Бир жолу Бао-гун  сот арабасына чалкалай отуруп, эки жакты каадалуу карап көчө менен өз ишине баратып, жол боюндагы соку ташта муңга бата  ыйлап  отурган баланы көрдү. Ал дароо арабакечине арабаны токтоттуруп, баланы өзүнө чакырып сурады:

— Эй бала, сени ким таарынтты? Эмнеге ыйлап отурасың?

— Эртеден бери үйдөн апам бышырып берген май токочторумду бир сомдон сатып, алардан түшкөн эки жүз сом акчамды ушул эле бошогон чабыра себетиме салып кетейин деп өйдө боло бергенимде кайдан-жайдан бир көз боочу пайда болуп, мага оюн көргөзө баштады. Мен аны көпкө деле көргөн жокмун, бир маалда кетейин деп себетимди алсам эле акчам жок…- деп бала бош калган чабыра себетин көргөзүп, ого бетер өңгүрөп ыйлай баштады.

Баланы  кабагын чытып угуп отурган Бао-гун анын майланышкан чабыра себетин карап  азырак ойлоно түшүп, анан  кайра сурады:

— Сен көз боочуну карап турганда чабыра себетиң кайда эле?

— Чабыра себетим ушул эле соку таштын үстүндө болучу.

— Акча чабыра себетте болсо, чабыра себет соку таштын үстүндө турса анда…- деп сот ойлоно түшүп: — Анда аны соку таш уурдаган турбайбы!  Желдеттер! — деп капысынан кыйкырып, жетип келген аларга буйрук берди: — Баланы жана соку ташты суракка алып жөнөгүлө!

Ошентип желдеттер соку ташты унаага артып, балага чабыра себетин  көтөртүп, аларды сотту карай алып жөнөштү. “Сот соку ташты суракка алат экен”,- деген кабар шаарга дүң дей түшүп, кыларга иши, саларга кушу жок эрингендердин баары соттун акылсыздыгына күлүшүп, ал суракты көрүүгө  шашылышып, бат эле сот залы элге жык-жыйма толуп чыкты.

Ошентип элдин алдына соку таш коюлуп, анын жанына себетин көтөргөн бала тургузулуп, ичкериден каадалуу түрдө чыгып келген Бао-гун сот сурагын баштады.

— Анда сурак берүүчү соку таш адилет соттун алдында бир гана чындыкты айткын! Жабырлануучунун чабырадагы акчасын сен уурдадыңбы!?

Сот канчалык сүрдүү болгону менен таш деген таш да! Андан “дыңк” эткен бир да дабыш чыккан жок. Элдин буга аябай күлкүлөрү келгени менен соттон коркконунан эч ким күлө албады. Алардын ордуна соттун балкасынан тарс эткен катуу үн чыгыпп, соттун да заардуу үнү чыкты:

— Соку таш, жооп бер! Үстүңдө турган чабырадагы акчаны сен уурдадыңбы?!

Сот канчалык сүрдүү да, заардуу да болгону менен соку таш соксоюп дале үнсүз тура берди.  Бао-гундан  корккон эл да күлкүлөрүн араң тыйып турду.

— Желдеттер! — деп кыйкырды ошондо сот.- Мына бул улуу даражалуу сотту тоготпогон ташты  таяк менен тогуз жолу чапкыла!

Өз милдетине киришкен желдет таягын көтөрүп келип, соку ташты бир-эки чапканда  ал солк этип да койгон жок. Буга ачуусу келген сот айкырып жиберди:

— Катуура-ак!!!

Муну угуп коркуп кеткен желдет таягын баардык күчү менен шилтегенде анысы быт-чыты чыгып сынып, чамындылары туш тарапка чачыраганда көрүп тургандар  күлкүсүн тыя албай зал ичин баштарына үч көтөрө каткырыкты салышты.

Тимеле дүйнөдөгү эч бир маскарапоз, кыйын деген куудул дагы көрүүчүлөрүн мындай күлдүрө албаса керек. Бирок бул жерден бир гана сот күлбөстөн, тетирисинче, ачуусун агытып, каарын катуу сала кыйкырды:

— Бул эмне деген тартипсиздик! Бул эмне деген адилет сотту сыйлабастык! Силер эмне коомдук жайда өзүңөрдү кандай алып отурушту билбейсиңерби? Бул үчүн мында отургандарга  бир жумалык кара жумуш өкүмүн чыгарамын. Желдеттер! Эшиктерди жапкыла! Мында отургандарды кармагыла!

Азыр эле Бао-гун сотту шылдыңдап күлгөн элдин жүзүнөн заматта күлкү өчүп, ыйлап ийчүдөй абалга келишип, соттон кечирим сурашып, баары бир кишидей болуп анын алдына чөгөлөштү.

— Болуптур. Жазамды жумшартайын.  Баарыңар  бир сомдон айыпка жыгыласыңар. Буга макул болгондор төлөп чыга берсеңер болот.

Бир сом деле оңой акча эмес да, ошентсе да бир жума камалып, мамлекетке бекер иштеп бергенден көрө аны төлөп берип чыга бергенден өтөрү жок болчу. Сот буйругу менен желдеттерине  жыгач челекке жартысынан суу алдырып келип, чыга беришке  койдуруп, ар бир чыгып бараткан кишиге бир сомдон салдырган соң гана сот залынан бошото баштады.

Ошентип челектеги сууга биринин артынан бири тыйын салган эл сыртка чыга баштады.  Бир кезде  бир киши келип челектеги сууга тыйын таштаганда  андагы суунун үстүнө тегерек-тегерек болуп май калкып чыга калды. Муну көргөндө сот кыйкырып жиберди:

— Кармагыла мобуну!

Араң турган желдеттер аны басып жыгылып, колдорун толгоп соттун алдына чөгөлөткөндө сот аны жанагы соку таштан да жаман суракка ала баштады:

— Соку таштын үстүндөгү чабырадагы баланын акчасын сен алдың беле?!

Кармалган адам коркконунан калчылдап отуруп бергенде соттун буйругу менен желдеттер анын чөнтөктөрүн, коюнун тинтип жиберип, жүз токсон тогуз сом майланышкан тыйын таап чыгышты. Челеке салынган бир сом менен эки жүз болуп, уурунун кылмышы дароо далилденди. Сот балага аны кайрып берип, соку таштан алынбай калган алты балакты бул уурудан алдырып, көчөгө кубалап чыкты.

Ошондо гана сот Бао-гундун эмне үчүн сокку ташты суракка алганы белгилүү болуп, анын бул “ маскарапоздугун”  эл дагы эле болсо айтып күлүп жүрүшөт дейт.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *