Эфиоп эл жомогу: Бай менен өлүм

Бир бай өлүмдөн аябай коркчу экен. Андыктан ал: “Сен мага келериңде  эскертип кой, мен даярданып алайын” деп өлүмдөн суранат, буга ажал макул болуп, экөө бул боюнча келишим түзөт. Ошондон соң бай өлүмдөн коркпой: “Алдын ала ажал өзү эскертип койо тургандан кийин коркуп эмне? Ал мага “даярдан” деп эскерткенде гана бүт күнөөлөрүмдү жууп, Кудайга тобо келтирип, одүйнөгө даярдана баштайм”,- деп беймарал жашай баштап, анын бир гана “дагы да кантип байыш керек?”- деген санаасы калып, арам да, адал да жолдор менен акча […]

Олжобай ШАКИР: Ач элдин чоң курсактарындай элдин акчасына жашагым келет

Ооба, бул менин окурмандарга ымандай сырым. Анан не кыл дейсиң, окурман? «РухЭш» сайты туруктуу окурмандарын тапканы менен туруктуу финансылык булак тапканы жок. Таппаса да өжөрлөндүк. Дагы да өжөрлөнө берербиз… Бирин-экин окурмандарыбыз жана авторлорубуздун колдоосу менен кыбырап келдик буга дейре. Муратыбыз – электрондук адабият менен эле чектелбей аудио, видео түрүндө да элибизге рухий азык берер көөнөргүс мурастарды жеткирсек дедик эле; келечек муун өз эне тилинде ою жетик, тили жатык тарбия-таалим алсын үчүн балдар адабиятын кеңири жайылтсак дейбиз; дегеле жалпы илим-билим, маданият, […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Үч Бермет

ЭССЕ Биринчи Бермет – өзүмдүн эжем. Экөөбүз бир үйдө чоңойдук. Эжем бой жетип татынакай кыз болду. Балдардын баары ашык. Айылдагы абройлуу дүкөнчү Шаймердендин Нарынкул деген баласы менен сүйлөшүп калды. Эжемди чакыртыш үчүн жазган каттарын ташытмакка мени “паралап” шоколад алып келет. “Эжеңе башка балдар келсе, таш менен согуп кубала”, — деп дайыма мени шыкактап турчу. Күндөрдүн биринде, кечке жуук Ысмайыл деген кишинин баласы келип, эжем экөө дубалдын түбүндө сүйлөшүп отурушуптур. Колума чоң ташты алып, акырын дубалдын кырына чыктым да, башын туштап […]

Эң оор жакырчылык – билимсиздик

Пьер АБЕЛЯР (1079-1142), француз философу Жамандык эмне экенин билбегендер жакшылыктын баркына жетпейт, себеби кээ бир жамандыктын өзү жакшылыкка да окшош. Арийне, экөө тең бири-бирин тарткан жатындаштай. * * * Жашыралбас заардын заары – сүйүү, кээде ал бир ооз сөздөн же көздүн кыйыгынан, атүгүл үндөбөй турганыңдан деле билинип калат. * * * Алоологон сүйүү менен шек санаган кара ниеттик өмүрү элдеше албайт. * * * Жаш кезде кылган күнөөбүздү жууш үчүн карыганда убара чегебиз. ♦ ♦ ♦ Али-Иби АБИ-ТАЛИБ (600-661), араб […]

Амирбек АЗАМ уулу: Китеп дүкөндөрдү аралагандагы ич ачышкан ойлор

«Китеп сатып алган бак-таалай сатып алгандай эле» Белгисиз автордун сөзү Америкада китеп саткан дүкөндөрдүн биринде мына бул макал илинип турган эле: “Бак-таалайды сатып ала албайсыз, бирок китеп сатып алсаңыз болот. Китеп сатып алган бак-таалай сатып алгандай эле”. Макал-лакап турмуштук байкоодон жаралат эмеспи. Мэриленд штатындагы Элликотт Сити кыштагындагы китеп дүкөндө кофе ичип отуруп, жогорудагы макал эсиме түштү. Мен отурган кафе  Barnes & Noble Booksellers компаниясынын өлкөдөгү 778 китеп дүкөндүн бири. Америкадагы китеп дүкөндөрдүн босогосун аттагандан эле сизди түркүн китептер кучак жайып […]

Абай КУНАНБАЕВ: Илимсиз окуган намаз, туткан орозо, кылган ажы эч бир ибадат ордуна жатпайт

Башы: Биринчи, бөлүк Экинчи бөлүк Үчүнчү бөлүк Сегизинчи сөз Ушул акылды ким үйрөнөт, насыйкатты ким тыңшайт. Бирөө – болуш, бирөө – бий. Алардын акыл үйрөнөйүн, насыйкат тыңшайын деген ою болсо, ал орунга шайланып да жүрбөс эле. Алар өздөрү да алдыңкы кишибиз, өзүбүз бирөөгө үлгү болуп, акыл айтабыз деп шайланышкан. Өздөрү тизелеп жеткен, эми элди тизелетери гана калган. Ал эмнени тыңшасын жана эмнени тыңшайын десе да колу тийеби? Башында өз жумушу бар: улугубузга жазалуу болуп калабызбы, же элдеги бузуктарыбызды бүлүндүрүп алабызбы, […]