеси кезинде адабиятчы-сынчылар арасында кандай “ит тартыш” болгонун эле эстейличи.

Адабият айбанат жашоосуна, анын ичинде айрыкча ит турмушуна эмне үчүн ушунчалык кызыгат? Арийне, адам баласы деле дээринде жарым-жартылай айбан, илим тили менен айтканда, биосоциалдык макулук. Башка макулуктардан болгон айырмасы: эмгек куралдарын жасай алат, табият чөйрөсүн өз муктаждыктарына ылайыктап кайра түзүүгө жөндөмдүү, өнүккөн аң-сезимдин жана өнөр алды кызыл тилдин, башкача айтканда, экинчи сигналдык системанын ээси. Мунун баары башынан маалым. Ошон үчүн биологиялык жандык катары жаратылыштын өз жан-жаныбарларына бүткөргөн табигый касиеттери менен сапаттарынан адам пендеси да кур эмес.

Демек, жазуучу айбанаттарды алды менен алардын жашоо инстинктинде, кыял-жоругунда, кулк-мүнөзүндө адамды элестеткен, анын психологиясынан кабар берген тике же кыйыр, ачык же бүдөмүк белгилер бар үчүн өз чыгармасына баш кейипкер кылып алат. Адамдардын айбандарга, айбандардын адамдарга жасаган ар кыл алака-мамилеси аркылуу жашоо-турмуштагы реалдуу байланыш-катнаштарды чагылдырып, ыймандык-руханий маселелерди козгойт. Ал эми ит байкуш жаныбарлардын ичинен адам баласы менен тээ байыртан бери бирге жашап, ага караан болуп келаткан эң жакын жан жолдош макулук эмеспи. Айтор, андай чыгармалардын автору “Айбан, сени айтам, адам, сен ук” деп тургансыйт. “Күн тууду” повести да ушундай чыгармалардын катарына кирет. Салижан Жигитов да бул икаясы менен: “Итим, сени айтам, кишим, сен ук” деп айткансыйт окурмандарына.

Повесттен буга иллюстрация катары Жолборс даңгыттын жолдон ары-бери өткөндөрдүн астын тороп арсылдап жатып алганын, анан алар итке нан таштап берип өйдө-ылдый тынч каттап калышканын, бекер оокаттын кыныгына кирген ит алдына жем ыргытмайын эч кимди өткөрбөй, ыркырап паракор болуп кеткенин мисал келтирсек болот. Анан автор мунун башкы себебин “карапайым кыргыз, эгер ал ышкылуу мерген болбосо, демейде ит жаныбарды кор тутат, бапестеп бага албайт. Мал сойсо канын, арам жерин, сөөк-саагын таштап берет, калган убакта карандай жугундуга гана каратып коёт”деп түшүндүрөт.

Ал эми чыгарманын акыркы көркөм-пародиялуу бөлүмүндө Жолборстун образы жана ага байланыштуу окуялар таптакыр башкача өңүттө өнүктүрүлөт. Пародия дегенибиз жалпы алганда түп нусканы эликтеп тууроо, анын мүнөздүү белгилерин тамашалуу формада күчөтүп сүрөттөө го. Карап турсаң көп эле көрүнүштөрдү: бирөөнүн сүйлөө, ойлоо, жүрүш-туруш жана башка өзгөчөлүктөрүн, көркөм стилди же жанрды (антика адабиятындагы “Чычкандар менен бакалардын согушу” поэмасы “Илиаданын,” б.а. гомердик стилдин, М. Сервантестин “Дон Кихоту” рыцардык романдын пародиясы экенин эстейли), кайсы бир жазуучунун чыгармачыл манерасын же конкреттүү чыгармасын (буга мисалдар абдан көп, айталы, Ю. Тувим бөлөк акындардын манерасын, Чехов В. Гюгонун көтөрүңкү романтикалуу стилин пародия объектисине айландырганы ж.б.у.с.) пародиялоого болорун көрөсүң.

Ал эми орто кылымдардагы күлкүлүү пародиялык-травестиялык адабият пародиялуу формалардын албан түрдүүлүгү жана көптүгү жагынан байыркы Рим адабиятынан ашып кетпесе, кем калган эмес экен. Андыктан ошол доор пародиясынын мыкты билермандарынын бири Пауль Леманн орто кылым адабиятынын тарыхы – “бул бирөөнүн мүлкүн сиңирип алуунун, кайра иштеп чыгуунун жана эликтеп тууроонун тарыхы” деп белгилеген тура.

Салижан агай өзү чоң адабиятчы болгону үчүн ит икаясын жазууда ал бу жагынан өзү окуп-билген илимий-теориялык тажрыйбасын жана өздөштүрүп үйрөнгөн көркөм практикасын жакшы эле пайдаланган. Айталы, дүйнөлүк адабият менен искусство тарыхында “Барокко” деген бир стилдик агым бар. Аны кармангандар өз чыгармачылыгында проза менен поэзиянын, көрксүздүк менен сулуулуктун, карикатура менен көтөрүңкү идеалдын контрасттык карама-каршылыгына негизденишет. Бул көркөм стилдин концепциясы боюнча реалдуу турмуш дегенибиз карандай прозага ширелген. Сулуулук менен асылдык андан сыртта – ажайып фантазия ааламында гана жашайт. Ошон үчүн сулуу нерселердин баары идеалдуу, керемет жана сонун болот. Барокконун бир эле учурда иллюзиялуу да, реалисттик да жагы бар. Реалисттик жагы ээ-жаа бербей ала качкан кыялдан, санжыргалуу фантазиядан келип чыккан керемет иллюзиялуу тарабын ашкерелеп турат. С.Жигитовдун “Күн тууду” повести дал ушул принципке негизделип курулган.

Бул китептин көңүл бура турган бир өзгөчөлүгү – эки башка баяндоо планында жазылганында. Тагыраак айтканда, реалдуу планда баяндалган окуялар повесттин финалдык бөлүгүндө кубулжуп кубулган түрүндө көтөрүңкү романтикалуу-лирикалуу манера-маанайда кайрадан кайталанат. Натыйжада, чыгармада реалдуу пландан аябай айырмаланган жаңыча сапаттагы ажайып көркөм аалам жаралат. Муну жүзөгө ашырыш үчүн автор адегенде китептин биринчи-экинчи бөлүктөрүндө ит атаарды көркөм сөздүн жөндөмдүү сүрөтчүсү, таламандын тал түшүндө жердеги чыладан жылдыздуу тунук асманды көрө билген кыраакы романтик, кудай сыяктуу кыялында жоктон бар жарата алган керемет фантазёр, калпты чындай сайраган ашкан аңгемечи кылып сүрөттөйт. Анан аны үч ай сүйлөбөй жата тургандай дабасы оңой менен табылбас оор дартка чалдыктырат. Мурун көп сүйлөп, балдарга кызык-кызык аңгеме айтып берип көнүп калган кайбар өлөрүн санап, аябай бук болуп кыйналат. Ошо бук болгонуна чыдабай китеп окуганды эрмек кыла баштайт да, акыры кыргыздагы мыкты деген аңгеме, повесть, романдар менен котормолордун баарын түгөл койбой окуп чыгып, дээринен эле бала кыял, сезимтал неме эми окуган китептерине аябай таасирленип, бүт бойдон китеп дүйнөсүнө жутулуп, реалдуу турмуштагы өзүн шылдыңдап күлүп жүрүшкөн чоң кишилерди, айрыкча өзү башта көп жактырбаган адамдарды ого бетер жининдей жек көрүп калат.

Окугандарынын таасири менен кыял-жоругу, кулк-мүнөзү, турмушка көз карашы өзгөрөт. Аңгеме айтышы да жаңырат. Буга чейинки айтып жүргөндөрү көркөм касиети бар болсо да, түпкүлүгүндө кадыресе эле оозеки аңгемелер болсо, азыркы айткандары көп жагынан жазма чыгармаларга ыктап калат. Эми ал адабий кара сөздүн баяндоо манерасына, сүрөттөө ыкмаларына, көркөмдөө амалдарына салып айта баштайт. Окуялар тизмегин кураштырганы, каармандарын сыпаттаганы, атүгүл сөздөрүн кынап койгону да куду китептегидей чыгып калат. Ошондон кийин анын акын кыялы адабий китептердин таасиринен жаңыланып, кереметтенип, өзгөчө сапат алып кетет дагы, андай аң-сезим аркылуу чагылдырылган турмуштук таасирлер да укмуштуудай кубулган түргө өтүп, башкача сапатка ээ болуп, анын туундусу катары акырында Жолборс дөбөт жөнүндө асемдүү аңгеме келип чыгат.

Дүйнөлүк адабият тажрыйбасында пародиялык-ирониялык эликтөө процессинде жазуучу китептик мотивдерди адатта өзүнүн чыгармачылык ой-максатына жараша каалаганындай пайдалана берет. Ал тургай өз новеллаларын демейде Конан Дойлдун детективдүү логикасын келекелөө максатында жазчу Честертон да адабий полемика ыкмасын көп убактарда өзүнүн жекече оригиналдуу чыгармачылык позициясын жарыя көрсөтүш үчүн шылтоо катары гана колдонот. С. Жигитовдун китебинде да дал ошондой. Финалдык ажайып асем аңгемеден Ч. Айтматовдун, К. Жусуповдун, М. Гапаровдун, К. Жусубалиевдин көркөм манераларын эликтеп туурагансыган, алардын чыгармаларындагы айрым бир мотивдерди, эпизоддорду, деталдарды элестеткен, ал гана эмес дүйнөлүк адабияттын айтылуу классик өкүлдөрүнүн эстетикалык-көркөм табылгалары менен кайсы бир романтикалуу фильмдердеги кооз сүрөт-көрүнүштөр тууралуу (мисалы, бир-эки эпизоддо сүрөттөлгөн кыпкызыл болуп томолонуп чыккан күн, анын фонунда кырмызы аттарга чочоюп конуп алышып кылак-кылак чаап өтүп бараткан жаш балдар; мындай кадрлар кинодо адатта акырындатылып, түстүү түрдө өтө көркөмдүктө көрсөтүлөт эмеспи) билинер-билинбес каңкуулап турган сыяктуу учурларга көп эле кез келебиз.

Албетте, андай реминисценциялар карапайым окурманга кайдан байкалсын? Аларды адабияттын айрым ышкыбоздору, адабиятчы-сынчылар же жазуучулардын өздөрү, айтор дүйнөлүк рухий маданияттан аздыр-көптүр кабары, жетишээрлик эстетикалык даярдыгы, көркөм интуициясы бар адамдар гана баамдашы мүмкүн. Чын-чынына келгенде, дегинкисин ит атаар – шарттуу каарман; чыгарманын акыркы бөлүгүндө анын адабиятташкан оозу менен айтылган ит икаясы — көп жагынан алганда автордун өзүнүн эле интеллектуалдык-эстетикалык дүйнөсүнүн эманациясы. С. Жигитов ар түрдүү: турмуштук жана китептик, кененирээк алганда, маданий булактардан алган билим-таасирлерин синтездеп, алардан бир бүтүн чулу көркөм-образдык система түзө алган. Ал эми адабий-полемикалуу форма болсо ага бир эле чыгарманын алкагында бири-биринен кескин өзгөчөлөнгөн эки башка көркөм дүйнө жаратууга өбөлгө болуп берген.

Жакшылап сарасеп салган кишиге С. Жигитовдун повестинде пародия менен травестия элементтеринен башка дагы, чынында эле ошо өзү “чымчылап” өткөн көркөм сөз өнөрпоздору менен чыгармачылык мелдешке чыккандай элес, башкачараак айтканда, жазуучулук атаандаштыктын да белгилери бар экени баамга урунат. Бир эле турмуштук материалды эки башка – реалистик жана көтөрүңкү романтикалуу-лирикалуу маанайда чагылдыруу аркылуу ал өзүнүн сүрөткерлик дараметин, учкул фантазиясынын чабытын, жазуучулук диапазонунун кенендигин, талант-шыгынын күч-кубатын, кааласа алардан да ашыра адабиятташтырып, асемдеп-сулуулап жаза алаарын, атүгүл дүйнөлүк адабияттын үлкөн үлгүлөрүн бүт окуп чыккан эстет окурмандарды да таң калтырып тамшанта тургандай ажайып көркөм дүйнө жаратуу колунан келерин калемдештерине далилдегендей.

Анын үстүнө адис адабиятчы катары Салижан агай бул повести аркылуу өзүнчө бир көрсөтмөлүү көркөм эксперимент жасап: биринчиден, тубаса эстетикалык туйгу-сезим менен туулган адам кийин көркөм адабий-маданий таасирлерден улам кантип жазуучу болуп калыптанып каларын айгине кылгысы келгендей. Башкача айтканда, жазуучу кантип, кандайча жараларын көрсөткөн. Повесттин алгачкы эки бөлүгүндө сүрөттөлгөн окуялар, кырдаалдар, образдар, деталдар соңку абдан адабиятташтырылып асемделген аңгемеде теңирден тескери чечмеленип, таптакыр таанылгыстай керемет идеялык-эстетикалык ааламга айланып кеткенин салыштырып окуган адам өзү билген турмуштук материалды жазуучу өз чыгармачылык “лабораториясы” аркылуу өткөрүп, андан кантип ажайып көркөм чыгарма жаратарын көзмө-көз көргөндөй болот. Ушул айтылганга иллюстрация катары повестте бир эле эпизоддун – Жолборс иттин өлүмү — реалдуу планда кандай жана жазуучулук көз менен көркөмдөштүрүлгөн “оптикада” кандайча берилгенин мисал келтире кетели:

…”Тиги боордо сынган жалгыз долононун жалбырактуу бутактары барпайып, чөп арасынан Жолборстун бир капталы дөмпөйүп көрүнүп турду. Жанына чыгып барсак, ит ылдый баштанып, өлүк денесин шалдайта жайып, канжалаган тумшугун кызарган чөптөргө жашырып, арткы бир бутун жансыз сырайтып кыймылсыз сулк жатыптыр. Башы менен курсагынан аккан кан кылчык жүндөрүн териге жабыштыра батташтырып, чөптүн сабактары менен жалбырактарын кызыл жаян кылып, жерге жайыла агып, килкилдеп катып, кара кочкул тартып каймактана түшүптүр. Курсагындагы ок тийген жерден кан дагы эле кочкулданып тамчылап туруптур. Заматта үстүнө чымын-чиркей жабалактап үйүлө калыптыр.”

Эми ушул эле эпизоддун экинчи планда кандай сүрөттөлгөнүн көрөлү:

…”Сокур ок куду мээлеп туруп аткандай Жолборстун мээсине кадалды. Соо көзүнүн үстү “тыз” дегенде ит бир каңк этип, анан башы кеңгирей түшүп, кантип оңкосунан кеткенин өзү да билбей калды. Калың кызгалдакты жапырып жерге жыгылар замат анын караңгылаган кыялында эмнегедир качаңкы бир элес жарк этип жанды: тээ алыста асман менен жер өбүшкөн жээк кызгылтым тартып мунарыктап, ошо мунарыкта кызыл көйнөкчөн балдар минген кырмызы аттар кылак-кылак зымырап баратты. Ал аңгыча зымыраган аттар жылас болуп, кызгылт мунарык арасынан кыпкызыл күн чеке белин каканактатып күнкарама себетиндей калдайды. Дал ошол кирпик ирмемде жаны чыгып бараткан Жолборстун соо көзүнө кашы ылдый аккан кан жая берди, ошондо анын кыялындагы каканактап турган күндүн бетине да дароо кан жайыла түштү. Күн жара кескен дарбыз сыңары канжалап, чеке белинен кызыл кочкул кан тамчыларын чачыдай самсаалатып турду. Анан кызарыңкы мунарык көөдөй карарып, канын самсаалаткан күн да кочкулданып күйүп, чоңойгондон чоңоюп, бир кур берилей калдайып жылып келип, кайра артына шуу чегинди да, ошо карайып күйгөн бойдон кичирейип-кичирейип барып, караңгылыкка батып кетти…”

Айтор, бу жагынан Салижан агайдын “Күн тууду” китебин ЖОЖдордун адабиятчы, акын-жазуучу болом дегендерди даярдоочу филология бөлүмдөрү менен чыгармачыл ийримдерде көрсөтмөлүү-методикалык окуу курал катары колдонсо болчудай экен. Китепке байланыштуу баамга урунган дагы бир урунттуу жагдай: С. Жигитовдун кыргыз адабий прозасынын генезисин кадимки эле оозеки кара сөз өнөрүнөн, калк ичинде Улукбек аке сыяктуу калпычы сөзмөр кишилер тарабынан айтылып келген карапайым турмуштук аңгемелерден алып чыккан илимий-теориялык концепциясы бар. Анысын далилдөөгө агай өз кезинде “Ала-Тоо” журналында жүргөн талкууга карата жазган “Көп канаттуу куш сыңары” деген макаласында жигердүү аракет кылган эле. Повесть Салижан агай ошол концепциясын ит атаардын (Улукбек акенин) образы аркылуу иллюстрациялап, дагы бир жолу биротоло бекемдеп кеткендей да таасир калтырат.

Өзүнүн стили жана турмуш көрүнүштөрүн чагылдыруу мүнөзү жагынан күлкүлүү ыңгайда жазылган чыгармалардын мазмуну айрым убактарда драмалуу, ал тургай трагедиялуу болушу да ыктымал. Маселен, Гоголдун “Шинели” менен “Жиндинин аңгемелери” ошондой чыгармалардан экени адабият ышкыбоздоруна эбактан маалым. Майрам жөнөкөй күндөрдү эске салгандай, күлкү да бизди кээде муңайым кейиштүү ойлорго түртөт. Дон Кихоттун жел тегирмендер менен согушканы сыяктуу жоруктарына күлкүбүз келгени менен улам арылап окуган сайын бизде аны аёо, ага боор ооруу сезими күчөй баштайт.

Китептин акырында ал биз үчүн апенди чалыш бечара фантазёр эмес, жашоодон акыйкаттык менен адилеттик издеген, ал үчүн керек болсо жанын да аябаган күрөшчүл каарман, дили таза кыялкеч болуп чыга келет. Ит атаар Улукбек аке да ушундай каармандардан. Биз анын айрым айыпсыз, айталы: согуштагы снайперлик өнөрүм өчүп калбасын деп, машыгыш үчүн тоокторун тамбашынан учуруп атканы, ошонун айынан жаза тайып жанындай көргөн кара эшегин атып алганы, анан ал күйүтүнө чыдабай мас болуп алып эшегинин кара ашын бергени сыяктуу жорук-жосундарына жыргап күлгөнүбүз менен ал түпкүлүгүндө пейли ак, ичи тунук, баладай баёо жана аруу адам.

Акырында айтарыбыз: тестиер балдарга арналып, “тамашалуу повесть” деген жанрдык аныктама тагылып чыкканы менен бул китеп көп маанилүү, көп катмарлуу, философиялык мазмун, маанай (Шуман күлкүнү “Көңүлдүү маанайдын философиясы” деп атаган экен) тартуулаган оригиналдуу чыгарма. Анын идеялык мазмуну менен көркөм формасында (түзүмдүк-композициялык архитектоникасында) жана жалпы эле автордун дүйнөнү көркөм-образдуу аңдап чагылдыруу стилинде, тилинде адистер атайын сөз кылууга арзый турган, биздин макалабыздын алкагынан сыртта калган бир катар өзгөчөлүктөр бар. Деги эле, мындан кырк жыл ашуун мурда жазылса да, “Күн тууду” китеби азыркы кыргыз прозасы үчүн көп параметрлери боюнча эксперименталдык мүнөздөгү жаңыча чыгарма экенин көрмөксөн-билмексен болуу эч мүмкүн эмес. Басма жагын бизнес кылып жүргөндөр ушул китепти кайра басып чыгарып, окурман журтуна тартуулашса жалпы адабиятыбыз үчүн жакшы иш жасашмак, Салижан агайдын арбагы да ыраазы болмок.

Калык Ибраимов, Философия илимдеринин кандидаты, СССР жана КР жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты.

«РухЭш» редакциясынан: улуу талант, улуу устатыбыз Салижан Жигитовдун «Күн тууду» повести кийин автор тарабынан «Ит атаар жана башкалар» деген аталыш менен кайрадан иштелип чыкканынан жалпы окурмандардын кабары жоктур, ошондон улам адабиятчы Калык Ибраимовдун жогорудагы макаласын улай – С.Жигитовдун эң жакын шакирттеринин дагы бири, акын жана публицист Алым Токтомушевдин төмөндөгү макаласын кошо жарыялоону эп көрдүк. Аталган чыгарманын жарым-жартылай кайра иштелгени кийин «Жаңы Ала-Тоо» журналына жарык көрүп, А.Токтомушевдин баш сөзү менен жарыяланган эле…

Устаттын өнөрканасы жөнүндө сөз

Мен билгени «Күн тууду» Салижан Жигитовдун энтамгадай көргөн чыгармасы, эңсеген суусуну эле. Эңсеген суусун эсиме келгени: «Ушул «Ит атаарымды» ийине жеткире иштеп өлсөм арманым жок эле, түп-тамырынан бери кайра жазмакмын, роман кылмакмын» – деп, башкасын билбейм, мага көп ирет айтты. Мен уюштуруп, гезитке жарыяланган кайсы бир интервьюсунда: бу кытай жазуучулары жаш кезинде каражат топтоп, карыганда нык отуруп жазат экен, мен кудай урганда, акча чогултканга да жарабапмын маанисинде масел айтып, кайрадан «Ит атаарын» кыйытканы бар. Көр оокаттын көйгөйү болбосо, айлык акы, кызмат деп ак урбай, ойду бир жерге топтоп, ушул романымды бүтүрөр элем дегени. Мен анда шап ооздонуп, Фолкнердин бир каймана сөзүн айтсам: «А кудай урган, анысы да бар» – деп каткырган. Фолкнер француздардын «Жаштык билсе… карылыктын каруусу жетсе…» деген ылакабын алып, анда гениалдуу чыгармалар дүйнөгө жамгырдай жаамак, тилекке каршы, жазуучу жаш кезинде жазып атканын түбүнө түшүрө билбейт, качан билгенде, карылык келип, каруу-күчү жетпейт маанисинде чечмелеген.

Анткен менен кай куракта болбосун ал кишинин күчү жетмек. Убактысы жетпей калды. Мен ишенем. Канткен менен жаштыгымдын көп мезгили ал кишинин таасиринде өттү, кылт эткен кыймылы көз алдымда турду, жетим музоодой көп ээрчип, көп сүйлөштүм дегендей. Ал киши жашоодон, сүйүүдөн, чыгармачылыктан, чындыктан башка дүйнөнүн бардык кумарчылыгынан кутулган адам эле. Жогоруда мен атагандарга качан болбосун болуп-толуптурчу. Күтүүсүз ойлордон, фантазия, сюжеттерден, маалыматтардан, ташка тамга баскандай тамаша-тамсилдерден башы, жаны, каны бош жүргөн, ашыра айтпасам, саат, мүнөтүн көргөнүм жок. Аны байкаган азилкечтерине: «Кандек иттин карыганы билинбейт» – деп койчу.

Кийин, ооруп жүргөн мезгилинде бир ирет телефон менен сүйлөшүп калсак: «Мен жаңылып жүрүпмүн, кандек иттин деле карыганы билинет экен, мен карыптырмын» – деп карс-карс күлгөн. Тилекке каршы, карылыктан өлгөн жок, айыкпас кесел 70 жашка жеткирип-жеткирбей арабыздан алып тынды. Кечээ жакында «Ит атаардын» ушул гранкасын окуп аткан элем, редакцияга Эл акыны Омор Султанов баш бага калып, Салижан Жигитов тууралуу сөз боло кетти. «Ар дайым таң-тамаша куруп жүргөнсүгөнү менен, – деди Омокем. – Ичинде кандайдыр бир кусалык, ызалык бар эле». Ошондо анын элеси көз алдыма кудум тасмадай тартыла түштү. Омокем оңбогондой таамай байкаптыр. Чын эле ошондой: чуулдаткан ачылышка, дуулдаткан атакка, керек болсо кенен-чонон каражатка болгон кусалык бар экен ойлосом. («Каражатым калың болсо, үйдөн тап жылбай, «Ит атаарды» катырат элем дегени эле эмне каңкуу?!)

Кыргыз дүйнөсүндө аларга деле жетти, бирок чөөт болуп акпай калар адам эмес эле. «Ит атаары» ушу. «Күн тууду» деген ат менен 1977-жылы китеп болуп тараган. «Ит икаясы» деген каргысы да бар эле. «Итимди» ит талагандай кылып чыгарышты, кийин тааныбай барып араң тааныдым деп калчу. Сагызгандан сак айрым адабиятчылар китептен саясый ката таап жиберишиптир. Ички рецензия деп коюшчу, жашыруун-жабык пикир жазгандар кабинетте чогуу отурган каламдаштарым, санаалаштарым экен, басмага баралекте деле окушкан, ал пикирин мага түз айтса, акча төлөбөйм да, ошондуктан ЦКга жазып беришиптир деп күлкүгө айландырчу.

Анын үстүнө автордун аллегорияларынан бийликтин бийик калдайлары өздөрүн таанып алса керек. Эмнеси болсо да китеп чыккандан кийин адабий чөйрөдө кыйла талаш-тартышты жаратты да, ошол бойдон унутулуп калгансыды. Учурунда окурмандар да бир топ уу-дуу менен кабыл алды. Башкасын билбейм, мен өтө маашырканып, өзүм жазып аткансып кычуум канып окугам. Китеп жарык көргөндө ооруканада элем, улгайган адамдар менен жатчумун. Аларга окуп берип боорун тырматкам. Таасири ушунча, эртең менен төшөктөн: «О кайран, кара айгырым» – деп турушчу болгон. (Ит атаар эшегин ошентип «эркелетет» эмеспи.)

Ошентип, окурмандардын жаңы мууну да унутту. Китеп библиофил таңсыктыгына айланды. Бул жаатынан «Жаңы Ала-Тоо» бул чыгарманы жаңыртып басып, окурмандарга эле эмес, жалпы кыргыз адабиятына, бери калганда, тарыхына татыктуу кызмат кылып атыр. Китепти эң жакын шакирттери, досторунан да таппай үйүнөн алдырдык.

Салижан Жигитович өз колу менен китепти кыйла жерин кыскартып, оңдоптур. Көп абзацтарга балчайта-балчайта белги коюлган. Кыязы, жаңы сюжет, портрет ж.б. кирмек. Килейген-килейген суроолор көп. Баяндын атын да өзгөртүптүр: «Ит атаар жана башкалар» – деп. Тилекке каршы, «тигип-сөгүүлөр» жарымына жетпей токтоптур. Чолоосу тийбесе керек. Коомчулук билет, ал киши кайсыл ишти болбосун кан менен тердин ортосунда аткарчу. Кайсы маселенин болбосун жаңгактай катуу кабыгын чакмайынча жаны жай алчу эмес.

И.Абдуразаков, С.Жигитов

Анын үстүнө өмүрүнүн акыркы жылдарында коомдук-саясый иштерге да баш-оту менен кирип кетти. Публицистиканын жаагын айырды. Педагогикалык, илимий ишмердигин айтпай-ак коёлу! Ошентип, редакция китептин олуп-чолуп оңдолгон вариантын жарыялоону туура тапты. Каалагандар салыштырып окуп алар. А мен болсо оңдолгон вариантты редакторлоп жатып, оңдоп-түзөгөнгө улуу устаттын колу бекеринен кычышпаганын байкадым. Кыязы, табият берген таланты менен чектелген жазуучу болсо, башкача жазмак, Салижан Жигитович адабиятчы, акын, болгондо да адабиятчылардын алдыдагы сарасы, акындардын «айкүрү» болуп атыр. Прозасында «кем-карч» болсо, ошого байланыштуу. Бирок ошол «кем-карчка» да канча күч, канча талант жумшалганын сезүүнүн өзү эле кандай керемет!

Алым ТОКТОМУШЕВ

Салижан ЖИГИТОВ: Ит атаар жана башкалар

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.