Бир бай өлүмдөн аябай коркчу экен. Андыктан ал: “Сен мага келериңде  эскертип кой, мен даярданып алайын” деп өлүмдөн суранат, буга ажал макул болуп, экөө бул боюнча келишим түзөт. Ошондон соң бай өлүмдөн коркпой: “Алдын ала ажал өзү эскертип койо тургандан кийин коркуп эмне? Ал мага “даярдан” деп эскерткенде гана бүт күнөөлөрүмдү жууп, Кудайга тобо келтирип, одүйнөгө даярдана баштайм”,- деп беймарал жашай баштап, анын бир гана “дагы да кантип байыш керек?”- деген санаасы калып, арам да, адал да жолдор менен акча таба берет. Ушинтип ал бир топ жыл жашайт.

Ошентип жүргөндө анын короосунан ажал бир улакты алып кетет. Бирок мындай чириген бай үчүн бир улак кеп бекен! Бул тууралуу ал ойлонуп да койбойт. Андан көп өтпөй анын аты, буйволу баш болуп малдарынын улам бири өлө берип, көп чыгымдар болот. Бай: “Өлгөнгө мал болсун, башыбыз аман болсо мал табылат”,- деп мында да өлүмдү көп тогото бербейт. Дагы бир топ убакыт өтүп балдарынан ооруп, алардан каза болгондору да болот. Анан жаркырап тийип турган күндөрдүн биринде байдын көзгө басар аялын да ажал алып тынат. Бирок мында да бай өлүм жөнүндө көп ойлоно бербей: “Мага өлүм эскертүү бере элек”,- деп көр тириликке баш оту менен кирип, болгон чыгымдарын толуктоо менен алпурушуп жүрө берет. Бирок бир күнү капысынан эле ажал анын алдынан чыгып: “Баскын! Сенин убагың келди”,- деп колунан сүйрөйт.

Буга коркуудан мурда ачуусу келген бай: “Сен эмне берген убадаңа турган жоксуң?”- деп ажалдын өзүнө доомат кылат. “Кандайча эскерткен жокмун? Көп эле жолу эскертпедимби!”- дейт ажал. “Качан эскерттиң? Андан көрө ал келишим тууралуу унутуп калыптырмын деп чыныңды айтпайсыңбы, ажал башың менен апыртпай. Азыр эми мен сени менен бара албайм. Анткени мен одүйнөгө өтүүгө даярданган жокмун. Кудайга тобо келтирбедим, күнөөлөрүмдү жуубадым”,- деп бай күйүп-бышып жиберет. “Кандайча мен сага жакын калганымды эскертпей койдум? Эскертмек тургай ар бир күнү мен сенин эшигиңди тыкылдатып жүрдүм. Малдарыңдан алып аттым, балдарыңа да бардым, акырында өмүрлүк жолдошуңду алып, өзүңө бир эле карыш калганымды эскерттим. Кебетеңе караганда сен мени тоготпогондой түрүң бар. Көзүңдү май басып, кулагыңа алтын тыйындардын шыңгырынан башка эч нерсе угулбай калгандай. Бас кеттик!- деп ажал байды колунан жетелеп жөнөгөн экен.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *