Коштогон ай шыбырайт:

“Баш бага кет үйүмө”.

Алачыгым жол боюнда.

♦ ♦ ♦

Кызарып күн батаарда

Талаа гүлү

Арбап алды.

 

♦ ♦ ♦

Алчалар гүлдөптүр.

Ыр дептерим

Ачылбайт эми бүгүн.

♦ ♦ ♦

Айлана бүтүндөй шаң.

Тоо кырында алчалар,

Эч ким болбодубу силерди чакырган.

♦ ♦ ♦

Гүлдөгөн алчадан

Ийменген ай

Булутка жашынды.

♦ ♦ ♦

Достор ортосуна

Кара булут тартылды.

Каздар асманда кош айтышты.

♦ ♦ ♦

Турмушта эмнеге жетиштим?

Ашууга чыгып,

Калпагым коюп кыңтайдым…

♦ ♦ ♦

Фудзи кыркаларындагы шамалды

Шаарга алып кетсем,

Эң баалуу белек катары.

♦ ♦ ♦

Көздүн жоосун алган

Кыркада ай баратат,

Менин мекеним.

♦ ♦ ♦

Жаңы жылдык балатылар.

Куш уйкудай,

Отуз жыл өтүп кетиптир.

♦ ♦ ♦

“Күз келди!”-

деп шыбырайт

Сыртта муздак шамал.

♦ ♦ ♦

Жаз жааны.

Деңиз чырактары сыяктуу

Көчө панарлары жылтылдайт.

♦ ♦ ♦

Кара бутакка

Карга жайгашты.

Күзгү күүгүм.

♦ ♦ ♦

Арыкта сары жалбырак,

Турагой, саратаным,

Жээк жакындап келатат.

♦ ♦ ♦

Дарыя кириптир.

Суудагы көк кытандын буттары да

Кыскалык кылыптыр…

♦ ♦ ♦

Кайдасың күкүк?

Жазга айт саламды

Кайналы гүлдөдү.

♦ ♦ ♦

Мен — бир пенде.

Гүлдөр ачылар замат

Нанүштөөгө күрүчүм белендейм.

♦ ♦ ♦

Мажүрүм тал шамалга термелди.

Шагында булбул сайрады,

Анын жан-дүйнөсү сымал.

Которгон Айданбек АКМАТОВ

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *