«Китеп сатып алган бак-таалай сатып алгандай эле»
Белгисиз автордун сөзү

Америкада китеп саткан дүкөндөрдүн биринде мына бул макал илинип турган эле: “Бак-таалайды сатып ала албайсыз, бирок китеп сатып алсаңыз болот. Китеп сатып алган бак-таалай сатып алгандай эле”.

Макал-лакап турмуштук байкоодон жаралат эмеспи. Мэриленд штатындагы Элликотт Сити кыштагындагы китеп дүкөндө кофе ичип отуруп, жогорудагы макал эсиме түштү. Мен отурган кафе  Barnes & Noble Booksellers компаниясынын өлкөдөгү 778 китеп дүкөндүн бири.

Америкадагы китеп дүкөндөрдүн босогосун аттагандан эле сизди түркүн китептер кучак жайып тосуп алат. Бул Мерилэнд штатындагы мен такай келип жүргөн китеп дүкөндөр үчүн да көндүм көрүнүш. Алардын бири Элликотт Ситидеги китеп дүкөндүн сырткы жана ички эшик ортосундагы далистин эки канатында жалаң кишинин ден соолугун чыңдоочу көнүгүүлөр менен тамак-аштар тууралуу түстүү китептер жайнайт. Соода залына аттап киргениңизде маңдайда “Жаңы чыккан китептер” (New Releases) деген жазуу бадыраят. Орточо 25х25 чарчы метрлик залда китеп тандап жүргөн улуу-кичүү кардарлар кээ бир кийим кече саткан дүкөндөрдөгүдөн көп. Жайнаган элдин ичинен жүзү тааныш адамды биринчи көргөн сыңары алдагы стеллаждагы китептердин арасынан көзүмө “How Democracies Die” деген кара мукабалуу китеп урунду.

Атактуу Гарвард университетинин профессорлору Стивен Левицкий жана Даниэл Циблаттын (Steven Levitsky & Daniel Ziblatt) бул эмгеги жыл башында чыккандан эле саясат таануучулардын көңүлүн өзүнө бурган. Мисалы, «Нью Йорк Таймс» гезити өз китеп баяндамында эки илимпоз демократия дүйнөдө төңкөрүштөр аркылуу гана эмес, акырындап авторитаризмге ооп баратканын дүйнө өлкөлөрүнүн мисалында ачып бергенин белгилеген. Ал эми «Вашингтон Пост» гезити “Демократиялуу мамлекеттер кантип кыйрайт” китебине байланыштуу АКШ эли, шайлоочулар акыркы жарым кылымда болуп көрбөгөндөй эки жаатка бөлүнгөнүн белгилеп, “Биздин мамлекет мындай абалга чыдай алабы?” деп суроо койгон. Жана коом абалды жай отуруп, тунук акыл менен калчап көрүшү керек болуп жатканда “берегидей китептин чыгышы – учур талабы болду”, – деп жазган таасирлүү гезиттин серепчиси.

“How Democracies Die” өткөн айда чыкканына карабай, баасы 20% арзандаганына караганда, жакшы өтпөй жатат көрүнөт. Ошондо да баасы кыргызстандык карапайым пенсионердин бир айлык пенсиясынын ондон биринен көп акча турат.

“Эки товар алсаң үчүнчүсү бекер оюну”

Түз басып, “Дагы эмнени окуу керек?” (What to read next?) деп аталган экинчи стеллажга жеттим. Бул жерде тааныш авторлорум жана китептер көп экен. Достоевскийдин эки шедеври: “Ага-ини Карамазовдор” менен “Кылмыш жана жаза”. Тарыхтын атасы деп эсептелген байыркы грек аалымы Геродоттун “Тарыхы”, араптардын “Миң бир түнү”, италиялык ойчул Никколо Макиавелинин “Өкүмдар” өзөгүн түзгөн 1 томдугу. Англис адабиятынан Мэри Шеллинин “Франкенштейни”,  Чарльз Диккенстин “Улуу тилеги” жана “Муздак үйү”,  Артур Конан Дойлдун “Шерлок Холмс” китебинин 1-тому; ирланд жазуучусу Оскар Уайльддын “Дориан Грейдин портрети”; Америка классикасынан  Марк Твендин “Гекльберри Финндин укмуштуу окуялары” жана Эдит Уортондун “Күнөөсүздүк доору” жана башка 15 чакты китеп. “Мунун баары дүйнөлүк классика!” деп андан ары кадам таштадым. Удаа эле жерде “Экини тандасаң үчүнчүсүн бекер” алчу китептер бир столдун бетин ээлептир.

Ал эми  “Сөзсүз окучу китептерде” мен уккан-билген ысымдардан англиялык окумуштуу Стивен Хокингдин “Убакыттын кыска тарыхы” жана америкалык-канадалык миллиардер инвестор Илон Масктын ишмердигине арналган Ашли Ванстын китеби (Илон Масктын ысымы өзү ким үчүн болсо да магнит) болду. Бул секциядагы  китептердин арасынан мен үчүн баарынан кызыктуусу Рейчел Игнотофскинин (Rachel Ignotofsky: Women in Science: 50 Fearless Pioneers Who Changed the World) “Дүйнөнү өзгөрткөн эр жүрөк 50 пионер” деген китеби. Аны Рейчел Игнотовски өзү көркөмдөгөн. Жашы 40 жете элек автор китепте окумуштуу аялдар жасаган илимий ачылыштар жөнүндө жөнөкөй жана абдан кызыктуу жазыптыр. Тилекке каршы, мындай китептер бизде жок. (Каныбек Осмоналиевдин “Альфред Нобель жана физика” деген китеби ал боштукту толуктайт деп үмүт кылалы!).

Израилдик тарыхчы Юваль Ной Хараринин 2014-жылдан бери 30 тилге оодарылган “Sapiens: Адамзаттын кыскача тарыхы” (Sapiens: A Brief History of Humankind) жана Роберт Райттын “Эмне үчүн буддизм туура: Сүкүттүн жана жанжаркуунун философиясы” (Why Buddhism is True: The Science and Philosophy of Meditation and Enlightenment) да “Сөзсүз окууга” сунуш кылыныптыр. Бул китептердин баарын Barnes & Noble Booksellers китеп клбунун мүчөлөрү өз баасынан 10% арзан сатып ала алат. “Sapiens: Адамзаттын кыскача тарыхы” иврит тилинде жазылып, үч жылдан кийин башка тилдерге которулганына карап, проф. Тынчтыкбек Чоротегиндин  “Махмуд Кашкари Барсканинин “Дивану лугати т-түрк” эмгеги — түрк элдеринин тарыхы боюнча көөнөргүс булак” деген фундаменталдуу эмгеги да бөтөн тилдерде чыгып калар деп тилек кылдым өзүмчө.

Баса, тарыхка байланыштуу “Тарыхты өзгөрткөн салгылашуулар”, “Рим империясы”, “Британ падышалыгы” деген түстүү сүрөттөр менен көркөмдөлгөн жана көз кунарын алган барактары бар китеп 13 доллар (12, 98) да болбойт. Алардан кем калышпаган кооз “Каныке Диана” 10 доллар, “Голокаустун хроникасы” 20 доллар.  Бул китептер, менимче, баштапкы баасынан үч-төрт эсе, балким андан да арзан.

Дагы кыдырып жүрүп, “Поэзия жана драма” секциясынан жаңы котормолорду: Софоклдын драмалар жыйнагын жана Жалалинддин Руминин “Күн артынан күн” деген жыйнагын да кездештирдим. Баса, Шекспирдин жана Эдгар Понун жука мукабалуу килейген бир томдуктары 7 доллар турат. Катуу мукабалуусунун баасы эки эсе кымбат. Мындай баа саясатын бир нече жыл мурда Италияда биринчи жолу көргөм.

Живопись секциясында да бир топ убакыт отурдум. Укмуш изилдөөлөр, альбомдор бар.  Живописке байланыштуу китептерде түстүү сүрөттөр толтура болгондуктан алардын баасы да кымбат. Ошого ал китептерди китепти дүкөндүн өзүндө кафеканада отуруп окуган оң. Бир тыйын төлөбөйсүз. Кааласаң 2, 2 долларга кофе “Американо” алып алып,  китепти окуп бүткөнчө отура бер. Кафенин залынан китеп стеллаждардын арасы алаканга салгандай көрүп отурасыз. Кафе ичип же нанүштө кылып, китеп окуп же компьютерде иштеп отурган адамдар залдын үчтөн экисин ээлешкен. Кафенин жарым ай формасындагы кашаанын сырт жагындагы столдордо да китеп окуп же окуганын конспектилеп отурган адамдар. А балалуу аял-эркектер соода залынын үчтөн бирине жакын аянтты ээлеген балдар бөлүмүндө балдарын китеп же оюнчуктар менен алаксытып, өздөрү китеп карап жүрүшөт.

Түрдүү курактагы балдарга (мектеп окуучуларына) ылайыкташып жазылган илим жана техника (химия, физика, математика, биология, зоология, маалымат технологиясы ж.б.) боюнча китептердин көптүгүн айтпаң. Алар бара-бара татаалдашып отуруп, кийин олуттуу адабиятка айланат. Мен байкагандан, илимий-техникалык китептердин баасы поэтикалык жыйнактарга караганда арзан турат.

Исламдын маани-маңызын изилдеген китептер

Акыры “Диндер” секциясынын Ислам динине тиешелүү китептер тизилген текчелерге жеттим. Издегеним түркиялык интеллектуал Мустафа Акйолдун “Экстремумсуз Ислам: Мусулман эркиндиги” (Islam Without Extremes: A Muslim Case For Liberty) деген китеби. Бар болсо, кофе ичип отуруп, бир шашпай барактап чыгайын деген ой. Мусулман жолундагы билимдүү жигит менен 2007-жылы “Эркин Европа/Азаттык” радиосунда болгон конференцияда таанышып, маектешкен элем. Ошондон тарта Мустафа Акйолдун макалаларын калтырбай окуганга тырышам. Анын курч аналитикалык макалалары  акыркы жылдары “Нью Йорк Таймс” гезитинде тез-тез чыгып келет. Бул жерде М. Акйолдун береги китеби жок экен. Бирок жаңы китеби — “The Islamic Jesus: How the King of the Jews Became a Prophet of the Muslims бар экен. Мукабасында Иса пайгамбардын тарыхый китептерден тааныш дидары түшүрүлгөн  бу китептин аталышын “Ислам Исасы: Иудейлердин падышасы кантип мусулмандардын пайгамбары болуп калды” деп которсо болчудай.

Мындай аталыштын өзү китепке окурмандарды кызыктыруунун бир амалы го. Ал эми китептин аннотациясында айтылганга караганда, Мустафа Акйол Иса машаяк менен апасы Мариянын таржымалын Кураны керимдин жана башка тарыхый булактардын негизинде айтып берет экен. Акйол афандинин китебине Батышта белгилүү ислам таануучу Реза Аслан мындай баа бериптир: “Ислам Исасы ислам (динине) же Иисуска карганда алда канча чоң (инсан). Ал жөөттөрдү (еврейлерди) жана тарсаларды (христиандарды) Мухаммеддин үммөтөрү менен бириктирген көпүрөнүн өзү.  Иисус не жөөт радикалы, не тарса куткаруучусу (мессия) болбосун, ал исламдагы эң сүйүктүү пайгамбарлардын бири болуп саналат.

Мустафа Акйол бул китепте Иисус бардык үч диндеги ордун чеберчилик менен бөлүп көрсөтөт. Бул иудаизм жана христианчылык мусулмандардын душманы эмес, тескерисинче, ислам диний системасынын ажырагыс бөлүгү экенин далилдөөгө кошулган чоң салым”.

Теги ирандык аалым-жазуучу Реза Аслан ислам динине байланыштуу бир нече китептин автору. Алардын ичинде аты  албарс кылычтын мизиндей өткүр “Кудайдан жана фанаттан башка Кудай жок” (No god but God and Zealot) жана “КУДАЙ Адамзаттын тарыхы” (GOD A Human History) дегендери да бар.(Соңку китеп менен алышып бир топ отурдум дүкөндө). Акыркы китепти проф. Реза Асландын диний көз карашынын маани-маңызын чагылдырган эмгек — credo десе да болот. Ал Кудай универсалдуу  зат деп билет. Ошого анын ишениминде Кудай ар бир инсандын дилинде отурат жана бизди курчаган дүйнөдө такай анын руху бар. “Мен үчүн Кудайды чындап таанунун бирден бир жолу – бул чындап эле өзүм Кудайды тааный аларыма ишенүү. Биз, ар бирибиз, Кудайбыз”,- дейт ал. (Реза Асландын бул көз карашы түркстандык улуу сопу Ахмед Йасавини кынап койгондой эске салат). Эгер Реза Асландын бул көз карашына кошулчу болсок, жер жүзүндөгү эч бир адам экинчи адамга кол көтөрмөк турсун, катуу сүйлөбөш керек; жүрөгүндөгү Жаратканга кандай мамиле кылса, ошондой мамиле кылууга тийиш.

Омар Сайф Гобаштын “Жаш мусулманга кат” деген былтыр басмадан чыккан китеби кызыктуу көрүндү. Бирок Бириккен араб эмиратылык дипломат-жазуучунун китеби мага Жавахарлар Нерунун кызы Индира Гандиге дүйнөнүн тарыхы жөнүндө жазган каттары сыңары жөнөкөй жана түшүнүктүү кылып жазылган. Омар Сайф Гобаштын китеби да улуу уулуна мусулманчылыкты түшүндүрүп жазган кат формасында экен.

Непада кимге да болсо арап, англис, испан, италян, орус, француз тилдеринде сүйлөй билген Омар мырзанын эмгектери же интервьюлары кез келип калса, калтырбай окуп койгонду сунуш кылмакмын. Мага анын мусулман дүйнөсүн экиге бөлгөн чоң көйгөй: суннит жана шиит ажырымын мусулман ааламынын диний же саясый адыйлары деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү сунушу жаккан. “…ансыз биз (мусулмандар) өз ара элдешүүдө ийгиликке жетпейбиз”,- деп айтканы бар Омар мырзанын АКШдагы Уортон университетинин жумалыгына.

Суннит-шиит ажырымы тууралуу Лесли Хезлтондун “Пайгамбардан кийин: Шиит-сунниттер ортосундагы жиктин жаралышынын кенен тарыхы” (Lesley Hazleton, After the Prophet: The Epic Story of the Shia-Sunni Split in Islam) деген эмгеги да мага кызыктуудай көрүндү. Мындай китеп кыргыз тилинде болсо жакшы болмок. Анткени биздин намазгөйлөр менен сүйлөшүп жүрүп, алардын арасында шииттер “бузукулар” деген пикир күчтүү экенин байкаганмын. Мен жаш кезде андай сөздү эгерим эшиткен эмесмин. Бул да болсо Саудия менен Ирандын саясый атаандаштыгынын жана акчалуу арап мамлекеттеринин идеологиясын ташбыйкаттоонун туундусу го…

Душманды өз ичиңден изде

Китептерди аңтарып жүрүп, өзүм үчүн кызыктуу дагы бир авторду таптым. Ал көп жылдар Жакынкы Чыгышта кабарчы болуп иштеген британ жазуучусу Карен Армстронг. Бул аялдын “Исламдын кыскача тарыхы” (Islam: A Short History) 2001-жылдын 11-сентябрындагы кандуу кыйракандан кийин исламдын насилине сөз тийгизчү Батыш массмедиасындагы калпыс көз караштарга кайчы жазылган китеп. Армстронг Батышты XI кылымдагы  Крестүүлөрдүн Иерусалимди түрк-селжуктардан бошотобуз деген алгачкы жортуулдарынан тартып ушу бүгүнгө чейин эле исламга адилет мамиле кылбаган деп сындап мындай дейт: “Жакында болгон террордук айбанчылыктар мындай идеяларды тастыктаган сыяктуу. Бирок биз дүйнөдө тынчтыкты каалсак, биз көз карашыбызды тез арада баланстоого тийишпис. Биз аларды чындап билмейин, “жүрөк жана акыл үчүн салгылашты” жеңебиз деп үмүт кыла албайбыз. Мусулмандар биздин христиандык экстремистчил убакта жаралган орто кылымдык жаңылыш көз караштарга жетеленип жатканыбызды көрүшсө,  биздин либералдык баалууктарыбыз аларга таасир этет деп ишене да албайбыз”.(https://whyevolutionistrue.wordpress.com/2012/01/23/karen-armstrong-wants-us-all-to-love-islam/) Күчтүү айтылган сөз бекен! Бул сөз тарсаларга канчалык тиешелүү болсо, ошончолук деңгээлде мусулмандарга да тиешелүү деп ойлойм.

Мен арийне баарына Батыш күнөөлүү деген пикирди колдобойм. Бирок мен кездешкен Жакынкы чыгыштыктар жана бир топ мусулмандар арасында ушундай пикир үстөмдүк кылганын билем. Алар өзү Ислам дүйнөсүн же мусулмандардын кемчиликтерин Карен айымдай сындаган жазуучуларды атай алышабы, билбейм. Азырынча андай китеп окуй элекмин.

Окулбай калган “Мухаммед: мүнөзү жана жүрүм-туруму”

Китеп дүкөнүндө Кураны керимдин англисче жаңы котормосу да бар экен. Аны египеттик профессор, Куранды изилдөө боюнча Лондондо чыкчу Journal of Qur’anic Studies журналынын баш редактору Мухаммад А. С. Абдел Халим которгон экен. Аалым англис тилин мыкты билүү менен катар бүтүндөй Куранды жатка билгендиктен, ыйык китепти үтүр, нокотун бузбай, ар бир сүрөө, аяттын мазмунун так өзүндөй бергени күмөнсүз. Ошентсе да текчеден Курандын башка да үч-төрт котормосун көрдүм. Жаңылбасам, алардын бирөөсүн мусулман аалым которгон экен. Кыргыз тилинде да Куран обол ыраматылык Эрнис Турсуновдун котормосу менен жарыяланып, кийин Шейх Алаудин Мансурдун котормосунда чыккан. Азыр да жаңы котормолор болууда.

Ушундан улам Куранга кызыгуу жана аны кайра-кайра которуу токтобойт, улана берет деп ойлойм. Бул сөз Тоорат, Инжил жана башка көөнө жазмаларга да тиешелүү экенине алардын котормолору далил. Анын үстүнө заманага жараша Куран, Тоорат, Инжил жана башка ыйык диний китептерде айтылган кайсы бир ойлор актуалдуу болуп, экинчи бир ойлор убатынча “эс алып” калат. Ошон үчүн түрдүү комментарийлер, тафсирлер жазылат да.

Жакшы сатылып, эл аралык бестселлер болгон ошондой бир түшүндүрмө китеп Махмуд Хусейндин Understanding the Qur’an Today деген эмгеги. Махмуд Хусейн теги египеттик Баъгат Элнади менен Адел Рифааттын псевдоними. Арийне, жогорудагыдай китептер Куранды түшүнгөнгө жардамдашкандан башка да, сүрөөлөрдү жөн гана жаттап албай, ойлонуп окуганга үйрөтөт. Ал эми “солчул” же радикалдуу  көз карашка кызыккан окурман үчүн Айаан Хирси Алинин “Эретик: Эмне үчүн ислам  реформага муктаж” (Heretic: Why Islam Needs a Reformation Now) деген китеби бар. Бул сыяктуу китептер ашыкча такыба көпчүлүк окурмандарга жакпашы ыктымал. Деген менен жаштыгы Сомали жана Сауд Арабиясында өткөн Айан айымдын китеби береги өлкөлөрдөгү мусулмандардын жашоосун ичинен билип, жакшысын мактап, жаманын түз айтат. Арап өлкөлөрүнүн турмушун, өзгөчө аялдардын жашоосун сонун чагылдырган мыкты китептердин бири Жералдин Брукс айымдын “Ышкынын тогуз бөлүгү” (Nine Parts of Desire) деген китеби. Жералдин Брукс Жакныкы Чыгышта кабарчы болуп жүрүп, арап тилин англис тилиндей эле өздөштүргөн. Сөз болуп жаткан китептин аталышына пайгамбарыбыз Мухаммед алей саламдын күйөө баласы Али ибн Абуталиптин: “Кудуреттүү Алла көңүл ышкысын он бөлүктөн жараткан; анан анын тогуз бөлүгүн аялдарга жана бир бөлөгүн эркектерге берген” деген сөзүнөн алып коюлган. 

Тилекке каршы, саудиялык  чыгаан журналист Адил Салахинин “Мухаммед: Мүнөзү жана жүрүм-туруму” (Muhammad: His Character and Conduct) деген китебин барактап көргөнгө мүмкүн болбоду. Себеби береги китеп австриялык атактуу сүрөткер Густав Климпт жөнүндөгү эмгектей эле “оозу буулган баштыкта” экен.

Бул АКШдагы соода борборлорундагы стандарт менен курулган китеп дүкөндөрдүн бири. Ошого имараттын бешенесиндеги жазууларын окумайын, китеп дүкөн экенин, ага кирип чай-пай ичип отуруп, каалашыңча китеп окуса болорун чет жерлик конок байкабаса да керек. Ал эми Балтимордогу көп кабаттуу Barnes & Noble Booksellers китеп дүкөнү шаардын эң кооз тарыхый имараттарынын биринде жайгашкан. Ага кирсеңиз бала-чакаңыз менен чогуу китеп жана искусство ааламына сүңгүп кирип: “Оо, Жараткан, Кыргызстанда качан ушундай китеп дүкөнү курулат” деп Теңирге жалбарасыз. Жана “Китеп сатып алган бак-таалай сатып алгандай эле” деген сөздүн кайдан пайда болгонун түшүнөсүз.

Амирбек АЗАМ уулу, атайы «РухЭш» сайтынын окурмандары үчүн

Америка-Прага

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.