АҢГЕМЕ

Жол боюнда түштөн бери унаа күткөн Бектен бычан ташыгандардын машинесине туш келди. Бүгүн-эртең итабар жол басар түрү бар. Ал иштеген токой чарбанын кеңсеси жайгашкан кыштак, автоунаалар тынымсыз каттаган чоң жолдон кыйла окчун. Ага жетүү үчүн кеминде эки-үч ирет унаа которууга туура келет. Артынан чаң уюлгутуп, кыр жол менен ылдый зуулдаган  машинанын үстүндөгү кишиге айланадагы балык жон адырлар, андан төмөндө жаткан көк жашыл бак-дарактуу айыл, ылдыйдагы талаа, кийин Күнгө чагылышып, тасмадай сызылган  узун кара жол алаканга салгандай  көрүнөт. Колот коңулунда не бир дарак-көчөт, жыбыраган токойну коруу – бети-колу шамалга тотугуп,  жалбырак белгилүү жашыл шапкечен, үстүнө көгүш күрмө-шым кийген, бою шыргыйдай узун ушул жигиттин мойнунда. Анын коругу кыштыр-жайдыр ак кементай жамынгансып, ыраактан боз чаңгыл булут алкымында уюп тургандай сыяктанган тээ таш зоокаларга барып такалат.

Эртеге кеңсеге чакыртышыптыр. Бирөөлөрдөн “келсин” деп  буга кабар айттырышканы алиге табышмак. Кеңседегилер менен сүйлөшкөнгө эки ортодо телефон да жок. Башчылар ачык айтып, ак сүйлөбөгөндүктөн кыялына ар кандай ой келет.

Ооба, анын чоттогону боюнча тиги төртүнчү бөлүмдөн улам тил тийиши да ыктымал. Ал квадратка тайэнеси көз жумбай турганда бодо мал, кой-козу тургай, чыйпылдаган чычканды, ызылдаган чиркейди да өткөрмөк эмес. Анткени, коругун түгөлү менен күнүгө эки-үч сыйра айланып чыкканга көнгөн. Же, Эгемберди экөөнүн ызылдашкан  ымаласы каскак болдубу?..

Бир эсе, ал экөө курбалдаш. Айырмасы – Эгемберди токой чарба институтунда сырттан окуп, кызматы бир сөөм өйдө, ушул токой башчысынын орун басары. Ал кез-кез кулак кагып тургандай корукчу Бектендин “биринчи жана түздөн түз баштыгы.” Соо маалында болсун же арактан кичине сеп этип алгандабы, кээде улуу-кичүүнүн көзүнчө бийлигин билдирейин дейби, айтору, ыгы келсе, келбесе да, буйрук бере бакылдап, чоң сүйлөмөй өнөкөтү кармайт.

Бектен толмоч бетинин сол отунда беш тыйындыктай кара тагы бар, өзүнөн кызматы өйдөкүлөргө сымаптай мөлтүлдөп, сыпайысынган Эгембердинин купуя текөөрлөшүүгө өткөнүнөн бейкапар. Ырас, ал жаңы орозгер болуп, көчүп келип, кыштактагыларга үйүр алгыча Эгемберди зайыбы экөө кириш-чыгыш кылып турган. Анан кантип, ага ичи ирип, токой башчынын жардамчысы тууралуу тескери ойлосун?.. Эки үйдүн катышы кийинчерээк муздап, катташуусу сейректеди. Аны деле капарына жуутпай, эрөөн албаган корукчу башчысы тууралуу кара ойдо эмес.

Бектен жумушка орношкондо токой жетекчиси ооруп жаткан. Токой бөлүгүнүн эки тизгин, бир чылбыры ошо кезде Эгембердинин колуна тийген. Ал токой башчыны Бектенге сыртынан тааныштырган. Дилинде согуштан майып болуп кайткан ошол киши маңдайында тургандан бетер күпүлдөп, акаарат кылган:

-Жетекчиге да жарыбаптырбыз. Качан көрсөң, кеселден башы чыкпайт. Жумушту бүтүргөн жалаң мен… Сол бутун сынып калгандай сүйрөп алып, дымагы күч. Мага окшогон кадрлар жетиле элек болсо, бир жөн. А мейли, өпкөмдү дагы басып, канат, сабыр тутайынчы! Ал чолок пенсияга жөнөсө, башчылык колума тиет. Аркы-беркини көрдүм, ишке башым бышты… Ал кызматка менден башка татыктуу адам жок, азырынча. Билимим жогорку, эмгегим сиңген. Бу токойдун аки-чүкүсүнөн өйдө билгенимден кийин дагы эмне керек? Башчылыкты алсам эле, сени орун басарлыкка көтөрөм. Анан окуумду бүтүрсөм, деректирликке чап салам. Арка-алдымдан жөлөп-таяр тамыр-тааныштарды көбөйтүп, ашырып койдум, чорттуку! Азыр алаканың ачык турса эле алака кылчу чоңдор четтен табылат. Ошондо биринчи начальнигиң сендей биринчи орун басарын өгөйсүнтпөйт. Мен чоңойгон сайын сен да менин изим менен жорголоп, өйдөлөйсүң. Өбөк-жөлөк, эбепке-себеп деген ошол, дос! Андан көрө жатсаң-турсаң чолоктун көздөн кайым болор күнүн тиле!..

Көп өтпөй түшүм жыйнаар убак келип, Бектендин жаны жай таппайт. Корукка көз күйүп, атчаны да, жөө-жалаңы да келет. Биягынан кууса, тиягынан уурдай качат. Коругу эрте бышар мөмөлүү жай болгондуктан адыр койнуна ашыккандар жайнады. Бу жердегилер “чилги” деп аташчу, кабыгы агыш-кызгылтым тартып, көк-жашыл жалбырак арасынан жүзүмдөй салаалаган мистелер августтун дем кыскан күнүндө кол тийсе бадырап, күбүлүп түшөт. Корукчу күнү-түнү үзөңгүдөн бутун чыгарбай, өзөк жалгоого жумшаар убакытты да кызганды. Өзү менен миңген атын тынч койбой, булуң-буйткадан өйдө күзөтүп, коругунда көпөлөктөй чарк айланды. Жаныбары да чыдамкай чыкты. Жал-кабыргаларынан тер сызылып, чаттары көбүктөнсө да жорткону жорткон.

Эгемберди айдын аягында эмгек баракчаны түзгөнү  кагазга үңүлүп олтурган.  Анын талаа менен иши жоктой. Бөлмөгө Бектен кирип келди да, сезондук корукчуларды кошуп берүүнү суранды. Минткен жөнү – жыл сайын түшүм терүү маалында бөлөк токойлордон жардам келчү. Кол кабышка күзөтчүлөрдү алдыртуу – Эгембердин милдети.

Ал мисте жыйноо эбак башталса да, ооз тийгенге “эмдигиче бир торбо азык бербеди, биринчи начальниктигимди көңүлүнө албады”, — деп Бектенге кек түйгөн. Корукчунун ою түз, бирөөгө аштык карматууну  эсине жуутпайт. Баштыгы өөдө карабай, бармагын кагаздагы сандардын биринен экинчисине жылдырып, оң колу менен чоттун ташын шакылдата чарпыды да, минтип корсулдады:

-Айлыгын өзүң алып жаткандан кийин… Ушу сен кыйнамай болдуң мени!.. Сенден мурунку Шаймерден бардыгына үлгүрчү. Комиссияларды да менсиз эле меймандап, ишти бүтүрүп жолго салчу.

Бектен кыйытма кептин маанисин дароо түшүндү:

-Уурулар туш-туштан каптап атса… Жарым кочуштан жула качканда да канча берекеден айрылабыз. Пландын үдөөсүнөн чыга албай калабыз. Үч-төрт жылдап түшүм болбой атты эле. Жаан-чачынга калтырбай, ууру-бөрүгө алдырбай тегиз жыйнаттырсак, кырманга батпай, жүзүбүз жарык болот.

— Пылан дейсиңби? Ой, качантан бери билип калгансың планды?.. Арзыбаган нерсе менен канторго келе бербей, бар, мистени кору! Күзөтчүлөрдү коюу, которуу – мен чече турган же менин колумдан келе турган иш эмес. Аны жогорку жак билет. Бир чети каалаганды көрүнгөн жумушка которо бергидей ашыкча кызмат жок, — деген шылтоо менен кутулмай болду Эгемберди.

— Макул. Антүү ылайык келбесе, кошуна участкадагы корукчуларды ашарга чакыр! Башка коруктун түшүмүн малак жеп бүткөн го! Өгүнү өзүң айткансың, “токой боюнча бир сенин аймагыңдан түшүм алат окшойбуз. Бөлөктөрдөн үмүт үзүлдү. Бекерпоздуктан жумуш таппай, мисте-жаңгактын көлөкөсүндө коңурукту кош тарткан токойчу мындан көп”, – деп. Кур дегенде чабылган бычанды көздөп, корушса да, чоң көмөк… Жаңы көчөттөр менен башка дарактарды өзүм эле коруюн.

— Алардын өздөрүнө жараша озуйпасы бар. Сайран бакта саябандап жүргөндө да коругунан четтете албайм.

— Анда деректирге акыл сал, — деди Бектен көшөргөнүнөн жанбай.

— Кызыксын, сен!.. Деректир деген менин сөзүмдү укпайт, анын кызматы менден бийик, ал буйруганды билет. Менин акылыма муктаж эмес. Өзү билип, өзү чечет. “Ишиме кийлигишпе”, – деп кагып ийсе, осол болом. – Кепти узартууну жактырбай Эгембердинин чекеси тырышты.

— Ал киши түшүмдү ойлобойт бекен?

— Ээ койчу, жумуштан алаксытпай. Сенден бөлөгү да “антели, минтели” деп акыл үйрөтө берип, башымды шишитишти. Ушул сунушуңду мага деректирлик тийгенде айтсаң, бешенеңден өөп туруп, сыйлык жазайын!

— Анан ууруларга тарттырып коюп асманды тиктеп жата берелиби?.. Сен бар туруп мен айтсам, башымды аттадың, – дейсиң.

— Колу туткакка уурдат, – деп сага ким айтты? Бар, көп кажылдашпай. Кырга олтуруп кайтарасыңбы, жамбаштап жатып алып күзөтөсүңбү, анда менин чатагым жок. Техникумда окудуңбу? Окудуң, милдетиңди билесиң!.. Болду, дагы эмне керек? Түшүмдүн бир данын уурдаттың дегиче билип кой, деректирге билдирүү жазам. Койчу, койчу  десе…

Экөө саамга акыйнегин токтотту. “Өгүз өлбөсүн деп, сендейлер да иштеп жүрөт”, — Бектен ичинен ойлонду.

Бир кезде маанилүү кабарды угуза тургансып, Эгембердинин кабагы жарк ачылды. Эмелеки кайым айтышууну жадынан чыгарып, көздөрү жайнай түштү. Корукчунун суз ыраңына тиктеп, аны ийитүүгө сөздү кайра улантуунун ыгын таба албай турду. Тигини сынай күрөң, кой көздөрүн кабак алдынан тикирейтип, колундагы калем сапты улам ойдолоктотту. Акыры күлүмсүрөдү да:

— Ышкын-Колотко эч кимди жолотпой тур, — деп табыштады.

— Андагы түшүмдүн бышыгы өтүп барат. Кечиксек жерге түшүп, ысырап болот. Эртең ошого теримчилерди салам. Эмнеге антип жатасың?

— Сырттан окууну билесиң да.

Бектен баштыгынын оюн боолгосо да, түшүнмөксөнгө салды. Берки “болжободу көрүнөт” деген таризде:

— Сессияга чакырган сайын окутуучулар шайымды оодарат. Ал жер…

— Ырас, ал жердин түшүмү укмуш. Тандап тергенде төрт-беш тонна мисте түшөт, — деди корукчу “сенден да артып калат”  дегенди туюнтуу үчүн.

-Шашпай тур! Ар бир окутуучуга жыйырма килден мисте жөнөтөм деп убада бергем. Ашканы жол кире, жашаганга зарыл. Сени өзү түшүнөт, билет десе… Шаймерден азамат, жүрөгүндө мага кара оюу жок, шер экен. Түшүм башталды дегиче төрт-беш капты үйгө таштап кетчү, шыралгаң деп…

Корукчу бу сапар үндөбөй, “көңүлүмдү көтөрүп, оюмдагыны табат ко”  деп күткөн Эгембердинин кебин жоопсуз калтырды. Ал “муну кара… Көпчүлүктүн ырыскысын уурдап мойсоп, элдин ичин ириткен да сендей куйту, шылуундар” деп ойлоду. Баштыгы менен канча сүйлөшсө да мандем чыкпашына көзү жетти. Келечек мындай турсун, өз мурдунан ары жакты көрө билбегендердин жетекчиликке жеткенине ачууланып, камчысын өтүгүнүн кончуна чаап, чыгып кетти.

Экөөнүн арасы ушул окуядан кийин айныганын капарына алган эмес. Тапшырмасына оң жооп кайырбаганы үчүн баштыгы тишин кайраганын болжогон жок. Анын шек-шыбаасы коёнго байланышкан окуяда байкалды.

Токой кеңседегилер  көктөм кезде чарбага жүздөн ашуун коён коё берилгенин кулакдар кылган. Мурда бу айланада андай жаныбарлар жок болучу. Аларды каттап, эсебин так жүргүзүү – эч бир токойчуга жүктөлбөгөнү менен Бектендин коругуна да адыр ашып өтүүсү ыктымал эле. Түшүнө аян бергендей майдын этегинде сур коёндун бирөөсүнө жолукту.

Ал жым-жырт белестерге дүрбү салып, коругун кыдырып жүргөн. Аба үп, үлп эткен жел жок. Күтүүсүздөн шыбырт угулуп, бута атымдай жерде саргайган чөптүн башы кыймылдай түштү. Шуудураган чөптүн арасынан “булт” этип чыга качкан караан учтары жерге мажүрүм талдай ийилген мисте артына жашынды. Корукчу атын теминип, даракты айлана качкан Нурпаизди тааныды. Эгембердинин иниси. Колунда мылтык. Томпойгон баштыгын улам далдаага тартат.

— Чоп-чоң эле жигит, эмнеге качтың? Же мен сенин кайнатаң белем? Торбоңдо  эмне бар? – деп сурады Бектен, баланын жолун тороп.

Нурпаиз жер тиктеген калыбынан жазбай, ооз ачкан жок. Корукчу колун сунуп:

— Баштыгыңды бери узат!

Бала кыйыктанды.

— Быякка бер дейм, эй бала! – Бектен жанагыдан өкүмдүү үн катты.

Чочулаган өспүрүм колундагы баштыкты атчанга  жетер жетпес узатты.

Корукчу баштыкты эңип алды. Торбонун боосун чечип-чече электе колуна бүлк-бүлк кыймылдаган жандык урунду. Таар баштыктын оозун ачканда ийнине  башын кысып, көзү элеңдеп, энтиге дем алган коёнду көрдү. Сулк жаткан дагы бирин кармаганда жаны карая түштү. Токойну аралаган сайын ушул алаң көздөрдү издеп, коругуна качан келерин күтүп жүрбөдү беле.

— Нурпаиз, бул эмне кылганың? – Баштыкты силкилдетип сурады. – Ээ с-сени кара да, коругун күзөтө албаган мени кара! Тукуму көбөйсүн деп коё берилген коёндорду кармап алыпсың го!..

Ал жооп болбогон соң, тизгинди ээрдин кашына тарта байлап, аттан түштү. Ооздугун шалдыраткан аты чөп учтарын жалмалап кирди. Нурпаиз урат ко деген таризде артка кетенчиктеди. Күзөтчү ага көңүл бурбай, сыңар тизелей олтуруп, алаканында ийнинде жаткандай бүрүшкөн коёнду сылап, жерге койду. Коён колдору ысык таптуу адамдын душмандык кылбастыгын сезгендей эки жагын каранды. Анан чегирткедей лып-лып секирип, серектеген бойдон тулаң арасына кирип кетти. Булаңдаган куйругу андан-мындан көзгө урунуп, узап баратты. Бектен ошондон кийин гана өзүн жеңил сезип, куралга баштан аяк көз жүгүрттү. Аны Эгембердинин төркүканасында илинүү турганда көргөн. Иш ооз ачпаган Нурпаиз аркылуу бүтпөй турганын, сыр түйүндүн учу токой башчысынын орунбасарына барып такаларын чамалады:

— Мылтыкты кайдан алдың? – Атына шап минди да, өлүк коёндуу баштыкты ээрге илип, балага баш жаңсады: — Бас, алдыма түш!

Алар адыр бооруна түшкөн жалгыз аяк жолго салышты. Бир кишилик чыйыр топурагы кызыл ашыктан ашып, туурадан өткөн айыл жолуна барып кошулат. Таман жолдун эки бети  түркүн бадал: мисте, караган, чычырканак, ит мурун, жаңгак.  Эртели-кеч  бодо  менен кой-эчки, анан жалгыз-жарым киши жүрөт. Бектен  жүзүн тоскон бутактарды колу менен ары кайрый, калыңдарынан калкаланганы ат жалына өбөктөп өтөт. Адыр жантайыштаса ылдый түшүп, кайра өрдөгөн сайын көз кароолуна чалкайган төшүн Күнгө жайган колот, кыдырата тизилген теректердин учу,  сүйрү кесе сымал капчыгай ичине отурукташкан кыштак илинет. Күйгөн чөбү кайчы менен кыркылган чачтын калдыгындай карайган адырга ыктай курулган ак тамдын майланышкан тунукелери чагылат.

Корукчу Эгембердиники болгон ошол үйдү беттеп баратты. Короо алды опур-топур. Темир кемегеге чоң казан асылган. Кызыл жалын болуп күйгөн оттун тили казан боорун жалмап, өөдө соймоңдойт. Үйдү курчай өсүп турган калың жаңгактардын көлөкөсүндө бири сүт ыраң, экинчиси чымкый кызыл, бейтааныш жеңил авто-унаа. Калпакчан киши чөмүчү менен казанды оодарыштырган болду да, сорпону сапырды. Даамын билгиси келдиби, сорпо сүзгөн чөмүчтү оозуна жакындатты. Ага катарлаш өскөн дарактын жанында кызыл көйнөкчөн жубан эңкейип, колундагы табакка очокко асылган казандан бирдеме алып салды да, ичкери көздөй шыпылдап жөнөдү. Демек, токой башчынын орунбасарына конок келген.  Короодогу кыймылды түгөл көрүп бараткан Бектен акыл токтотту. Эгембердинин бир зыяпат өткөрүп жатканын чамалап, өң-тааныштарынын көзүнчө ага катуу тийбөөнү чечти. Адегенде түз эле үйүнө кирип барып, эскертмек болгон. Болжолу, кимдир-бирөө корукчу тууралуу кулак каккан өңдүү: Нурпаиз менен Бектен жыгач кашаа  тосулган бак четине жеткенде Эгемберди үйүнөн шашыла чыкты. Элеңдеп, эки жакка серп таштады. Ал коога болгонун туйду.

Катуураак сүйлөп же каяша айтышып, “меймандардын көзүнчө беделимди сындырбагай эле” деп корукчудан чочуду. Бектен ооздугун тарта токтоткон аттын алдын тороп, жалын сыламыш этти. Өңүнө жарашпаса да, кара күчкө жылмайды. Корукчу анын сыйкылыгын сыйрып салса, заар толгон жүзү ачыкка чыгарын болжоду. Окуя эмне менен бүткөнүн түкшүмөлдөгөн Эгембердинин көз кыры корукчунун ийнине асылган  мылтыкка, ээрдин кашына илинген баштык менен  жер тиктеп, четте турган инисине түштү. Ал ушул саатта Нурпаиздин айыбынын изин жаап, Бектенди мүмкүн болушунча бачымырак жолго салуунун айласын издеди. Ким билет, жараны ырбатса, ал бирин-экин күнөөсүн шардана кылып иеби? Кишиге ишенич жок.

— Келип калыпсың, мырза? Аттан түш. Үйгө кирип, даам сыз, – деди ал.

Бектен анын “мырза” атаганын жактырбады. Башта минтип атачу эмес. Демек, ал сөз тигинин чын ыкласынан чыккан жок. Корукчу жагынган адамдан жаа бою каччу.

-Окутуучум атайы издеп келиптир. Ичкери кир, андан көрө… Мынча болду көздөштүрүп, тааныштырып койоюн. Кийин окууга барсаң, пайдасы тийиши ажеп эмес.

— Чын элеби? Кайда иштейт, агайың? – деди корукчу сыноо иретинде.

Эгембердиге Бектен чын дилинен сурагандай сезилди. Ал астанасын аттады дегиче инисине буйруган кылмышынын капкагы биротоло жабыларынан үмүттөндү да, тизгинге кол узатып, токойчуну ээрден түшүрмөк болду.

— Калп айтсам, үйүмдү желкемдин чуңкуру көрсүн! Жүрү…

Алапайын таппай шашкалактаган баштыгына Бектендин күлкүсү келди. Анысын зорго тыйды да, олуттуу түрдө:

— Конокторду козгобойлу. Бейкапар чер жазсын. Экөөбүз акылдаша турган жумуш бар, — деп тобулгу камчысын аттын соорусуна аста таштады.

Токойчунун орунбасары бөлөк кезде корукчунун тилин алмак эмес. Азыр мойнунан байланып, кебин укмак түгүл, ымдап-жаңсаганын жасоого мажбур болуп олтурат. Ал үй жагына кылчая карады да, эч ким көрүнбөгөндүктөн Бектендин артынан ээрчиди. Айылдан обочороок чыкканда:

— Муну сен жибердиң беле? – деди Бектен, Нурпаизге кол жаңсап. Жаалы күчөп, өзүң араң карманды. Чөп жалмалаган аргымагын отко койду.

Эгемберди карамагындагы кызматкерине күнкор болуп, анын кысмакка алганына терикти. Бийлиги али колунда турганын эстеткиси келип, кекете:

-Дал үстүнөн түштүң. Менин жумшаганымды билесиң, бул өзү уруксатсыз жерден чөп албайт. Өчүң бардан бетер артынан кууп алыпсың, уялбай. Тердирген түшүмдү да кырманга төктүрдүң. Мунуң жакшы эмес, досум.

— Анын жөнү экөөбүзгө тең маалым. Тапшырма толбой турса, баштыктын азыкты үйүнө ташыганы уурулук. Кой, жаа атышкыдай бирибизге бирибиз жоо эмеспиз, — деди Бектен жакында Нурпаиз жашынып терген мистени кармап алып, Эгембердинин атына жаздырганын эстеп. Бирок кагаз толтуруп, орунбасардын терим акысын алганын да билген. Корукчунун мына ошол окуяны жадына салганына баштык буурадай буркулдады. Жаак эти түйүлүп, буулукканга эриндери диртилдеди:

— Мени териштиргидей, сен тергөөчүсүңбү? Сага жооп берчү мен эмес. Керек десе сени тескөөчү мына мен. Сен сыяктуулар баш ийүүгө милдеткер. Эсиңден чыгып кетсе, эскертип койоюн: мен сага бөлөк-бөтөн эмес, биринчи жана түздөн-түз начальнигиңмин! Сендейлерге көз каранды эмесмин, уктуңбу? Ордуңду билип жүр!

Кишиге кара санабаган Бектен тиги  кызматын колко кылганда кайбат айтаар кучунашы тутту:

— Ылайым эле орунуң куттуу болуп чоңойо бер! Кызматыңа эч ким ашык эмес…  Бирок менин сөзүмдү да мээңе түйүп ал! Мамлекет ушу корукту мага ишенип тапшыргандан кийин… ушул токойнун шарапаты менен үй-бүлөмдү багып атканымдан кийин сенин мартабаңа жүгүнүп, күнөөңө көз жумдулук кылсам, айтчы, менин эмне керегим бар?.. Жамбаш талытып кайтарбай эле таламайга таштап, башым кыйшайган жагына оой бербейминби? Сага ошентсем, жагат окшойм. Жо-ок, сен бийлигиңе чирене бербе! Сен уурдасаң жарай берет экен да, ээ?.. Куулугун карап кой! Бу жер сенин да, менин да чоң атабыздан калган эмес менчиктегидей. Элдин байлыгы, калктын мүлкү… Журтчулуктун ырысын кыйганга, мүлкүн талап-тоногонго менин да, сенин да акың жок. Токойду эл экти, эл өстүрдү. Жылкы менен бодосун, айбанаттарын көпчүлүк көбөйттү. Билсең, экөөбүз табактагы бышкан палоого кол салып олтурабыз, пайда келтирбей…

Эгемберди дилинде “ эмне иштесем, мага жарашат”деген маанини кыйытмак болду:

-Мага саясатты үйрөткүчө жумурткадан чыгып ал! Каадаланган байкуш… Саясатка кулдук уруп, ак жүрөктүү болумуш этип, сага эмне жок? Эл тиккен көчөттөрдүн өнүп чыкканын көрө элекмин. Дагы бир кеңеш – чамаңды билип, алды-артыңа көз таштап, анан иш тут. Антпесең… Чоң адис болгон чагыңда да мага беш-он коон бышыктан кийин тишиң өтөр. Ага дейре тишиңди мокобос кылып курчут!

— Мен ушинтип сүйлөсөм жарашмак, начальник!.. Кантсе да, сени билимдүү дейт ко!  Жо-ок, сен мени… Көзүмдү будамайлаба! Айттым го, бөөдө бир да кекилик, бөдөнө карматпайм, бир тоголок мисте же жаңгак алдырбайм. Чоңдорго жагынып, белек-бечкек тартуулагысы келгендер – дүкөндө жайнап турат. Базардан сатып алып, кошоматына ташый берсин!

Бектендин кеп менен мээлеген бутасы дал өзү экенин сезген орунбасар аргасы түгөнүп, үшкүрүндү:

— Түшүнүктүү, сен мага кара өзгөйлүгүңдү карматтың… Иренжигениңди бетиме айта албай, кайдагыны кыйытып… Эрес талашып, ичиң күйгөнүнөн дайыма ушинтип бутумдан чаласың! Сенден ордумду бошоткондо гана кутулат окшоймун.

— Жо-к, Эгемберди, сен антип туура ишти башкага бурба! Келемишчесинен ар ким өз үйүнө ташыса, жарым кылымда жетилген токойдон эмне калат? Жаңгактын уюлун го туш жакка сатып бүтүштү. Анда деги ким үчүн тигип, эмне үчүн өстүрүп, кайсы максатка өстүрүп атабыз? Экөөбүздү көргөн адам да карманып турбайт. Биз, адамдар көзгө көрүнүп, колго урунган нерселерди кыйып, тындым кылып, мойсогонго жаралган эмеспиз. Кезеги келгенде сен да, мен да улгаябыз. Ага дейре балдарыбызга чачы жыдып түшкөн таздын башындай сып-сыйда кызарган адырды калтырганыбыз жарабайт, мага демектен “топон суу” каптасын деп… Мына, — деди Бектен Нурпаиз жакка кол жаңсап, — мына бу бир бооруң бир коёндун өмүрүн кыйды, бүгүн. Токойдун баш-этегин кыдырып көр, андай жаныбар табылбайт. Мурда текирең таскак салган илбесин, чаарчык, марал, бөдөнө, кекилик кана?…Оо мурун биздин бала чакта жүрсө, жүргөндүр, Азыр жок, алардын бири да… Баарын бизге окшогондор атып, тузакка салып, жеп, жок кылышты… А тиги коёндорду көбөйсүн деп коё бердирттик эле.

— Аны мен жибергем, мен! — деп бакырып ийди Эгемберди көөдөнүн каккылап. – Сен да түшүн, акылдуусунбай. Чоң ата-чоң энелерибиз менен курдаш адамдар бизди ойлошконбу?.. Бир коёнго жаның ушунча ачышат, андан ыйык жаныбарлар деле кырылды  го.

— Улуулар бизге кам көргөн. Ошон үчүн алардын кенжетайлары май талканда жүрөбүз.

Корукчунун кеби таасир эттиби, токой башчынын орунбасары мурдагыдан жоошуп, бошоң үн катты:

— Коноктордун тилине кирип… Тасмалда жайнаган оокатка карабай, “бах-х, азыр талаа коёндун эти болсо кана ээ?” дешип шилекей чуурутушту. Ыраактан ат арытып,  атайын мени менен жүздөшүүнү эңсеп келсе… Мазар басып, сый көргөнү ат жалын бизге бурган меймандын моокумун кандырбасаң, эртең эле ишиң түшөт. Ошондо саламыңды алик албай коёт. Бүттүң!.. Чоң кызматка барчу адам жөлөк-таяксыз өспөйт… Сурашса төө көрдүңбү, мыё, бээ көрдүңбү, мыё… Ит-кушка шылтайбыз. Ачыгын моюнга алган күндө деле башыбызды баталгага коюп, айбалтасы менен шылып салаар адам жок. Коёндун саны биздин эсепке кирбегенден кийин… – Ал окутуучулар үмүттөнбөсө да, коён эти менен сыйлап, аларды таң калтырмак болуп, мактанып ийгенин жашырды.

Бектен анын орунсуз шылтоосун сезип, кыт-кыт күлдү. Ичтен кайнаган ачуусуна алдырып, демейде күлкүгө жеңдирчү. Амалкөй адам менен келише албайт. Кара өзгөй адамды кекентер жорук жасап жиберер пейили боло турган.

— Жээр тамагын тартынбай айткан азамат экен, коногуң! Коёндун устуканын мүлжүсө эле кызматыңды өөдөлөтөт бекен?

Бийик мансапты укканда жүнү тириле түшкөн Эгемберди Бектендин какшыгын элес албады. Ууртунан жылмайып, ичте буккан сырын жашырбай, анысын шардана кылгыча шашты:

— Дароо эле эмес, аста-секин чонойсуң деп жатышат.

— Анда ме! Башбайчасы менен куйкалап, кууруп бер, жылытмасына! Кийин базардан коён сатып келип, мага көрсөтүп туруп, талаага агытып иесиң! Жакшылап тойгуз, конокторуңду!… – деди Бектен.

Ачуусун араң жутуп, коёнду жерден алды да, Эгембердинин үйүн көздөй ыргытты. Тетири бурулуп, кайда баратканын капарына алган жок. Тизгин тартпай, атын эркине койду. Дилинде токой башчынын орунбасары менен сүйлөшүп баратты: “Табият тып-тыйпыл болсо, адам уругу да соолурун түшүндүрмөкчү элем. Ошол осуят мээңе жеттиби?.. Сен үчүн  мансап деген баарынан таттуу көрүнөт, зайыбыңды да тартуулап ийгенден кайра тартчудай эмессиң. Жетекчиликти да ага татыктуу адамга ыйгарбаган биздин чоңдор  кээде калпыстык кетиришет. Башчылар тебетейдей алмаша берген сайын жумуш өз орду менен жүрбөй, мурдагысы баштаган ишти кийинкиси улантпай, орто жолдо элге эле кыйын. Сендейлердин колуна оомат тийсе, жамы журт кошоматкөйлүк, жүзү каралык, амалкөйлүк кеселинен арылбас. Бирок сендейлер тири карак, идирек келишет тура! Бирин чапсаң, ордуна жетөө тирилип чыккан жомоктогу ажыдаардын эле өзү… Шашылба-а орунбасар… Бу кыйдылыгың менен бир жолу дебейин, дагы бир күнү абийириң төгүлүп, желиң чыгат ко! Куу түлкү  узакка барган эмес”.

Арадан бир ай өтпөй Бектендин колуна “тайэнең катуу ноокас. Тез кел!” деген шашылыш кабар тийди. Барып байбиченин көзүн көрбөй, аманат-керээзин уккан жок: эчак эле ээк каккан экен. Тайэнесинин үчүлүк, жетилик каадасына байланып, кенедейинде өскөн айылда бир аптадай кармалды.

Байбиче өмүрүнүн соңку жылдарында ушу небересинин колуктусу экөөнүн чакырганына көнбөй, тоо арасындагы кыштагынан жылбай койгон. Чиедейинде ата-энесинен айрылган корукчу ошо кемпирдин колунда чоңойгон. Тайэнесин ак кепиндеп, о дүйнөгө узатуу – тирүүлүктүн урмат-зыйнаты делсе, туугандыгы жагынан анын мойнундагы карызы болчу. Муну айттырбай түшүнгөн Бектен ичинен сызып, тайэнесинен башка эчтемени ойлобой, улам жашып, катуу аза күттү.

Ал тай журтунда кайгыга батып жүргөндө коругунда ойдо жок окуялар болуп өттү: күзөтчүнүн  карааны көрүнбөй калгандыктан коңшулаш колхоздун чабаны койлорун токойго жайып иет. Жандыктар төртүнчү бөлүмгө жаңы отургузулуп, бою чыканактай көтөрүлгөн көчөттөрдү да мойсоп, тып-тыйпыл кылат. Бектен бул айланага күн сайын көз сала турган. Эгемберди токойдо койлордун ээн-эркин оттоп жүргөнүн көрсө да, ага киши жиберген жок. Анын ордуна токой чарбанын деректирине билдирүү жазды: “Урматтуу Байкороз Тилекматович! Токойнун төртүнчү бөлүмүн кой аралап, көчөт аттуу түгөлү менен жексенделди. Тез арада текшерүү жиберүүңүздү өтүнөм! Токойчу Көчмуратов уруксатсыз көздөн кайыган бойдон бир жумадан бери кайта элек. Мени көзүнө илбейт, башчы катары сезбейт. Өз билгенин жасайт. Ээнбаш кызматкерге административдик жаза берип, тизгинин тартып коюуңузду суранам!”

Токой башчысынын орунбасарлык кызматына алымсынбай,  өзүн жогорку билимдүү саначу. Жогорку окуу жайын бүтөөргө жакын калса да, чоң кызматка дайындалбаганына арданды да, билдирүүнүн этегине “Ышкын-Колот токойсунун башчысы Э.Кыштообаев”деп кол койду. Чөнтөгүнөн бырышкан кагаз тапты. Кагазды ачып, Бектендин колун тааныды: “Эгемберди! Сени издеп таппадым. Тайэнем дүйнө салыптыр. Мен ал жактан кайтып келгиче ордума кимдир-бирөөнү иштете тур! Баарынан да төртүнчү бөлүмдөгү көчөттөрдөн көзүңдү үзбө! Аны дурустап кайтарт” деген жазууларга жийиркене көз жүгүрттү. Өзүнүн азыркы кылыгына намыстанды да, корукчунун катын тытып ийди. Корукта мал тебелеп, кыйраган бак-дарак үчүн Бектенге белин майыштырар айып пул салынышын эңседи да, ичинен “Тайэнесин колко кылат… Ал эмес, өзүң өлсөң да кылым кыйшайбайт. Текшерүүчүлөр иликтеп бүтүм чыгарсын! Сенин акыбалыңды ошондон кийин көрөм!” – деп ойлонду.

Каты жетсе, токой чарбанын кеңсесинде отурган ымаласы жакындары келип, кол ийрисине тартаарына үмүт кылды. Комиссияга багыштаган тамак-ашын, эс алаар жайын белендеп, күтүнүп бүткөндө текшерүүчүлөрдү тарткан машина токойнун бак четиндеги кеңсенин жанына токтоду. Алардын арасынан саргая күткөн өң тааныштарын учурата албай, Эгембердинин кабагы бүктөлдү. Ал сыйдан баш тарткан комиссия мүчөлөрүн катында баяндалган жерге ээрчитип барды. Жалбырак-бутактары тонолгон көчөттөр андан-мындан сербейет. Жандыктардын туягына майкандалган тамырлар учураган сайын ичинен кымыңдады. Ошол тушта текшерүүчүлөрдү узагыраак кармоого тырышты:

— Мына, карасаңыздар, – деди ал. – жырткычтыктан башка бүтүргөн жумушу жок. Муну билбей, атчёт тапшырарда өстүргөн токоюңар жок деп мени кысмакка аласыңар. Ушинтип ар жылы Көчмуратов бизди ылдый тартканы тарткан. Бөлөгүн эсепке албаганда да, ушу ишин көрүп алсаңар жетиштүүдүр!.. Анан ушундай адамды депутаттыка шайлайбыз деп… Мына, жыйырма беш гектир,  кечээ бар да, бүгүн жок… Оңой иш эмес. Сатып алганга, ташыганга, олтургузганга  канча сом төлөдүк?.. Өстүргөнчө канча пул жумшап, нечен түйшүк тарттык. Менин оюм так жана кыска: коротулган бардык акчаны мойнуна салуу керек! Төлөсүн! Ага боор ооруп, калка болуп, ордун жоктотпой жеткен чегим, арттырган жакшылыгым ушул… Дагы менден кызмат талашып, көөдөн кергенин карасаң! Биздин карамакка ушундай ээнбаш, адепсиз кадрларды жөнөтпөгүлөчү?

Текшерүүчүлөрдүн башчысы Эгембердинин кебине көңүл бөлгөн жок. Ал топтун алдында үндөбөй баратты. Адырдын капталын сүрдүрүп, токой көчөттөрү отургузулган тегиздиктин аягына дейре ынтаасы менен көрүп чыкты. Бир кезде папке кармаган колун өйдө көтөрдү да, артынан калбай, таш мылтыктай саймедиреген жигитке кылчая берип, “токто” деген белгини туюндурду:

— Түшүнүктүү иним! Кошо ат бастырып, бирге иштеп, бир айылда жашаган шеригиңди ушактагандан бетиң чымырабаганына таңмын. Минткениң – ынтымактын ыдырап, ыркыңардын бузулганы… Демек, сен жумушчулар менен иштешүүнүн ыгын билбейсиң. Эгер аны өздөштүргөн болсоң, кызматчыңдын көзү жогунда аны каралабайт элең… Балким, сенден укканыбыздын жөнү бар деп койолу!.. Сенин ырастооңдо башкы күнөөкөр – корукчу Бектен… Ошондуктан анын жумуштан уруксатсыз кеткенин, бөлөк аки-чүкүсүн арай көз чарай олтуруп, экөөңдү беттештирип тактамайынча чечим чыгаруубузга акыбыз жок. Сиздер не дейсиздер, жолдоштор? Бектенди да катыштырып, анан териштирген адилет ко!

Береги сунушту комиссиянын экинчи мүчөсү да кубаттады:

— Бул жерде баш катырар дагы башка маселе турат. Корук айылга чектеш тура! Көз болжолу менен эсептегенде жарым чакырым, андан узак эмес. Кыштактагы үйдөн сыртка чыккан адамга коруктагы кыймыл дароо көрүнөт экен. Бул жерге жайылган кой-эчки болобу же бодо малбы, көчөттүү, ары чөбү тулаң жайдан дароо эле чыгып кетпейт. Курсагын тойгуза оттогуча майда жандыкка эң кеми эки-үч саат зарыл. Ошончо убакыт өткөнчө айылдын адамдары мал жайылганын кантип байкабай, көрбөй калсын?.. Мага ушул жагы таң калыштуу. Бир да пенде кантип эле бадага түшкөн туяктууларды айдап чыгууга жарабасын? Же корукчу энесине топурак салганы узаганда бу кыштактагылардын чоң-кичинеси дебей, базарлап кетишкенби?.. Бардыгыбыз ушу токойдун эсебинен жан багып жатсак, эч кимдин мээнетке күйбөгөнү кызык.  Бул барып турган душмандыкка тете иш, урматтуу Кыштообаев! А макул, Көчмуратов башы оогон тарапка баса берген экестүү дейли! Анын жөн-жайын билген токой башчынын орунбасары эмнени күттү?.. Же көчөттөрдү астейдил коруу керек экендигин билбейт беле?.. Сонун билген! Жумушчулардын бирөөсүн күзөтүп турууга табыштаса болмок. Эч ким көнбөгөн күндө да, үйүңдө бүксүп жата бербей, дүрбү салып карап койсо, мээнетибиз талаага кетмек эмес. Мына эми, кенебестиктин айынан канча байлык күйүп, майкандалды. А ушунун баары Эгемберди, токой бөлүгүнүн эсебинен, сенин, сага окшогондордун чөнтөгүнөн кыркылат. Пулуңардын асманга сапырылганына ичиң ачышса, жакшы… Анан Бектен жөнүндө аны менен көзмө-көз сүйлөшөлү дедик. Дал ушуну белгилеп, актыга кошуп, тиркеп койолу. Дагыле биз кадрларды тандоодо былыкчылыкка жеңилип атыптырбыз. Бул маселени деректир менен масилеттешүү керек окшойт. Колунда диплому болбогону менен иштин көзүн мыкты көргөн, жүрөгү таза, зирек жаштар чекеде калып жатат. Институтта окуганы менен дарактын баркына жетпеген токой инженерлерге караганда андайлар жүз эсе ашык атчудай…

Эгемберди жек көрө тиктеген текшерүүчүнүн соңку кеби Бектен экөөнө тийиштирилгенин баамдап, карбаластай түштү. Баштаган балээси минтип өз башына муштум болуп тиерин аңдабаганына өкүнүп, жанындагыларга байкатпай, тилин тиштеди. Комиссиянын дагы бири:

— Адамдын сыртынан тон бычуу, көзгө көрүнбөгөн асканы мекен тутуу дөдөйлүк, — деп кошумчалады.

Токой башчынын орун басары актанууга өттү. Курулай доомат бетке чиркөө болуп, жамандык жерге батпай турганына анын көзү эми жетти:

— М-м-мен, м-мен… М-мейли, т-тек-ш-шерг-гиле, т-териштиргиле! – деп  аптыкты ал, кекечтенүүсү ушул саат кармап. – Силерди ошол үчүн жиберишкен. Ак-караны ылгагыла!.. Бектенди жаман атты кылгыдай, мага жин тийген жок. Кинесин тапканым үчүн айттым.

… Бектен, мына ошол белгисиз иштин айынан чарбанын кеңсесине бет алган. Текшерүүдөн бейкабар. Сүттөй ак болгон күндө да, токой чарбага маңдайынан сылаганы чакырбаганынан алдыртан күдүктөндү. “Өткөн өмүр – алтын, келеркиси – күмүш” дегендей, кылымдардын бүктөмүнө кошулган убакытты кайра кайрып алалбагандай эле мээнет-байлыктын ордун толтуруу, албетте, кыйын. Айтса, тай журтунан кайтар замат коругуна жеткен. Коруктун томсоруп, сып-сыйда жылаңач калганын көргөндө буркурап ыйлап ие жаздап, эмгеги текке кеткенине жерди муштагылады. Шаабайы сууп, кеңсеге барууга адегенде буту тарткан  эмес. Анткени менен мээнетине жараша шыбагасын акыры бир күнү алаары  көкүрөгүн өйкөп, тынч койгон эмес…

Өткөн окуяларды эстеп, аларды ары-бери калчап, өз кыялы менен алпурушкан Бектенди жанындагы жигиттин кыйкырыгы чочутуп ийди:

— Коён, коён… Жоочабар аке, токтот, токтот… – Жигит кабинанын үстүн дүңкүлдөтө ургулады. Автоунаанын айнеги түшүрүлгөн эшигине ийилип, айдоочунун кулагына дагы бакырды.

— Кана, кана? – Машинадагылар жабыла сурашты. Бектендин көздөрү да алактап, адыр боорун тинтип кирди. Чөбү кыярып, саргайган адыр капталынан адегенде көзгө эчтеке урунган жок.

— Тигине, качып баратат. Тиги жаңгак тосуп калды… Ана, буйткадан дагы чыкты…

Бала башка сөзгө өтпөй, автоунаа токтоору менен анын үстүнөн секирип түштү. Корукчу да тигилерден калышкан жок. Үн салды эле, анысын алар чымын чакканчалык көрүшпөдү: бири менен бири жарышып, чоң-кичине дебей,  коён кубаламайга киришти. Бектен куугунду токтотууга башка арга таппай, айдөштө качып бараткан сур коёнду тааныды. Нурпаиздин колунан бошоткон сур коёндун дал өзү! Семирип алгандай.  Байкуш жандык жан-алекетке түшүп, тырбалаңдап, көздөн кайуу менен убара. Кантсин бечара, ага да жан  таттуу, жашоо кымбат, күн көрүү өйдө.  Дагы эле жалгыз…

Шору арылгырды жолунан эмне адаштырды экен?… Тең чуркагандардын бир нечесинен озуп өттү. Алдыда жүгүргөндөргө коёндун жеткирбей качуусун тилейт да, өзүнчө сүйлөнүп коёт: “Туткан күндө да бошотуп ием, кимисинин колунан болсо да… Кармап, зыян кылып эле көрүшсүнчү! Кыйыктыгына алса, машинасына чыгарбай койор!”  Чыдамы түгөнгөндө колот жаңырта кыйкырууга аргасыз болду:

— Тийбеги-ле-е, жалгыз ко- ё-ён!… Көбөйгөндө гана…

Коёндун карааны көзгө илешпей калган сайын жүрөгү ордуна келип, санаасы тына баштагансыды. Өрдү көздөй бет алганда сүйүнгөн. Бийикке карай баары эле күлүктөй  тез чуркай бербейт, кадамы жайлайт. Андан ары тик жар. Жардан секирип түшүүгө да ар кимдин эле жүрөгү даабас. Ошондо коён куугундан кутулат.

Бектен ойлогондой эле болду: күйүгүп калган куугунчулар жандыкка жетүүдөн күдөрүн үзгөндөй, буттарын араң шилтеп, артына маанайлары пас кайта баштады.

Коёндун изине баарынан мурда түшкөн жигит өпкөсүн баса албай, кир шапкеси менен эт-бетинен салаалап куюлган терин улам аарчынып:

-Ка-ап, зайыбымдын талгагын жазайын десе, – деп өкүндү.

Токойчу ага кектүү түрдө олурая тиктеди. Анын жоругу менен сөзүн жактырбады:

— Базардын этине деле жазса болот ко!

— Тоонун таза, түркүн даамдуу чөбүн жеген жапайы коёндун этине жетпес, — деп тамшанды жанагы жигит. Корукчунун иреңи кара сур тарткандыктан анын ачууланганын сезип, ага эрдемсине тийишти: — А сен эмне итиреңдейсиң? Бакма коёнуңду чаап алгандай кызганасың да. Өкмөт биз үчүн, нан тапкан элүчүн бак деп  сага окшогондорго айлык төлөп атат…

Бектен өз өнөгүн сый кетиргиси келбей:

— Атайын коруктагы айбанаттарды жексен кылып, тукумун соолут деген да уруксат жок.

Токойчунун  жаныбарга жан ачуусун туйду көрүнөт, кызыраңдаган жигит баягыдан жоошуй түштү:

— Коёнуң көбөйүп эле калыптыр. Жылга-жыбыттан жолубузду дайыма тороп чыгат. Биз бул жерден күнүгө өтөбүз. Ары-бери куушуп, оюн салганын көрөбүз, – деди жалганды чындай койгулап.

Тигинин көңүл жубата айткан кебине корукчунун бир аз жарпы жазылды:

— Ошондой миң сан болуп кетсе гана…

Кайра машинадан орун алган адамдар өздөрүнчө күүлдөшө түштү. Бектен аларды уяткарууну болжоду да:

— Туура. Көзүңөрдү күйгүзүп, кулагын көрсөтүп коюп, жылт качкан азыркы коён кишилерге үйүр алган. Ээн токойдо жалгыз жашаганды жактырбай, силерди сагынып, сапарыңарга ак жол каалап, жол боюна узатканы чыкса, жарым кадак этине кызыгасыңарбы?

Жолун кайра улаган автоунаанын артынан уюлгуган чаң коён жашынган тарапка жайылды. Бектен чаң тосуп калган кырдан көзүн албай, дилинде сур коёнго жалынды: “Азырынча  кишилердин көзүнө көрүнбөй, далдаада, ыраак жүрчү!.. Мындан ары сак бол! Тоонун нечендеген жаныбарларын кырган адам баласы, бири-бирине бөрүдөй кол салып, тишин кайраган пенделер сени да аябас. Тукумуңду кууратып, түбүңө жетүүсү ыктымал. Ошондуктан суранарым, мындан ары жолго чыкпа, сур коён! Жолго чыкпа!..”

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.