Олжобай ШАКИР: Шарияттын адаштырган жолу

<<<<<<<<<<<Башы

Тагдыр ташпиши Жалилдин ата-энесин тентитип жиберген шоркелдейлер экен. Турсун менен Закен ал күнү Жалил ээрчитип барган жерге жөнөштү. Таяжемдин үйү деген тооккепедей эски үйдүн короосуна кире берген жерден колуна сабы чолок балта көтөрүп, мурдунун суусу куюлган бала жүгүрүп чыкты. Көкмуштумдай. Үшүгөн колдорун оозунун буусуна такаган бала Жалил менен бирге келген чоочун адамдарга бүшүркөй карап, салам узатканга жарабастан жолдон четтей берди да, дөңгөчкө балтасын кайра шилтеп, отун жарганга киришти.

– Менин үкам бул… Аты – Капар. – деген Жалилдин үнүн эшиткен келин үйдөн чыга келип, калдастап калды.

Жалил болсо үкөсүнүн колундагы балтаны алып, дөңгөч менен алыша кетти.

– Арыбаңыздар, – короодон кирип келгендердин алдынан тосо салам узатты келин.

Меймандарга келиндин суроосу тил учунан чыкпады, көздөрү узатты суроону. Келин кош бойлуу эле.

– Мен… Жалилдин мугалими болом, – Закен мектеп мугалими экенин түшүндүрдү, – бул менин жолдошум, – деди Турсунга кол жаңсай.

– Келиңиздер, – илбериңки ийилип, үйгө киргиле деген ишарат кылды. Ишарат билдиргени менен, күтүүсүздөн келген меймандардын алдында ыңгайсыз абалда буйдалып турду. Тоок кепедей үй ичине меймандарды өткөзгөндөн уялса да, улага ээси пейил көрсөтпөй коюуга ылажысы барбы? Босогого чейин келген меймандарды киргиле деш ооз учундагы даяр парыз го. Парыз үчүн айтты чебелектеп: – Өтүңүздөр…

Сырттагы кобур-собурду эшиткен эки периште үйдөн жүгүрүп чыкты. Моюндарына илинген мончок таштары да, өздөрү да айрып алгыс опокшош чийедей наристелер эгиз экени көрүнүп турат. Мындай айрып алгыс окшоштукту Турсун менен Закен өмүрү кезиктирген эмес эле. Мончок таштар бирине бири кандай окшош болсо, экөөнүн тостойгон көздөрү, быйтыйган колдору, бүртүйгөн эриндери, чулчуйган жаактары, тармалданган саамай чачтары – баары, баары биринен бири айрып тааныгыс окшоштугу мейман көзүнө дароо илинди.

Үстүлөрүндөгү жамаачыланган кийимдеринен гана айырмаланбаса, экөө тең мөлтүрөгөн эки тамчынын өзү эле.

Мончок десе мончок таштай, тамчы десе тамчы суудай эки периштенин окшоштугуна үстүлөрүндөгү жамаачыланган кийимдери гана коошпой турду. Жамаачыланган кийимдерди эне кургур эки периштесин биринен экинчисин ажыратып тааныш үчүн кийгизбегендир, жамаачы кийимди жакыр турмуш кийгизген окшобойбу. А моюндарындагы мончок таштар – эне кургурдун көз тийбесин дегенидир…

– Үшүйсүңөр, киргиле! – чебелектеген келин эки эгизге жүгүрдү. – Үйдү муздатасыңар, каалганы жапкыла, – периштелерин ары түртүп, каалганы шарт жапты.

Бул үйбүлөнүн бирине тартса, экинчисине жетпеген тартыш жашоосун Закен да, Турсун да илгиртпей баамдады.

Үйүнө күтүүсүз баскынчы келгенсиген келиндин үнүн калтырак басып турду. Мугалим алдында өзүн айыптуудай сезип апкаарыган бечара арыда отун жарганга киришкен Жалилге карады:

– Дагы эмне бейбаштык кылдың экен мектепте?

– Жо-жок… Бу баланын эч кандай бейбаштыгы жок, – Закен жайдары маанайда жайкап сүйлөөгө өттү: – сиз менен өз кишиче көзмө көз сүйлөшүүгө келдик. Эч камсанабаңыз. Үйдөн эмес, шул жерден эле…

Келиндин шаштысы кетип, көзүндө жалтаңдык мүнөз жалт-жулт жанып турду…

– Мен да коркуп кеткенимчи…. Дагы эмне балээ басты деп…

Каалга кыйчылдап, ээрчишкен эки периште сыртка кайрадан башбакты. Кыштын кычыраган суугунда каалганы улам-улам ачкан наристелердин чоочун адамдарга таңыркоосун ким тыймак. Алар каалгадан башбактаган сайын үй ичиндеги жылуулук сыртка качып, сырттагы ызгаар ичкериге жылчык талашканын туйган Турсун менен Закен да ыңгайсыз абалга кептелишти.

– Үйдөгү жылуулукту муздатпай кирсе кирели, – Закен ортодогу ыңгайсыздыкты туюп, үйгө кадам шилтеди.

Үй ичи муздак эле. Келин быкшыган мештин үй жылыта албай атканын айтып күңкүлдөдү:

– Мору көөгө толгонбу… күйбөй быкшып. Отунубуз кургак болбой атабы же?..

– Азыр, анын жарасы жеңил, – Турсун сыртта дөңгөчтү дүңкүлдөтүп жаралбай аткан Жалилге жардам бермек болуп чыгып кетти.

Бир заматта кулачы толо отун кучактаган Турсун кирип келгенин көргөн келин жанын коёр жер таппай, чебелектеп жиберди:

– Кечирип коюңуздар… мейманга отун жардырып… Биз карале жерге кирсекчи… Жолдошум шарият жолундагы киши болгондуктан, дааватка кетип… – келин күнөөлүү немедей чебелектеп жиберди.

– Эч нерсе эмес. Камсанабаңыз, – айыл тирлигин көрүп өскөн Турсун мордун көзү толуп калганынан шектенген жок. Адегенде мештин оозун ачып, мурда салынган отундар быкшып түтөгөнүн көргөндөн кийин морду көөлөш керектигин түшүндү.

Чийедей балдары менен муздак үйдө тирлик кечирген кош бойлуу келиндин тагдырына кол шилтеп басып кете алаар эмес эми. Жонундагы пальтосун чечип, морду тазалоону ойлонду дароо. Жалилге таптырып келген узун шыргыйдын башына керектен чыккан чүпүрөктүн айрыгын ороп жиберди эле – анысы селдеге окшоп калды. Чатырдын башына Турсун өзү чыкты. Морду төбөсүнөн ылдый бир заматта көөлөп болгондон кийин мештин алоолоп күйгөн оту куркулдайдын уясындай жалгыз бөлмөлүү үйдү тез эле жылытты. Боркулдап чай да кайнады. Ал арада Турсун короодо болгон дөңгөчтөрдү карсылдата жарып, Жалил менен Капар жарылган отундарды бир бурчка тизип таштады.

Сөз кезеги келгенде баятан Турсун менен Закенден апкаарып отурган келин өз датын баяндап, бышактап берди. Жалил менен Капардын апасы өзүнүн бир тууган сиңдиси экенин айтып, тагдыры тайкы сиңдисинин чоо-жайына өттү:

– Россияга жумуш издеп кеткен күйө балабыздын башын үйрүп алганбы, сиңдиме талак берип ажырашып, жандими бирөөнүн үстүнө кирип алыптыр болчу, – деген келиндин оозун Жалил менен Капар таңгалгандай тиктешти. Бирок ал экөө дин жолундагылардын талак дечү сөз маанисин кайдан түшүнсүн. – Кийин ошоякта жүрүп… – келиндин көздөрү жээндерине жалт бир тиктеп алды да: – Баргыла, сөз тыңшабай… Короодо үйүлгөн карды көчөдөгү арык боюна ташып койгулачы… – деп тынып калды. Таяжесинин айтканын толук уккусу келип турса да Жалил аргасыздан үкөсүн жетелеп, сыртка жөнөгөндөн кийин гана келиндин сөзү уланды: – Ушул чыканактай эки жээнимдин атасы башка бирөө менен жашап жүрүп, уурулук кылган экен… Соттолуп кетип, азыр Россиянын түрмөлөрүндө… Сиңдим болсо… Ал шордуубуз… Кийин башка бирөөнө турмушка чыгып… бактысын таппай жүрөт…

♦ ♦ ♦

Турсун менен Закен Жалилдин жагдайын ошондо түшүндү. Ошондон кийин Капар экөөнү тең өздөрү менен кошо ээрчите кетишкен. Келинден болсо анда-санда кабар алып, каралашып жүрүштү.

Турсун да, Закен да Жалил менен Капарды асырап алууну чечишти. Өздөрүнүн үйүнө алып келген күндөн баштап, тарбия-таалим үчүн какшангандары бул болду:

– Билимсиз адам менен өнөрсүз адам ууру болуп чыгат!

«Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы» дечү ата-баба накылы турмуш чындыгы болуп чыкты. Жалил менен Капар кийин Европа өлкөлөрүнөн билим алууга канат какса, өз уулу Абдыбектин турмуш жолу минтип күйгүлтүккө салар болду го.

Жалил менен Капардын ийгилиги Турсундун бир эсе сыймыгын арттырса, бир эсе ичин күйгүзөт. Ичи күйгөнү – өз канынан жаралган Абдыбеги бала күнүнөн эле тиги экөөндөй кыялкеч, тырышчаак болуп өспөгөнү. Мурда өз курбалдаштарынан билими артта деген Жалил баарынан алдыга озуп чыга келди. Мурда классынан артта калып келгенине арданганыбы: күнү-түнү тирмейип сабагынан баш көтөрбөгөн тестиердин билимге ынтаа койгон жөндөмү улам арта берди. Өзү тургай үкөсү Капардын да зээнин ойготуп, китептен баш көтөрбөгөн тырышчаак Жалил кийин интернеттин онлайн программасына байланды. Өз келечегин да, Капардын келечегин да онлайн аркылуу тапты. Жылдан жылга тест тапшырып жүрүп, акыры онлайн анын жолун Европага ачты.

Турсун менен Закенди баарынан таңгалдырганы – Жалил үч жылдан кийин 9-классты жаңы аяктаган үкөсү Капарды Прага шаарынын колледжинен билим алууга жол таап бергени болду. Буга Турсун менен Закендин сыймыгы артпай коймокпу, биресе төбөлөрү көккө жетип сүйүнсө, биресе өз алдынча билим алууга аракети жок Абдыбектин жатып ичер жалкоолугуна арданышты. Ичтери күйдү. Ичтен чыккан ийри жыланга айланган Абдыбекке чала молдолордун таасири ата-эненин нускасынан да артык көрүндү белем: университеттеги билимин таштап, Бангладештен билим алуу оозунан түшпөй калды. Жалилдин мисалы ага үлгү боло албады. А Жалилдин аркасы менен бара-бара Турсундун колунан билим алган жаштардын көбү Европага билим алууга агылып кете баштады. Абдыбек болсо диний билими менен чектелип кала берди. Турсунду арданткан, ызаланткан көй да ушул.

Агер Абдыбеги диндеги асылдуулуктун жолун аңдап, философиясын тааныса – буга жан дилинен макул эле. Бирок уулунун диний догмаларды кайталаган тотукуш болуп чыга келгени – ата-баланын ортосундагы чатакка айланганын кантип басса экен?..

Баарынан күйгүзгөнү – үйдө Жалилдин ийгилиги кеп болуп калган учурда Абдыбектин түркөйлүк адаты кармайт:

– Койгулачы ошону, – дейт ата-энесинин кебин кыртышы сүйбөй, – бузулган Европадан кайдагы билимди алмак эле? Ал балаңар еврейлердин шайтаны. Болбосо ага эмнеге бекер билим берип атышат?

– Болуптур, сен айткандай аны Батыштагылар бекер билим берип тарбиялап атыптыр дейли, а өзүңө окшогондорго ким бекер билим берип атыптыр Бангладеште?! – жаны кашайган Турсундун айласы кетип туттугат буга…

Өткөн-кеткен турмушту ой элегинен өткөргөн Закен менен Турсун үйгө да жетип келишти.

Дарбазанын ачылган добушун эшиткен Барчын үйдөн жүгүрүп чыкты.

– О келип калдыңыздарбы?

– Абдыбек үйдөбү? – уулунун үйгө токтобос болгон адатынан заарканган Закен тынчсыздана сурады.

– Үйдөле. Намазын жаңыле баштады окшойт.

– Түн ортосунда да намаз окуйт бекен адам? – кыжыры кайнагансып күңк этти Турсун.

Уулунун аман-эсен келгенине эне жүрөгү жетиналбай отурду.

– Жүдөп-какап кетиптирсиң го балам, – Закен Абдыбектин маңдайынан сүйдү.

– Коюңузчу, апа… – уулу карсылдап күлдү.

– Мынабу сакалыңды бир аз кыскартып алсаң боло, кагылайын… Тыкан жүрбөйсүңбү.

Апасынын айтканы кулагынын сыртынан кетти.

Турсун жол жүрүп чарчап келгенин айтып, негедир эрте жатып алды. Уулу менен эртең сүйлөшмөй болду…

Закен өз дарты жөнүндө азырынча толук эч нерсе билбегени менен онкологиялык оорулар бөлүмүнө анализ тапшырганы туурасында уулуна сөз айтууга оозу барбады. Уулунун жүрөгүн аяды. Бөлөк эл, бөтөн жерден ырайы жүдөп келген Абдыбегин аяп, кеп тизгинин тартып отурса да, жүрөгүндөгү каалоосун туюнткусу келди:

– Келинчек алып, колумду узартар эрезеге да келип калдың… Качан үйлөнөйүн деген оюң бар?…

– Машаллах, машаллах… Оюмда ал.

Уулунун шар жообуна эне жүрөгү туйлап сүйүндү.

– Ошент, каражаным. Келинчегиңдин колунан ысык чай ичип өлсөм арманым болбос, – үнү кардыгып, көздөрү жашылдана түштү, – качан үйгө апкелип тааныштырасың ал кызды? – тамаша-чыны аралаш кеби менен анын ким экенин билип алгысы келди, болочок келинине эмитен эбедейи эзилди ичинен.

– Мен тааныштырчу кыз тегерегиңизде эле жүрбөйбү. Тааныйсыз аны сопсонун, – уулу да тамаша ирээтинде табышмактатып койду кеп учугун.

Закендин ою бирде коңшу-колоңдордун кыздарына, бирде тели-теңтуш, тааныштардын бойго жеткен кыздарына оой берди. Бирок кимисинин кызына Абдыбегинин назары түшүп жүргөнүн таппады. Боолгой да албады.

– Кимдин кызы?.. – Закендин сүйүнүчтүү көздөрү уулуна кадалды. – Табышмак кылбай айтсаң… Тегерегибизде… Кимдин бойго жеткен кызы? Тиги өйдөңкү кошуна Ишендинби?

– Туугандарыбыздын эле кызы.

– Жинди болбосоң, балам.

– Жиндиси жок эле, – Абдыбегинин камаарай турган түрү жок.

– Алыс туугандардын кызыбы деги? – чочулоо пайда болду Закенде.

– Шариятта биртуугандардын балдары үйлөнгөнгө жол берет, – кесе жооп кайтарды.

Муну уккан эненин денеси жыйрыла түштү.

Уландысы>>>>>>>>>>>>>>

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.