Минтип сураганымын себеби бар. Аны баары эле билет. Көрүп да турат. Бирок…

Болгон окуялардын өнүгүшүнө астейдил назар салганга Кыргызстан деген кайыкты кандайдыр бир көрүнбөгөн күчтөр тынымсыз чайкап, тынчтык бербей аткансыйт. Эркиндик дейлиби же эгемендик дейлиби иши кылып ошону алгандан берки болгон иштерди эстесек…

Акаев келгенде бир жакшы президенттүү болдук дегенбиз. Азыр ага башкача караганыбыз менен ошондо чын эле жакшы президенттүү болгонбуз. Орто Азияда демократ аралы, КМШ ичинде биринчи өз акчабызга ээ болгонубуз да чындык. Анан эле жакшы башкарып келаткан президент адам акылы жетпегидей өзгөрүп, баштаган жакшы иштеринин баары теңирден тескери кетти. Академик, акылы дүйнөнү таң калтырган, көптөгөн бизге белгилүү да, белгисиз да илимий ачылыштарды жасаган окмуштуу акылман, өлкөгө зыян келтирген ар кандай чет элдик проектерди алып келе баштады. Ал проектер келип-келип эл чарбасынын таш талканын чыгарды. Жерлер, кен байлыктар четке кете баштады. Реформанын шылтоосу менен айыл чарбасы талкаланды. Катачылыгын айткандарды укпай, өзүнө оппозиция жаратты. Анан оппозицияны куугунтукка алып камады. Ал бийликке манчыркап, үй-бүлөлүк башкарууга биротоло бет буруп, элди тоотпой калганда, калк көтөрүлүп бийликтен аңтарып кууп салды.

Ошо бийликтен кетээр алдында ал кишинин көп ичип калганы тууралуу кеп сөздөр чыккан. Жалал-Абадка келгенде ал иче турган вино Жалал-Абад, Ош чөлкөмүнөн табылбай, чоңдор таманынан от чыгара чуркап жүрүп коңшу Анжияндан таап чыгып жандары калганын, обладминстрацияда иштегендерден укканым бар.

Анан Бакиев-Кулов тандеми келди. Анда деле баары жакшы башталып…

Көп узабай Кулов кетип, Бакиев бир туугандары, балдары менен бийлей баштады. Ал деле жакшы эле баштаган. Келечектен үмүттөндүргөн. Акырында тезек терип жаккыдай абалга жеткирди го. Аны да көтөрүлүп бийликтен куудук. Анын учурунда да бир топ зыяндуу проектер келди. Канчалаган зыяндарды тартты өлкөбүз. Отунбаева болсо аз эле башкарды. Анда кыргыз кайыгы чөгүп кетейин деп барып Кудай сактап аман калды. Баягы байкуш эки бир тууган элди чабыштырышты. Карапайым эл, кыргызы деле, өзүбеги деле бири-бирине зыяны тийбей, урушпай-талашпай эле жашап келишкен. Карапайым элге уруш-талаштын кереги жок. Эч кимиси урушалы деп ойлобойт. Кагыштыргандар болбосо дагы деле кылымдарды карыта камыр-жумур болуп жашай берет.

Атамбаев деле жакшы баштап, түзүк эле иштеп аткан. Бир топ дурус иштер аткарылды. Акырында адам оюна келбес нерселерди жасап, бийликке алып келген жолдошторун четинен жамандап, камап баштады. Эки коңшу мамлекеттин ортосунда кер-мур айтылышына, чек аранын жабылышына чейин себеп болгудай сөздөрдү айтты. Мындай иштеринин, чуулгандуу сөздөрүнүн артында белгисиз, көрүнбөгөн бирөө тургандай сезилет. Ошол бизге көрүнбөгөн белгисиз күч ушундай кылып аткан жокпу?

Болбосо баары эле башында жакшы болуп, анан беш-алты жылда эле айнып калабы? Эгер өлкө башчылыгы адамды айныта турган болсо эмнеге жыйырма, отуз жылдап иштеп аткан коңшулаш, шериктеш өлкөлөрдүн президенттери айнып калышпайт?…

Бул көрүнбөгөн күчтөр президенттерди, премьерлерди кантип башкарып алышкандыгын бир Кудай, анан ошол көрүнбөгөн күчтөрдүн өзү, алардын айтканын айныбай аткарып калышкандар эле билбесе, катардагы адам биле албайт окшойт. Болбосо акылдуу адам алты жылда эле ойлобой сүйлөп калмак беле? Хандыкты ээлегенге, тактыга келгиче миллиондогон акча тапкан кишинин акылы, тактыдан кеткенден кийинкисине да жетмек…

Мурунку президенттердин бириси азыр күн сайын болбосо да ай сайын, жыл сайын улам жаңы илимий ачылыш, жаңылыктарды жасап, илимпоздор арасында аброю улам көтөрүлүп эле атпайбы.

Экинчисин деле интернеттен көрүп, угуп атабыз. Акылсыз деп айта албайсың.

Бүгүнкү күнү да Кыргызстан чайпалып тургандай. Ага ар кандай аракеттер болуп аткансыйт. Ошол кайыкты көңтөрүп салчу эл, козголбой турат. Кайра-кайра көтөрүлө берип, анысынын пайдасынан зыянын көп көргөн, ар жолку революциядан ырыскысы кемип, куту качарын билип калган журт дымып турат. Сабыр кылууда. Бирок не деген азаматтары камакта. Баарынын мамлекетке, өлкөгө сиңирген эмгектери бар. Артында колдоору бар, атпай журтка  аттын кашкасындай таанымал адамдар. Бүгүн унчукпай дымып турганы менен элде бир күнү вулкан сыяктуу атылып чыгар бук, кыжырлануу жыйылды. «Кыргыздын кеги кырк жылда» дейт. Эртели-кеч эсептешип албайт деп айтыш кыйын. Күкүрт чагылса дүрт эткени турган алаамат өрт өз саатын күтүп турган жокпу? Бул бир эле жагы.

Экинчи жагы, ушундай абал курчуп бараткан сайын бийликтин улам бир кыңыр иши билинип атканы. Эмне деген гана проект болбосун артынан чуудадай чубалган экономикалык кылмыштардын чуусу чыгат. Ал кылмышка тиешеси бар бир дагы чоң кызматкер же кармалбайт, же камалбайт. Сот бийлиги жөнүндө бир-эки ооз сөз. Бу соттор «билип туруп сууга жанагинтип» атканы менен, сот бийлигинин аброюн көтөрүп атабы же…? Же «колуңан келсе… менен талкан чай» кылганыбы? Баардык нерсенин кандайдыр бир жыйынтыгы бар го. Кааласак да, каалабасак да ошол жыйынтыкты көрөбүз да. А сотко чейинки укук коргоо органдарычы? Прокурорлорду коюп эле постовойлор, гаишниктер да өздөрүн «хандын уулундай» сезип калгандарын интернеттен көрүп атабыз го. Ушундай кантип болсун. Укуктарды сыйлаган эгемен өлкөдө мындай көрүнүш болбошу керек эле. Жогоркуларды ойлоп көрүп, биздин өлкөнү тыштан башкарып атабы деген күдүк ойго аргасыздан келесиң. Ошол тышкы, дагы бир аталышы үйүң күйгүр «үчүнчү күчтөр» Кыргызстанды кыйратканы калдыбы деп ойлойм.

Минткениме үчүнчү себеп, тышкы карыздын өсүшү. Кредит алган менен максаттуу пайдаланбай атканы да ушундай ойго түртөт. Качан, эмнеге, кимден кредит алгандарын санап отурбайын. Ток этээри, алган кредиттер аткарыла турган проектерге толук жумшалбай атса, демек, «өз ара» бөлүп алышкан деген ойго аргасыз барасың. А «жеген ооз уялат» да. Уялбаса анда шантаж болуп шермендеси чыгат. Карыздар кылыш, «оозун булгап коюш» да бийлик жүргүзүүнүн абдан чоң рычагы. Мына ушундай кредиттер менен гранттар билим берүү жана маданиятыбызды таш-калкан кылды. Айрыкча маданият менен билим берүүнүн начар болушуна кыргыз өзү кызыкдар болушу мүмкүн эмес. Кызыкдар болсо ошо «үчүнчү күчтөр» гана кызыкдар. Француздар айтмакчы «шерше ля фам»… Же болбосо кимге кызык, кимге пайда?…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *