Эрк – бакытка өбөлгө

Пхенчян шаарында болуп жаткан дүйнөлүк олимпиадага Кыргызстандан да спортчулардын чакан тобу жөнөп кетти. Кошуна Казакстандын атынан муз бийи боюнча жарышка жөнөгөн Элизабет Турсынбаеванын апасы Падишахан Султаналиева – кыргыз кызы. Ушул зор сыноого аттанган чакта да канатташ кыргыз менен казакты, уул-кыздардын таалимин ойлойт экен. Анын бүгүнкү маеги да окурманды кайдыгер калтырбайт деп ойлойм. — Падишахан, кыргыз менен казактан буга чейин муз бий чеберлери чыккан эмес эле. Спорттун өзгөчө чеберчиликти, көркөм табитти, анан, албетте, бекем эркти талап кылган бул түрүн кандайча тандап […]

Индонезия эл  жомогу: Сот менен соку таш

Бир жолу Бао-гун  сот арабасына чалкалай отуруп, эки жакты каадалуу карап көчө менен өз ишине баратып, жол боюндагы соку ташта муңга бата  ыйлап  отурган баланы көрдү. Ал дароо арабакечине арабаны токтоттуруп, баланы өзүнө чакырып сурады: — Эй бала, сени ким таарынтты? Эмнеге ыйлап отурасың? — Эртеден бери үйдөн апам бышырып берген май токочторумду бир сомдон сатып, алардан түшкөн эки жүз сом акчамды ушул эле бошогон чабыра себетиме салып кетейин деп өйдө боло бергенимде кайдан-жайдан бир көз боочу пайда болуп, мага […]

Турсунбек Акундун сакалынан эмес, сакасынан айрылган кези

1968-1969-окуу жылында бизге Мурадилов Бекелең деген жаш мугалим агай келип окутуп калды.   Негизи, ал агайдын чыныгы аты Турсунаалы.   Ал агай адамдарга жылдыздуу,  татынакай жана жарашыктуу кийинген жап-жаш жигит.  Ошол кезде окуусун бүтүп бизге жаңы эле келсе керек.   Агайыбыздын бизге туугандык жайы болгондуктан мен ал агай менен башка окуучулардын алдында сыймыктанчумун.  Бекелең  агай коңшу Таш-Башат (Ошол кездеги Ворошилов) айылында жашаган биздин тууганыбыз Мурадилов Жылтыр атабыздын уулу.   Бекелең  агай күнүгө кычыраган кыш экендигине карабастан он чакырымга чукул жогоруда айтылган коңшу Таш-Башат айылына […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Кыш маанай

Жыртылып жылдыз көрүнбөй, Капкара туман асманда. Бурганак согуп, аппак кар Кычырайт бутта басканда. Эптеп жылыйт үй ичи, Картөшкө манту касканда. Күйпөктөп жүрөт байбичем, Төшөгүн салып жатканга. Унутпай уулум камдап кой, Атаңдын тонун жапканга. Капчыкта акча түгөндү, Мал дагы арык сатканга. Өнтөлөп жүрүп түшөбүз, Өлүм шум салган капканга. Эскерээр бекен балдарым, Кызарып күнүм батканда. * * * Жылыткычтар иштеп сайылган, Коюу түтүн чыкпайт айылдан. Калдыркандай тоңгон шейшептер, Жума мурун жуулуп жайылган.   Кайдадыр бир кеткен өмүрдөй, Чана тепкен балдар көрүнбөй. Баштагыдай […]

Садир ДОСБАЕВ: Рух дарагы (1-макала)

Айыл чети. Бир бай түп эбегейсиз бийик дарак. Арбайгандан тарбайып турган бутак шактары, качандыр бир убакта күндүн мээ кайнаткан аптабынан, көз ачырбай чакалап куйган кара жаандан көлөкөсүнө бир чоң айылдын элин батырып, калкалап тургандыгынан кабар берип тургансыйт. Оо анда, ал-кубаты жайында, бутак-шактарынын баары жазында текши гүлдөп, жыпар жыты жандуунун баарын мас кылчу да, жайында жапжашыл болуп жайнаган көркү көз жоосун алып суктандырса, мөмөсү бышкан убак, «ак төөнүн карды жарылган» күздөн кабар берип турчу. Айлуу түндөрдө түбүндө канчалаган кыз-жигиттер жолугушуп, жүрөк […]

Декабрь кечинде Чыңгыз, Бүбүсаранын үйүндөй сезилген жарык-тынч… театр

Чакыруу кагазы жетпей калган 50 жылдык… Андан беш жыл мурун – 1973-жылдын 12-майында кыргыз элинин чолпон жылдыздай нур кызы – 47 гана жашында жарык дүйнөдөн узаган даңазалуу бийчи Бүбүсара эженин сөөгү өзү бийлеген опера жана балет театрынан чыккан. Анан… Анан 1978-жылдын 12-декабрында – дагы “12” деген жышааналуу сан менен белгиленген күнү Чыңгыз Айтматовдун 50 жылдыгына арналган салтанаттуу кече аура жана сыйкыры өзгөчө сахнасында Бүбүсара эже бийлеген ушул опера жана балет театрында өткөн. Адам тагдырын, дегеле бүткүл аалам жашоо-турмушун жогортон башкарган […]

Жетиген АСАНБЕК: Ачыла элек сандыктагы бычыла элек кундуз жылт эттиби?

Барган сайын көбөйгөн мамлекеттин карызы, чечилбей келаткан чек ара маселелери, Дача-Суу курмандыктары, саясатчыларга, журналисттерге карата саясый куугунтуктар, сот бийлигиндеги чалмекей, мыйзамсыздыктарды мыйзамдаштыруу, коңшу мамлекеттер менен келишпестиктер, экономикалык тармактын былк этпегени, миграциянын барган сайын күч алышы – эл башкаруунун ордуна атаандаштары менен айыгышып айгай салып жүргөн ажонун ишинин жыйынтыгы ушундай гана болмок. Сөздүн чыны, президенттик шайлоодо ушундай ажонун ишин улантам деп турган мураскордун бийликке келгени өлгөндүн үстүнө көмгөндөй эле кылган. Тирүүчүлүктө жакшылыктан үмүт үзүлмөкпү. Каалагандар да, каалабагандар да буйрук деген ушу […]

Талип Ибраимов: Ангел

Повесть лауреата Русской премии-2006. Грустная история, действие которой разворачивается в бедном квартале современного кыргызстанского города. Повествование ведется от лица 18-летней девушки из маргинальных слоев населения. Мимо меня, принюхиваясь к редким полуночникам, прошмыгнула «ментовка». Я невольно ускорила шаги — такая уж у меня реакция на родную милицию, и тут уж ничего не поделаешь. Виновата, не виновата — сердце бедное скукожится, мысли — врассыпную, а ноги — проклятые! — несут! Ещё издали на нашем пятачке я увидела Нурдина. Отстранив от своего прилавка, […]