Айыл чети. Бир бай түп эбегейсиз бийик дарак. Арбайгандан тарбайып турган бутак шактары, качандыр бир убакта күндүн мээ кайнаткан аптабынан, көз ачырбай чакалап куйган кара жаандан көлөкөсүнө бир чоң айылдын элин батырып, калкалап тургандыгынан кабар берип тургансыйт. Оо анда, ал-кубаты жайында, бутак-шактарынын баары жазында текши гүлдөп, жыпар жыты жандуунун баарын мас кылчу да, жайында жапжашыл болуп жайнаган көркү көз жоосун алып суктандырса, мөмөсү бышкан убак, «ак төөнүн карды жарылган» күздөн кабар берип турчу. Айлуу түндөрдө түбүндө канчалаган кыз-жигиттер жолугушуп, жүрөк сырларын чечишип, ушул даракты сүйүүсүнө, бир-бирине берген антына күбө тартышты. Канчалаган муун ак-чөлмөк ойнобогон. Селкинчек тепкендеричи.

Тагдыр менен тарых, доор менен мезгилдин, оор-жеңил маселелери да ушул дарактын түбүндө жыйналган аксакал менен көк сакал, жаш-кары, эркек-аял баары үй-мүйүз тарта олтуруп, канча жолу кеңешип канчалаган бармактарды кесишти де. Ийри отурушса да түз кеңешип, кылымдан кылымга тукум уланып келди.

Бир убакта көлөкөсүндө топурап толуп, котолоп батпай калышса, кээде «ит урарга» эч ким калбаган күндөрдү да көргөн дарак бу. Андайда адам аттуунун үнүн, караанын сагынганычы. Аттиң ай!

Канча жолу бозоруп боору менен жылып келишпеди. Алп денесин кучактап ыйлаган канчалаган эр жигиттерди да көрдү. Канча жесир, канча жетимдерди сооротту. Канча жолу маңдайы жарыла сүйүнүп келишпеди. Ошонун баарына күбө болгон дарак бу. Кайгырса кошо кайгырып, сүйүнсө кошо сүйүнүп, жалгызына да, жалпысына да бирдей калканч болуп келди. Кара жандан түңүлө карайлап калганга эш, канча душманга сес болуп да турбадыбы. Адам дегениң ушундай экен…

Бирде көбөйүп, бирде тукум курут болчудай түгөнүп, өчөр өчпөсү билинбей бүлбүлдөгөн араң жан биликтей болсо, бир убакта күркүрөп күргүштөгөн жазгы суудай. Бир убакта ың-жыңы чыкпай тынчып кетет. Келгендин баарына, канча жылдан бери, ызгаардуу суук, мээ кайнаткан ысыктарга чыдап, ал тургай эч нерсесин койбой мотоп кеткен бороондуу күндөргө, кара көсө кылып кеткен өрт азабына да моюн бербей, ан сайын күчөп, ансайын бийиктегенден бийиктеп, чартактап шак чыгара зыңкыйып турушу менен сабак берип келди. Ошол жакшы менен жамандын баары из калтырган бу дарактын тулкуна. Андай издердин, болгон иштердин көбүн пенде көрбөс ичине, өзөгүнө катып сактап келатат. Түбүнө келгендин күйүттөн, сүйүнүч менен кубанычтан чыккан көз жашы тамырына сиңген. Кубанычтуу күндөрдүн шаңын, бүт тулкусу, турган турпаты, жыпары аңкыган гүлү, жалбырагы менен өзөгүнө сиңирип алган дарак бу. Шамалга шуулдашы, гүлдөрүнүн жалбырактарынын жыты, жай саратандагы жанга жагымдуу шапатасы, ызгаардуу кыштын сөөк какшаткан суугунда, жанга аралжы буйга болушу менен адамзаттан сиңирген жакшылыктардын бирин калтырбай, адамдын өзүнө кайтарып келген дарак бу.

Кыргыз айылын четинде турган дарак. Ооба, айыл четинде турган жалгыз, бай түп, эбегейсиз бийик, арбайгандан тарбайган бутак-шактары жарытып көлөкө же жаандан коргоп калар жалбыраксыз, бариксиз, күндөн күнгө кунары качып куурап бараткан дарак.

Кээ кээде гана ошо дарактай тартая, жүзүн дарактын кабыгындай тырыш-бырыш басып картайган абышка кемпир, чанда-чанда гана жаш-жалаң келип калганы болбосо, мурдагы шаң, кайда.

… Селкинчек салынган бутактарына, араа, балта чабылып, азайгандан азайып барат. Ушу куураган шагын отун кылып, бу оопасыз адамды акыркы жолу отун болуп жылытып, тамак-ашын бышырып берип коюп, жылуу коштошо түтөй, түтөй түбөлүккө сиңип кетүүдө. Жаз келген сайын, «өлбө жаным өлбө» менен чыгарган үмүтү, келечек, жашоого деген ширин тилектери, көк чыбыктарынын көбүн «чычымдар» сындырып, «көктөйүндө көмүп» салышат.

…Акыркы убакта мазарга окшоп барат. Ар ким колу жеткен жерине, бутагына, шагына, чырпыктарына түркүн чүпүрөк-чапырак байлайт. Ушинте беришип же дарак эмес, же эгин коруган «каракчы» эмес. Эгер адамдарга окшоп күзгүгө карана алганда…

Элестете алдыңбы?

Анда, бул дарак — менин Рухумун сүрөтү. Сенин Рухуңун элеси. Кыргыз рухунун көрүнүшү.

Пессимист эмесмин. Бирок мендей оптимисттерди пессимист деп коюшат тура. Оптимист — жеткен пессимист.

Рухубуздун абалына астейдил баам салган адам, ушундай картинаны көрөт. Рухубуз ушул «мышык ыйлоочу» абалга кантип жетти? Ким жеткирди? Эмне үчүн?

«Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдайбы» да, «тегин жерден өрт чыгабы»? Кимдир бирөөгө керек болбосо, дүркүрөп өсүп аткан өлкө, өлкө ичиндеги калыптанып калган жашоо тартиби, анын мыйзамдары, экономикалык карым катнашы алеки саатта талкаланып жок болмокпу. «Алеки саат» деп, «эгемен» болгондон кийинки беш-он жылды айталы. Бирок иштин баары ошого чейин башталганын, стратегиялык планы бекитилип, аткарылчу иштери багыт багыты менен, убакыт мөөнөтү менен так болуп калганын катардагы букаранын дүйнөтаанымы түшүнө албашы турган иш. Акыркы сүйлөмдөн аскердик иш-чаранын иси келип тургандайбы? Туура баамдадың! Ооба. Бул чынында да ошондой үлкөн программа. Болгону эле бул — кансыз согуш болучу. Биз ошол согушта жеңилген зор өлкөнүн бир бөлүгүбүз. СССР ичинде болгонубузду айтуудан да, угуудан да көңүл калды болуп бүткөн үчүн эми акыркы жолу «Эс кайран» айтып, ушул боюнча эстебейбиз. Жок. Албетте, эстейбиз дечи. Азыркы айтылаар ойдо гана башка сөз кылбайбыз.

Мына бул сайтта «wwwtimecops.biz» төмөнкүдөй маалымат турат:

< В управлении государством мы создадим хаос и неразбериху, незаметно, но активно и постоянно будем способствовать самодурству чиновников, взяточников, беспринципности, бюрократизм и волокиту возведем в добродетель. Честность и порядочность будем осмеивать — они никому не станут нужны, превратятся в пережиток прошлого. Хамство и наглость, ложь и обман, пьянство и наркомания, животный страх друг перед другом и беззастенчивое предательство, национализм и вражду народов, прежде всего вражду и ненависть к русскому народу, — все это мы будем ловко и незаметно культивировать, все это расцветет махровым цветом.

И лишь немногие, очень немногие будут догадываться или даже понимать, что происходит. Но таких людей мы поставим в беспомощное положение, превратим в посмешище, найдем способ их оболгать и объявить отбросами общества…

Мы будем расшатывать, таким образом, поколение за поколением… Мы будем драться за людей с детских, юношеских лет, будем всегда главную ставку делать на молодежь, станем разлагать, развращать, растлевать ее.>

Мунун бизге кандай тиешеси бар?

Расмий тилде жакшылап, кайта-кайта окуп көр. Өлкөдөгү абалга салыштыр. Жасалып аткан иштерди бир четинен баштап, акырына чейин акыл-ой сыдыргысынан өткөр. Ошенттиңби?  Ушу жогортогу пландын кыйшаюсуз аткарылып атканын көрдүңбү? Мен да биринчи жолу ушинтип чолок акыл менен анализдеп көргөнүмдө аябай таң калгам. Билем, келтирген үзүндү жөнүндө баары болбосо да көбү уккан. Көбү окуган. Муну бир Гитлерге, бир  Гимлерге, бир А Даллеске ал тургай америкалыктардын мамдепартаментине, Англиянын атайын кызматына ыйгарып ийишет. Андан да тарыхтын түпкүрүн көздөй тереңдетип ийгендер бар. Мен үчүн кимге таандык экендигинин мааниси жок. Бул пландын кыйшаюсуз аткарылып аткандыгы ойлонтот. Куру сөз болуп калбашы үчүн бир-эки мисал келтирип, кийин кантип ишке ашырылып атканын талдап көрөлү.

Чү дегенден эле аткаруу бийлигин алалы. Кандай иштеп атканын айтпасам деле жообун берип койдуң да. Туурабы? Сот бийлигичи. Менимче, айтып убакыт коротуштун да кереги жок. Мына бул реплика кимдики эле?

— «А судьи то — кто?»

Бул экөөнүн башында турган мыйзам чыгаруу бийлиги Жогорку Кеңешчи? Депутаттар кандай иштеп атканын деле айттырбай билесиң. Буларга алтындай убактыбызды кетирбейли. Бирок ушу күнгө, ушул акыбалга кантип келип калганыбыз жөнүндө шашпастан, баарын кыш кынагандай орду-ордуна койбосок, анда эч нерсе чечилбейт. Эч нерсе түшүнбөйбүз.

Адамзатты башкарууга муктаж экен. Болбосо, алгачкы общиналык түзүлүш, матриархат менен патриархат доору, феодалдык, буржуазия, капитализм, социализм тузүлүштөрү кайдан чыкмак. Болбосо «кимди ким көрдү да, быржыбайды там басты» сыяктуу бир нерсе болмок. Коом азыркыдай өнүккөн күнгө жетмек эмес. Адамзат муктаж болбосо ар түрдүү, президенттик, республикалык, президенттик-парламенттик, парламенттик ж.б.д.у.с…болмок эмес.

Глобализмди — ааламдашуу дегенде, глобализмдин маанисин толук түшүнүүгө кыйынырак болуп калат. Себеби айтылган сөздүн маанисин түшүндүрүп, көзгө көрсөтүп турган элес же образ сөзсүз болушу керек. Болбосо так түшүнүк болбойт. Мисалы, «кой» сөзү. «Кой» дегенде, сөз эмне жөнүндө болуп атканы белгисиз. Эгер мал жөнүндө сөз болсо, анда түшүнүктүү дечи. Же бир буюмду сөз кылсак анда, ошол буюмду кандайдыр бир жерге коюш керектиги  түшүнүктүү болот. А эгер майда жандык — койдун өзү жөнүндө болгондо да, анда кандай кой, чоңбу же кичинеби, жашпы же картаңбы, түсү кандай? деген суроолорго жооп бериши керек. Дагы бир мисал: «Ат» сөзү. Атыш керекпи? Же турган атпы? Түсү, жашы жана чоңдугу жөнүндө маалымат берилсе гана ошол сөздү түшүндүрүп турган элес, образ же картина көз алдыга тартылып анан түшүнүктүү болот. Болбосо бирөө жайылган койду, турган атты, а дагы бирөө таптакыр башканы түшүнүп алаары бышык. Ушу сыяктуу эле глобализмдин да образын, элесин толук берген кыргызча сөздү уга элекмин. Бул мисал үчүн гана келтирилди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.