Композиторлор Союзунун төрагасы Турдубек Чокиев байке уулу Эрмектин “Паутина” деген орус тилинде жазылган аңгемелер жыйнагын мага берип жатып, анын жараткан ийгиликтери, алган сыйлыктары жөнүндө, көп окуп, көп жазары, эмгекчилдиги тууралуу кеп салды. Угуп отуруп мен анын көзүнөн да, сөзүнөн да уулуна болгон чоң сыймыкты көрө алдым. Анан Эрмектин аталган китептеги аңгемелерин окуп, ага атасы жөн жеринен чоң үмүт артып жатпаганын, бак берсе бул баладан баралына келгенде бараандуу жазуучу чыгарына көзүм жетти. Чын эле ал талбаган эмгекчил болсо, талантын улам такшалтып, талбай изденсе ошол Турдубек байкенин сөзү менен көзүндөгү мен байкаган сыймык бүткүл кыргыз элиники болоруна көзүм жетти. Мен болсо  кубануу менен төмөндөгү аңгемесин кыргызча сүйлөттүм. Ак жол сага,  жаш талант!

Кубанычбек АРКАБАЕВ

АҢГЕМЕ

Бул артта калган жол чыйыры уч-кыйырсыз түбөлүктүүлүк аркылуу созулуп жатат. Ал эми алдыдагы аягы жок чексиздик да бүтпөс түбөлүктүүлүктүн түпкүрүн карай төшөлгөн. Ушул эки жол бири-бирине карама-каршы келишип, дал ушул жерден – бул дарбазадан маңдайлаша кагылышат да биригип кетишет. Дарбазага өзүнүн “Көзирмем” деген аты жазылган.
Фридрих Ницше

“Заратустра ушундай деген”

…Чырк!

Кара жолдон калың чаңды бургуйлатып авто-унаа өттү. Чаң тарай баштаганда жок фотоаппарат менен сүрөт тартчудай болуп эки колун көзүнө алган бала көрүндү. Ал ушул көз ирмем тууралуу ойлонуп, анын түбөлүктүү же убактылуу экенин биле албай турду…

* * *

Кинонун кийинки бөлүмү дөбө этегиндеги кудайдын көңүл сыртында калгансып, чалдыбары чыккан кыштакчада тартылып жатты. Анткен менен эски үйлөрү жепирейген бул айыл тынч болчу, абасы абдан таза эле. Анда Нооруз сыяктуу майрамдардан башка күндөрү шаңдуу же ызы-чуулуу окуялар сейрек болчу. Жергиликтүүлөр абдан меймандос жана ак пейилдүү келишип, айылга жумуштап же жөн киргендерди кубандыра алышчу.

Кино тартуучу жабдыктарды ары-бери көтөрүп жүргөндү туура көрбөгөн режиссер кол алдында көркөмдөгүч сүрөтчү болуп иштеген өзүнүн тууганы Акылдан оокаттарга көз салып турууну суранып, кетип баратып тамак ала келүүнү убадалады. Ошентип бүт кино тартуучу топ көп алыс эмес жердеги анча-мынча акыга тамак жасап берүүгө макул болгон аялдын үйүнө түштөнгөнү жөнөштү.

Акыл эскиргенинен улам жукарган төшөктү жалбырактары жапжашыл бактын көлөкөсүнө жайып жата кетип, жаш башына эмне келсе ошолор жөнүндө ой жоруй баштады.

Суунун аркы өйүзүндө тик капталдуу, бийик чокулуу тоолор бой керишет.  Анын жашыл боорлорунда төрт түлүк мал бейгам жайылып жүрөт. Асманда болсо кандайдыр канаттуулар каалгый айланып, кулакка тоо торгоюнун үнү чурулдай угулат. Көз ташталган көк чөптүү жерде өзүнө көп белгисиз түркүн курт-кумурска өз тирдиктерин жүргүзүүдө. Бул жердин жаратылышы шаардыкынан алда канча айырмаланып, жаңы жаралгандай нымдуу, жайдары жагымдуу. Кино тартуучулардын тынымсыз ызы-чуусунан кийинки бейпилдикке көңүлү көтөрүлө түшкөн Акыл ошол жаткан боюнча дене-боюн жаза керилип алып, жан жагындагы жолбаштыгынан кымызы ичилип бүтө элек шише алып чыгып, бул кычкылына тартканы менен жанга жагымдуу суусундуктан ооз толтура ууртап, жыргай жутту.

“Кандай жакшы!..”- деп ойлоду ал.

Акыл түнү бою достору менен сыраканада телевизор тиктеп, эки чыгаан футболдук клубдун чечүүчү оюнун көргүчө ашыкча сыра ичип, ысылыгына картошка кытырагын (чипсы) чайнаган. Мындан улам жолдо ката көңүлү айнып келген, бирок көкүрөгүнө бул жердин таза абасы өрдөгөндө жеңилдей түшкөн, көңүлү көтөрүлгөн.

Ал чалкалай жатып, түндөкү жосунсуз жоругу үчүн, дегеле бош убактысын туура эмес өткөргөнүнө өзүн жемелеп, сөгүп алды. Бир туруп философтонуп өзүнө-өзү акыл айткысы келди, бирок башына оңдуу ой келбеди. Акыл ар бир жолу бул тууралуу ойлонгонунда өзү эле эмес бүт чөйрөсү ушундай экенин эстечү, алардан бөлүнүп кете албасына көзү жетчү да, кандайдыр көңүлү жайлана түшчү, кайра эле футбол көрүп, сыраны кылкылдатып, картошканы кытырата берчү.

Ушинтип жатып кирпиктери оорлошуп баратканын сезбей да калды.  Жагымдуу мемирөөнүн кучагында калган анын көңүлүнө уктабаш керек экени келди, бирок уйкунун кудуреттүү күчүнө каршылык кыла албады. Бул үчүн кийин абдан катуу өкүндү.

* * *

Жергиликтүү эки бала үчүнчүсүнө коңшу айылга кино тартканы теледен дайыма көрсөтүлүп жүргөн белгилүү ырчы жана актриса келгенин  айтып келатышты.

— Өз көзүбүз менен көрдүк, — күйүп-быша сүйлөгөн балдар өздөрү менен чаңдуу жолдо келаткан жолдошун ишендирүүгө аракет кылып жатышты.

— Ишенип кой, Самат! Ал чын эле ошол ырчы болчу! – деди алардын бири сары футболкасын шымдана берип.

— Чын эле ошол Фарида бекен? Элинанын айылына келиптирби? Жок, силер аны башка менен алмаштырып жатат окшойсуңар, —  күмөнсүдү Самат.

— Жок, алмаштырган жокпуз. Анын өзү!

— А эгер ал Фарида болбой калсачы… Ээ, анын фамилиясы кандай эле?

— Эсимде жок, — деди сары футболкачан.

— Айдарова болсо керек эле, — деди анын иниси.

“Элина кинону жакшы көрөт, — ойлоно кетти Самат. – Балким ага автограф белек кылармын… Ага жагар бекен? Ооба, жагышы керек… Жок дегенде аны көрө келем…”

— Анда эмесе мындай. Эгер ал Айдарова болбосо силер мага бештен чүкө карыз болосуңар! – деди анан ал чечкиндүү.

— А эгер ал Айдарова болсо сен бизге дароо он чүкө бересиң. Сүйлөштүкпү? Кеттик анда, кеттик!

Кино тартылып жаткан жерге алар бат эле жакындап барышты. Бир эле кыраңдан ашып өтүшсө автограф белен. Балдар жолдон чыгып кыраңчага жармашышты.  Анын ары жагында койлор жайылып жүрүптүр.

— Балдар бери келгиле! – деп кыйкырды бул койлорду кайтарып жүргөн аксакал балдарды көрө сала. – Жаныма отурсаңар мен силерге бир окуяны жакшылап айтып берем.

— Ата, биз шашып бараттык эле. Кечирип коюңуз, — деп жооп беришкенде балдар абышка өкүнүчтүү баш чайкай берип, чакчасын алып, алаканына насвай кагып, эринин алдына салды да, койлоруна бир көз жүгүртүп алып, жер тиктей, өзүнүн көңүлсүз ойлоруна сүңгүдү. Акыры балдар көздөгөн жерине — дөбөнүн түбүндөгү жашыл шиберлүү тегиз өтөкчөгө жетишти. Анын четинде кино тартуучу шаймандар үйүлүп, алардын ары жагындагы бак түбүндө Акыл уктап жаткан, киночулар али кайтып келише элек эле.

— Эч ким жок! Бүттү, уттурган чүкөңөрдү бере бергиле.

— Самат, биз көргөнбүз. Жаңыл эженикине сүт алганы баратканыбызда алар ушул жерде кино тартып атышкан! – эки бир тууган чыйпылыктап жиберишти. – Тигине алардын камералары, оокаттары! Көрбөй турасыңбы?

— Андай болсо алар кайда кетишти?

— Кетишти да кайдадыр… Тамак ичкени кетишкендир балким. Айжамал эженин үйү аябай чоң. Ал тээтиги дөбөнүн артында жашайт, — сары футболкачан бала колун жогору жакты карай шилтеди. Анын айылдык эместиги шаардыктарча чалып сүйлөгөн тилинен  билинип турду, өңү болсо каникулга тараганынан бери кактаган күндүн алдында малды көп кайтаргандыгынан улам күнгө тотуга күйүп, кадимки элеттик балдардыкына окшоп калган.

— Сен Айжамал эженин үйүнө кирдиңби? – деп сурады сары футболкачандын иниси. Анын өрдөктүкүндөй чурмуя чыгып турган эриндери чыр жана көк мүнөзү бар экенин айкындагансыйт.

— Ооба, анын чоң телевизору бар. Плазменный.

Капысынан эле Саматтын башына бир ой келе калды, дароо бир чечимге келип, аны аткармай болду. Эки жолдошу Айжамал эженин үйү тууралуу сүйлөшкүчө, ал өтөк аркылуу адымдай басып кино жабдыктарына жетип барды да, бак түбүндө уктап жаткан адамды көрбөстөн төшөк үстүндөгү анча чоң эмес камераны алып, кандай келсе ошондой тездик менен артына кайтты.

— Сен эмне жинди болдуңбу? Кайра алып бар! – деп чочуп кетишти жолдоштору анын колундагы чоочун оокатты көрүшүп.

— Мен муну менен бир эле сүрөт тартам…

— Эмнеге? – деп түшүнө беришпеди эки бир тууган. – Дагы бир балээнин ичинен чыгып жүрбө!

— Мен муну менен бир эле сүрөт тартып,  кайра ордуна койгонго үлгүрөм. Эч кимге айтпагыла, макулбу! – деп бул экөөнөн жашы улуу болгондуктан сөзүнүн аягын зекий бүтүрдү ал.

— Кеч киргени калды. Алар келатышса керек. Деги сен муну менен сүрөт тартканды билесиңби? – собол узатты кичүүсү.

— Үйрөнгүдөй эмнеси бар экен мунун!

— Бул камера экен, сүрөт тартканга болобу?

— Сүрөт тартпаса анда эмне кылат муну менен? — күңкүлдөй сүйлөдү Самат. – Келесоонукундай суроолорду бербечи.

— Анан сен муну менен эмнени тартканы турасың? – күлкүсү келе сурады сары футболкачан.

— Аны, — деген жооп угулду.

— Элинаныбы? – чочугандай жарыша сурашты бир туугандар.

* * *

Ошентип балдар көздөгөн максаттарын ишке ашырганы келе жатышканда Элина адаттагысындай эле үй жумуштары менен алектенип, идишин жууп бүтүп калган, эми уй саашы  керек эле.

Элина өзгөчө кыз болгонуна жараша бул аймактагы бирден бир сулуу болучу. Анын жашы быйыл он алтыга келип, Саматтан бир жашка улуу эле. Ал айрыкча кинону сүйчү, ага тартылууну кыялданчу. Бөлмөсүнүн дубалында дайымаТаттыбүбү Турсунбаеванын чоң сүрөтү илинип турчу. Өзү курактуулардан көп артыкчылыктары болгону менен ашыкча кетип калган кыял-жоруктары да бар эле. Мисалы, өзү андай болбогону менен көп учурларда обу жок эселектигин көрсөтүп жиберчү. Катуу каткырып күлүп, шарактап кеткенде кээ бир кишилер шайкелең немени көргөнсүп жактырышпачу. Бирок балдарга ал кыялы жагымдуу сезилчү.

Акыркы идишин текчеге коюп, Элина өз бөлмөсүнө кирип, дубал бетиндеги сүрөткө суктана карап алып, жеңил желеткесин кийип, жагымдуу бир айдарым жел жүрүп турган сыртка чыкты. Чакасын карысына илген ал сарайга кирип, окчун турган үстөлдү алып, музоосун жалагылап тынч турган уйду саай баштады.

Ушул учурда жетип келген балдар анын үйүнүн жыгач каалгасына жашынганга үлгүрүшүп, кычыктардан карап турушкан. Кыз жыгач сарайга кирип уй сааганы отурары менен балдар анын каптал жагына тездик менен өтүп, сарайга жел кирсин деп суурулган тактайдын ордунан көз жүгүртө беришип, ушул жерден тартышса жакшы сүрөт жараларына көздөрү жетти. Самат камеранын бир кнопкасын басты эле андан эч кандай үн чыгып, жарык жанбады. Экинчисинен да ошондой болду. Үчүнчүсүн басканда гана андан кандайдыр туюк үн чыгып, иштегени билинди. Бирок ал сүрөт эмес тасма тартып жаткан эле.

Самат алгач кызды өздөрү башбаккан тактай ачыгынан, андан соң дабыш чыгарбай бутунун учу менен жүгүрүп барып эшиктин жылчыгынан  тартып, баардыгы болуп бир мүнөттүк сулуу кыз уй саап жаткан тасма жаралганда алиги кнопканы басты эле, камера иштөөсүн токтотту.

Элина уй саап жатты. Анын кыймылында кандайдыр бир сулуулук, жагымдуу өзгөчөлүк бар эле. Кундуз жүнүндөй кулпурган чачы тыкан өрүмгө бириктирилип далысында жатат. Мындан улам анын жубардай таза назик жүзү даана көрүнүп турду.

— Аябай сулуу экен! – бир туугандардын кичүүсү шыбырады.

— Ооба! Ал өз сулуулугу менен абдан сыймыктанса керек ээ, — сары футболкачан инисин кубаттады.

“Адам өз сулуулугу менен сыймыктанбашы керек, ал деген…” — деп ойлонгон Самат биология сабагынан берген эжей көп кайталаган “ген” деген сөздү эстей албай, бул оюнун аягына жөн гана “кокустук да” деп кошумчалап койду.

Самат кызды суктана карап тура берди. Аны менен азыр түз басып барып сүйлөшкүсү келди, бирок андан кандайдыр табышмактуу сүр сезилип тургандыктан аяк шилтей албады.

Элина саап бүтүп ордунан турду. Ушул учурда ал ого бетер сулуусуна тарта түшүп, көзгө укмуштай бир адеми көрүндү. Анын жаш кайыңдай буралган шыңга бою, эликтикиндей ичке сулуу буттары ушул учурда Саматтын көңүлүнө түбөлүккө орной түштү. Ошентсе да кызга көрүнүп калуудан коркуп жолдошторуна шыбырап:

— Жашынгыла,- дегенинде калтыраган колунан аз жерден камера түшүп кете жаздады.

Ал колун алжапкычына сүртүп, чакасын алды да, каалга артында дымдарын чыгарбастан эстеликтей катыган балдардын жанынан маңкая басып өттү. Кыз үйгө кирип кеткиче үч бала тең лам деп ооз ачпастан суктана карап тура беришти. Каалга жабылганда гана эстерине келгендей эки жакты каранып алышып, камераны ордуна тезирек алып барып коюу керек экенин эстешип жарыша үн катышты:

— Муну ордуна жеткириш керек. Тезирек…

Балдар чоң жолго чуркап жетишип, анын чаңын буртулдаткан бойдон кино тартылып жаткан дөбөнү карай жөнөштү. Күн уясына батып баратты. Саматтын буту шилтенип баратканы менен өзү башкага алаксып, колу камеранын ар кайсы тетигин баскылап убаралана берди.

— Эмне кылып атасың? – деп сурады анын бул аракетин байкаган бир туугандардын кичүүсү. – Камера менен таанышар кезди таптыңбы!

Самат камеранын сүрөт басып чыгара турган баскычын таппай жатканын айтты.

— Менин билишимче, мындай кичинекей фотоаппараттардан сүрөт чыкпайт! – кесе айтты сары фуктболкачан.

— Сен каяктан билесиң!

— Мен кинодон көргөм. Анда сүрөттөр чоң аппараттардан гана чыккан!

Самат жолдошторунуку туура экенине көзү жетип турса да, акыркы үмүтү менен аппараттын алиги сүрөт чыгарчу сыйкырдуу тетигин издеп аны баскылай берди.

* * *

— Акыл! Ойгон Акыл!

Анын түшүндөгү негизги ролду качандыр бир өзү сүйүп-сүйлөшкөн кызы ойноп жаткан. Ата-энелер экөөнүн үйлөнүшүнө каршы чыгышкан. Мындан улам эки жаш азыркы ушул кылымдын Данияры менен Жамийласы болууну да ойлонуштурушкан.

— Акыл!

Кыз Акылды ата-энесинин алдына өзүн алып барбаганы үчүн жемелеп, баардыгына аны күнөөлүү кылып салды,  көңүлдөгү  таарынычтарын айтып алды, сөзүнүн аягын беймазаланган ый менен аяктады. Акыл болсо андан кечирим сурагандан башкага жарабады…

— Акыл! Иттин гана баласы!

Режиссердин узун чачы жүзүнө түшө бергени Акылдын дайыма күлкүсүн келтирип жүрсө да, бул жолу анын ачуулулугун, катуу каарын көрүп, жылмайганга да шайы келбей сестене түштү.

— Мен сени уктасын деп калтырдым беле?!

— Ой, мен эмне уктап атыпмынбы? – Акыл акыры биротоло ойгонуп ордунан обдула берди.

— Камера каякта?

— Кайсы?

— Кошумча камера! Жакында күн батат, тартып калышыбыз керек!

Элден башкача кебетеси Акылдын күлкүсүн келтирсе, үстүндөгү көйнөгү итиркейин келтирген бул режиссер ага тууган болот. Анткен менен ал өз ишин жакшы билет. Өзгөчө кино каармандары үчүн актерлорду укмуштай тактык менен туура тандайт. Азыр ал башкы ролдордун бирине көңүлүндөгү жаш актрисаны таба албай түйшөлүп жүрөт.

Акыл кайсыл камера жок экенин эсине түшүргүчө саатын карап, уктап калганы үчүн өзүн-өзү сөгүп, эки жакты кайсалай карап, камераны издей баштады. Үйүлүп жаткан баштык-үштүктөрдү аңтарып, кийимдердин чөнтөктөрүн кармалап кара баскан камераны таппаганында Акылдын жүрөгү шуу этип, денесин муздак илеп каптап өтүп, продюсер менен кабак чытый сүйлөшүп турган байкесине карай берип ого бетер коркуп кетти. Анан сокур үмүт менен машинага чуркап барып, аны бүт тинтип чыгып, бир жамандыкка кабылгансып туруп калды да, операторго кайрылды:

— Сен камераны көргөн жоксуңбу?

— Кайсы камераны?

— Кошумча камераны!

— Жок. Менин билишимче аны сен көтөрүп жүргөнсүң, — деп жооп бергенде, Акылдын ого бетер айласы кете түштү.

— Аны мен жоготуп алдым, табышып койчу.

Кино тартылчу аянтта карбаластай чуркап камераны издей баштаган экөөнө бир аздан соң тасманы жасалгалоочу адис кошулуп табышпаганда айла жоктон бул жоготууну режиссерге айтууга туура келди.

— Колуңарга карматкан баалуу оокатты жоготтуңар, жоголгула дөөпөрөстөр! Жолуңарга түшкүлө! – режиссер кыйкырмак тургай өкүрүктү катуу салды.

Ошентип Акыл менен оператор баштарын жерди карай салбыраткан бойдон кино аянтынан алысташып, дөбөнүн жашыл шиберлүү жантайыңкы далдоосуна жете беришкенде жарыша үшкүрүнүп, жерге бой таштап жата кетишти.

— Түшүнүп турам, анын башка да операторлору бар, бирок алар мен сыяктуу тажрыйбалуу адистер эмес. Ошон үчүн анын ананбы же азырбы качан болбосун мага чалып кайра чакырбаска аргасы жок. Келесоо, тимеле өкүрүп-бакырып коёт! – өзүн көтөрмөлөп сооротумуш этти оператор.

— Ал өзү режиссер, өзү сүрөтчү жасалголоочу. Мени ишке кайра чакырары күмөн. Сен эми билесиң да, анын кичине мындайырак экенин, — Акыл өзүн сөөмөйү менен чыкыйга сайды.

— Ооба… Сага да ал сөзсүз чалат, коркпой эле кой. Экөөңөр тууган чалышсыңар да.

— Бул маанилүү эмес. Сен телефонуңду тиги жакта калтырган жоксуңбу?

— Ах, ооба, калтырыпмын. Иттики!.. Бүт оокаттарым ошол жакта калды. Дагы чалат деп коём…

— Билбейм. Сен жок дегенде тамактанып алдың! Мен болсо ачкамын.

— Тойбой калдым…

— Бир сааттан ашык тамактандыңар! – каткырып жиберди Акыл. – Арбактай болуп ырбыйып туруп кантип тойбой  калдың?

* * *

Жол кенен болгону менен ой-чуңкурлуу, өң-дөңдүү болучу, бирок балдар ага көнүп калышкан. Анын үстүнө алар бул эки айылда болгон тушоо тойлордо дайыма алдыга келип, далай байгелерди жеңген тай күлүктөрдөн. Өзгөчө үчөөнүн ичинен бир туугандардын кичүүсү буттары кыска болгону менен тыпырай тез шилтенгендиктен алдына эч кимди чыгарчу эмес. Капысынан сары футболкачан катуу тынчсыздана түштү:

— Бул фотоаппарат үчүн биз бирдемени көргөнү турабыз! Кел, мындан тезирек кутулалы.

Бирок алар баары бир жетпей калышыптыр. Качан алар кыраңчадан ашканда дөбө түбүндөгү өтөктө кино тарткан кишилер жүрүптүр.

— Кечигиппиз!..

— Биз эми кантип фотоаппаратты ордуна коё алабыз? Автограф болсо болбой калды… – деп өкүнө да түшкөн, коркуп да кеткен Самат селейе туруп калды. Бирок ошол замат ал айла кеткенде кандайдыр ишке ойлонбой туруп барган адатын карматып алдыны карай кадам шилтеди.Саматтын мындай күтүүсүз чечкиндүүлүгү жасалма жана көрсөтмөлүү сезилгендиктен сары футболкачандын дайыма итиркейин келтирип жинине тийчү.

Жолдошу өздөрүнөн бөлүнүп алдыга умтулганын байкабай ага-ини эмне кылышты талкуулап жатышканда Самат адымдай басып жарым жолго жетип калган.

— Эй, келесоо! – жини менен кыйкырды сары футболкачан Саматтын өздөрүнөн алыстаганын көрө салып, бирок андан жооп угулбады.

— Баягысын баштадыбы! Деги кандай немесиң? – деп кичүүсү кол шилтеди. – Келесоо, өзү жооп берсин эми…

Качан гана кино тартып жаткан топко абдан эле жакын калганда Самат токтоло калып, бир аз ойлоно түшүп, кайрадан кадамдарын шилтеди. Ушул учурда четкерек турган узун чачтуу киши: “Тыныгуу!” деп кыйкырып, жанындагы бүктөмө үстөлгө отура кетти. Бала кино тартуучу топту режиссер башкарарын билчү, азыр ошол режиссер ушул киши экенин дароо түшүнүп, коркконунан жүрөгү лакылдай соксо да аны көздөй жөнөп, жете берип:

— Ассалам алейкум, — деп чоңдорчо салам айтты.

— Алейкум салам, — деп таңгалгандай балага көз жүгүртүп, колун кысты режиссер.

— Бул сиздердин фотоаппаратыңыздар, — бала камераны акырын өйдө көтөрүп сунду.

— Акылга чалгыла!- деп дароо эле киночулар тобуна карап кыйкырган режиссер баланын колунан камераны жулуп алды. — Акылга чалгыла!

Ал кыйкырганда селт этип чочуган Самат эмне болуп жатканын түшүнгөн да жок. Ал орой кыйкырган урушу менен эч бир жагымы жок тарбиячыл сөздөрдү күткөн…

— А сен кимсиң? – күтүлбөгөн жөнөкөйсуроосун берди режиссер.

— Саматмын. Мен силердин фотоаппаратыңарды алгам, кайра алып келип бердим, — деп сүйлөгөн бала өзүнүн чечкиндүүлүгүнө ичинен таңгала түшүп, анан көңүлүндө турган суранычын шыр айта салды: — Мунун ичиндеги мен тарткан сүрөттү чыгарып бере аласызбы? Мен аны ала албай койдум.

Режиссер баланы кадала карап, ичинен анын атын кайталай айтып жаткансып унчукпай турду да, анан артына бурула берип кыйкырды:

—  Силер Акылга чалдыңарбы?

Самат андан сүрөттү чыгарып берүүсүн дагы бир жолу сурангандан тартынды да, эми өзүнө эч ким көңүл бурбагандыктан жай басып жолдошторуна кайтып келди.

— Кандайча? Эч ким урушкан жокпу? – ишене албай турду сары футболкачан.

— Ушундайча.

— Эч нерсе дешкен жокпу?

— Эч нерсе дешпеди, — жылмая жооп берди Самат.

— А тарткан сүрөтүң эмне болду?

— Ал болбой калды окшойт.

— Деги Фарида анда бар бекен?

— Билбейм. Көргөн жокмун. Тартылган эмес окшойт.

Чоктой болуп кызарган батыш мейкиндиги нурлары алсызданган күндү биротоло жутуп алды. Балдар үйлөрүн карай жөнөштү. Батыштан көзүн тартып ала албай бараткан Самат жолдошторунан сурады:

— Силер билесиңерби, качан биз күндү караганыбызда анын өткөнүн көрөрүбүздү?

— Кандай дейсиң? – укпай калгансып кайра сурады бир туугандардын кичүүсү.

— Биз күндү караганыбызда анын мындан сегиз мүнөт мурункусун көрөт экенбиз, — деди Самат.

— Сен эмне деп эле философтонуп атасың! – күлүп жиберишти ага-ини.

— Философтонбой эле окуганымды айтып  жатам.

— Биздин башыбызды айлантпачы, — сары футболкачан кесе айтты. Ушул учурда арттан кимдир бирөөнүн “Самат!” деген кыйкырыгы угулду.

Балдар бурула берип режиссерди көрүштү. Ал чуркап келатыптыр.

— Токтой тургулачы! – деп кыйкырып жетип келген ал чөнтөгүнөн баягы камераны алып чыгып, күшүлдөгөн дем менен: — Тамекини ташташ керек болуп калыптыр… — өзүнчү күңкүлдөй  сүйлөндү.

— Эмне болду, байке? – деди эч нерсеге түшүнө бербеген Самат.

— Мен мобул камера тууралуу… жок буга тартылган тасма жөнүндө.

— Тасма? – эч нерсеге түшүнбөдү Самат.

Режиссер ага камераны суна берип, анын экранын колу менен көргөздү. Андагы даана элесте Элина уй саап жатыптыр.

— Бул кыз ким? – такый сурады режиссер.

— Айтпайм, — деп күңк этти кызгана түшкөн Самат жер карап.

— Эмне үчүн? Муну сен тарттың беле?

— Мен жөн гана аны сүрөткө тартайын дегем.

— Самат бул кыз биздин ролго абдан туура келет. Мындай  кызды эбактан бери издеп жүргөм. Аябай издегем! – өрөпкүй сүйлөгөн  режиссердун сөзүнө өтүнүч аралашты.- Самат! – ал колун баланын ийинине койду. – Жардам берип койчу, досум…

Самат үндөбөдү.

— Ал киного тартылат. Белгилүү актриса болуп чыгышы мүмкүн!..

Самат ыргылжыңдана түшүп, улутунуп алдыда көңүлсүз түрдө үн катты:

— Элина.

Режиссердун жылмаюудан улам жүзү нурдангансып кетти.

— Аны мен кайдан тапсам болот?

Самат эгер кыздын так дарегин айтса туура болорун түшүнүп, Элинанын көчөсү менен үй номурун күңкүлдөдү.

— Ооба, ал тигил жакта жашайт! – деген сары футболкачан Саматтын оозунан сөзүн жулуп алгандай чаңкылдай сүйлөп, колу менен жана өздөрү барган тарапты көргөздү.

Режиссер Саматтын далысынан таптай берип, келген жагын карай кайра адымдай басып жөнөдү.

Күүгүм кире баштады.

* * *

Кеч. Саматтын маанайы абдан эле пас экени үңкүйгөн жүзүнөн көрүнүп турду. Сүйгөнүнүн сүрөтүн чыгара албады, колтамгага да жетпеди. Элина болсо эс-дартынан таптакыр эле кетпей койду.

— Самат! – чакырды чоң энеси. – Сенин резивериң кайра иштебей калды!

— Резивер эмес, ресивер чоң апа.

— Силердин тигил табагыңар болбогон неме экен. Калдайып турганы менен кыйратып иштеп бере албады. Мага “КТРды” коюп берчи.

Самат ага “КТРды” коюп берип, анда көрсөтүлүп жаткан алиги Фарида деген артистин үйлөнүү тоюн азга карап туруп, чоң энесинин жанына пультту коё салып, өз бөлмөсүнө жөнөдү. Атасы гаражда машинесин оңдоп жаткан. Апасы күйпөлөктөгөн ашканадан тамактын даамдуу жыты келүүдө. Самат бүгүнкү өз башынан өткөргөн окуяны көңүлүнөн өткөрүп, майда-чүйдөсүнө чейин эстеп, кээ бир эстен чыга түшкөн жерлерин көзүн жума берип толуктагысы келип жатты.  Алиги камера жөнүндө ойлонду, тигил узун чачтуу киночунун түшүнүксүз мамилесин эстеди,  Элина тууралуу…

Аны ойлогон сайын көңүлү чөгө берди. Ага арнап ыр жазгысы келди, бирок бир да ылайыктуу сөз  башына келбеди. Көңүлүндөгү кусалыгын кандайдыр күүгө айланткысы келди, бирок колунда музыкалык аспабы жок эле, болгон күндө да анда ойной алмак эмес. Баары бир эле анын жан дүйнөсүндө бир туруп кубанычтуу сезилген, кайра эле кайгылуудай туюлган бир сезим жалбырттап жаткансыды.

“Ал мага кайдыгер карайт, кандайдыр көңүл буруп карап да койбойт” деген ой башына улам келген сайын көңүлсүзүнө тарта берди бала.  “Өткөндө, жамгыр алдында бийлегенинде эле мен аны сүрөткө тартып алгым келген. Бирок ал мени көрсө да токтолбостон бийлеген, каткырып күлө берген, күлө берген. Ал мага дайыма эле кайдыгер. Анткени мен жөнөкөй баламын, ал болсо жакшы бийлеген, ырдаган, башкалардан бөлөкчө адеми кыз. Кантип эле ушундай жаркыраган сулуу кыз ташбоор жаралсын?.. Кайдыгер караганында деле кандайдыр бир жарыгы мага деле тийип өтөттүр бир күнү…” Ушинтип Саматтын үмүтү өчүп кайра жана берди, ой-санаасы чабыттап алда кайда кетип жатты.  Бир туруп кыялында Элина жаркыраган жары болуп жанында жүрдү, бир туруп бул аймак тургай бүт ааламдан аны таппай калчудай болуп санаасы сапырылды.

“А мен чынында эле туура иш кылдымбы? Албетте, туура кылдым, — өз суроосуна өзү жооп берген ал акыры бир бүтүмгө келди. – Ал чындап эле сулуу жана таланттуу актриса болот! Ал ушунчалык татынакай!.. А эгерде аны алып кетишсе эмне болот? Шаарга алып кетишсе?..” Бул оюнан катуу чочуганында Самат үстөлүнөн кулап кете жаздады.

“Эртең, — деп өзүнө өзү кайрылды ал. – Ооба, эртең… Эртең менен алып кетиштери мүмкүн аны… Ошол бойдон көрбөй каламбы? Балким эч качан көрбөсмүн… Мен аны эртең менен көрүп калышым керек!”

* * *

Ал адаттагысынан эрте ойгонуп, айылдын чоң жолуна чыкты.

“Жок, мен келесоомун. Дегеле аны бүгүн алып кетишерин кайдан билип жатам?”- деп ойлонду ал. – Жок, азыр эмес, дал ушул азыр эмес…”

Бир маалда машинанын дүрүлдөгөнү угулуп, чоң жолго “Москвич” пайда болду. Самат бул машина Элинанын атасыныкы экенин тааный калды.  Арткы орундукта отуруп келаткан кыз терезеден Саматты көрө сала колун көңүлдүү булгалады. “Ал мени менен коштошуп жатат!”- деген ой келери менен бир жамандыкты сезгендей ордунда селейе түштү да, колун шашылыш булгалап, коштошкончо шашты. “Москвич” артына бургуйлаган калың чаң калтырган бойдон жанынан өтө берди. Ачык маанайлуу Элинанын артка бурула берип, жанагындай эле жылмайып арткы айнектен кол булгалаганы чаң арасынан Саматка бүдөмүк көрүндү. “Москвич” солго бурула берип көздөн далдаа кетти.

“Кайтып келер бекен?” – деп ойлонду Самат. – Бул эмне деген көз ирмем? Мен мындай болорун кайдан билдим? Мен сезипмин! – капысынан таңгала түштү ал. – Анын кол булгалаганы кандай гана сулуу!..” Саматтын көңүлүн өзүнө таптакыр тааныш эмес сезимдер толтуруп турду.

“Мен муну кайрадан көргүм келет. Акыркы коштошуусун… Колун кандай жагымдуу түрдө булгалаганын…”

Самат бул ойлорунан улам селт эте түштү, анан оор уйкудан ойгонгонсуп, жол үстүндө созулган калың чаң аркылуу чуркап жөнөдү. Ал ушунчалык тез жүгүрдү дейсиң, тимеле убакыт жүрбөй токтоп калгансыды.

“Бул көз ирмем сөзсүз кайталанышы керек! – деген ой жоктон бар кылынган сыйкыр сымал көңүлүнө кайдан-жайдан пайда болду. – Дал азыркыдай болуп кайра кайталанар бекен… Мен ушуну… Анын кайрадан кайталанышын каалайм!..”

Саматка чаң аралап тызылдаган бул жүгүрүүсү, бул ойлору, ушул сезимдери…

“Же мурда да бул учур, ушул окуя болду беле? – деп ойлоду андыктан ал бүшүркөй.

Бала бурулушка чейин жүгүрүп барып “Москвичти” көрдү. Машина кайдадыр шашып бараткансыды. Бирок каякка?

“Келечекке.  Артта отургандын келечегин карай шашып баратат”, — деп өзүнө өзү угуза жооп берди ал. Бирок бул машинага аны өзү отургузганынан шектенген жок.

…Самат көзгө көрүнбөгөн фотоаппарат менен сүрөт тартчудай болуп эки колун көзүнө алып, оң сөөмөйүн өйдө көтөрө берип кайра түшүрдү…

Чырк!

16.11. 2016

One Reply to “Эрмек ТУРДУБЕКОВ: Чырк!”

  1. Эрмектин ангемелер жыйнагын орус тилинде окуп чыккам. Кубанычбек Аркабаев агай, сизге чоон рахмат! Сиздин эмгегинизден улам, жаш жазуучунун окурмандары жана куйормандары дагы кобойоору талашсыз! Кыргыз адабиятынын жашарышы жана байышы менен куттуктайм!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.