1992-жылдын август айынын башы. Бишкек шаары мени жаңы үй-бүлөм менен бирге өз бооруна дароо тартып алды! Укмуш! Мурда ушул эле жерди турактагандай болуп өтө эле оңой көнүгүшүп кеттик. Бул дагы өзүнчө эле терең сырдуу феномен. Эмдигиче мен үчүн түшүнүксүз! Балким, мен орто мектепти бүткөндө канча көксөсөм дагы Фрунзеге окууга атамдын оорусуна байланыштуу келе албай калып, өкүнүп жүргөнүмү эске алдыбы, Жараткан! Өзүм деле биле албай келемин! Иши кылып ыраазымын! Жумушка кирүү түйшүгү деле болгон жок.

Мени сентябрь айынан баштап эле Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин белгилүү физика-техникалык факультетине караштуу “Диэлектриктер жана жарым өткөргүчтөр физикасы” кафедрасына доценттик орунга кабыл алышты. Буйрукка ошол кездеги ректор, академик Токтомышев Советбек Жайлообекович кол койгон. Кафедра башчысы, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Айтикеева Токтош Жекшеновна. Өзү МГУда окуган мыкты адис экен. ОшМУдагы көйгөй бул жерде деле орун алган. Илим изилдөө менен кол учунан эле аракет кылымыш болушат. Бирок борбор дегендин өзгөчө бир аурасы бар. Кыргыз Илимдер Академиясынын физиктери менен тез эле тил табышып алдым. Алардын семинар, конференцияларына катышып жүрөм.

Негизинен “Катуу заттар физикасы”, “Жарым өткөргүчтөрдүн оптикасы” жана “Катууу заттар электроникасы” аттуу атайын курстарды беришкен. Тартуудагы иштериме жакын болгондуктан жыргап эле лекцияларды окуп, семинардык жана практикалык дарстарды кызыгуу менен окутуп баштадым. Студенттер да ал кезде бир топ активдүү болушчу. Кыргызстанга келгенден бери биринчи жолу өз сабактарыман рахат алып иштедим десем болот. Кафедрада белдүү адистер да эмгектендей сезилчү. Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын корреспондент-мүчөсү, профессор Аскар Алыбаков, техника илимдеринин доктору, профессор, болочок премьер-министр Кубанычбек Жумалиев, техника илимдеринин кандидаты, доцент, Жогорку Кеңештин болочок спикери Марат Султанов ж.б..

Кафедранын белдүү адис доценттери болуп: Ыдырыс Шамырканов, Жумабек Ибраимов, Досалы Иманбердиев жана Ракым Кармышаковдор эсептелчү. Мен алардын катарынан өзүмдүн татыктуу ордумду тез эле таба алдым окшойт. Эртеден кечке чейин сабак өтмөй. Ал кезде Кыргызстанда билим берүү системасы чоң окуяларга дуушар боло баштаган кези болчу. Тилекке каршы, терс көрүнүштөрү боюнча. Таң калыштуу! Академик Аскар Акаевдин президент болуп келишин биз интеллигенция өкүлдөрү терең канааттануу менен кабыл алып, чын ниеттен кызмат кылууга бел байлаганбыз. Чыйралганбыз, үмүттөнгөнбүз. Айыл чарбаны талкалап, завод-фабрикаларды тоноп киришкенде дагы илим менен билим берүү системалары мен үчүн эч козголбой турган граниттүү монолиттей сезилчү. Элибиз билимдүү эле. Караңгылыкка эч кандай жол бербейбиз дечүмүн. Аттиң, окуу системасы кошо талкалана баштады. Болгондо да каракчылык менен. Алгачкылардан болуп эле мектептерге “чабуул” коюлду.

Ар бир райондо күчтүү адистерден турган методикалык кабинеттер болор эле. Ошол интеллектуалдык борборлор терең илимий изилдөөлөрдүн негизинде СССР учурунда түзүлүп, мугалимдер үчүн илимий маяктын ролун аткарып келген. Окутуунун жаңы усулдуктары мектептерге таркатылып, мугалимдерди дайыма кесипкөй даярдыктарда кармап турушкан. Биринчи эле аларды жоюшту. Андан кийинки кезек мугалимдердин билимин өркүндөтүү институттарына келди. Аларды алгачкы кездерде тааныш-билиш, тууган-уруктары менен толтуруп алып, анан карышкырларча тоноп киришти.

Мүлктөрүнө ээлик кылышып, аларды менчиктештирүүгө жетишишти. Мына, либералдуу демократиянын алгачкы сабактары! Бирок эң чоң трагедия мектептердин окуу китептери менен байланыштуу боло баштады. Советтер Союзунун учурундагы физика, астрономия, математика, химия жана биология боюнча көп жылдар бою сынактан өтүп келген окуу китептери кээ бир биздин “окумуштуулар” үчүн сапатсыз жана сабатсыз болуп табыла келди. Кудай берди, болду! Өздөрү жазып киришти. Өмүрүндө мектепте иштебеген авторлордун күнү тууп жатып калды. Тираждары көп, жылдан-жылга кайталанып басыла турган мектептин окуу китептери кызылдай эле акча да! Жаңы авторлорду ошол жагы гана кызыктырды. Ошол китептерди кунт коюп көп окудум. Ар жерлерден көчүрүлгөн. Автор өзү материалды толук түшүнүп турганына деле көзүм жетпейт.

Тарых китептери болсо кыргыздын ар бир колотунун ханы, байы жана бийлеринин таржымалдары менен толуп чыкты. Ошол чала сабат авторлор расмий бийликтен толук колдоо таап турганына таң каласың! Эми түшүнүктүү да. Акча, акча жана акча! Билим берүү министрлиги эң алсыз, арсыз жана күн карама мекемеге айланды. Министрди эч ким укпайт, тоготпойт. Ал байкуш бир Каржы министрин карайт, бир Өкмөттү карайт. Жалдырайт. Колунан эч нерсе келбейт. Мектептердин каржылоосун айыл өкмөттөрүнө берүү менен Акаев жалпы орто билим берүү системасын жерге биротоло көмүп койду. Айыл өкмөтүнө “коммунизм” орноду. Мектептерге деген каржыны каалагандай иштетти. Базарлардан мал алып, кайра сатты. Байыды. Шору каткан мугалим жарым жылдап маяна албай калды. Айыл өкмөтү мугалимдин эмгек акысын арак, самын, кир жуугуч порошок, керосин ж.б. колдонуудан калып кеткен товарлар менен бере баштады.

Мугалим жакырланып, үй-бүлөсүн бага албай калды. Жашоодон үмүтү барлар базарга чыгып, чыйрагырактары Россия, Казакстанга мугалимдик жумуштарга кетип жатышты. Эрки боштору ичип кетишти. Таланты барлары табияты өтө эле катаал болгон базар экономикасын өздөштүргөн болушту. Мектептин эки эле субъектиси бар: алар – окуучу менен мугалим. Калгандары көмөк түзүп тейлөөчүлөр эле болуш керек. Кыргызстанда тескерисинче болду. Мугалим менен окуучу четке сүрүлүп ташталып, мектептер бизнес борборго айлана башташты. Айрыкча Бишкек жана Ош шаарларында. Билим берүү министрлиги бул жерден дагы бир чоң кылмышка жол берип салды. Ал эч кандай себеби жок эле Мугалимдерди кайра даярдоо институттарын ача баштады. Алардын билимин өркүндөтүүнү эч ким ойлогон жок. Ошол кайра даярдоо институттарына чарбалар массалык түрдө талкалангандан кийин жумушсуз калган инженерлер, зоотехник, ветврачтар (көпчүлүгү алгачкы жогорку билимдерди сырттан окуп алышкан) окуй башташты. 2-3 жыл эле жогорку билимдин базасында “окуй салышып”, мугалимдин дипломдоруна ээ болушту. Мектеп, кесиптик окуу жайлары жана техникумдарды көздөй чуу коюшту.

Табиятынан ишкер немелер тез эле окутуу мекемелерине башчы болууга жетише алышты. Чыныгы кесипкөй мугалим четке сүрүлдү. Тиги болсо айыл чарбасынын ыкмасы менен мектепти “карсылдатып” башкарып кирди. Жогорку жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону уюштуруу иштерин колго алып, кадыр-барк күтө баштады, кайран директор! Чоңдордун гана көзүн карап, кызматын аткарды. Өкмөттүн абалы болсо мышык ыйлагыдай. Каржы маселесин эми шылуун директор ата-энеге жүктөй баштады. Көп акча түштү. Бирок мектептин өзүнө эч кандай пайда жок. Текшергендер да жок. Өзү хан, өзү бий. Ата-эне баласынан эмне аямак. Колуна кирген нерсесин бере баштады. Колунда жоктун баласынын кадыры тебеленип, мектепте, класстын ичинде кордолуп, жектелип, кембагал категорияга өтө баштады.

Окуучулардын кастасы пайда болду. Наадан директор ошол бай кастадагы балдарга жогорку бааларды койдуруп, алардын атестаттарын базар баасы менен бычып-ченеп салды. Окуу системасынын оңгулуктуу мотивациясы жоголду. Карайлаган ата-энелердин бир бөлүгү баласын мектепке окута албай, базарга жетелеп кетти. СССР учурунда билимсиздик дээрлик түрдө жоюлуп калган Кыргызстан кайрадан караңгылыктын кучагына тартыла баштады. Мына академик Акаевдин заманы!

Эми башталгыч, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлары жөнүндө баян. Эң чоң катаклизмдүү трагедия ушул тармакта болду. Биринчи көңүл бизнес жасоого бурулду. Акаевдин админстрациясынын негизги табылгасы ушул болду. СССРден калган даяр инфраструктуранын негизинде эле менчик окуу жайлар жайнап ачыла баштады. Бул багытта, айрыкча, мамлекеттик ЖОЖдор кутурушту. Өзүлөрүнүн базасында эле мамлекеттик ресурсту пайдаланып, коммерциялык факультеттерди ачып киришти. Лицензиялар базар баасы менен сатылды. Ал лицензиялар негизинен, экономика, бизнес, юриспруденция адистиктери боюнча бериле башталды. Министрликтин кызматкерлери жер менен баспай калышты. Корруция ачык эле гүлдөдү. Ал ишке Президенттин аппараты баш болгон бардык чиновниктер катышып жүрүштү.

Окуунун эң ыйык баалуулугу болгон окутуучу менен студенттин укуктары тебеленди. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университет баш болгон жогорку окуу жайлар студенттердин санын көбөйтүүнүн эле камын көрүштү. Мисалы, КУУ алдындагы ачылган кээ бир структуралар: ИМОП, Кыргыз-Европа факультети, Юридикалык институт ж.б. түзүлүштөр ачык эле базар иштерин уюштуруп, алып сатарлык менен эле алектенип калышты. Фундаменталдык билим берүү, анын ичинде физика-математика жана химия-биология илимдери терең кризистик абалга тушугушту. Мен иштеген факультеттин мисалында ошол кездердеги акмачылыктарды кеңири айтсам болот. Биринчиден, так жана табигый илимдердин окулушуна эң чоң соккуну кайрадан академик-технарь Акаев өзү урду.

90-жылдардын башында эле Акаевдин демилгеси менен анын командасы жалган баалуулуктардын кумарына малынып, мамлекеттер ортолук университеттердин ачылышын катуу колдой башташты. Мисалы, Кыргыз- Орус (Славян), Кыргыз-Өзбек, Кыргыз-Түрк, Кыргызстандагы Америка университеттери, ж.б. Аталган ЖОЖдор кеңири профилдүү болуп иштей башташты. Мен ошондо бир жолугушууда айтып жаман көрүнгөмүн. Менин оюмча, жогорудагы аталган университеттерде так жана табигый илимдердин факультеттерин ачууга шарт жоктугу белгиленген. Биздин так илимдер боюнча окутуучулук жана илим изилдөөчүлүк ресурстарыбыз ансыз деле жакыр экендигин эске алышыбыз керек эле. Аларды дээрлик түрдө КУУ жана Кыргыз техникалык университеттерине эле топтоп калыш керек болчу. Болушпады. Кыргыз-Орус (КРСУ) университетине физика менен математика багытын ачып салышты. Натыйжада, КУУ менен КТУнун орус тилдүү окутуучулары КРСУга кетишип, тигил жерлерде жалаң гана кыргыз тилдүүлөр калышты. Мунун зыяндуу тенденциясын эч кимиси ойлогон да жок.

Илим изилдөө курал-жабдыктары менен окуу приборлору бөлүнүп, таланды. Университеттердин эскиси да, жаңысы да мындай акмакчылыктан эч кандай пайда көрө алышкан жок. Баракелде, төрөлөр! Азабын кыргыз илими эмдигиче тартып келет. Чыныгы илимпоз физик-математиктер алгач КРСУга, анан Россияга кетишип, азыр КУУда илим абалы дурус эмес. КТУдагы абал мындан деле түзүк эмес. Ал турсун начарлап кетти. Кайран гана атактуу Фрунзе политехникалык институту! Фундаменталдык илимдерди окутуу 40-50 жылдарга артка тебилди.

Илим изилдөө иши толугу менен жок болду. Мына сага, либералдуу Кыргызстан! Мен өзүм эмне иштер менен алек болдум, бул учурларда? Иним Жарасул экөөбүздө бир идея пайда бар эле. Завод-фабрикалар талкаланып, орус тилдүү инженердик-техникалык персонал республикадан кете башташкан. Техникалык прогрессибиз кандай болот? Кадрларды кайда даярдайбыз? Россияда окуп келүү реалдуу болбой калды. Алар өздөрү талкаланып бүтүп бара жатышат! Жарасул, 32 жашында атактуу Физприбор заводуна директор болгон. Акыл эмгеги курчуп, энергиясы батпай турган кези. Элиме кызмат кылышым керек дегенде, ичкен ашын жерге коёр убагы. Ал мени дагы “дүрмөттөй” баштады. Биринчи эле тайманбай заводду акционердик коомго айландыруу түйшүгүн өзүнүн мойнуна илди. Башка директорлор менчиктештирүү менен алек болсо, Жакем бир тыйынын коротпой заводдун мүлкүн коргоп турду.

Директор болгонго чейин жеке фирма ачып, анын атын “Дастан” деп атап алып, Кыргызстандагы алгачкы ири бизнесмен болуп калган эле. Меценаттык иштери эл оозуна алынып, кыргыздын кыйын инсандарынын катарына кошулган. Ошол кездеги Кыргызстандын вице-президенти Феликс Куловдун сунушу менен Жаке Физприборго бир добуштан директор болгон. Жумушун абдан тыкан уюштуруп, кыйрап бара жаткан ишкананы ирденте баштаган. Ушул жерден академик Акаев Кыргызстанга каргашалуу кыйраткыч “Песак” программасын алып келди! Бул Батыштын жана Эл аралык Валюта Фонду менен Бүткүл Дүйнөлүк Банктын диверсиялык долбоорлору эле. Жарасул аны дароо түшүнүп, каршы чыга баштады. Тилекке каршы, аны колдогон “кызыл директорлор” бирин-экин эле болушту. Калгандары талап-тономой оюндарына активдүү киришип кетишти.

Командирлери Аскар Акаев менен кайрадан премьер-министр болуп келген Апас Жумагулов “Песактын” кулу болуп туруп беришти. Өндүрүштүн кадырын билип, чырылдаган Апсамат Масалиев баш болгон эски номенкулатураны эч ким тоготкон жок. Кошуна Казакстан менен Өзбекстандын ыраттуу жана тартиптүү саясатын деле карап же байкап коюшкан жок. “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты!” болду. Медеткан Шеримкулов, Өмүрбек Текебаев, Андрей Иордан өңдүү прогрессивдик көз караштагы ишмерлер аздык кылып калышты.

“Кумтөр” кенинин аферасы башталып, премьер-министр Насирдин Исанов өлтүрүлдү. Жин бөтөлкөдөн биротоло кутулуп чыгып, Кыргызстандын эл чарбасын кемирип жей баштады. Жакшынакай эле иштеп турган заводдордун станок-инструменттери чет мамлекетке ташылды. Бул багытта Бишкектеги ЭВМ заводу менен Айыл-чарба шаймандарын жасоочу заводдордун директорлору Глушич менен Семёновдор “күжүрмөндүк” менен иштешти. Бишкектеги Ленин атындагы, ОКБ ИКИ конструкциялык бирикмелери да тигилерден калышкан жок. Оштогу Насос заводун, Жибек комбинаттарын ит бекер сатып жиберишти. Ушундай кыйраткыч саясаттын фонунда Жарасулдун аракеттери реалдуу беле? Албетте, кыйын болчу. Бирок жөнөкөй элдин ичинде санаалаштар дагы эле көпчүлүк боло турган. Айрыкча, өндүрүштө иштенгендер.

Бийликтегилерди гана “кесел каптап” туруп алды. Көрсө, ал эргулдарың эчак эле сатылып кетишкен экен. Кийин билинбедиби! Жеңил өнөр жай өндүрүшү болсо Кыргызстан боюнча бир ууч топтун колуна өтүп кетти. Авторлору Аскар Акаев жана анын жан жөкөрлөрү. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен бир гана биздин шордуу Кыргызстан итке минген абалда “прихватизация” оорусуна малынды. Башка республикалар алгач адашса дагы тез эле кайра оңолуп, өндүрүш иштерин жолго коюп кете алышты. Кубаттуу өндүрүшүбүздү жана коллективдүү айыл чарбаларын кайра калыбына келбей тургандай, тыптыйпыл кылып тоногон бир эле биз кыргыздар болуптурбуз! Өкүнүчтүү!

Жарасул инимин улуттук инженер-технологдорду өзүбүздө даярдоо идеясына мен дагы катуу сугарыла баштадым. СССР учурунда өзүн эң сонун көрсөтө алган “Завод-ВТУЗ” системасын кайра калыбына келтирүүнү көздөй багытталдык. Окуу-өндүрүштүк база ошол Жаке өзү маңдай тери менен түзгөн “Дастан” Улуттар аралык Корпорациясы болмок. Биздин аракетти бир топ окумуштуулар, белгилүү инженерлер колдоп чыгышты. Ошол кездеги Билим берүү министри, академик Какеев Аскар Чукутаевич дагы реалдуу көмөк берди, колдоду. Чыныгы окумуштуу жана атуул катары ал киши инженердик кадрларды өнүктүрүү ишин түшүнүп турду жана биз жаңыдан түзүп жаткан окуу жайыбызга лицензия берүүгө чечүүчү ролду ойноду. Коллегияны өзү алып барып, сөз сүйлөгөнү эстен чыкпайт: “Мына, эки бир тууган Осмоналиевдер эки жылдан ашуун Кыргызстанга жеке менчик техника жана технологиялар багытындагы жогорку окуу жайын куруу боюнча далалаттанып келишет. Азыр бизде юрист, экономист, банкир болом дегендерге сан жетпейт. Бул туура эмес саясат. Өлкөбүздүн келечеги – бул өндүрүштө. Аны көтөрүү үчүн бизде заманбап, күчтүү инженердик кадрлар даярдалуусу зарыл. Эки жигиттин аракети мына ушундай маанилүү мамлекеттик маселе менен байланышкан. “Дастан” Технологиялык Университети Физприбор заводунун базасында экен. сапаттуу кадрларды даярдоого толук жетиштүү шарттар бар экендиги боюнча министрликтин корутунду материалдарын көрүп турасыздар!” – деди.

Чечим бир добуштан кабыл алынып, окутуу укугун айгинелеген мамлекеттик лицензиялар берилди. Ошентип, 1994-жылдын 12-апрелинде “Дастан” Технологиялык университетинин тарыхы башталган. Бул Кыргызстандын жогорку билим берүү системасында бир топ жаңы окуя катары кабыл алынды. Өзүн-өзү каржылоо боюнча мамлекетибизде жападан-жалгыз техникалык ЖОЖ болуп катталды. Окуу иштерин түз эле заводдун цехтеринде жайгаштырганбыз. Студенттерибиз өндүрүштүн ичинде окушат. Профессордук-окутуучулук курамдын 30% нан кем эмес мүчөлөрү ошол заводдун тажырыйбалуу инженер, технолог ж.б. белдүү адистери. Көпчүлүгүнүн кандидаттык даражалары бар. Теория менен практиканы айкалыштыруунун эң бир сонун үлгүсүн түзүп баштаганбыз. Илимий жана билим берүү коомчулук кубаттап тосуп алышып, колдоо көрсөтүшкөн эле.

“Дастан Технологиялык университетинин өлкөбүз үчүн техникалык кадрларды даярдоодогу негизги багыттары булар болду: “Прибор куруу” (био жана медициналык жабдыктар, приборлор, алардын системалары); “Телекоммуникация” (радио-телебайланыш, телекоммуникация радио-телеберүү, радиотехника жана алардын системалары); “Электроника жана микроэлектроника” (жарым өткөргүчтүү катуу заттар электроникасы, электроника жана микроэлектроника өндүрүшүнүн машиналары жана аппараттары, алардын системалары); “Өндүрүш менеджменти жана маркетинг”; анан “Документ таануу жана башкаруунун документтик жабдылышы”.

Кыргызстанда мурда мындай багыттар болбогондуктан абитуриенттер жакшы келе башташты. Окууну орус жана кыргыз тилдеринде талаптагыдай деңгээлде уюштурууга жетише алдык. Окутуучулардын айлык маянасын өз убагында берүү жана алардын өлчөмү да чоң болгондуктан, Бишкектин ЖОЖдорунун алдыңкы адистери бизге келип иштей башташкан. Мен өзүм да ректорлук эле кызматты аткарып тим болбостон, тынбай лекция окуймун. Бир эле учурда ректор, сантехник же устачылык да кылууга туура келет. Башкаруучунун жаңы форматын өздөштүрүүгө жетиштим. Мамлекеттик ЖОЖдордун дапдаяр нерселерге чиренген ректорлорунун психологиясы менде болсо дароо эле унутулган.

 

Өз киндигибизди өзүбүз кесип жашап кеттик. Көрсөткүчтөрүбүз абдан жакшы боло баштады. Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен университеттин илимий иштерин тейлеген борбор түзүлдү. “Вестник ТУ “Дастан” аттуу илимий журнал чыгара баштадык. Жарыяланган макалаларыбыз Мамлекеттик Жогорку Аттестациялык Комиссия аркылуу толук кандуу таанылып, диссертациялык Кеңештерден татыктуу өтө баштаган. Тез аранын ичинде университетибиз илимий истеблишменттин ичинде өз ордун таап кете алды. Эл аралык ишибиз да оң жолго коюлган.

Ошол учурдагы физика жана математика илимдеринин Бишкектеги алдыңкы илимпоз өкүлдөрү “Дастан” Технологиялык университетинин профессор же доценттери болуп иштей башташты. Алсак илимдин докторлору, математиктер: Келдибай Алымкулов, Авыт Асанов, Жеңиш Мамбеткулов, Мукаш Абдылдаев, доценттер: Сулайман Казакбаев, Раимберди Султанов ж.б… Физиктер, илимдин кандидаттары: Жумабай Усенканов, Маматазим Асанов, Досаалы Иманбердиев, Алымбек Байтереков, Сагынтай Кадышев, Гүлмира Бейшекеева, Дамир Асанов. Техника илимдеринин кандидаттары: Руслан Камаев, Турсунбай Каримбаев ж.б… Химиктер, химия илимдеринин доктору, КУИАнын корреспондент-мүчөсү, профессор Фёдор Пищугин, химия илимдеринин кандидаты, доцент Чынара Жумалиева. Экономист окумуштуулар дагы бизге келип байыр алышкан: илимдин кандидаттары: Оболбек Курманбеков, Сонун Асаналиева, Абдылда Сагыналиев, КУИАнын корреспондент-мүчөсү, экономика илимдеринин доктору, профессор Орузбаев ж.б…  Социалдык-гуманитардык илимдер багыты боюнча да белдүү окумуштууларды тартууга үлгүргөнбүз: тарых илимдеринин доктору, профессор Токтогонов Султан Аманкулович, доцент Алайбек Сагыналиев, философия илимдеринин кандидаттары, доценттер: Борончу Кулмашев, Гүлнара Бакиева, Берик Чалагызов, юридика илимдеринин кандидаттары: Лейла Сыдыкова, Манап Керимбаев, Жаңыл Калканова, ж.б.

Азыр эстеп алып таң калам. Жарасул экөөбүз “келесоо апендибизби” же кимбиз? Бизге ушундай түйшүктүн кереги бар беле? Ошол кездеги “кыйындар” коммерциялык иштер менен алектенип киоск, комок ачып жүрүшсө, биз инженерлик кадрды калыбына келтиребиз деп жүрүппүз! Элди ойлоп, мамлекетибиздин келечеги деп. Завод менен ЖОЖдун тыгыз байланышы боюнча ошондогу жасаган ишибиз инновациялык аракет болгон экен. Акавге кирип айтууга канча аракет кылдым. Болбоду.

«Менин өмүрүмдөн» аттуу китебинен үзүндү

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *