Эсиңиздерде чыгар, Сапар Исаков премьерликке көрсөтүлүп, парламентте депутаттардын суроолоруна жооп бергени. Баягы парламентти парламентке окшотуп турган, оң мааниде 10 чакты “дүжүр” депутат суроолорду кабыргасынан берсе, кайпактата жалпы жонунан жооп берип кутулду эле. Каныбек Иманалиев “40 кадамын жиликтеп” берип, кокуй эч ким укпасын, уят эле иш болот деген. Маселебиз эбак чечилген, жолун түзөп коёлу деп атабыз, былжырай бергиле таризинде анын саресебине түшүндүрүү же актануу да болгон эмес. Ошол эптемей жооптордун арасынан бири жакында шак эске түшүп, көз алдыма тартылды. Аны эске салган Кыргыз энергохолдинг деректири Айбек Калиевдин ЖЭБ жоболоңу боюнча Эльвира Сурабалдиеванын суроосуна жооп бергени болду.

Адегенде баштагыны эсиңиздерге салайын: Сапар Исаковго депутат Мыктыбек Абдылдаев берген суроо мындай эле: “…Кийинки суроом, эмдиги жылы тышкы карыздын эң негизги бөлүгүн төлөйт экенбиз (эл өкүлүнүн “экенбиз” дегенине караганда, “40 кадамында” ошондой окшойт). Жаныңызда банкирлер, финансисттер, баары отурат. Пик болот да, 2018-жылы. Бизде шарт барбы ошол тышкы карыздын баарын төлөп, бюджетке залал кылбай чыгып кетүүбүзгө?” Исаков жооп берип атат: “Мыктыбек Юсупович, пик 2021-жылы келет. Ии… 300 млн доллардай төлөп чыгышыбыз керек. Мен ойлоп атам, экономиканы өнүктүрүп, тиешелүү кирешелерди бюджетке кийирип, графиги менен тышкы карыздан кутулабыз деп”.

Пик боюнча экөөнүн убактысы эки ача кетти. Кимисинен кетти экен? Абдылдаев, баамымда абдан так киши. Болду болбоду Исаковдон кетти, буга чейинки жоопторуна караганда. Андан маанилүү суроолорго тыңгылыктуу жооптор болбой жатканда, аны такташтын мааниси да жок болду көрүнөт. Анын үстүнө карыз деген азыр Финансы министрлигинин расмий маалыматы боюнча (24.kg) 4 млрд доллардан ашыкты чапчып турганда тиги сандар нени айтып турганы түшүнүктүү болуп турат. Депутат суроосун улады: “А 2018-жылы канча млн төлөйбүз?” Так ушу жерден өнүгүүнүн 40 кадамын санай салган эргул жооп бере албай, “какая сумма?” деп артына кылчайды”. Мамлекеттин үч негизги бийлик бутагынын биринин, болгондо да аткаруу бийлигинин башына келгени турган адамдан ушундай мажирөөлүктү кимдин көргүсү келсин. Шаабай сууткан көрүнүш эсте калыптыр. Анан кечээ жакында так ушу сымал көрүнүш болду. Сурабалдиеванын Айбек Калиевге берген суроосу:

– Биз ЖЭБде экскурсияда болгонубузда башкаруу пульттарында отурган кытайлыктарды көрдүм. Көрүп турам, бул жерде УКМК төрагасынын орун басары отурат. Айтсаңыз, ЖЭБ бул улуттук масштабдагы стратегиялык маанидеги объектпи?

«Ооба» деген жооп болгонсуду. Депутат сөзүн улады:

– Эмне үчүн анда кытайлыктар башкарууда?.. Мен кандай болуп турса, так ошондой суроо берип жатам.

– Суроого мен жооп берем деп, микрофонду Айбек Калиев алды:

– Өзүңүз билгендей, өткөн жылы ЖЭБди модернизациялоо аяктаган. Келишим боюнча эки жыл ичинде бирдей сандагы кытайлыктар менен биздикилер чогуу кызмат кылышмак…

– Ооба, бул тууралуу айтышты… Бул биздин бюджет үчүн канчага айланат?

– Биз… неме эмес…

– Азыр сиздики туура эмес. Смета боюнча канчаны түзөт?

Ушу жерден бозоро түшкөн Калиев баягы эле Сапардай болуп жан жагына кылчайды. Бир нерсе демекчи болгон жанындагыга кулагын тосту. Көпчүлүк тараптан 3 млн доллар деген жооп чыкты.

– 3 млн доллар экен. А эгер бардык пайыздарын эске алганда, биз үчүн канчага айланып калат бул сумма? – депутат суроосун улантты. Андан нараакта сөз эмне жөнүндө болуп жатканынан кабары бар бирөөнүн үнү чыкты эле, Калиев микрофонду ошол жакка жөнөттү. Майда-барат суроо берилген жок да. Ушул көрүнүштүн өзү үшүп турган адамды ого бетер ичиркентип турду…

Жагдайдын жайы айтпаса да түшүнүктүү болуп турат.

Исаков премьерликке келгенде “мен тарбиялаган бала” деп Атамбаев айтып жүрөт эле. Исаков менен Калиевдин тарбиясы окшошуп атабы? Деги Атамбаев кадрларды эмнеге тарбиялаган? Мамлекет, эл эмне болсо ошол болсун деп, өзүнүн эле каалаганын кыңк этпей аткаргангабы? Калтырган өкмөтүнүн ишинин жыйынтыгы бул. Айбек Калиев ЖЭБ окуясына байланыштуу кызматынан кетүү тууралуу арызын жазган экен, Сапар Исаков кабыл албаганын билдирди. Бу жаш бала ошол “тарбиядан” бузулуп аткан жокпу?

ЖЭБ окуясы кызуу талкууга түшүп жаткан соцтармактарда бир фейсбук колдонуучу баракчасына: “Энергетика суроолору боюнча эксперт Эрнест Карыбеков 2014-жылы эле ТВЕА ишканасы сунуш кылган реконструкция планы Бишкек ЖЭБге туура келбестигин билдирген. Ал энергосектордогу коррупция жөнүндө, башкаруунун туура жолго коюлбаганы тууралуу көп жазган. 2016-жылы аны мүлкүн конфискациялоо менен түрмөгө камашты. Анткени ал жалпы жарандарга чыгарып жаткан маалыматтарын АША да, министрлери да жокко чыгара алган эмес” деп жазды. Мунун чындыгын чыкылдаган суук чыгарып койгонсуду.

386 млн доллар жумшалган модернизация жыйынтыгы жалпыны бушайман кылды. Дүйшөмбүдө (Ташкент) жаңы ЖЭБ куруп бүтүрүүгө 200 млн доллар гана сарпталганын, Бишкектен калктын саны боюнча да, аймагы боюнча да чоң шаар Алматыдагы ЖЭБ реконструкциясына 70 млн гана доллар кеткени соцтармактарда тегеренип жүрдү.

Депутат Исхак Масалиев да: “Журналисттер бир да эски темир тетик калбады деп айтышты эле. Авария болгондо көрдүк, тээ илгерки советтик мезгилдеги котелдор тоңуп, жарылыптыр. Алар кайра кайдан пайда болду? Бул жаман иштин белгиси. Биз алган 386 млн доллардын туура эмес иштетилгенинин белгиси. …Ушунча каражат алгандан кийин, экинчи ЖЭБдин курулушу ойлонулат же шаардын ичиндеги жолдун астындагы теплотрассаны толугу менен алмаштырышат деп ойлогом. Тилекке каршы, андай болбоптур, эмнеге сарпталганы мен үчүн кызык болуп турат”, – деген оюн билдирди.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиевден окуяга тиешелүү төмөнкү маалыматты дагы бир фейсбук колдонуучу баракчасына жарыялады:

«Келишим түзүп, долбоорду бекитип жатканда депутаттарды эки жолу экиге бөлүп Кытайга эс алдырып келишкен. Менин билишим боюнча кытайлар «компаниянын иши менен тааныштырабыз» деп алып барган. Бирок депутаттар Макао деген эс алуучу жерге барышкан. Мен анда Салык кызматын жетектеп тургам. Ошондо айрым депутаттарды «Макаого баргыча компания иши менен таанышсаңар болмок» деп урушкам. Алар болсо «эс алып келдик» дешкен.

Системаалмашмайын өзгөрүү болбойт…

Убайга салган ушул чуунун учугун жаш саясатчы Улукбек Кочкоров так таап берди. Ал ЖЭБдин модернизациясын баштоодо эле болгон шектүү жагдайларды “Жалбырак” телеканалы аркылуу билдирди: “Келишим боюнча 386 млн долларга модернизация болот деп, ушул акчаны Кытайдан насыяга алмакчы болгонбуз. Ошол эле учурда техникалык-экономикалык негиздеме жок болгон, эмне үчүн 386, эмне үчүн 286 эмес, 586 эмес?.. Ошондон улам биз каршы болгонбуз. Мындан сырткары бир нерсени айтып коюшубуз керек, модернизация иши ТBEA компаниясына эч бир тендерсиз берилген. Келишим боюнча, Кытай банкынын шарты боюнча сөзсүз түрдө Кытайдагы ишкана жасаш керек болчу. Бирок Кытайда 11 чоң мамлекеттик энергокорпорация бар. ТBEA болсо кабель чыгарган компания, ал ЖЭБ же ГЭС курган ишкана эмес. Ошол эле учурда дагы бир компания президенттин өзүнө, премьер-министрге, мамлекеттик органдарга расмий түрдө кайрылган. Мына банктын шарты боюнча насыя алып атасыңар. Кытай ишканаларынын арасында тендер жүргүзүшүңөр керек эле. Ошол шартты карманган жоксуңар. Экинчиси, өзүңөрдүн сатып алуулар боюнча мыйзамыңарга да туура келбейт деп, кайрылуу болгон. Президенттин атына дагы, ал эле эмес, 30 млн долларга арзан жасап бергенге даярбыз деп да айткан.

Ошого карабастан, бул жерде өкмөттүн кызыкчылыгын айтып коюш керек, аябай катуу аракет кылышкан. Депутаттардын “колун кайрып” басым жасап, ушул ишти өткөзгөн. Бул боюнча биз ЖКдан бир-эки депутат башкы прокуратурага расмий кайрылуу дагы жасаганбыз. Эмне үчүн ЖЭБ, ГЭС боюнча адистештирилген компания 30 млн долларга арзан жасап беребиз деп атышса, эмне үчүн кабель чыгарган ишканага берип атасыңар? 30 млн доллар деген – 30 мектеп. Кыргызстанда 30 мектеп түшүп калса пайда эмеспи деп кайрылганбыз. Ошого карабастан, мамлекет башчы баш болуп, өкмөт башчы, өкмөт мүчөлөрү бардыгы кызыкдар болуп, аракетте болгон… Бул мамлекетке карата болгон чыккынчылык деп эсептейм. Бир эмес 15 комиссия түзсө да бул аягына чыкпайт. Эч ким эч нерсе жебептир, бүт баары жакшы иштелиптир деген тыянак чыгат. Себеби бүгүн ошол коррупциялык системанын башында эң чоң мамлекеттик биринчи жетекчилер туруп атпайбы. Бул бүгүн эч кимге сыр эмес. Бул эле эмес жол курулуштары боюнча, ж. б. тендерлер деле ушул эле схема менен болуп атпайбы. Бийлик алмашып, объективдүү териштирүү болгондо гана бул чыгышы мүмкүн. Буга мамлекет башындагы адамдар, өкмөт кызыкдар болушу керек да. Бүгүн тилекке каршы андай кызыкчылык жок болуп атат”.

Ал ортодо соцтармактарда “жалтырап жабдуулардын баары жапжаңы, бир да эски бурама жок” деп ЖЭБдин ачылышында КТРК журналисти саймедиреген видеотасма байма-бай кайталанып турду. Элди алдаганга маш болуп бүткөн КТРК өз ишин адатындай “жалтыратканын” жаратылыш балжа-булжа жайлап салды. Адамдын тилин түшүнбөй калбадыкпы… Анда Атамбаевдин сүйлөгөн сөзү да бар, ананчы, ансыз болбойт да: “Датка Кеминди же ЖЭБди курууга Кытайдан насыяны алуунун кереги жок эле дегендерди, мен айтар элем, алар бир кемакылдар же бирөөлөрдүн тапшырмаларын аткарган адамдар”.

Ким кемакыл болуп калды ошондо? Каргалар бир-биринин көздөрүн чукушпайт эле, табият чукумак тургай, мына эмесе деп туруп оюп салды. Ошону да көрө турган көз көрүп, уга турган кулак угуп атат… Адамдын тилин түшүнбөй, табияттын тилине андан да керең болсок, эмнени көрүп тынар экенбиз… Өкмөттүн жообу баягы: комиссия түзөбүз, иликтейбиз, териштиребиз, иликтөө көрсөтөт, териштирүү көрсөтөт… Ташы калдыбы? Табият бармактай бүкүлү ташын калтырбай “териштирип” берди го. Аягынын жиги билинбей кеткен мындай эптеп кутулма жооптордун канчасын уктук, тим болдук. Мунубуздун кыныгын алышкан да. Табияттан өткөн комиссия таба албайсыңар. Ташын талкан кылып иликтеп, териштирип, айкындап койду.

Чара көрүп, тартип орнотуучу болгон Сот бийлиги болсо адилеттиктен такыр эле алыстап, чалды-куйду ишин улантууда.

17-апрелде Биринчи Май райондук сотунда мамлекеттик төңкөрүш даярдоого айыпталган оппозициялык саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 12 жылга, жогоруда аты аталган Эрнест Карыбеков 20 жылга кесилген. Айыпталгандар райондук соттун чечимине макул болбой жогорку инстанцияга даттанышкан. Ушул тапта укуктары тебеленип, үй-бүлөсү, туугандары менен жолугушууга мүмкүндүк берилбей жатканына нааразы болуп, алардын үстүнөн жүрүп жаткан соттук териштирүүнүн маңызсыздыгын билдирүү үчүн башка айла калбагандан ачкачылык жарыялашкандыгын билдиришти. Ушинтип, чындык үчүн эч нерсеге карабай  күрөшүп жаткандардын алды жандан кечүүчү кадамга өтүштү… Менин жаным тынч болсо болду деп сырттан көз салгандар дале карап турушат… Бектур Асанов оозуна суу да уурттабаганына бүгүн 11 күндүн жүзү болсо, Карыбековго 10, Кадыровго 9 күн болду.

Интернет айдыңына жарыяланган Бектур Асановдун 2-февралда өткөн сот отурумундагы сөзү төмөндө толугу менен көчүрүлдү:

«Урматтуу судья, менде эки-үч ооз сөз бар, айтып коёюн. Биз үчөөбүз ( … ) кургак ачкачылык жарыялап жатабыз, төртүнчү сутка кетти. Суу да ичкен жокпуз, бирок укол алдык. Капельницага ушул процесске келейин деп макул болдум, болбосо капельницага да макул эмесмин. Биз үчөөбүз тең силерге эле эмес, Кыргызстандагы сот системасына таптакыр ишенбейбиз. Прокуратурага таптакыр ишенбейбиз. Силер болгону Сегизбаевдин колу болуп атасыңар, бүтүндөй сот системасы. Улуттук коомсуздук кызматы да ошондой. Ошондуктан биз келип, сотко катышканыбыздын эч кандай жыйынтыгы жок, себеби биздин эле сөзүбүз эмес, элдин 90%ы ишенбейт. СДПКнын депутаттары айтып атат. Президент өзүнүн сөзүндө айтты, соттор аша чапты деп. Аша чапты деген бул, орусча айтканда беспредел деген сөз.

Соттор жогору жактын кол баласы экениңердин далили – Чыңгыз дөө дегенди чыгарып, эмне болдуңар? Элдин реакциясынан чочуп кайра киргиздиңер. Түрмөдөгүлөрдүн 70-80% 5-10 сом бере албаган үчүн жаткан күнөөсүздөр. Акчалуулар – оор кылмыш кылгандар сыртта жүрүшөт. 17 жылга кесилгендер 2 жылга жетпей чыгып атышат. Ошондуктан, мен силерге ишенбейм. Каалагандай соттой бергиле. Мобу прокурордуку туура эмес, былжырайт бул. Биз кызыкдарбыз, канчалык тез бүтүрсөңөр бизге ошончолук жакшы. Мен экинчи келбейм. Акыркы сөз дагы айтпайм. Суроолорго да жооп бербейм. Каалагандай чечим чыгарыңыз. Биз үчөөбүз тең саясый ачкачылык кылабыз. Же Сегизбаев кетет, же үчөөбүз өлөбүз.

Дастан Исанович, биз омбудсменге да айттык. Против пытков… адвокаттарга да айттык. Биз мамлекетке кызматыбыз сиңген кишилербиз, үчөөбүз тең жогорку кызматтарда иштедик. Биз өлүп калсак, Ала-Арчадан үчөөбүзгө көр даярдагыла. Биз өлгөнгө чейин ачкачылык кармайбыз, же Сегизбаев кетет, же биз үчөөбүз өлөбүз. Ошону силерге эскертип коёлу. Силер Атамбаев, Сегизбаев, соттор, баарыңар түрмөдө чирийсиңер, биз өлгөндөн кийин болсо да, эртедир-кечтир. Көп болсо, бир жыл, эки жылдан кийин. Ошону эсиңерге алып койгула. Бул боюнча президентке кайрылдык. Өлбөсөк биринчи күнү Жогорку Кеңешке кайрылабыз, кайсы бетиңер менен отурасыңар деп. Алардын чечими бар, Сегизбаев 2017-жылдын  1-августуна чейин, биздин иштерибизди мейли… “белизгейт” боюнча далилдей албаса, кетсин деген чечими бар. Атамбаевдин эл алдында сөзү бар, далилдей албаса, Сегизбаев кетет деген.

Жогорку Кеңештин ошол чечими аткарылсын деп ачкачылык кармап отурабыз. Биз өзүбүз үчүн кармаган жокпуз. 77 киши өлдү, андан кийин жарадарлардын өлгөнү менен 100дөн ашып кетти. Ош окуясында 400дөн ашык киши өлдү, мамлекет жакшы жакка бурулган жок. Ошол күндөрү биз Атамбаевдин жанында жүргөнбүз, Убактылуу өкмөттүн жанында жүргөнбүз. Биздин да күнөөбүз бар. Ошон үчүн, балким үч саясатчы өлсө Кыргызстан жакшы жакка бурулат. Ошондуктан адвокаттарымдан да баш тартам, берсеңер да баш тартам. Кантип чечим чыгарсаңар, ошентип чечим чыгаргыла. Биз келбейбиз, көтөрүп келсеңер да келбейбиз … ошол жерде жан беребиз. Протоколго жазыңыз… Биз катышпайбыз. Биз суу да ичкен жокпуз…»

Сот бөлмөсүнүн коридорунан уулун бир көрүүгө зарылып турган 80 жаштагы эне, кырка тизилип, башкесерди кармап кайтарып турушкансыган милиция кызматкерлерине: “Тоспой тургула, тоспой тургула, тоспой тургула… көрүп алайын” деп чебеленгенин көрүп, бүткөн боюң жыйрылып жүрөк титирейт.

Коридордон апасына бир кылчайып учурашканга гана мүмкүндүк берип, жетелеп кетишти. “Ачкачылыгыңды кой, айланайын балам…” деп буркурады энеси артынан…

Эненин жүрөгүнүн сыздаганы май басып калган көздөрдү, керең кулактарды ача алар бекен, таш болуп катып калган жүрөктү жибитээр бекен… Энеси үчүн уулунун жүрөгү кантип зыркырабасын… “Биз өзүбүз үчүн кармаган жокпуз. 77 киши өлдү, андан кийин жарадарлардын өлгөнү менен 100дөн ашып кетти. Ош окуясында 400дөн ашык киши өлдү, мамлекет жакшы жакка бурулган жок” деген кыргыздын ар-намыстуу уулу эл үчүн энесинин ыйынан да кечкендир… Болбосо бир башын бошотуунун жолу табылат эле. Улам бир бийликтин колтугунан коңул алып нечендер жүрүшпөйбү, ойт берип эле бийликке жагына коймок же пулдай коймок. Анткен жок, эсиргендерге каршы ачкачылык жарыялады. Ар-намыстын, чындыктын жолу ушундай татаал болот тура, аны басып өтүү ар кимдин колунан келбес. Бирок адам деген атка татыктуу жашоонун баа жеткис кунун билген адам ушул гана жолду баса алат… Ачкачылыгы ден соолугуна пайдалуу орозо болуп, энесинин маңдайына барса экен деп тилейбиз.

Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйынындагы президент Сооронбай Жээнбековдун: “Мени эл шайлагандан кийин мыйзам бузуу болгон бардык маселеге киришем” деген сөзүнөн үмүт оту жалындай түшүп, өлкөдө оң жагына өзгөрүү болот деген үмүт жанданды. Анда эле жапырт адилеттүү ажобузду колдойлу деп шымаланып турабыз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *