Башы: Биринчи, бөлүк

Экинчи бөлүк

Үчүнчү бөлүк

Сегизинчи сөз

Ушул акылды ким үйрөнөт, насыйкатты ким тыңшайт.

Бирөө – болуш, бирөө – бий. Алардын акыл үйрөнөйүн, насыйкат тыңшайын деген ою болсо, ал орунга шайланып да жүрбөс эле. Алар өздөрү да алдыңкы кишибиз, өзүбүз бирөөгө үлгү болуп, акыл айтабыз деп шайланышкан. Өздөрү тизелеп жеткен, эми элди тизелетери гана калган. Ал эмнени тыңшасын жана эмнени тыңшайын десе да колу тийеби? Башында өз жумушу бар: улугубузга жазалуу болуп калабызбы, же элдеги бузуктарыбызды бүлүндүрүп алабызбы, же калкыбызды бүлдүрүп алабызбы, же өзүбүз чыгымдап, чыгашабызды тотура албай калабызбы,- деген эбине карай бирөөнү жетелейин, бирөөнү кутултайын деген бейниеттин бары башында, колу тийбейт.

Байлар, алар өздөрүнүн бир күнү болсо да дөөлөт конуп, дүйнөнүн жарымы башында турат. Өзүндө жокту малы менен сатып алат. Көңүлдөрү көктө, көздөрү асманда, адамдык, арамдык, акыл, илим, билим, — эч нерсе малдан кымбат дебейт. Мал болсо кудай тааланыда паралап алса болот дейт. Анын дини, кудайы, калкы, журту, билими, уяты, ары, жакыны, баары – малы. Сөздү кантип уксун, угайын десе да колу тийеби? Ал малды сугармак, тойгузмак, соодасын жүргүзмөк, күзөтмөк, бактырмак, уруу-бөрү, кыш, ысык-суук, ошолордон сактамак, ошолорду сактар киши тапмак. Анын баарын жайгаштырып, аягына алып келип, мактоого жеткиргенче качан? Колу тийбейт.

Аны ууру-залим, шум-шуркуя, өзү да тыңшабайт. Анча-мынча кой маарек, жооштор күнүн да көрө албай жүрөт. Андайлар ушундай болуп турганда билим, илим, акыл эмне кылсын? Жана да билим, илим кедейге кереги жоктой: “Бизди эмне кыласың, андай сөздү уккандарга айт», – дейт анын өзгө менен иши жок, ана алдындагы үчөөндөй болгон жанында, оюнда эч бир кайгысы, муңу болбосо керек.

Тогузунчу сөз

Ушу мен өзүм казакмын, казакты жакшы көрөмбү же жек көрөмбү? Эгер жакшы көрсөм кылыктарын коштошум керек эле. Ооба, ар түрдүү бойлорунан адам жакшы көрөрлүк же көңүлгө тиянак кыларлык бир нерсе табышым керек эле. Ошонусун же үмүт үзбөстүккө, же анысы болбосо, мунусу бар го деп, көңүлгө кубат кылууга ниеттенишим керек эле,андайым жок. Эгер жек көрсөм, сүйлөшпөсөм, масилеттешпесем, сырлаш, кеңштеш болбошум керек эле. Тобуна барбай “эмне кылды, эмне болду” дебей жакташым керек эле, ал мүмкүн болбосо, булардын ортосунан көчүп кетүүм керек эле. Буларды жөндөймүн дегенге жөндөлөр, үйрөнөр дегенге үмүт жок. Булардын бири да жок. Бул кандай? Бул айткандардын баарын тутпай койгонго болбос эле.

Мен өзүм түрүү болсом да анык түрүү эмесмин. Анчейин ушулардын ызысынанбы, өзүмө өзүм ыза болгондугумданбы же бөтөн себептенби, билбейм. Сыртым соо болсо да ичим өлүп калыптыр. Ачуулансам, ызалана албайм, күлсөм кубана албайм, сүйлөгөн өз сөзүм эмес, күлгөн өз күлкүм эмес, баары да алда кимдики.

Кайраттуу күнүмдө казакты кыйып бөтөн жакка кетмек түгүл, өзүн жакшы көрүп, үмүт этип жүрүптүрмүн. Качан абдан билип, үмүтүмдү үзгөн кезде, өзгө жакка барып, жатты өз кылып, үйүр болорлук кайрат жалын өчүп да калган экен. Ошол себептен бир жүргөн, өйүгөн кейүүдөмүн. Негизинде ойлоймун: бул жакшы, өлөр кезде аттиң-ай, ушундай, ушундай кызыктарым калды го! деп кайгылуу болбой, алды жагыңда тилек болбосо, артка алагды болбой өлүүгө.

Онунчу сөз

Бирөөлөр кудайдан бала тилейт. Ал баланы эмне кылат? Өлсөм ордумду басса дейт, артымдан куран окусун дейт, картайган күнүмдө асырасын дейт. Андан башкасы барбы?

Балам ордумду бассын деген эмне сөз? Өзүңдөн калган дүнүйөң ээсиз калар дейсиңби? Калган дүнүйөнүн камын сен жемек белең? Өлүп баратканда өзгөдөн кызганып айтканыңбы? Өзгөгө кыйбай турган сенин эмне кылган, артыкча ордуң бар беле?

Баланын жакшысы – кызык, жаманы – күйүк, не түрлүү болорун билип сурадың? Дүйнөдөн өзүңдүн көргөн кордугуң аз болдубу? Эми бир бала туугузуп, аны ит кылууга, ага да кордук көрсөтүүгө мынча неге кумар болдуң?

Артымдан балам куран окусун десең, түрүүчүлүктө өзүңдүн жакшылык кылган кишиң көп болсо, ким куран окубайт? Жаманчылыкты көп кылсаң, балаңдын кураны эмнеге жеткисет? Тирүүчүлүктө өзүң жасабаган ишти, өлгөн соң сага балаң кайырып бере алабы?

Акырет үчүн бала тилегениң – балам жашында өлсүн дегениң. Эгерде эр жетсин десең, өзү эр жетип ата-энесин тузактан куткарарлык бала казактан туулат болду бекен? Андай баланы сендей ата, сенин элиңдей эл асырап өстүрөр бекен?

Картайганда асырасын десең, ал да – бир бош сөз, абалы өзүң карууң кайтарлык картайууга жетесиңби, жокпу? Экинчи, балаң мээримдүү болуп асырарылык болуп туулабы, жокпу? Үчүнчү, малың болсо ким асырабайт? Малың жок болсо кандай асыроо толумдуу болот? Баланын мал табарлык болору, мал чачарлык болору – ал дагы тагдырдан.

Кош, Кудай таала бала берди, аны өзүң жакшы асырай билесиңби? Билбейсиң, мурунку өз күнөөңдү өзүң көтөргөнүң менен турбай, баланын күнөөсүнө да орток болосуң.

Оболу балаңды өзүң алдайсың: “Мына муну берем, мына аны берем“, — деп башта балаңды алдаганыңа бир мас болосуң. Андан соң балаң алдамчы болсо кимден көрөсүң “бокто“ деп бирөөнү боктотуп, ”кежир ушуга тийбегиле” деп аны максаттандырып, абдан тентектикке үйрөтүп коюп, сабакка бергенде молдонун эң арзанын издеп, кат тааныса болду деп, “баланчанын баласы сени сыртыңдан сатып кетти“ деп тирүү жанга ишендирбей, жат мүнөз кылып, ушулбу берген таалимиң ? Ушул баладан кайыр көрөсүңбү?

Жана мал тилейсиңер, эмнеге керек кылайын деп тилейсиңер? Абалы кудайдан тилебейсиңерби? Тилейсиң. Кудай берди, бергенин албайсың. Кудай таала сага эмгек кылып мал табарлык кубат берди, ал кубатты адал кесип кыларлык орунга жумшабайсыңбы? Жумшабайсың. Ал кубатты ордун таап сарп кыларды билерлик илим берди, аны окубайсың. Ал илимди окуса, угарлык акыл берди, кайда жибергениңди ким билет? Эринбей эмгек кылса, түңүлбөй издесе, ордун таап иштесе, ким бай болбойт? Анын сага кереги жок. Сеники – бирөөнөн коркутуп алсаң, бирөөнөн жалынып алсаң, бирөөнү алдап алсаң болгону,издегениң ошол. Бул – кудайдан эмес. Бул – абыроюн, арын сатып, адамды жоолагандык, тилемчилик.

Кош, ошентип жүрүп мал таптың, байыдың. Ошол малды сарп кылып илим табуу керек. Өзүң таба албасаң балаң тапсын. Илимсиз акырет да жок, дүйнө да жок, илимсиз окуган намаз, туткан орозо, кылган ажы эч бир ибадат ордуна барбайт. Эч бир казак көрбөдүм: малды иттик менен тапса да, адамчылык менен жумшаганын. Баары иттик менен табат, иттик менен айрылат. Кара ниеттик, күйүт, ыза – ушул үчөөнөн башка эч нерсе боюнда калбайт. Барында баймын деп мактанат. Жогунда, “Мага да баягында мал бүткөн эле“,- деп мактанат. Кедей болгон соң дагы кайырчылыкка түшөт.

Он биринчи сөз

Ушул элдин үмүт кылып жүргөнү эмне? Эки нерсе. Абалы уурулук. Ууру уурулук менен мал табам деп жүрөт. Мал ээси көбөйтүп алып дагы байыйм деп жүрөт. Улуктар алып берем деп доочуну жеп, куткарам деп ууруну жеп жүрөт.

Экинчи – бузукулар бирөөнүн оюнда жок балээни оюна салып, минтсең бек болосуң, минтсең көп болосуң, минтсең кек аласың, мыкты атанасың деп оокаттууларды азгырганга алек болуп жүрөт. Ким азса мен ага керек боломун деп, көзүн кызартып алып, өзүнө бир аз болсо да пайда табайын деп жүрөт.

Улуктар бали-бали, бул табылган акыл экен, мен сени минтип колдойм деп аны жеп, сени минтип сүйөймүн деп муну жеп жүрөт. Карапайым калк менин ушунча үйүм бар, ушундай айылдын таягын согоюн, дооңду айтайын деп, кайсы көп бергенге партиялаш болоюн деп, кудайга жазып, жатпай-турбай салып жүрүп башын, айылын, катынын, баласын сатып жүрөт. Ушул ууру бузуку жоголсо, журтка ой да түшөр эле, чарба да кылар эле. Бай барын багып, кедей жогун издеп, эл силкинип талапка тилөөгө киришер эле.

Эми журттун баары ушул эки бүлүк ишке ортомчу, муну ким түзөйт? Анттын, шерттин, адалдыктын, уяттын бир токтосуз кеткениби? Ууруну тыйуу дагы оңой болор эле, бирок ушу бузукунун тилине ээрий турган, ишенип турган байларды ким тыяды?

Которгон Майрамбек САПАРБЕКОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.