Мурда жарыяланганы:

1-баян 

2-баян

ПОВЕСТЬ

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

1

Кайра куруунун шарапаты менен райаралык кыдыруу бөлүмүнүн тергөөчүсү, лейтенант Захид Шараповдун желкесине күн тийди. «Ак ниеттүүлүгү жана өз ишине чын көңүлдөн берилгендиги» үчүн аны район прокуратурасына прокурор кылып көтөрүштү. Захид ырасында эле ак ниет, таза, жана өз ишин сүйгөн тергөөчү эле. Анын бул пакизалыгы жана адалдыгы башчыга жакчу эмес. «Кайра куруу дегени кайдан чыккан балээ болду?» — деп жүргөндө, жаштарды көтөрмөлөө деген маселе көлдөлөң коюлду. Шаар ИИБнин башчысы ойлонбой туруп, Захидди тергөөчүлүктөн шаар прокуратурасына прокурорлукка көрсөттү. Жыйналыш сайын адилеттүүлүк талап кылган Захидди ал менин «сокур ичегим» деп койчу. Шаар прокуратурасына чоңойтуп жиберүү менен, ал ар чогулушта акыйкат деп, бир жолу шибеге сайып алган, чекесине чыккан чыйкандан арылмак. Ансыз деле акыркы күндөрү жыйналыш десе көз алдына Захид келип, андан кутулуунун амалын издеп жүргөн.

Бирок Захид сокур ичеги эмес экен. Ал маал-маалы менен сайышып оорутуп турчу бөйрөктөгү таш экен.

Захид прокуратурадагы вазыйпасын өтөгөнгө киришкенде эле анын колуна ушул районго тийиштүү иш тапшырылды. Кечээ салтанат менен узаткан кызматкери бүгүн минтип башчынын жанында пайда болду. Мурда кагып-силкип, бакырып чыгарып жиберчү кабинетинде бүгүн Захид менен айласыз жылмайып көрүшкөнгө мажбур. Ал Захидди таптакыр жок болуп кетет деп ойлогон эмес, бирок мынчалык тез келет деп да күтпөгөн.

Үстү чайнек изинен так болуп кеткен жалгыз үстөл, ашык-машыгы үзүлүп кетчүдөй болуп араң турган китеп текчеси бар тар бөлмө Захиддин энчисине тийди. Үстөлдүн суурмасында «ВТ» тамекисинин бошогон кутусу, ичинде беш-алты талы калган ширенке бар экен. Аларды алып, таштанды челекке салды да, үстөлдүн бетиндеги чаңды эңкейип үйлөй баштады. Анын үйлөгөнүнөн ойгонуп кеткендей болуп, үстөл үстүндөгү телефон шыңгырап калды.

— Шарипов угуп жатат, — деди ал телефон трубкасын кулагына тутуп.

— Кызгалдак көчөсүндөгү он жетинчи үйдөн кара дары табылды. Бул иш сизге тапшырылды, — деди телефондун аркы башындагы үн. Ал телефон трубкасын ордуна коюп, ордунан шашпай турду да, сыртка жөнөдү. Ал Кызгалдак көчөсүн жакшы билчү. Өзү мурда иштеген жердеги маале чайканасынан солго бурулганда ошол көчө башталчу. Бул көчөнүн тарыхында бир-эки мушташ катталбаса, тынч көчө эле. Көчөнүн тынчтыгы милийсакана жакындыгы үчун эмес эле. Биз айткан бир-эки уруш да райондук милициянын кеңсеси бул жерге көчүп келгенден соң катталган. Ага чейин бул көчөдө бейчеки жүргөн бирөө болбоптур. Адамдардын айтышынча бул жердеги ынтымак жашоонун сыры — совет бийлигине да, кайра куруу шарапатына да баш ийбеген аксакалдар кеңешинде экен. Анткени карыялар кылымдарды карытып келген салт-санаа, нарк-насилди өздөрү менен ала кетпей, улам артында калгандарга мурас кылып таштайт экен. Ошого да кээ бирөө бутуна туралбаган абалда мас болсо да, чайкананын жанына жеткенде кадимкидей соолугуп, чай ичип отурган аксакалдарга саламын айтып өтөт экен. Эми мунун канчалык чын-төгүнү бир Кудайга аян го, бирок шаар боюнча эң тынч көчө ушул көчө экендигинде талаш жок эле.

Захид бул көчөнүн адамдарын жакшы билгени үчүн да башы катты: Кара дары менен ким шугулданышы мүмкүн? Тергөөчүлөрдүн бир жазылбаган мыйзамы бар. Бир иш колуна түшсө, дароо түрмөдөн жаңы чыккандардын тизмесин көздөн өткөрүшөт. Бир уурунун усулу башка уурунун усулуна окшошпойт. Кээде шапкечендер атайын бирөөнүн буйругун аткаруу үчүн, же жабылбай жаткан ишти жабуу үчүн атайын бирөөнүн шорун шорподой кайнатышат. Балким бул иш да ошондойлордун катарында эмес бекен?

Кызгалдак көчөсүндөгү он жетинчи үйгө жеткенде, көчөдө эки жеңил, бир «Тез жардам» машийнеси токтоп туруптур. Үйдү котолоп, он беш- жыйырмадай адам топтолуп калыптыр. Үй сыртынан караганда шыбагы көчүп, комсоо эле көрүнөт экен. Жанындагы имараттар көкүрөк керип турган үчун да, бул үй бир бастырмадай болуп көрүнөт. Захид ичкери кирди. Короосу элүү кадамча келген үйдүн сырты канча комсоо көрүнсө, ичи да андан ашып түшпөйт экен. Узун далис, жана бир кичигирээк, бир чоңураак бөлмө. Кичине бөлмөдө химияга тиешелүү приборлор. Чоң бөлмөсү болсо жатакана да, ашкана да, мейманкана да экен. Бар бүткөнү ушул.

Кылмыш кыдыруу бөлүмүнүн кызматкерлери — Захиддин кечээги кесиптештери ушул жерде экен. Ортодо жапыз тегерек үстөл. Үстөл үстүндө ак күкүмдөр салынган желим баштыктар. Терезенин жанындагы күрсүдө жаш келин башын мыкчып отурат. Байкуш келиндин көздөрү ыйлай берип ишип кетиптир. Бөлмөнүн төрүндө диван. Диванда болсо бир эркек эс-учун билбей жатат. Тергөөчүлөрдүн башчысы Хамдам Талипов маалымат берди:

— Тиги жаткан жигит — үй ээси Шарип Намазов. Винзаводдо башкы технолог экен. Бир баштыкты портфелинен таптык. Калгандарын бул жактагы бөлмөдөн. Ал бөлмө тажрыйбакана экен.

— Өзү маспы?

— Өзүн билбейт. Билегинен ийне издерин таптык. А тиги келин аялы экен. Эч нерсени билбейм дейт.

— Изине кандай түштүңөр?

— Эки баңгини кармаган элек. Каерден алгансыңар десек, ушул жерди көрсөтүштү.

— Өздөрү айтыштыбы, же кыйнадыңарбы?

Хамдам » Мени билесиң го» дегендей, күлүмсүрөп койду. Захид бош стулду алды да, келиндин жанына отуруп, өзүн тааныштырып, суракты баштады:

— Атыңыз ким?

— Насиба, — деди да, келин Захидге жалооруй карады.

— Күйөөңүз эмне иш кылат?

— Винзасоддо иштейт. Эки эле ай болду эле көтөрүшкөнүнө. Португалиялыктар бул кишинин эмгегин сатып алышкандан кийин, адамдар өздөрү шайлап коюшкан чоң кылып. Өзү көнбөсө деле шайлап коюшкан. Башчы болгонду жактырчу эмес…

— Португалиялыктар кандай эмгегин сатып алышты?

— Мүсалла кылыштын жаңы жолун ойлоп тапкан. Беш жылдан бери ошол менен алек эле. Өзүбүздүкүлөр өткөрүшпөдү. Алар каяктан угушкан, келип текшерип көрүшүп…

— Күйөөңүз көп ичет беле?

— Жо-оок, ичпейт эле. Сынап көрүш үчүн бир ууртам гана иччү. Мындай абалын эч качан көрбөгөнмүн. Көрүп коркуп кеттим.

— Качан келди эле?

— Түнкү он экилерде. Эч мындай караңгыда жүрчү эмес. Тойго барса да эрте эле келе берчү.

— Өзү басып келдиби?

— Бил-л- бейм… Машинада келди окшойт? Ооба, ооба… Б-биринчи машина токтоду. Анан дарбазанын коңгуроосу басылды. Чыксам дубалга жөлөнүп отурган экен. Үйгө араң алып кирдим.

— Булар каяктан келди? — деди Захид стол үстүндөгү баштыктарды көрсөтүп.

— Билбейм… Булар келишти. Үйдү тинтишти. Мен аңкайып карап тура бердим…

Захид далисте тамеки түтөтүп турган Хамдамдын жанына келди.

— Тинтүүгө ордериң бар беле?

Хамдам күлүп:

— Ордер алгыча булар карап турмак беле? Ысыгында таап койдум го.

Захид анын иш усулун жакшы билет: Хамдам дайым шашып иш кылат. Кээде мыйзамды да тебелеп коет. Кээде кылмышка шектүү адам жооп бергенден моюн толгосо, байкоостон курсак талаштыра муштап калчу. Муш жеген адам ичи өзөрүп, ичин кармап түйүлүп отуруп калганда ал эч нерсе болбогондой тамекисин түтөтчү. Захидге анын бул усулу жакчу эмес. Бирок ак ниеттүүлүгү, кылмышкерге аёсуз мамиле кылганы үчүн сыйлачу.

— Баңгилердин сүрөтү барбы?

Хамдам төш чөнтөгүнөн беш-алты сүрөт алып чыгып, экөөнү Захидге сунду.

— Мына бул экөө. Көрсөттүм. Тааныбады.

— Бул жерге качан келген экен?

— Үч күн мурун.

Захид сүрөттү алып ордуна кайтты.

— Мына бул сүрөттөгү адамдарга жакшылап караңыз. Бирөө-жарымы үйүңөргө келгенби?

Аял «жок» дегендей үнсүз баш чайкады.

— Жакшылап эстеңиз. Балким үч күн мурун келип, эриңизге жолуккандыр?

— Жок. Келсе тааныйт элем. Үч күн мурун ал кишиге жолугушу мүмкүн эмес эле. Ал Ереванда болчу.

— Качан келди?

— Кечээ эрте менен келип, чай-пай ичип алып, ишке кеткен.

— Үйүңүзгө бейтааныш адамдар көп келет беле? Бир нерсе сурап, же эриңиз менен жолугуш үчүн?

— Жок. Үйүбүзгө адам аз келет. Бул киши жөн эле сүйлөшүп отурганды жактырбайт. Дайым иш менен алек эле.

— Мүсаллас сурап келишпейт беле?

— Коңшу-колоңдор сурап калчу.

Далиске ак халатчан аял кирип, Хамдамга бир нерсе деди. Ал Захиддин жанына келди да, кулагына шыбырады:

— Канынан кара дары табылыптыр.

Захид далисти көздөй басты да, артынан ээрчип келаткан Хамдамдан сурады:

— Баңги жигиттериң каерде?

— Өзүбүздө.

— Жүрү, алар менен сүйлөшүшүм керек, — деп, сыртка жөнөдү.

Баңгилердин биринин бою кодоо, астыңкы эрди шалпайган, экинчисинин ырайы суук, оң жаагында узун тырыгы бар экен.

— Билегиңи көрсөт, — деди Захид тыртыкка. Ал шашпай курткасын чечип, көйнөгүнүн жеңин түрүп, билегин көрсөттү. Шалпык ээктин да колдорунда ийненин издери бар экен. Булардын баңги экенинде шек жок эле.

— «Дарыны» каерден алат элеңер?

— Братанга айтканбыз каерден алганыбызды, — деп жооп берди шалпык ээк.

— Мага дагы айт.

— Кызгалдак көчөсүндө, он… жетинчи үйдөгү Шарип деген браттан.

— Экөөң чогуу барчу белеңер?

— Кээде мен, кээде бул. Кээде экөөбүз барчубуз.

Захид чөнтөгүнөн үч сүрөт алып чыкты да, шалпык ээкти алдына чакырып:

— Жакшылап кара, кайсы бири Шарип Намазов?

Шалпык ээк өрдөккө окшоп басып келип, стол үстүндөгү сүрөттөрдөн бирөөнү сөөмөйү менен сайып көрсөттү.

— Ордуңа отур.

Сүрөттөрдүн ордун алмаштырды да, тыртыкты чакырды. Ал башка сүрөттү көрсөттү.

— Акыркы жолу качан бардыңар эле?

— Үч күн болду.

— Балким төрт күндүр?

— Э, командир, мен өзүм барганмын. Сака жок эле, карызга алганмын. Зор адам да өзү дагы. Өзүнүн лабораториясы бар. Ордунда жасап берет.

— Лабораториясына киргенсиңби?

— Киргенмин. Сол жакта.

— Айбандан өткөндөбү?

— Ооба да. Билип туруп эле сурай бересиз да.

«Буга эмне дейсиң?» дегендей Хамдамга карады Захид. Суракка Хамдам кошулду.

— Айбандын алды айнекпи?

Шалпык ээк ойлонуп калды.

— Айнек болсо керек, — деди экиленип.

— Жаныңды жебе! — деп бакырды Хамдам.

— Братан, алдаганым жок.

Хамдам шалпык ээктин жанына келип, аны желкеден аткый кармап тургузду да:

— Айбаны жок анын! — деди.

— Мен каяктан билейин. Караңгыда барганмын. Карабапмын. Өзүм «ломка» болуп араң турганмын.

— Баргансыңбы?!

— Ооба!

— Үч күн мурунбу?!

— Ооба!

— Анда жакшы, — деди Хамдам шалпык ээктин кежигесинен колун алып, — Барганын мойнуна алды. Мага ушул керек эле. Жазып коюңуз, жолдош прокурор. Үч күн мурун Шарип Намазов үйүндө өлтүрүлгөн.

Тыртык менен шалпык ээк каңырыш уктукпу дегенсип, бири-бирин аңкайып карап калышты.

— Жок! — деп кыйкырды тыртык жан алакетке түшө.

— Эмне жок?- деди Хамдам кытмыр жылмая.

— Барган эмеспиз!

— Жолдош прокурор, бунусуна эмне дейсиз?

— Сакчыны чакырыңыз, алып кетишсин, — деди Захид.

Баңгилерди алып чыгып кетишкенден кийин Хамдам диванга отуруп, буттарын үстөлгө арта учкаштырып алды. Захид анын жанына келип отурду да:

— Ушунчалык тез тапканыңа таң калбадыңбы? — деп сурады.

— Таң калганга убактым болбоду. Мына эми өзүң жыргап таң кала бер. Мен таптым, сен тергөө кыл. Ии, баса, оперативдүү иштегеним үчүн сүйүктүү акең мага «Ыраазычылык баракчасын» берет.

— Жууйт экенбиз да, — деп Хамдамдын далысынан таптап койду да, кебин улады:

— Буларды ким ишке салышы мүмкүн?

Хамдам дароо жооп бербеди. Анан капыстан эле сурап калды:

— Винзаводдо эмне кеп экен?

— Мен дагы ушуну ойлоп турам.

— Ойлосоң ойлой бергин го, бирок асти винзаводго асыла көрбө.

— Эмнеге?

— Кимге караштуу завод экенин билесиңби?

— Азык-түлүк министрлигине да.

Хамдам күлүп, тизесине шапалак урду да:

— Жолдош прокурор, ушунча жыл «угродо» сагыз чайнап жүрүпсүң да. Винзавод Асадбектин колунда экенин бешиктеги бала деле билет го, — деди.

Мындай сөздөрдү Захид да уккан. Жадагалса Асадбектин буйругусуз заводдо кароол да алмашпайт деген кептерди да уккан жайы бар. Бирок, буга ишенейин десе ал жөнүндөгү сөздөр далилсиз болуп чыкчу. Мындай далилсиз имиш сөздөргө былтыры өзү күбө болгон. Эл ичинде мындай сөз оожалып кетти. Бирөөнү коңшусу машинеси менен бир жерге жеткирип коймок экен. Анан эле айтылган дарекке эмес, таптакыр бөлөк жерге апкелиптир. Караса эле камышзар имиш. Коңшусу сен машинеде отуруп тур деп, бир жакка кетиптир. Тиги киши машинеден түшүп, камыштын арасына кирсе, камышзардын ичи адамдын өлүгүнө толо имиш. Анан баягы киши мени да өлтүргөнү апкелген турбайбы деп, өлүктөрдүн арасына жашыныптыр. Бир убакта он чакты адам  келип, тигини таппай калышып, сен бизди алдаган турбайсыңбы деп өлөөрчө тепкилеп кетишиптир коңшусун. Таңга жуук ал өлүктөрдүн арасынан туруп, алыстан жылтыраган чыракты көрүптүр. Чыракка жакын барса, ал бир казак чабандын чатыры имиш. Баягы казак анын курсагын тойгозуп, бир сыйра кийим бериптир… Кыскасы ошол адамдар Асадбектин балдары экен. Бул сөздөр эл ичине тарап, күчөп кеткенде муну аныктоо Захидге тапшырылган. Ал бир жума дегенде баягы адамды тапты. Ал адам он жети жылдан бери жиндиканада каттоодо турат экен. Ал коңшусун көрсөттү. Коңшусу катуу таң калды. Анткени коңшусунун машинеси турсун, эшек арабасы да жок экен. Ал камышзарды көрсөтөм деп чыкты. Ал айткан жерге барышты. Ал жер илгери «Катын-Көпүрө» деп аталган жер экен. Ал жерде камыш турсун, ажырык жок экен. Бүт жерде көп кабаттуу үйлөр. Баягы адам көздөрүн мөлтүрөтүп турду да, ыйлап жиберген. Захид аны жиндиканага алпарып кайткан.

Азыр да Асадбек жөнүндө кеп чыкканда ошол окуя эсине түштү. Ал чөнтөгүнөн жандептерин алып, «Жинди киши. «Катын-Көпүрө» деп жазып койду.

— Демек, бул иш Асадбекке барып такалабы? — деп сурады жандептерин чөнтөгүнө салып жатып.

— Болушу мүмкүн. Бирок бул баңгилерден бир сөз алам деп убара болбо. Алар Асадбекти билбеши да мүмкүн. Андан көрө Намазовду жакшылап сура. Аалымдыгы бар экен, мындай адамдар акыйкатпараз болушат. Чынчыл болом десе, тузакка түшүргөн болушу мүмкүн. Эми аны кааласаң да, каалабасаң да камакка аласың. Канынан наркотик табылды. Үйүнөн кара дары чыкты. Жүз миңдин нарак-берагындагы мал. Жүз миңге көз жумушуптурбу, демек бул жерде өтө чоң бир иш бар.

— Эгер сен айткандай Асадбектин жолуна тикенек болсо, оңой эле жок кылып жиберишпейт беле?

— Майдараак адам болгондо, балким сен айткандай кылмак. Намазов бир иште ачык каршылык кылгандыр? Анан минтип жүз миңге көз жумуп отурушат… Эми, мындай алганда жүз миң алар үчүн трамвайдын белетиндей эле сөз дечи… Эгер иш Асадбекке барып такалса, алар менен тайлашып отурба. Камакка ала бер. Эгер камабасаң эртең сенин үйүңө беш жүз миң таштап кетиши мүмкүн. Көнбөсөң…

— Өлтүрүшөбү?

— Өлтүрүшпөсө керек, бирок бир жолун табышат. Сен экөөбүз эмес, бизден зорлору да аны эптей алышкан эмес. Биз экөөбүз комиссар Каттани болалбайбыз го, бирок Асадбек дегениң адвокат Теразиниге да дарс өтөт. Сага масилетим, Намазовду камашың керек. Камасаң анын жанын сактап каласың.

(Уландысы бар)

Которгон Азамат ТӨКӨРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *