Пхенчян шаарында болуп жаткан дүйнөлүк олимпиадага Кыргызстандан да спортчулардын чакан тобу жөнөп кетти. Кошуна Казакстандын атынан муз бийи боюнча жарышка жөнөгөн Элизабет Турсынбаеванын апасы Падишахан Султаналиева – кыргыз кызы. Ушул зор сыноого аттанган чакта да канатташ кыргыз менен казакты, уул-кыздардын таалимин ойлойт экен. Анын бүгүнкү маеги да окурманды кайдыгер калтырбайт деп ойлойм.

— Падишахан, кыргыз менен казактан буга чейин муз бий чеберлери чыккан эмес эле. Спорттун өзгөчө чеберчиликти, көркөм табитти, анан, албетте, бекем эркти талап кылган бул түрүн кандайча тандап калдыңар?

— Кичинекейимде кышкысын жылгаяк тепкенди абдан жакшы көрчү элем. Москвада тун уулум Тимурду төрт жашар кезинде жетелеп жүрүп бир күнү кокусунан муз тебүү жайынын тушуна барып калдым. Музда бийлегендерди көрө кетели деп баш багып, бармактай балдардын музда чимириле бийлегенине арбалдым. Телевизордон карасаң деле жакшы, бирок жанынан көргөндө – укмуш! Ошентип, Тимурду катыштыра баштадым. Андан кийин Элизабет беш жашка чыкканда кошулду. Ырас, башында азыркыдай бийик максаттарды көздөгөн эмеспиз – мүнөздү тарбиялаганга таяныч, ден соолукту чыңдаганга, табитти өстүргөнгө өбөлгө болорун гана ойлогон элем.

Турмуштун ысык-суугун далай ирет баштан өткөрүп, эки жогорку окуу жайды аяктап, түркүн адамдардын тагдырын жакындан билгендиктен, чоң спорттун деле азап-тозогу канчалык оор болорун сезчүмүн. Тимур алгачкы жеңиштерине жетишкен кезде гана буга чындап кызыгып, машыктыруучулук өнөрдүн сырларын үйрөнө баштадым. Өзүм да психологмун. Балдарымдын таланттуу экендигине көзүм жеткен соң Ирина Страхова, Наталья ДубинскаяАлександр Шубин, кийинчерээк Елена Водорезова жана Светлана Соколовская сыяктуу мыкты машыктыруучуларга алпарып жүрдүм. Ырас, адегенде Элизабетти такыр жарабайт деп чыгарып да салышкан эле. Бир жыл Аксыда таенесинин колунда жүрүп баргандан кийин кайра кирип, муз бийине биротоло аралашып кетти. Акыркы жылдарда канадалык атактуу машыктыруучу Брайан Орсердин таалимин алды.

— Буга чейин Элизабет өспүрүмдөр арасында өткөрүлгөн дүйнөлүк мелдештерде, мисалы, Германияда, Эстонияда юниордук жарыштарда, кийин АКШда чоңдор арасында экинчи, Канадада биринчи орундарды ээлептир. Саппородо өткөн VII кышкы Азия оюндарында үчүнчү орунга чыгыптыр, а былтыр Хельсинкидеги дүйнөлүк чемпионатта эң мыкты он муз бийчинин катарына кирип, Түштүк Кореяда азыр башталган олимпиадага эки жолдомо утуп алыптыр. Бул анын көп сандаган ийгиликтеринин айрымдары гана. Мунун баарына жетиш – айтканга гана оңой, чынбы?

— Албетте. Бул чоң жарышка жолдомо алыш үчүн ушунчалык көп мээнет кылып, өтө чоң кыйынчылыктарды жеңип өтүшкө туура келди. Буга чейин деле далай азаптарды баштан кечирдик эле, бирок бул ирет өтө оор жагдайдан чыгыш керек болду. Зор максатка, кыялыңдагы бийиктикке умтулганда баарына кайыл болуп, кайратыңдан тайбашың керек.

— Олимпиаданын ачылышына катышпадыңарбы?

— 10-февралда барышыбыз керек эле, бирок Лиза күтүүсүздөн жаракат алгандыктан, учакка белетибиз күйүп кетти. Дубайда, андан соң Алматыда дарылагандан кийин калган он эле күн ичинде программаларды толугу менен калыбына келтирүүгө аргасыз болдук. Элизабетти өзүм гана билген кайталангыс  метод менен бутуна тургуздум, эми олимпиадага 16сында аттанабыз. Улуу машыктыруучу Брайан Орсер азыр башка шакирттери менен Пхенчханда бизди күтүп жатат.

— Брайан Орсер бул кадамыңарга кандай карайт? Баргыла, катышкыла деп батасын бердиби же…?

— Ал биздин чечимди толугу менен колдоду, Элизабеттин дареметине, менин машыктыруучулук жөндөмүмө, салттуу эмес өзгөчө ыкмаларды  ийкемдүү колдоно билериме ишенет. Мен психологмун, эң татаал кырдаалдардан эң алгылыктуу жолду таап чыгып кетериме көзүм жетет. 2016-жылы Норвегияда болгон Жаштардын (юниорлордун) кышкы олимпиадасынын алдында да Элизабет жаракат алганда, оюндан чыгып кала турган болду эле. Бирок баары бир күрөштү өжөрлүк менен улантып, коло медалга жеттик. Анда Брайан Орсерге айтып, тобокел кадамдын жоопкерчилигин бүт бойдон өзүмө алам дедим эле.

Андан кийин Японияда болгон Азия оюндарында да Лиза кыска программада катуу утулуп, сегизинчи орунга түшүп калган. Ошондо да өтө көп иштеп, кызыма дем берип, коло медалга ээ болгонбуз. Мына эми азыр да ошондой оор кырдаал түзүлдү.

— Чоң тобокелге барып жаткан экенсиңер.

— Ооба, ооба. Бул ирет олимпиадага катышпай эле койсок болмок, бирок Казакстандын атынан Лизанын ордуна чыккыдай эч ким жок да.

— Буга чейин башка  өлкөлөр менен иштешип келдиңер беле?

— Казакстандын атынан төрт жылдан бери чыгып турдук. Ага чейин Россиянын атынан катышчубуз. Дүйнөлүк олимпиадага алгач ирет өз өлкөбүздүн желеги менен чыкканы турабыз. Муз бий боюнча Казакстан тарыхта биринчи жолу чыгат. Хельсинкиде болгон дүйнөлүк чемпионатта Лиза ушул олимпиадага утуп алган эки лицензиянын бирин дагы бир казак кызга тартуулады – ал өзү эч качан мындай мүмкүнчүлүккө жете алмак эмес. Азыр бул олимпиадага Лизанын барышынын өзү эле тарыхый окуя. Бул үчүн кызым төрт жашынан баштап күрөшүп келет.

Сүрөттө: Падишахан Султаналиева кызы Элизабет жана күйөөсү Байтак Турсынбаев менен.

— Элизабет спорттон башка эмнеге кызыгат?

— Ал скрипкачы эмеспи, көп жыл бою сабак алды, азыр да таштап салган жок, колу бошой калса эле тарта берет.

— Силердин ийгилик жомоктогудай ажайып көрүнөт…

— Биз жеткен ийгиликке ар бир кыргыз жете алат! Ушул чындыкты баса белгилеп, элге түшүндүрүш керек. Албетте, кимдир бирөө чаканыраак, башка бирөө чоңураак жеңишке жетет, бирок максатын туура аныктап, талыкпай изденген, кыйынчылыктан жалтанбай өжөр иштеген, өзү билген чындык үчүн коркпой күрөшкөн адам сөзсүз бактылуу болот.

Жалкоолонбой, өз жүгүн өзү көтөрүп, жоопкерчиликтүү жашаганга балдарды кичинекейинен тарбиялашыбыз зарыл. Кимдир-бирөө шарт түзсө же башкалар эле кылса деп жата бербей ар ким колунан келишинче аракеттенүүгө тийиш. Азыр кандай учкул заман, а биз уйкусурап отурабыз! Ар бир күн, саат, мүнөттү текке кетирбей, балдарыбызды туура жолго багыттай, дайыма колдой беришибиз керек.

Менин тилегим, дайыма ойлогонум – биздин кыргыздар чоң максаттарга умтулса, бийик мүдөө менен жашаса дейм. Бирок биздикилердин кайдагы бир болбогон нерселерге алаксып жатканына күйүп кетем.

— Убактысын да, күч-аракетин да, акчасын…

– … баарын бөөдө коротуп жатышат. Кафеде отурганына, тапканын аш-тойлорго коротконуна маашырланып, балдарынын эртеңки күнүн эч ойлошпойт. Россияда иштегендердин кыйласы балдарын алпарып окуткандын ордуна көңүл ачып эле жүрүшөт. Арасында артисттери бар, ар ишемби, жекшембиде ар жерде ырдай берет, ырдай берет, а балдары Кыргызстанда жакыр турмушта жашайт. Же өздөрү өсүшкө умтулбайт – утурумдук нерселерге алаксып, анча-мынча тапканын куру дымакка сапырып эле жүрүшөт.

Андан көрө балдарыбыздын дареметин толугураак ачууга бар күчүбүздү жумшасак, бийик максаттарга багыт берсек, Кыргызстанды сүрөсөк болбойбу? Көчөдө тарбиясыз, адепсиз адамдарды көрбөгүдөй кылып маданиятыбызды өстүрүш керек да!

Азыр карасам, Кыргызстандын командасы менен беш эле киши барат экен, анын да экөө гана спортчу. Эгер мамлекет спортко жетиштүү кам көрсө, шарт түзсө, 20-50 адамды жиберсе болмок.

— Бизде спорттун эрежесиз эр уруштай кара күчкө басым жасаган өтө зулум түрлөрүнө көңүл көбүрөөк бурулуп жатат. Көркөм гимнастика, муз үстүндөгү бий сыяктуу башка төрлөрү кароосуз калгандай. Мейли, бокс, күрөш сыяктуу түрлөрү деле өнүгө берсин, бирок    адамдын эстетикалык, рухий, интеллектуалдык жагынан жетилишине да кам көрүп менен теңдештире жүрбөсө болбойт да.

— Туптуура.

Маектешкен Жолдош ТУРДУБАЕВ

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *