Барган сайын көбөйгөн мамлекеттин карызы, чечилбей келаткан чек ара маселелери, Дача-Суу курмандыктары, саясатчыларга, журналисттерге карата саясый куугунтуктар, сот бийлигиндеги чалмекей, мыйзамсыздыктарды мыйзамдаштыруу, коңшу мамлекеттер менен келишпестиктер, экономикалык тармактын былк этпегени, миграциянын барган сайын күч алышы – эл башкаруунун ордуна атаандаштары менен айыгышып айгай салып жүргөн ажонун ишинин жыйынтыгы ушундай гана болмок. Сөздүн чыны, президенттик шайлоодо ушундай ажонун ишин улантам деп турган мураскордун бийликке келгени өлгөндүн үстүнө көмгөндөй эле кылган. Тирүүчүлүктө жакшылыктан үмүт үзүлмөкпү. Каалагандар да, каалабагандар да буйрук деген ушу деп, шайлоонун жыйынтыгына моюн сунушту.

Элдин үмүт үзбөй үңүлүп тиктеп отурганына 3 айдын жүзү болордо, Коопсуздук кеңешинин жыйыны болуп, ачыла элек сандыктагы бычыла элек кундуз жылт эткендей болду.

Президент талуу жерди таап, так кармагандай эле сөз кылды. Кылтылдап турган мамлекеттин муун-жүүнүн бошотуп, ого бетер шылкылдаткан сот бийлигиндеги, күч түзүмдөрүндөгү чалды-куйдулукту эң орчундуу маселе деп белгилеп, сөөмөй кезегенчелик кылды. Сөз өзөгүн өздөштүрүшүңүзгө жеңил болсун деп, сизге көп маалымат жүктөбөй, Ажонун сөзүнүн айрым жерлерин кыскартып сунуш кылып турабыз. Окуп, ой калчап көрүңүз окурман.

“Коррупцияны улуттук коопсуздугубузга шек келтирген көйгөй катары баалайм. Коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш мамлекеттүүлүгүбүздү, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн сактап калууга тете… Бүгүн сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын иши каралат. Булар коррупция менен күрөшө турган органдар. Тилекке каршы, коррупция менен күрөшө турган мамлекеттик структуралар өздөрү коррупцияга малынып, өз милдеттерин толук кандуу аткарбай жатат… Биз элдин үнүн угуп, ачуу чындыкка көңүл бурушубуз керек”.

Ажодон көптөн бери мындай адилет сөз укпай, таңдай катып чаңкап калган окшойбуз, бул сөздөр көптөн берки бүркөө күндүн көзү ачылгандай элес калтырды, улам арылаган сайын, булуттар улам суюлуп бараткансыды.

“Күрөштү бардык чөйрөдө, бийликтин жогорку эшалонунан тартып, ар бир айыл өкмөтүнө чейин жүргүзөбүз. Коомду коррупция деген илдеттен тазалашыбыз керек. Бул күрөштө эң башкы күч – президенттин саясый эрки. Кыргыз элимдин, жалпы журтумдун алдында коррупция менен күрөшүү менин мамлекет башчысы катары ишимдеги эң приоритеттүү маселе деп мен айткам. Мындай саясый эрк менде бар, ал күрөшкө, урматтуу коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, мен даярмын”.

Ушу жерден баары күр туруп эле, дүркүрөтө кол чаап ийсе эмне деп да кетет экенсиң. Анан эмне, канчадан бери бийликтин кылыгына каңырык түтөп, бушайман болуп келатабыз. Андан ары окуңуз.

“Силерден да Кыргызстаныбызга – мекенибизге, таза, ак дилден кызмат кылууну талап кыламын. Урматтуу Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, мамлекет тарабынан укук коргоо органдарынын кызматкерлерин колдоо жакшырып жатат. Акыркы үч жыл ичинде укук тартиби жана коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн, 25 үй курулган. 1418 кызматкердин үй-бүлөсү батирлүү болушту. Жакынкы убакта дагы 646 батирлүү 10 үйдүн курулушу аягына чыгат. Кызматкерлердин эмгек акысы жогорулап жатат. Пенсия менен камсыздоонун өлчөмү да көбөйүүдө. Булардын көлөмү башка мамлекеттик кызматтарга караганда бир кыйла жогору. 2016-жылы укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишин колдоо, аларга бюджеттен стимул берүү системасы иштей баштады. Аталган органдардын материалдык-техникалык базасы жакшырууда. Жогорудагылардын негизинде укук коргоо системасынын натыйжалуу иштеши үчүн мамлекет тарабынан тиешелүү шарттар түзүлүүдө деп айтсак болот. Демек, бул органдардан жакшы натыйжаларды талап кылганга мамлекеттик бийликтин жана коомчулуктун толук укугу бар.

…Оперативдик кызматкерлер өзүнүн өмүрүн тобокелге салып, күнү-түнү кылмышкерлерди кармап келишет. Аны ким чыгарат кайрадан? Кайрадан ошол эле өзүнүн кесиптештери чыгарат. Прокуратура, сот чыгарат. Эртеси, беш күндөн кийин, он күндөн кийин ошол кылмышкерлер жанына келип учурашып атса, кайсы оперативдик кызматкерлерге стимул болот? Кайсы кызматкер ошону көрүп туруп, мамлекет үчүн иштеп берейин деп аракет кылып, кызыгат? Ошону көрүп туруп, ал оперативдик кызматкер дагы бузула баштайт. Кылмышкерлерди жеринен бошото баштайт. Иштин бардыгы ошол оперативдик кызматкерлердин башында тургандарда ж. б. органдарда болуп атат. Коррупциянын деңгээлин иликтеген “Трансперенси интернешнл” эл аралык уюмунун рейтинги боюнча Кыргызстан 176 өлкөнүн ичинен 136-орунда турат. Бир кыйла жакшыруу динамикасына карабай, биздин эл аралык рейтингибиз дагы эле төмөн бойдон калууда”.

Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман болбой, чындыкты чындай айта турган болсок, бул жаатта Атамбаевдин алты жылы кайда кетти деген сөздүн орду ушул жер, антип айтпай калсын. Бирок ошого тете айтты, ошого да рахмат.

“Биздин позициябызды негизинен сот, укук коргоо органдары төмөндөтүп жатышат. Мага эл аралык уюмдар өлкөбүздө өткөргөн акыркы социологиялык иликтөөлөрдүн жыйынтыгын беришти. 2017-жылдын ноябрынан 2-декабрга чейинки иликтөөлөр. Биринчи орунда жумушсуздук жана коррупция көйгөйлөрү коомду түйшөлткөн маселе болуп калды. Мамлекеттин өзөгү болгон сот органдарында, Прокуратура, Финансы полициясында, Улуттук коопсуздук комитетинде жана ички иштер органдарында коррупция орун алганы өтө кооптуу… Уюшкан кылмыштуулук чөйрөсүндө чоң өлчөмдөгү акчалардын агымы укук коргоо жана сот органдарындагы жогорку кызмат адамдарынын катышы болбосо мүмкүн эмес. Күч түзүмдөрүндө коррупция болбосо криминалдык топтор бул иштерди жасай албайт. Эч жакка жыла алышпайт. Эгерде тапшырма берсе, эки сержант, эки лейтенант барып туруп эле баарын жаап коёт. Ошондой тапшырма болбойт, эмне үчүн дегенде өзүңөр аралашсыңар… Укук коргоо органдары катышпаса көмүскөө схемалар эч качан ишке ашпайт. Аны билет бардыгы жана токтотуп коюуга толук мүмкүнчүлүк бар, эгер укук коргоо органдары аралашпаса.

…Өзү сот болуп туруп мыйзам бузгандар сөзсүз жазаланыш керек.

Сот бийлигине киришкенге президентке да мыйзам уруксат бербейт. Эч кимге киришкенге уруксат бербейт. Жаңы шайланган президент катары соттордун ишине киришейин деген кыпындай да оюм жок. А бирок соттор оор кылмыш кылгандарды бошотуп жатса, мыйзамдарды бузуп жатса, укуктарды тебелеп жатса, эмне үчүн мен, эл шайлаган президент, муну карап турушум керек?”

Кудай жалгаганбы дейм, чындап бизге билинбей жүргөн чыныгы эл башы келген бейм деген ой келбейт койбойт экен. Кандай болгон күндө да Жээнбеков шайлоого катышкандардын 54төн ашык пайызынын добушуна ээ болгону сандык факт.

Көз алдыма жарым ай кургак ачкачылыкта отурушкан саясый куугунтукталгандар, Роза Отунбаева “клоунада” деп эң туура сүрөттөгөн Текебаевдин, Шыкмаматовдун, Салянованын ж. б. үстүнөн өтө “берилгендик” менен жүрүп жаткан сот иштери тартылды. Чыныгы кылмыштар жана чыныгы кылмышкерлерге каршы ушундай иштешсе Кыргызстан эчак дүркүрөп өнүккөн өлкөгө айланып кетпейт беле, аттиң.

“Мени эл шайлагандан кийин, каерде мыйзам бузуулар болсо, кайсы жерде мамлекеттик органдар адам укугун тебелеген болсо, өз милдетин аткарбай кайсы жерде мамлекетке, элге зыян келтирип жаткан болсо, мен президент катары бардык маселеге киришем. Эмне үчүн дегенде мени эл шайлаган, эл үмүт менен шайлаган, мага элдик бийликти ишке ашырганга эл өзү уруксат берген. Мыйзамды бузбай, мыйзамдын чегинде чараларды көрөбүз. Боло берет деп ойлобогула, андай болбойт. Ар бир чечимдерди көзөмөлгө ала баштайбыз. Бул маселеге мына өзүм кийлигишем, буюрса… Кадр маселесине да токтолуп кетейин… Президенттик шайлоодо Жээнбековго жакшы иштебей койдуң деп, өзүнүн жаман көргөн адамдарын иштен кетирүү процесстери болуп атканы мага жетип атат. Ушуну токтотуш керек. Кесипкөй, иштей турган кадрлардын бардыгы тең иште калыш керек, иштеш керек. Муну шылтоолоп жакшы кадрларды кетиргенди токтотуш керек”.

Ушу сөздөрдү дагы да дүркүрөгөн кол чабуулар коштосо болмок. Жо, бул ашкере деле сезимкөйлүк болбойт эле. Болгону мурдагы бийликтин тушундагы ажонун адилеттигине ачарчылыктын күчөгөндүгү ушунча эле да.

Бардыгын цифралар менен так аныктап, көзгө сайып көрсөткөн Ажо сөзүн мындай жыйынтыктады:

“…Момундай көрсөткүчтөр менен силерге ар кандай чара көрсөм болот. Бирок силерге мен дагы бир мүмкүндүк берем. Азыр көрдүңөр, мындан да көп нерселер бар, мүмкүндүк берем, бирок мөөнөт кыска болот. Бул маселеге биз кайрадан дагы кайрылып келебиз. Мындай көрсөткүч болбош керек”.

Мөөнөт кыска болот деди. Ачкачылык жарыялагандардын абалынан, сот бийлигинин мышык ыйлагандай абалынан караганда, мөөнөт деле калбады өзү, бирок мурунку ажонун мураскери экендигин эске алганда Жээнбековдун бул сөздөрү чыны менен саясый эрктүүлүгүн айтып турат. Эң башкысы, маанилүүсү сөз бойдон калбаганында. Анда эле тас кейпибизди кийип, мындан да кокуй болорубуз турган иш. Жакшы тилек – жарым ырыс, ылайым айтылгандардын баары иш жүзүнө ашып, өйдөлөп кетсек экен…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.