Кембагал бир жолу токойго отунга барып,  жараланган бугуну таап алат. Боорукер жаны анын жараатына дары сээп, таңып, суу берип, алдына ширелүү чөптөрдөн салып, көп күн асырап, аз эмес түйшүк тартып жүрүп айыктырып алат.

Бир күнү бугу бутуна так секирип туруп, токой аралап көздөн кайым болчудай болуп барып, анан кембагалга бурулуп адамча сүйлөп мындай дейт:

— Сен чоң жакшылык кылып өмүрүмдү сактап калдың, ошондуктан мен дагы сага жакшылык кылууга тийишмин, артымдан ээрчи, токой падышасы сени бактылуу кылат.

Кембагал бугунун айтканына ишенип, анын артынан ээрчип көп жол басып, акыры чер токойдун арасындагы дарактары өсүп турган, жалаң гүлдөр менен кооздолгон ажайып кооз жайга келет. Анын төрүндө жалаң чөптөрдөн кийим кийген  аксакал отуруптур. Ал токой падышасы экен.

— Арыбаңыз, ата!

— Бар бол, уулум! Төргө өтүп сыйлуу коногум бол! Мен сени көптөн бери күтүп отурам.

Токой падышасы кембагалды ал өмүрү жеп көрбөгөн тамактар менен коноктоп, кетеринде дасторкон берди.

— Эгер курсагың ачса муну “жайыл дасторкон” деп жайып жиберсең оюңда жесем деп турган тамактардын баары бул дасторконго жайнап калат.

Кембагал токой падышасына ыраазылыгын билдирип, дасторконду алып жолго чыкты. Жолдо ката курсагы ачкан ал дасторкондун касиеттүүлүгүн текшергиче карын кампайтып алмакчы болду.

— Жайыл дасторкон!- деп оозду жыйгыча алдына кулжебес оокаттар менен кымбат баа суусундуктар жайнап калды. Отур да жей бер!

— Оо-хоо!- таңгалды кембагал.- Эми жашаса болот!

Курсагын тойгузуп, дасторконду бапестеп ороп, колтугуна кысып жолго чыкты. Жол ортосуна жеткенде кеч кирип, кембагал жол боюндагы ашканага кирди. Ашпозчу андан сурады:

— Сизге эмне тамак берелик?

— Эч нерсенин кереги жок! Дүйнөдөгү баардык тамактар менин жанымда!- деп жайыл дасторконун мактап анан: — Жайыл дасторкон! — деди эле дүйүм тамактар жайнап калды.

Кембагал ашпозчунун конокторун кошуп сыйлап, өзү да кокосунан тойду. Ашпозчу ага ичинен ич күйдүлүк кылып, аялы менен бирдикте түн ичинде касиеттүү дасторконду ага окшош башка дасторконго алмаштырып койду.

Эртеси кембагал эч нерседен шектенбей жолго чыкты. Үйүнө келип аялы менен балдарынын көзүнчө дасторконго “Жайыл дасторкон!”- деп буйрук берди эле, ал кыймылдап да койгон жок. “Жайыл дасторкон! Жайыл! Жайыл! Жайыл!» — деп бир нече жолу кыйкырса да дасторкон жайылбады.

— Келесоосуң! — деди аялы эч нерсени түшүнө албай отурган ага. — Дасторконду курулай сөз эмес эмгектенип, кара тер менен толтурат. Курулай басып жүрсөң дасторконуң да ушундай куру болот!

Ичи толгон таарыныч жана ыза менен ал кайра токой падышасына келип аны жемеледи:

— Өзүң аксакалдуу киши болуп туруп, менин жакырчылыгымды шылдыңдаганың уят эмеспи! Мен деле сенден эч нерсе сураган эмес элем, жан дүйнөмө түкүрбөй эле койбойт белең!

— Болуптур, ак пейил адам! Мен сага ат берем. Аны сен көздүн карегиндей сакта. Акча керек болгондо ага “Ат, ат тыйын тап бат”- деп кой, бүттү ал сага “Жетиштүү!”- деп айткыча тыйын берет.

Таарынычы менен ачуусу тараган кембагал атты минип жолго чыкты. Жолдо ката кызыгуусуна ээ боло албаган ал аттан секирип түшүп, аксакал үйрөткөндөй: “Ат, ат тыйын тап бат!”- деп оозун жыйгыча ат жер чапчып жиберди эле, анын жал-куйругунан, ооз-мурундарынан шыңгырап тыйындар түшө баштады, ал коркуп кетип “Жетиштүү” деп кыйкырып жиберди.

Жолдон ал түнөш үчүн баягы тааныш ашканага кирди. Ашпозчу-кожоюн алдынан чуркап чыгып атын алды.

— Куш келипсиң курдаш, рахмат бизди унутпаганыңа! Биздин Кудай берген ырыскыбыз менен тең бөлүшүп, сыйыбызды көрүп кет! – деп ал чымылдап чуркап, чимириле кызмат кылып, алдыга тамактарын жайнатып, шарабын сунуп жүрдү. Кембагалдын чөнтөк толо тыйыны тынчын алып дагы да мактанып, ашканага киргендерди өз эсебинен сыйлап жатты. Жатарга келгенде ал атын ашпозчуга тапшырды:

— Атымды атканаңа киргизип, кулпу салып кой, болбосо жаман ойлуу бирөө ага “Ат, ат тыйын тап бат”, — деп айтып жибербесин.

— Камсанаба, курдаш! Баары жайында болот! — деп жооп бергени менен ашпозчу төшөккө баш койгуча араң чыдаган ал атка чуркап келип, “Ат, ат тыйынды тап бат!”- деп айтканында аттын бүткөн боюнан тыйындар шыгырап түшө баштайт. Ач көз ашпозчу мындай бүт өмүрдү жыргатар керемет атты колдон чыгармакпы?! Түндөп ага опокшош ат таап, сыйкырлуу атка алмаштырып койду.

Эртең менен кембагал бейкапар, эч нерседен шек санабай аттанып чыгып кетти. Үйүнө жетери менен аялына килем жайдырып, анын ортосуна атты коюп, буйрук берди:

— Ат, ат тыйын тап бат!

Бирок ат бышкырынып коюп тура берди. Тыйындардын ордуна ооздугу гана шылдырады. Кембагал эч нерсеге түшүнө бербей дагы кайталады. Аттан тыйын турмак таш балээ да куюлган жок. Ал атты жалдан тартып сыйкырлуу сөздү улам-улам кайталай берди:

— Ат, ат тыйын бат тап, ат, ат тыйын бат тап…- деп жаңылтмач сыяктуу кайталай берип акыры жаңылып, эмнени айтып атканы белгисиз тантып калды. Кембагал таякты ала калып атты баштан ары берип калды.

Эми кезек аялына келип, ал айкырып койо берди:

— Ушундан көрө согушка кетип келбей калсаң кана! Жоокердин аялы деп баркым болмок!  Элдин бетин эми кантип карайбыз. Баары бизге күлүп жатышат…

Кембагал аялынын андан аркы сөздөрүн укканга эрки жеткен жок. Атка секирип минип чапкан бойдон жөнөдү, бир кезде эсине келип тетири карай баратканын байкап артка чапты. Ошол бойдон токой падышасына карай түз жөнөдү. Токой падышасынын өсүмдүктөрдөн жасалган ажайып жайына кирип барып эле,  нааразылыгын жаадырып, аны алдамчылыгы үчүн уяткарды. Сабыр койо уккан токой падышасы таяк алып чыгып кембагалга сунду.

— Алгын дагы, өзүңө бирдеме керек болгондо  “Кана эмесе таяк” десең таяк калганын өзү  аткарат.

Кайра кайткан жолдо таяк эмне иш аткара алат экен деп тынымсыз ойлонуп келе берип акыры чыдабай кетип:

— Кана эмесе таяк,- деп жиберди. Таяк дароо эле кембагалдын колунан ыргып, жандуудан бетер өзүн сабап кирди. Көрбөгөн киши ишенбейт! Тимеле кембагалдын эсин оодарып койо жаздады. Дагы жакшы, кембагал “жетиштүү!” деп кыйкырганга үлгүрүп калып, таяк токтоду. Кембагал иштин жайын дароо түшүнүп, жолдо ката көнгөн ашканасына кайра кайрылды.

Ашпозчу аны өз агасындай тосуп алып, алаканына сала жаздап сыйлады. Дагы кереметтүү эмне алып келди экен деп үмүттүү карады.  Кембагал чындап эле өз бир тууганыныкына келгенсип ыңгайлуу сөрүгө кериле жатып, ашпозчуга таякты сунуп мындай  шыбырады:

— Досум, бул таякты жакшылап катып койчу, дагы бир ниети жаман бирөө буга: “Кана эмесе таяк”- деп айтып жиберип жүрбөсүн.

— Айтканыңдай болот досум!

Кембагал уктамыш болуп жатып калганында ашпозчу таякты көтөрүп алып аялына  жүгүрүп барып:

— Кана эмесе таяк!- деди өкүм үндө. Айтып оозун жыйгыча колунан таяк ыргып кетип, өзүн баштан ары бир салды,  жанында эмне керемет болуп кетер экен деп карап турган аялын жонго чапты. Экөө эмне болуп кеткенин түшүнбөй эсеңгиреп туруп калышканда таяк аларды алмак-салмак тынымсыз сабай  баштады. Тимеле жүн сабагандай кылды. Ашпозчу менен аялынын Кудайга үндөрү жетти:

— Оо эл журт, жайламай болду! Сактап калгыла!

— Өлтүрдү-ү!  Кой дегиле!

Кембагал албетте аларды укту, бирок уктамыш болуп калды.  Аз болсо өмүрү менен кош айтышарына көзү жеткен ашпозчу кембагалга качып келди.

— Ойгон досум!  Туруп мынабул шумдуктан сактап кал! Мен атыңды дагы, дасторконуңду дагы кайрып берем!

Кембагал өйдө болуп, оозун ачып эстеп, ыңгырангыча ашпозчу атканадан сыйкырлуу атты жетелеп келди, анын аялы дасторконду каткан жеринен сууруп чыкты. Кембагал дасторконду бөктөрүнүп, аттанган соң гана таякка буйрук берди:

— Жетишет, таяк!

Ошентип кембагал үйүнө кайтып келди. Бирок аялы аны короосуна кирери менен айкырыкты салып кубалап чыкмак болуп, ачуусун агытып келатканда кембагал  атынан секирип түшүп бир нече сөз айтты эле, короо ортосуна дүйүм тамак жайнап калды, сыйкырдуу аттын тула боюнан тыйындар шыңгырап түшө баштады. Кембагалдын аялы эч нерсеге түшүнбөй туруп калып, анан жадырай жылмайды, ачуу айкырык чыгып келаткан оозунан эми жагымдуу сөздөрдү жаадырды.

Албетте, анан мындай кереметке ээ болгон адамдар кереметтүү  жашоо кечирип, жыргап-куунап жашап калышты.

А мен болсо калпты катырдым, күндү төбөдөн чыгарып, чыгышка батырдым, анткенимдин себеби, ашпозчудай алдамчыларга сабак болсун деп жатырмын…

Которгон Кубанычбек Аркабаев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *