Эрмек ТУРДУБЕКОВ: Чырк!

Композиторлор Союзунун төрагасы Турдубек Чокиев байке уулу Эрмектин “Паутина” деген орус тилинде жазылган аңгемелер жыйнагын мага берип жатып, анын жараткан ийгиликтери, алган сыйлыктары жөнүндө, көп окуп, көп жазары, эмгекчилдиги тууралуу кеп салды. Угуп отуруп мен анын көзүнөн да, сөзүнөн да уулуна болгон чоң сыймыкты көрө алдым. Анан Эрмектин аталган китептеги аңгемелерин окуп, ага атасы жөн жеринен чоң үмүт артып жатпаганын, бак берсе бул баладан баралына келгенде бараандуу жазуучу чыгарына көзүм жетти. Чын эле ал талбаган эмгекчил болсо, талантын улам такшалтып, […]

Нодар Думбадзе: Талико (грузин жазуучусу)

АҢГЕМЕ – Трусанды бир аз ылдый түшүрчү, — дедим мен. – Эмне? — деп калды Талико. – Труса деген дамбал, — деп түшүндүрдү баарын билгенсиген Циала, — шаардыктар дамбалды ушинтип аташат. – Аны мен эмнеге түшүрөм, келесоо, — деп каткырды Талико. – Мен сенин калыңды көргүм келет. – Кайсы калымды? – Киндигиңден бир аз ылдый, оң ыптаңдагы. Талико трусасын ылдый түшүрүп, кызгылтымынан келген буурчактай болгон татынакай калын көргөздү. – Бу келесоо болбосо, биерге чыкса эмне! — Талико сөөмөйү менен ууртун […]

Тилектеш Ишемкулов: Айтматовтаануу илимине –  жаңы салым

Менин колумда Чоюн Өмүралиевдин «Куш жолунда кут чөккөн…» аталыштагы, боёгу кургай элек жаӊы китеби турат. Балким, баамчыл, байкагыч окурман автордун ысымын атабаганда деле: «Аа, болду-болбоду, аны баягы Чокебиз жазса керек» — деген ойго келмек деп болжойм. Анткени, өз чыгармаларына кызыктуу (табышмактуу да) темаларды коюп, өзгөчө атап келаткан жазуучу эмеспи. Буга чейин көптөгөн курч публицистикалык таризде жазылган макалаларын, монографияларын, дилмаектерин, эл аралык конференциялардагы сөздөрүн ж.б. жарыялоолорун эсепке албаганда, соӊку беш жыл аралыгында эле анын калеминен «Теӊирчилик. Мамлекет – Коом» (2012), «Теӊирчилик. […]

Садир Досбаев: Рух дарагы (2-макала)

Мурда жарыяланган: 1-макала Глобализация — бул, бүткүл адамзатын башкарууну бир колго концентрациялоо процесси. Же башкача айтканда бийликти бир колго топтоо процесси. Азырак болсо да элеси, образы жакындады деп ойлойм. Бирок толук түшүнүк болгон жок. Толук түшүнүү үчүн төмөнкү нерселер жөнүндө сөзсүз билиш зарыл: Башкаруунун эки – структуралуу жана структурасыз жолу же системасы бар. Структурасы бар башкаруу — бул, мамлекеттик башкаруу системасы. Айтсак, президент — мыйзам чыгаруу бийлиги — аткаруу бийлиги — сот бийлиги, аларга баш ийген органдар, мекемелер жана башкалар. […]

Экзистенционалдык саптарда жашаган Тургунбай Эргешовдун акындык тагдырына ой-сереп

 Тургунбай Эргешовдун 70 жылдыгына карата (1-макала) Тагдыр адам менен ойнойт, анткени тагдырдын өзү – оюнчу; адам менен тагдырдын ортосундагы оюн кумарында ортого коюлган баа улам жогорулап олтуруп, эң кымбат нерсе − адам өмүрүнө жетет. М.Энштейн.  60-жылдардын аягы, 70-жылдардын башында кыргыз поэзиясында жаш калемгер аталып, кийинчерээк ысмы унутула жаздап, эгемендүүлүктүн желаргысы менен элине кайрылып келген Тургунбай Эргешовдун акындык тагдырынын “каалгасын ачууга” “Кайрылуу” аттуу ыры (залкар акын Сооронбай Жусуевдин айтуусу боюнча ушул ыр анын атын чыгарган экен[1]) ачкыч болуп берчүдөй: Пенделер, мени […]

Жек ЛОНДОН: Жомоктун аягы

АҢГЕМЕ Карта ойногондор карагайдан колго сомдолуп жасалган столдун одур-будур үстү менен картаны баскан сайын өздөрүн карай жылдырып убара болуп жатышты. Баары жалаң көйнөкчөн, беттеринен ылдый шорголоп тер агып турат, бирок калың чарык менен жүн байпактар кандайдыр суукка туруштук бере албай буттары какшайт. Бул кичинекей үйдөгү аба ырайынын айырмасы мына ушундай болучу. Юкон темир меши кызарганча дуулдап күйүп жатса да, андан сегиз кадам аралыкта — эшикке жакын жерге, ылдыйраак кагылган жыгач текчедеги бугунун жана чочконун чала туздалган эттери зыңкыйып тоңуп турат. […]

«Котормо өнөрү» – изилдөөлөргө чыйыр салуучу саамалык

Белгилүү журналист Жыргалбек Турдукожоев менен Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын доценти Тамара Козубекованын “Котормо өнөрү” китеби басмага тапшырылды. Кыргыз лингвистикасындагы котормонун теориясы жана тажрыйбасы —  бул ар тараптуу, кеңири жана терең илимий-изилдөөлөрдү талап кылган, азырынча чети оюла элек көйгөйлүү маселелери арбын тармактардын бири. Аталган эмгек — ошол алдыдагы изилдөөлөргө чыйыр сала турган саамалык. Ушул кезге чейин кыргыз тилине которулган көркөм адабият чыгармаларынын жана маалыматтык материалдардын дээрлик 95 пайызы орус тилинен которулуп келген жана азыркы учурда мурдагыдай чоң көлөмдө болбосо дагы бул […]