Калпычы

Бир бала кой кайтарып жүрүп, койго карышкыр тийгенсип кыйкыра баштайт.

— А-ай! Жардамга-а! Карышкы-ыр! Жардам бергиле-е!

Аны уккан айылдын эркек аттуусу жүгүрүп жетип келишсе — жалган.

Бала бул кылыгын бир кылып койбоду, эки кылып койбоду.

Карышкыр чындап койго тийгенде, — Жардам бергиле, койго карышкыр тийди! — деп кыйкырса да, дагы алдап атат деп ойлошуп эч ким келбеди.

Корко турган эч нерсе жоктугун сезген карышкыр — койлордун баарын жарып таштады.

Мергенчи жана бөдөнө

Мергенчинин торуна тушүп калган бөдөнө жалбарды.

— Мени коё берчи, бай болгур. Кызматыңда болоюн. Мен сенин торуңа башка бөдөнөлөрдү алдап түшүрүп берейин, — деди.

 

— Муну кара, — деди мергенчи, — сени ансыз деле коё бербейт элем. А эми таптакыр коё бербейм. Жакындарыңы сатмакчы болгонуң үчүн, башыңды толгойм.

Арстан жана чычкан

Арстан уктап жаткан. Үстүнөн чычкан жөргөлөп баратканда ойгонуп кеткен арстан аны кармап алды. Чычкан коё берүүсүн өтүнүп, мындай деди:

— Эгер мени коё берсең, мен да сага жакшылык кылам.

Чычкандын жакшылык кылам дегенине арстандын күлкүсү келип, аны коё берди.

Бир күнү аңчылар арстанды кармап алып, аркан менен жоон даракка таңып салышты. Арстандын күркүрөгөн кыйкырыгын уккан чычкан жетип келип, арканды кемирип кыркты да:

— Колуман жакшылык келерине ишенбей күлгөнүң эсиңдеби? Азыр көрүп турасың – чычкан деле жакшылык кыла алат, — деди.

Таранчы жана чабалекейлер

Бир жолу короомдо үйдүн чатырынын алдындагы чабалекейлердин уясын тамаша кылып тургам. Мен карап турсам чабалекейлер экөө тең учуп кетип, уясы ээн калды.

Алар учуп кетээри менен, үйдүн чатырында конуп турган таранчы учуп келип, уяга жабышты да аяк-быякка каранып, канаттарын сермеген болуп, уяга култ этип кирип кетти. Анан уядан башын чыгарып чыркылдады.

Андан көп өтпөй чабалекей учуп келди.

Уясына кирип, чакырылбаган конокту көрүп кыш-кыш деген үн чыгарып, ордунда канаттарын чапкылады да анан кайдадыр учуп кетти.

Таранчы болсо конуп алып чыркылдайт.

Капыстан эле топ чабалекей учуп келди. Баарысы таранчыны жакындан көргүсү келгендей уяга жакын учуп келишип карап, кайра учуп кетип атышты.

Таранчынын корккон түрү билинбей, башын ары-бери буруп чыркылдап коюп отура берди.

Чабалекейлер бат эле кайтып келишти. Уянын оозуна коно калып бир нерсе кылгандай болушат да кайра учуп кетишет.

Көрсө алар бекер келбей, оозуна кичинеден ылай ала келишип уянын тешигин беките шыбап атышыптыр!

Улам учуп кетишип, кайра келишет. Уянын оозу да уламдан улам кичирейип баратты. Уядан таранчы моюнун чыгарып турган, бир аздан кийин башы эле көрүнүп, анан тумшугунун учу, анан эч жери көрүнбөй калды.

Чабалекейлер таранчыны ичинде калтырып, уянын оозун бүтөп коюшту.

Анан кым-куут түшө үйдү айлана үчуп жүрүштү.

Которгон Садир ДОСБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *