Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры жаңы жылды түрк драматургу Тунжер Жүдженоглунун «Көчкү» пьесасы боюнча коюлган ошол эле аталыштагы драмасы менен баштады. Оюнду эки таланттуу адам – театр режиссеру Эльвира Ибрагимова жана театр сүрөтчүсү Юлдаш Нурматов коюшкан.

Пьеса автордун журналист досунун бийик тоодо жашаган бир эл жөнүндөгү аңгемесинин таасири менен жазылган.

Тунжер Жүдженоглу

…Жылдын тогуз айы бою адамдар такай коркунучта жашайт: шыбырашып сүйлөшүүгө туура келет, күлүшпөйт, анткени катуу добуштан көчкүлөр ордунан козголушу мүмкүн. Калган үч айда толук кандуу жашоо сүрүшөт: үйлөнүү тойлорду өткөрүшөт, балдар төрөлөт, мылтык атышат, күлүшөт жана катуу сүйлөшөт.

Окуя бийик тоолордогу кичинекей айылда өтөт. Ал жерде айтылган тартиптин сакталышына катуу көзөмөл кылып турган Аксакалдар кеңеши бар. Кеңешке билдирилмейинче жаштар никеге турушпайт. Эгерде үйлөнүп алышса, анда аларга биринчи нике түнүн ымыркайдын төрөлүшү жайкы үч айга туура келгендей кылып, аныктап беришет.

Пьесаны коюучулар өз чечиминде бир дагы элге окшобогон кандайдыр бир урууну ойлоп табышкан. Мында дин жок, саясат жок. Сахнанын муздай тунук жасалгалары жандын үрөйүн учурган суукту элестетип турат.

Оюнду коючунун (Ибрагимова Э.) албетте, сценаны туюу сезими бар. Спектаклди жогорку сахна маданияты: мыкты актерлордун тобу, кызыктуу көркөм жана музыкалык жасалгалоо, библиялык (тоораттык) стилдеги жарашыктуу кийимдер өзгөчөлөнтүп турат.

Оюн басаңдатылган темпте башталат, күүгүм, бир аз жай кыймыл – баары тең үч муундун өкүлдөрү жашап жаткан уйку-соонун ортосундагыдай үйдө. Баардык окуялар перзенттин көз жарышын күтүп жаткан жаш жубайлардын тегерегине тизмектелген. Коопсуз мезгилге болгону бир нече эле күн калган. Жаз келгенин билдирүүчү өзгөчө жылнаама (календарь) – эриген кардын суусуна челектин толушу. Анын толоруна эки элидей калган, бирок перзент андан мурун эле көз жармай болуп, камынып калды. Келинди коркунуч басып, үрөйү учту, баланын кыйкырыгы – көчкүнү ордунан козгошу мүмкүн.

Аны болтурбаш үчүн аялды төрөй элегинде тирүүлөй көөмп салыш керек. Мындай тири укмуш жапайычылык окуя бул жерде мындан элүү жыл мурда болгон…

Жаш жубайлар жашырып койгулары келет, бирок эне-аталары, аларды ушул тынчытат деген үмүт менен аначы кемпирди чакырууга көшөрөт. Бирок андай болбой калат жана Аксакалдар кеңешине билдирүү керек болот. Таразанын табагына бүт айылдын өмүрү, жашоосу коюлат. Анан кеңеш келин тирүүлөй көмүлсүн  деген чечим чыгарат. Бирок анын күйөөсү (Жарашев Э.) эзелки адатка каршы чыгып, колуна мылтык алып, эгерде аялымды (Д. Идрис кызы) кое бербесеңер, ок чыгырам деп коркутат. Бала төрөлөт жана анын кыйкырганы, айылдыктардын зор кубанычына – көчкү көчүргөн жок. Көчкүдөн коркуу курулай жана маанисиз болгону билинди.

Оюндун кульминациясы ушунча чындык жана ырастык менен иштелгендиктен аргасыздан болуп жаткан окуяларга бирге катышкандай таасирлентет.

Спектаклдин каармандарынын аттары жок, алар жаш курагы боюнча аныкталган: жаш муун, орто муун жана кары муундагы адам. М.Жантелиевдин аткаруусундагы карыянын ролу спектакль үчүн айныксыз чоң ийгилик. Актер образдын маңызын баамдаган. Анын каарманы пьесанын башынан аягына чейин өз агасын унута албай жана анын өлүмүнө өзүнүн кыйыр күнөөсү бары үчүн өзүн айыптайт.

Агасы ага «такай шыбырашып сүйлөшкөндөн жададым, кыйкыргым, мылтык аткым келет, жымжырттык мени эзип жатат» деген. Ал муну атасына айтып берет. Жазылбаган мыйзам боюнча тырмактай коркунуч болсо да аксакалдар кеңешине билдирүү керек болчу. Агасын сарайга камап коюшту жана ал бат эле ошол жерде көз жумду.

Оюндун соңунда улгайган киши небересин конкунучту жеңүүгө жана жапайы адатка каршы чыгууга үндөп, өзү үнүнүн болушунча катуу кыйкырганга аракет кылат, бирок биз анын шыбырын гана угабыз… Ал ушул жалпы коркунучтун жалган дүйнөсүн кыйрата турган адам боло алган жок. Таң калуу, сыздоо, жапа чегүү, өзүн жоготуп абдырагандык – ушулардын баары анын жүзүнөн көрүнүп турду. Бул сценаны актер эң сонун ойноду. Актерго бали!

Жаш актриса Д.Идрис кызынын аткаруучулук чеберчилигин белгилей кеткенибиз оң. Залдагы катуу суукка карабай ачык көйнөкчөн ойноп, ал суукту да сезбей, ошол турмушка ушунчалык ылайыктуу жана негиздүү болду.

Бул спектаклдеги бардык актердук ишмердүүлүктөр кызыктуу. Жакшы актердук ансамбль сезилип турат. Андан периштенин образы гана болүнүп турат жана биздин пикирибизче,  ал аягына чейин чечилген эмес. Актерлордун оюнунда бизге бардык жагдайдын кайгылуусу анча сезилген жок, алар кээде унутуп коюп, катуу сүйлөп жатышты. Мүмкүн репетициялык убакыт тартыш болгонбу, образга толук көнүкпөгөндүк байкалып турат. Бирок кино жана теледен айырмаланып, театрдын уникалдуулугу – бул спектаклдин тирүү организм экендиги, актер ар спектакль сайын чеберчилигин кынаптайт, образын жаңы боектор менен толуктай алат.

Койгон сүрөтчүнүн жууркандарга материал тандашы бир аз ылайыксыз болуп калган.  Аларды ал полиэтиленден жасаптыр, ал шуудурай турган касиетке ээ, бул болсо пьесанын сюжетине каршы келет. Кээ бир театрлар сахнага жумшак материалдарды колдонуптур, алар дабыштарды басышат эмеспи. Үй тиричилик буюмдарына токулган кап кийгизип коюшкан экен. Кызыктуу, түрдүү чечүүлөр көп. Бир оюнда күзөтчүлөр сталин мезгилиндеги кителчен келишет, экинчисинде – алар камуфляждык костюмчан жана ислам мамлекетчилеринин кара беткабын кийип алышкан, колдорунда автомат. Дээрлик бардык театрлар бул пьесадан саясый кураманы көрүштү. Биздин театрдын оюнунда бул жок, күзөтчүлөр калган аракеттеги адамдардыкынан өңү менен гана айырмаланган жөнөкөй кийимчен. Бул, биздин оюбузча, туура чечим. Бардык нерседен саясат издебеш керек. Мында Адам менен Жаратылыштын тогошуусу болуп жатат. Ал – айыл менен көчкү; кыйкырык менен көчкү түшүү; кардын суусу толбой калган челек менен баланын эрте төрөлүшү – баары бири-бири менен байланышкан жана бир философиялык түрмөккө эшилген.

Кээде Адам Жаратылыштан күчтүү, кээде анын алдында алсыз. Баланын ыйы аларды жок кылышы керек болчу, ошондуктан алар ал төрөлө электе эле көөмп салууга даяр. Бирок ага карабастан ый аларга жеңилдөө, чоң коркунучтан кутулууну алып келет. Жаңы өмүрдүн төрөлүшү, жаңы жашоонун көз жарышы аларга коркунучка жана жапайы мыйзамдарга орун жок болгон боштондук алып келди.

Людмила Жапаровна МОЛДАЛИЕВА, театр сынчы

P.S. Эң кубанычтуусу – театр республиканын башка театрлары ээлеп алган тиричилик жөнүндөгү жана ортосаар пьесалардан оолактап, сахналаштырууга терең философиялык насыят аңгемени тандап алгандыгы. ”Көчкү” спектаклин акыркы жылдардагы эң кызык оюндардын катарына чечкиндүүлүк менен кошсо болот.

Аны Улуу даражалуу Көрүүчү баалайт!  

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *