Жетиген АСАНБЕК: Адамдык тилде угушпады, табияттын тилин да угушпады… ачкачылыкты угушар бекен?

Эсиңиздерде чыгар, Сапар Исаков премьерликке көрсөтүлүп, парламентте депутаттардын суроолоруна жооп бергени. Баягы парламентти парламентке окшотуп турган, оң мааниде 10 чакты “дүжүр” депутат суроолорду кабыргасынан берсе, кайпактата жалпы жонунан жооп берип кутулду эле. Каныбек Иманалиев “40 кадамын жиликтеп” берип, кокуй эч ким укпасын, уят эле иш болот деген. Маселебиз эбак чечилген, жолун түзөп коёлу деп атабыз, былжырай бергиле таризинде анын саресебине түшүндүрүү же актануу да болгон эмес. Ошол эптемей жооптордун арасынан бири жакында шак эске түшүп, көз алдыма тартылды. Аны эске […]

Лев Толстой: Токойдо жамгыр алдында калганым

АҢГЕМЕ Кичине бала кезимде козу карынга жиберишти. Токойго жетип, козу карын терип бүттүм. Эми үйгө кайтайын дегенимде бир заматта эле  асман алай-дүлөй караңгылап, күн күркүрөп, жамгыр башталды. Коркуп кеттим. Бир бай түп эмендин алдына корголоп отура калдым. Чагылган ушунчалык катуу чагылды. Көзүм караңгылап, ооруганынан улам жума калдым. Үстү жактан карс-курс үн чыгып, анан башыма  бир нерсе тийгендей болду. Жыгылып түштүм. Ошо бойдон жамгыр басылганда гана турдум. Өзүмө келип карасам, токойдогу дарактардын баарынан суу тамчылап атыптыр. Куштар сайрап, күн күлүңдөп туруптур. […]

Аман САСПАЕВ: «Кызыралей салам»

АҢГЕМЕ  Мындан көп жылдар илгери шаар – калаа деп аталуучу. Ал кезде азыркыдай асфальт көчөлөр, тынымсыз агылган машиналар мүлдө жок. Калаанын дайыма чаң каптап жатуучу, четки көчөсүнөн өтүп алган соң ысыкта ширидей каткан боз чологун теминип, чымын-чиркейлүү араба жолдо бир киши келе жатты. Кедейлик келиштире тытып салган кара көк кашкар чепкенин, мынчалык алыс жолго көйнөкчөн кетүү сөлөкөт болгондуктан гана ийнине илип алган. Бир замандарда кадимки калпак катары жасалса да, азыр көктөлгөн самын капка көбүрөк окшогон кууш кийизи башында. Калаалык тууганы […]

Сагын АКМАТБЕКОВА: Калемдин айтканы (шедевр)

АҢГЕМЕ Көптөн бери үйүндө жалгыз. Күндө жазып отуруп жешилип, түгөнүп баратам. Түгөнгөн сайын учумду чыгарып учтап коет. Жазат. Кайрадан түгөнө баштайм. Менин түгөнгөнүмдөнбү же өзүнүн түгөнгөнүнөнбү, акыры таштап салат. Сары кагаздардын үстүнө. Ак кагаздарга сейрек жазат. Алар ардакталып текчеде. Машинканын жанында. Машинканы жаңы эле сатып алды. Сары кагаздар менен мен дайыма стол үстүндөбүз. Көбүнчө туш келди ташталып, чачылып жаткан болобуз. Кээ күндөрү таптакыр эле унутулуп калабыз. Ошондо өзүмдүн өткөн күндөрүмдү эскере баштайм. Калем боло электен мурда дарак болгонум эсиме түшөт. […]

Садык АЛАХАН: Казыбектин капастагы ырлары тууралуу

Казыбек казалчынын көркөм мурасын дыкаттап окуган адам биринчи кезекте таланттын тубасалыгын, ошондон улам ойдун тунуктугун байкап багат. Сүрөттөө объектисинин (түрмө, сүргүн) адаттан сырт бөтөнчөлүгү бул жерде ырчынын пайдасына чечилчү кошумча каражат катары эсептелинбейт. Биринчи кезекте, кайталап айтабыз, табият берген таланттын нукуралыгы менен бийиктиги гана ырчынын чыгармаларынын чыныгы нарк-насилин аныктап турчу касиет болуп эсептелинет. Муну Казыбек ырчы өзү да өтө жакшы сезген. Ошондуктан Алдым колго калемди Ак кагазды каралап, Алым келсе бир сөздү Айткым келет чамалап. Калк ичинде бир нуска Калса […]

Бийликтин үч бутагына сунуш: Жалпыбызды жандантаар улуттук ири өндүрүшкө сүрөө керек!

«Ийгиликтин ээси көп» Эл накылы КР Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековго; КР Өкмөт башчысы Сапар Жумакадырович Исаковго; КР Жогорку кеңешинин төрагасы Дастанбек Артисбекович Жумабековго; жана жамы журтка жайылтар демилге… Бул демилгебиз жалпыбыздын улуттук мүдөөбүзгө төп идея экенинен шегибиз жок… Урматтуу эл башылар, урматтуу улуу журт! Кыргызстан табынсыз өз эгемендигин жар салган жылдардын аралыгында өлкөбүздө дүйнөлүк рынокко экспортко товар чыгарар бир дагы ири өндүрүш ишканасы курулган жок. Албетте, бирин-экин чакан өндүрүш ишин уланткан компанияларыбызды айтпаганда, жалпысынан завод-фабрикаларыбызды кыйратып, бүлүнткөн гана жолду басып […]

Садир ДОСБАЕВ: Дворниктердин аңгемеси

— Салам Алейкум. Иш илгери. Кайран, эртелетейин деген экенсин. — Уа алекиге салеки, сартым келдиңби? Аяштын колунан бошоно албай аттыңбы? Маша кеч келгениңи көрүп калса тайенеңи таанытат. Айлыгыңан штраф демиш болуп кармап калат. — Катындан коркконду тапкан экенсиң. Силер аркалыктар катыныңардан коркосуңар. Катындарыңар беттен алганда тешик таппай каласыңар го. Биздин аялдар жүдаям назик болушат. Ха-ха-ха.. — Ха-ха-ха. Эсиңен чыга элек экен. Ошондо аяш көрүп калса Марат энесин гана көрөт эле. Жакшы подвалга жашырып койдуң. Айылда кантип атышты экен десең. Ичип […]