«Ийгиликтин ээси көп»
Эл накылы

КР Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековго;

КР Өкмөт башчысы Сапар Жумакадырович Исаковго;

КР Жогорку кеңешинин төрагасы Дастанбек Артисбекович Жумабековго;

жана жамы журтка жайылтар демилге… Бул демилгебиз жалпыбыздын улуттук мүдөөбүзгө төп идея экенинен шегибиз жок…

Урматтуу эл башылар, урматтуу улуу журт! Кыргызстан табынсыз өз эгемендигин жар салган жылдардын аралыгында өлкөбүздө дүйнөлүк рынокко экспортко товар чыгарар бир дагы ири өндүрүш ишканасы курулган жок. Албетте, бирин-экин чакан өндүрүш ишин уланткан компанияларыбызды айтпаганда, жалпысынан завод-фабрикаларыбызды кыйратып, бүлүнткөн гана жолду басып өттүк. Эми аларды калыбына келтирүүгө жакынкы жылдарда чамабыз жетпечү абалдабыз.

Биздин улуттук намысыбызга тиер бир өксүк – жаратмандык кайратыбызга шык-дем берер мамлекеттик саясат жок үчүн Кыргызстанда өндүрүш тармагы өтө солгун абалда. Мамлекет тарабынан ырааттуу колдоо болгон учурда гана атамекендик өндүрүшүбүз дүркүрөп өнүгөр шарттар бар, бирок өкүнүчтүүсү – өлкөбүздө экономикалык идеология жогунан улам айыл чарба, мал чарба продукцияларыбызды дүйнөлүк рынокко чыгаруу жолун таппай келебиз!

Биз билгенден дүйнөлүк рынокко чыгуунун жолун издеген саналуу адамдардын бири бүгүн арабызда жок – Табылды Эгембердиев. Маркум Табыкебиз «Шоро» компаниясын түптөп, тирүүсүндө улуттук суусундуктар менен курут, майын дүйнө элине жайылтуу мүшкүлүн тартып жүрүп өттү! Дагы да атамекендик өндүрүштү алга сүрөр күч-кубаты бар эле, бирок шум ажал аны арабыздан эрте сууруп кетти! Улутубуздун асылы деген Табыкебизге асылган ажал аны акыры алып тынды. Бирок Т.Эгембердиевдин өндүрүш философиясын жайылтуу аракети анын жеке үй-бүлөсү, жакындары же анын бизнес компаниясында иштегендердин гана эмес, жалпы кыргызстандыктар жапатырмак ишке ашыра турган улуу идея экенин бүгүн тереңден аңдоого тийишпиз.

Дүйнөдө жапон элинин жаратмандыгына таңгалбаган адамзаада жок. Алар байыркы байтактуу баалуулуктарды бүгүнкү заман менен шайма-шай жуурулуштурган этнофилософия, этнорухий өзгөчөлүктүн тамырын терең жайууда. Улуттук сыймыкты жараткан ар бир жапон тукуму сыяктуу эле кыргыз элинин этностук баалуулугун эң алдыга озунуп аңдаган Табылды Эгембердиевдин өндүрүш философиясы да, идеясы да биздин мамлекет үчүн өлбөс, өчпөс экономикалык локомотивге айланар капитал болууга тийиш. Анын идеясынын артынан айыл чарба, мал чарба тармагын кадыресе жолго коёр мүмкүнчүлүгүбүздү гана биз бүгүн сезбей-туйбай жатканыбыз кейиштүү!

Арийне, «Максым-шоро» суусундуктары бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн соода брендине айланганын тана албайбыз. Өлкөбүздүн экспортко чыккан товарларынын арасында баарыбыз үчүн улуттук сыймыкты жараткан «Максым-шорону» кыйгап өткөн бир да чет өлкөлүк мейманыбыз жок. Муну турмушубуз көрсөтүүдө.

Ал эми дүйнөнүн төгөрөктүү төрт бурчунда жүргөн мигрант мекендештерибизге «Максым-шоро» суусундуктары менен куруттары Кыргызстандан чет өлкөгө каттачу замандаштарыбыз аркылуу жеткирилер базарлыкка айланганы Эл аралык «Манас» аэропортуна барган ар бир адамга дайын. Азыр эми «Максым-шородон» да кыйла өтүмдүү да, алымдуу продукция өндүрүшү жолго коюлганын жамы журтка «РухЭш» сайты жакында эле сыймык менен жар салдык.

Учурда «Супара» этно-комплекси өндүрүп жаткан нукура талкан шоколаддын курамында жергиликтүү органикалык таза жаңгак, кара өрүк, мисте жана бал, талкан, сары май кошулган конфеттин түрлөрү чыгып жатканына сыймыгыбыз артты. Себеби, өзүбүз бала кезде жеп чоңойгон талканды каймак-майга аралаштырган кошкон майды заманбап таттыга айлантуу идеясын калтырып кеткен Табылды Эгембердиевдин бул жаратмандыгы – илгертен берки ата-бабаларыбыздын унутулуп бараткан нукура даамын татытканы сыймык эмей не! Талканга көөлөнгөн кошкон майдын даамын татпай чоңойгон бир да кыргыз тукуму болбос чыгар. Асыресе биз колубузга тийген талкан шоколаддын даамынан балалыктын даамын таткандай болдук…

Арийне, идея ишке ашкан кези, эми аны дүйнөгө жайылтуунун жолун табуу да анчалык кыйынга турбайт. Тек, ага каалообуз менен аракетибиз гана керек. Кыргызстан өз алдынча чарба жүргүзгөн эгемендик жылдарынан бери дүйнөлүк мамлекеттер менен дипломатиялык алака мамилелерибиз кеңейди, эң алдыңкы өнүгүү жолунда бараткан өлкөлөр менен байланыштарыбыз жок эмес. Андыктан өлкөбүздүн дипломатиялык корпусунда иштеген элчилерибиз Кыргызстандын шоколад товарын жайылтууга кызыкдар болууга тийиш.

Ал эми бийликтеги КР Президенттик аппарат, Өкмөт жана Жогорку Кеңеш бул демилгени колго алуусу чоң мааниге ээ. Өз ара кызматташтык боюнча келишимдерди түзүүдө мамлекеттик резиденциябызда кабыл алынган меймандарды талкан шоколадсыз куру кол кетирбөөнү ар бир мамлекеттик ишмер саясый-достук жөрөлгөгө айлантышын каалар элек. Ата-бабаларыбыздын унутулуп бараткан нукура даамын дипломатиялык жол менен таанытуу жөрөлгөсү – атамекендик өндүрүштү ирдентүүгө чоң огожо! Мамлекеттин экономикалык идеологиясын дипломатиялык мамилелер менен чыңоого жетише алсак гана атамекендик өндүрүштүн дүркүрөп өнүшүнө кеңири жол ачыларын унутпашыбыз керек!

«Супара» талкан шоколады Кыргызстандын экономикасынын локомотиви жана бренди болуп калышынын даа бир себеби: эгерде бул өндүрүштүн көлөмү кеңейүү мүмкүнчүлүгүнө жетип, экспорт көлөмү да өсө турган болсо, шоколад курамындагы жергиликтүү органикалык таза жаңгак, кара өрүк, мисте жана бал, талкан, сары май сыяктуу азыктарга да дүйнөлүк рыноктун жолу ачылат. Баба дыйкандардын эгини; багбандардын өрүк, мейиз, мистеси менен жангагы; мал чарбалуу фермерлердин каймак-майына болгон муктаждыктар жаралары турган иш. Демек, мунун өзү жумушчу орундарды да пайда кылып, мамлекеттин казынасына төгөр салык өлчөмү да өспөй койбойт. Жогоруда сөз кылынган Табылды Эгембердиевдин өндүрүштүк философиясынын бир өзөгү да мүмкүн ушунда!

Кайран көсөм Табыкебиздин экологиялык таза продукциянын өндүрүшүн жолго коюу менен бирге улуттук сыймыкты арттырар жаратмандык идеясын эми анын артында калган тирүүлөр – биз турмушка ашырып кете алабызбы?

Бүгүнкү күндө киндик каны тамган жердин абасын, даамын сагынган алыстагы мекендештерибизди дүйнөнүн төгөрөктүү төрт бурчунан кезиктирүүгө болот. Демек, алыстагы мекендештерибиз да атамекендик өндүрүштүн продукцияларын экспортко чыгаруунун жана жайылтуунун аракетин көргөнү ийги. Ал эми бул жактагыларыбыз алыстагы боордошторубузга талкан шоколаддардын түрүн базарлык иретинде жөнөтүү жөрөлгөсүн турмушка ашыруу менен гана атамекендик өндүрүштү жапатырмак дүйнөгө жайылткан ынтымак-ырыскылуу улут боло алсак кана, аттигиң!

Мына шондо «ийгиликтин ээси көп» болор, бурадар!

Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *