Жан муза
Музамсыз сиз колго калем карматкан,
Муздап калган жүрөгүмө шам жаккан.
Өзүмдү өзүм өгөйсүнтүп жүргөндө,
Өбөк болуп өмүрүмдү шаңданткан.

Ырасында сизде гана мукам үн,
Ырдасаңыз көктү көздөй учамын.
Өчүп калган үмүттөрүм жанданып,
Өсүп, гүлдөйт кайра арзуу бутагым.

Көздөрүңүз келишимдүү, ах кандай,
Күн сыяктуу мээрин жерге чачкандай.
Жоон топ элден издеп келип атайын,
Жылуулугун мага берип жаткандай.

Коркпойм эми өксүк, күйүт, армандан,
Коомайланбайм жалгыздыкта калгандан.
Чындык ушул – сый, урматым, ак сүйүүм,
Чындык издеп карайлабайм жалгандан.

Түйшөлүү
Терезеден тийип бетке күн нуру,
Түн уйкуман жаңы гана ойгондум.
“Аткан таңды кандай тосуп алды?”- деп,
Ачып көздү, дароо сизди ойлондум.

Болор-болбос нерселерге түйшөлүп,
Билбейм, балким… кабагыңыз чыгар суз.
Бүтпөй калган ишиңизди кылуу үчүн,
Бүгүн дагы эрте турган чыгарсыз.

Күчөп улам сагынычым «сиз» деген,
Көөдөнүмө жыйылгансыйт толуп муң.
Койсо эгер тагдыр менин эркиме,
Келер эле азыр сизге жолуккум.

Кездешүүнүн бир айласын таба албай,
Күн-түн дебей ичтен сызып, толгонуу.
Жашоо токтоп калмайынча иш бүтпөйт,
“Жолугалы..?”- деп койсоңуз болгону.

Ырларыңыз ышкы отумду жандырды,
Ысып денем, алоолонду, албырды.
Комуз үнү күүгө келсе ансайын,
Коштоп улам ыйлап жаттым жамгырды.

Буга чейин түшүнө албай тереңден,
Бөлөк жандай кабыл алган элем мен.
Азыр сизге тартуула деп ак сүйүү,
Аянбастан тилеп турам Эгемден.

Жүрөгүңүз элден бөлөк аялуу,
Жана дагы сезем, сезем жаралуу.
Козгоп алаар бекенмин деп капилет,
Коркуп турам бүтүп калган жараны.

Түмөн оюм сиз тарапка агылат,
Таза сүйүүм шам чырактай жагылат.
Сездирбестен үшүткөнүн бул жаандын,
Сезимимде сиздин обон жаңырат.

Кыш сезим
Канымда айланып жалын от,
Кызыксыз сезилип баары жок.
Жашаймын күтүүдөн тажабай,
Жолубуз тосулуу а бирок.

Камоодо белгисиз чек мени,
Күйүткө аз калдым чөккөнү.
Бел байлап турсам да бакытка,
Бардыгы бизге эми чектелүү.

Удургуп ой санаам сел сындуу,
Ушул кыш канатым мертинди.
Жат боло түшпөңүз заматта,
Жыйгыча чыйралып эркимди.

Бастырбай алдыга тороп муң,
Билинбей көп мезгил короттум.
Көөдөндөн үмүтүм өчкүчө,
Келбейт эч мен сизди жоготкум.

Кечиргиле унутканча
Жүрөккө өз өкүмүн буйрук кылып,
Жүрөт ал сезимимди буюктуруп.
Баш тартпай койдум бирок андан такыр,
Башканы сүйсө деле  билип туруп.

Жадатты жан дүйнөмдүн кыйналганы,
Же тагдыр мага бакыт ыйгарбады.
Армандуу жазылганга айыптуудай,
Ыйлашат кагазымда ырлар дагы.

Түбү жок, терең ойго тунуп канча?
Жазамын жашын төккөн булуттарча.
Оо ырлар кечиргиле, кечиргиле,
Мен эми ал адамды унутканча.

Акын эжеге
Кирген суудай киргилт тартып ташкының,
Ким уурдады көөдөнү курч жаштыгың?
Кандай санаа думуктуруп ичиңден,
Канча жолу ый көрдү экен жаздыгың?

Борошолоп бороон уруп туш жагың,
Боор тартпаска балким ийип ыктадың.
Жат экен деп жасалмалуу турмушту,
Жыйыштырып салсаң керек бүт баарын.

Ырдан башка досуң жоктур бөлөк, эх,
Ырысыңа ырксыз душман бөлөнөт.
Акыйкат бул – азап күткөн тагдырга,
Акын гана чыдаш үчүн төрөлөт.

Жат адам
Жашымдан жолдоштой муң мага,
Жолумдан адашкам мурда да.
Буркурап ыйласам нөшөрдөй,
Бугумду бөлүшөт ыр гана.

Асманда булуттай түнөрүп,
Ансыз да сезимим “тирүү өлүк”.
Күйүлгөн чырактын майындай,
Калбаса экен дейм түгөнүп.

Күбүлүп дүйнөмдөн шаң качкан,
Күйүттөр күнүмдү жандашкан.
Кам көргөн күнөөсүз бирөөнү,
Коркомун калп эле жандаштан.

Жүрөктү уялап жашаган,
Жүдөткөн санаадан жаш алам.
Башкарып жүргөнсүйт акылды,
Баягы мен эмес жат адам.

Чечим
Жаркын күндү бирге өткөрдүк азбы, көп,
Жаныңыздан узап барам бак тилеп.
Жашайттырсыз менсиз деле бактылуу,
Жарыңызды уккан элем жакшы деп.

Ат көтөргүс моюнумда айып бар,
Алганыңыз сезимимди айыптаар.
“Мени сүйгөн эмес го?” — деп жектээрсиз,
Мезгил аны кези келсе аныктаар.

Куйкаласын жүрөгүмдү тамган уу,
Күткүм келбейт үмүтүмдөн жандануу.
Көзүңүздөн көөдөн толо ыр таптым,
Кош болуңуз, акын кыздын арманы…

Кош болуңуз, акын кыздын арманы.

Курбума кайрылуу
Жазгансып бүгүн ырды биринчи ирет,
“Ыр жаздым” дедиң мага сүйүнчүлөп.
Окудуң, дем чыгарбай уктум баарын,
Баягы баркталбаган сүйүүң жүрөт.

Менин да сен сыяктуу жарам арбын,
Сүйүүдөн запкы чеккен жарадармын.
Жубатып көңүлүңдү көтөрүүгө,
Жакшы сөз айтууга да жарабаймын.

Күн келээр сырды айтып чечилишээр,
Күйүттүн ал кездерде кечи бүтөөр.
А балким сен жараткан ушул ырлар,
Кумдай көп кылымдарды кечиришээр.

Тандоо
Араны бөлгөн үчүн кыйла кадам,
Аргасыз ичтен тынып, сыздап анан.
Жашырып жалындаган сезимимди,
Жазыксыз сагынычтан ыйлап алам.

Күйүттөр күбүп кетти гүл өңүмдү,
Күбүлдүм. Сездиң бекен түгөнүүмдү?
Арманга батырдың го мени эле эмес,
Аздектеп сүйүп алган түгөйүңдү.

Төшөлүп баса турчу жолума муң,
Тек гана аста басып корунамын.
Жолубуз бириктирбейт бара турчу,
Жазылган ырда гана жолугайын.

Кол созуп турушса да жандар арбын,
Күмөндүү эми кайра жанданарым.
“Бактысыз болот ко…” деп санааркаба,
Бакыт деп ушул жолду тандап алдым.

*  *  *
Көөдөнүмдө жүргөн үчүн сыр жашап,
Калемдештер ырларымды сындашат.
Кайдан билсин? Түшүнбөстүр менчелик,
Көрүп анан жазарымды кыйла азап.

Айтат алар: “Коошпой ырга, үндөшпөйт,
Акын деген аруулукка үндөйт” деп.
Көргөзгүлө, аныктама болсо эгер,
Ким жазыптыр улууларды сүйбөйт деп?!

Сүйгөнүм чын, ооба менден жашы улуу,
Сезимдерди болбойт такыр жашыруу.
Буга чейин жазган далай акындар,
Болбостурмун мен да алардын акыры.

Сүйүү деген баш ийбестир акылга,
Сүйүүсү жок күндөр демек жакыр да.
Сүй калемдеш, эркиң жетсе жар салгын,
Сүйүү үчүн ичтен сыздап басынба.

Арноо
Жалгыз бөлмө жана бир шам жагылуу,
Жүрөгүмдү көзөп өтөт жарыгы.
Кооптонгондой кадамдардан эртеңки,
Күсөп турам атчу таңдан жаңыны.

Таң да атар жылдыз улам суюлар,
Тээ алыстан короз үнү угулар.
Билем ооба, ушул таңда бир адам,
Буулуккандан мукамдуу бир ыр угар.

Ошол адам сүйүү отун жандырган,
Ошол адам аруу таза жамгырдан.
Азабымды унуткартып бат эле,
Ар күнүмдү майрам менен шаң кылган.

Көптөр ичтен бизге оолак караган,
Катам сырды билбесин деп жан адам.
Көкүрөктү эзсе дагы сагыныч,
Көрүшпөйбүз бир жашаган калаадан.

Бириге албас тагдырыбыз үчүн же,
Баштагыдай дале сүйүүм күчүндө.
Кайыл болуп жашамакмын барына,
Көрсөм аны бүгүн түнү түшүмдө.

Кантсем экен?
Кышкы бороон, көңүл зилдеп, ал кеткен,
Карайм сыртты көз албастан айнектен.
Баш-аягын жыйнай албай оюмдун,
Баштаарымды билбей турам кай кептен?!

Эриндерим сөзгө келбей буйдалат,
Эски кайрык көөдөнүмдө ырдалат.
Эрки алсыз бөлөк болсо ордумда,
Эмдигиче көз жаш төгүп ыйламак.

Бүтүн дүйнөм бир заматта быркырап,
“Баарын айт!” деп сезим ичте жулкунат.
Буруп таштап ойлорумдун багытын,
Баштагыдай жашагым бар тынчырак.

Кышкы бороон, көңүл зилдеп, ал кеткен,
Карайм сыртты көз албастан айнектен.
Баш-аягын жыйнай албай оюмдун,
Баштаарымды билбей турам кай кептен?!

Ал адам
Ошол күнү төбөбүздөн куюп жаан,
Ого бетер күйүт күчөп буюккам.
Сырдашымдай жакын көргөн адамдан
Сыбызгыдай сыздаган бир ыр уккам.

Элжирегем, эс-мас болгом таң калгам,
Эбегейсиз албуут күчкө байлангам.
Көптөр менен түзсөм дагы мамиле,
Кийин бирок кездешпеди андай жан.

Караан тутуп жалгыз айга сырды айттым,
Канткен менен ал ирмемге сыйбас күн.
Канча жолу эл алдына ырдаса,
Кызганычтан ошончо ирет ыр жаздым.

Бара турчу жолум эбак тордолгон,
Багытыма кейийм кээде кор болгон.
Эсеби жок кыйнай бербей жүрөктү,
Эки башка кеткенибиз оң болгон.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *