Айыл интеллигенциясынын эң алдыңкы өкүлү дээр мугалим эле Кеңешбек авабыз. Тарыхтан кеп кылса, талашка түшө албайт элек жанында. Көркөм адабиятты сөзгө алса, табитине сөз кайтара албай тыңшап угар элек кебин. Көңкү кыргыз көрөңгөсүн көлкүп айтчу, мөнгүдөй тунук мөртүн айтчу. Кара кыргыз тарыйкасын калпып айтчу, калкагар тоодон бийиктин артын айтчу. Не айтпасын – өзгөнү кепке курсант кылмайын жүрбөчү, өзүнүн да жарпы жазыла сүйлөчү. Келечекке ой серпкен кеменгер эле, керээттүү кебинин учугу тереңден эле, кайран!

Борбор калаага каттап калса, «Айтыш» коомдук фондунун босогосун аттачу түз эле. «Ийе, баатырлар, амансыңарбы?» – баарыбызга тегиз учурашар алдында колундагы көтөрүнчөгүн бир бурчка барып жөлөй койчу. Анан кол силкише эсенчилигибизди сурашып калчубуз. «Сапар карытып, Таласыма жөнөп баратып, силерге бурула калдым» деп бурчтагы көтөрүнчөгүнө кол жаңсачу. Айылдан табылбаган китептерди шаардан жүк кылып көтөрүнүп жөнөп баратканында кезигишип калар элек ошентип… Ошентип аман-эсенчилик сурашып жүрчү Кеңешбек авабыз одүйнөгө узаган суук кабарды угуп, күрсүнүп алдык.

Өнөр өстөнүн өзгөчө баалаган таластык мугалим Жакшымбетов Кеңешбек бирибизге аяш ата, бирибизге мугалим, бирибизге ардактуу ава болуп калды эле. Алтымыш жети жашында акка моюн сунган маркумдун жакындарына жана ага-тууган элине, эл ичинде кадырыбыз өтүшкөн уулу Урматбек менен Исламбекке азадарыбызды билдиргенден башка аргабыз жок экен. Атаңардын ыйманы саламат болсун дейбиз. Калган өмүр жашын балдарына, небере-чөбөрөлөрүнө берсин Теңир. Баарыңыздарга «РухЭш» сайты, «Айтыш» коомдук фондунун жана «Ачекей» айылынын атынан азадарыбызды билдиребиз. Кайрат кылыңыздар!

О, мүрзөлөр, огундай жер шарынын,
октолгонсуп тик асманга жарымың:
ойлондурат тирүүлөрдү сүрүңөр,
«оомийин» деп айтар кезде парызын.

Шамал боздоп, шыбак жыты бур этсе,
жамгыр төгүп, жаныңарга гүл өссө,
жатасыңар сезип, туюп, тыңшабай,
чагылгандар «чарт» жарылып «күрр» этсе.

Келет канча келгин куштар кайрылып,
келет түнү үстүңөргө Ай жылып.
Кезек менен кээде келсе тирүүлөр,
келет бирөө өмүрүнөн айрылып…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.