— Салам Алейкум. Иш илгери. Кайран, эртелетейин деген экенсин.

— Уа алекиге салеки, сартым келдиңби? Аяштын колунан бошоно албай аттыңбы? Маша кеч келгениңи көрүп калса тайенеңи таанытат. Айлыгыңан штраф демиш болуп кармап калат.

— Катындан коркконду тапкан экенсиң. Силер аркалыктар катыныңардан коркосуңар. Катындарыңар беттен алганда тешик таппай каласыңар го. Биздин аялдар жүдаям назик болушат. Ха-ха-ха..

— Ха-ха-ха. Эсиңен чыга элек экен. Ошондо аяш көрүп калса Марат энесин гана көрөт эле. Жакшы подвалга жашырып койдуң. Айылда кантип атышты экен десең. Ичип аткандыр кайран досукең. Досуке деп тим эле. Укмуш жакын элеңер ээ.

— Бая күнү чалгам. Аяш сүйүнүп алыптыр. Намаз окуп атат? — деп.

— Сакал койгондур? Бирок ага жарашат эй.

— Айтпады го. Койбосо керек.

— Кой досум. Кел тротуарды күрөп бүтүрүп анан кичине эс алалы. Эл аягы кызыгыча бүтүп алалы.

— Давай.

— Давай.

— Өх ий. Өлө жааптыр да. Бары жокту көмүп коёт мындай жааса.

— Кудайдын күнү пейли кушун тартып калса ажеп эмес досум. Дагы бир жарым ай чыдасак, «өлбөгөн кулга жаз келди» болот. Анан Машанын көзү түз болсо. Ха-ха-ха.

— Ач «каморканы». Чай кылалы.

— Өлө албай атып китебиң түшпөйт экен колуңан. Эмне болгон китеп алдагың?

— «Келкел». Төлөгөн Касымбековдуку. Сонун жазат да эй. Уксаң.

 «Бири да унчуккан жок, бири да бери караган жок, аттардын чылбырларын ыргытып-ыргытып ташташып, а чапан, тебетей алгандары мыңк этпей апкелишип берип, шашыла сүрүлө тизгин бура жөнөштү.

Бири да ушул кедерине кеткен абалда жанын оозуна тиштеп чаап жүргөндү жакшы көрө койбос, бирок бөлөкчө айтышка, бөлүнүп басып кетишке чарасы жок, ошон үчүн бирине-бири айгак, бирин жабыла кайтарып, бирине-бири темир жынжырдай чиркелишип, тарткан көйү, кылган күнөөсү бир боло чиелене түйүлүшүп калышкан.

Мына, азыр да үйүр бузбай, артта калып калгандарына баары токтоп, баары эч ырайым кылбай турган айбат сездире карашып, алдыга сала атын сабап кууп алышып, ар жерден таздын башындай соксойгон майда дөбөлөрдү аралап, имерилип, ээн, ийри-муйру сайларды өрдөп, улам мойнок ашып, бир убакта кең татырга житип кетишти.»

— Д-а…

— Кайран гана Төкөм! Ушуну жазып атканда азыркы бийликтегилердин, азыркы абалын да чагылдырарын ойлоду бекен а?..

— Билбейм.

— Сенчи?

— Мүмкүн билгендир. Акылы терең, көкүрөгү тунук киши өткөндү бүгүнкүдөй көз алдыңа келтире койгонго жараган, келечектин караанын, бу замандын түрү суук араанын бүдөмүк болсо да көрө алгандыр. Көкүрөгү менен туйгандыр. Сезгендир. «Керегем сага айтам…» — дегендир. Мындай адамдардын өзгөчө касиети болот да.

— Ойлоп көрсөң. Ушу эгемен болгондон бери, улам жакпаганын көңтөрүп, көчүккө тээп кууп ийебиз. Башчысы качып, кара жанын куткарып кетет. А беркилеричи?

— Эч нерсе болушпайт. Аларды Кудай деле албайт.

— Тиги качкаакты айланчыктап, «улуу урматтуу» кылып ийгендер, кийинкиге парваана болот. Аны куусак кийинкиге, андан кийинкисине шайтан көпөлөктөй эле айланып жүргөнү жүргөн. Креслолорду эстафета кылып бири-бирине өткөрүп бергендеричи!

— Оо энесин урайын аларың нак сыйкырчылар!

«Паланча тиерден момунча жеп коюптур».

«Пастанча аердин пачагын чыгарып кармалды».

— Экөө тең камалбайт. Кайта ошолордун бетин ачкандар чоң энелерин «үч коргондун кайкысына» жетпей эле көрүп калышат. Ана отурушат тизилип. Отургандарды көргөндөр «көрдүм дедим тутулдум, көрбөдүм дедим кутулдум» — деп көчүгүн кысып бөгүп калат деп ойлошконбу?… Билбейм.  Апта өтпөй, ай өтпөй эле тиги кармалды деген эргулдарды мурункусунан да майлуу, жайлуу орунду майкандап атканын көрөсүң.

Бирок Кудай бар! Өзү оңдой турган болду. Бу сыйкырчыларың жаңылды. Жаңылтты Кудай!

Каяша айтканды камаган менен баарынын ооздорун «ошту карата» албай, тетирисинче өздөрү отурган «төштү» каратып албадыбы. «Иттин өлүгү» каякта экенин айтып алышты. Бекитип турган көшөгөсү ачылып кетпедиби. Эми кайран Төкөм жазгандагыдай болушат.

— Анда ого бетер эзет экен элди. «Ит өлөрүндө кайышчыл» болот эй. Ошого жол кире, светти кымбаттаталы деп аткан бейм? Кеткиче топтоп алалы дейт да.

— Эмнеси болгондо да аз калды. Төкөм айтканды окусаң:  «Бири да ушул кедерине кеткен абалда жанын оозуна тиштеп чаап жүргөндү жакшы көрө койбос, бирок бөлөкчө айтышка, бөлүнүп басып кетишке чарасы жок, ошон үчүн бирине-бири айгак, бирин жабыла кайтарып, бирине-бири темир жынжырдай чиркелишип, тарткан көйү, кылган күнөөсү бир боло чиелене түйүлүшүп калышкан»,— деп атпайбы.

— Ошондо булар не кылат дейсиң?

— Андан кийинкисин окусаң.

— Эй, ал качанкы окуя. Азыр заман башка. Учур башка да.

— Туура айтасың. Бирок адам дегенде напси деген балакет бар эмеспи. Адам менен кошо бүткөн, тең жаралган. Ошо напсисин тыя албай бейиштен жылаңач куулуп анын азабын урпагы сен тартып атасың. Билдиңби?

— Ооба. Сен эле жыргап атасың. Ха-ха-ха…

— Жыргабай анан. Ошо жыргаганыман сенин жаныңда Москванын карын күрөп атам да.

— Ха-ха-ха.

— Ха-ха-ха.

— Кой сөзүңдү бүтүр. Мастер келип калбасын. Кар да очойтту. Асмандын түбү түшүп калганбы?

— Мейли бүтүрөйүн. Мени кара. Адамдын ою ошо атам замандагы боюнча өзгөрбөдү. Ошондо эле коркчу, азыр деле коркот. Ошондо жан ширин болсо, азыр деле ширин. Айрыкча чоңдоруңун, байларыңын жаны өзгөчө ширин. Буларың назик болуп калышкан да. Түрмөнүн сүрөтүн көрсөтүп койгондо эле ыштанын булгап алат. Ошон үчүн пачагы чыгарын сезери менен четке качат да. Тээ жаралгандан бери алдамчылык, саткындык деген бар. Жоголгон жок. Чоң кызматтардагылардын көбү ушундайлар. Кыйтыр болбосо да аерде иштей албайт. Азыр буларың бирин-бири аңдып турат. Биринин сөзүн экинчиси укпайт. Эми кара жанын сакташ үчүн бири-бирин сата башташат.

— Ким билет?

— Ушуга жеткирбей калышса болмок. Букараны укпаса да, ошо букаранын сөзүн сүйлөгөндөрдү кордобош керек эле. Баарын болбосо да арасынан тандап болсо да колдош керек эле. Элдин кыжырын кайнаткан казандын буусун маал-маалы менен чыгарып турганда мындайга жетмек эмес. «Кыргыздын кеги кырк жылда». Ушуну ойлосом жаман болуп кетем.

— Сенин нең кетип атат? Бири өлүп, бири калбайбы мага десе.

— Эй, бери карасаң. Ошо өлө берсин дегендериңин экөө тең кыргыз болуп атпайбы. Бири сенин тууганың. Бири менин тууганым. Келип-келип кыргыздын саны кемийт. Бири-бири менен душмандашат да. Кырылып жатып калбайбызбы анда.

— Анда эмне кыл дейсиң?

— Сага бир нерсе айтайынбы?

— Айтып атасың го.

— Мына буга карасаң. Айылдагы огородуңа мал кирсе эмне кыласың? Ошо мал кирген тешикти бүтөйсүң да. Же арыкты суу жеп кетти де. Ошо жеп кеткен жерин бекитесиң. Болбосо каптагы картөшкөң төгүлсө кабыңы тигесиң. Сен кайран тигип койбодуң деп  катыныңы сөгөсүң. Ха-ха-ха.

— Кандай болгондо да жанагыдай жерди табыш керек да. Оңдош керек ошону. Туурабы?

— Туура.

— Булар дагы ошентиши керек. Колдон келет деп эле соттой бербестен, үй-жайын, менчигин тартып алып кордобой, жанагинтип миллиондорду мойнуна илип карызга батырып кыйнамайды токтотуш керек.

— Ошондо эле оңолуп кетебизби? Мамлекет оңолуп кетет дейсиңби.

— Оңолуп кетпеген менен эл ичи тынч болот. Ким көрүнгөнү митинг, пикеттерге ээрчитип кыйнабай калат эле да. Тынчылык болсо эле калганы аста-секин жалганып кете береби дейм да.

— Туралыбы?

— Туралы анда. Курткалар да кургаптыр. Кана, башта алдыга.

— Өүх! Момент гана чыгыппыз досум. Маша келатат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.