Мурда жарыяланган: 1-макала

Глобализация — бул, бүткүл адамзатын башкарууну бир колго концентрациялоо процесси. Же башкача айтканда бийликти бир колго топтоо процесси. Азырак болсо да элеси, образы жакындады деп ойлойм. Бирок толук түшүнүк болгон жок. Толук түшүнүү үчүн төмөнкү нерселер жөнүндө сөзсүз билиш зарыл:

Башкаруунун эки – структуралуу жана структурасыз жолу же системасы бар. Структурасы бар башкаруу — бул, мамлекеттик башкаруу системасы. Айтсак, президент — мыйзам чыгаруу бийлиги — аткаруу бийлиги — сот бийлиги, аларга баш ийген органдар, мекемелер жана башкалар. Аткаруу бийлиги айыл өкмөттөн премьер-министрге чейинки структура болсо, мыйзам чыгарууда, депутаттардын айылдык кеңешинен баштап Жогорку Кеңешке чейин, ал эми сот бийлиги райондук соттон жогорку сотко чейинки система болсун дейли. Ал эми структурасыз башкаруучу? Ал кандайча башкарат? Анда сөз ошо жөнүндө.

Булардын баары адам психологиясына негизделген куралдар экенин сөзсүз айта кетиш керек.

Структурасыз башкаруунун — алты куралы же багыты бар.

  1. Дүйнөтааным же түшүнүк.
  2. Тарых же фактология.
  3. Идеология.
  4. Акча же экономика.
  5. Гендик курал.
  6. Согуш куралы же аскерий курал.

Эми ар бирин ылдыйдан жогору карай талдап чыгабыз. 5 жана 6 курал — материалдык куралдар же буларды колго кармап, ар кандай кылып пайдаланса же көрсө болот. Ал эми калган төртөөнү колго кармалбаган же көзгө көрүнбөгөн куралдар экенин баса белгилеп кетем.

«Согуш — бул саясаттын башкача жол менен уланышы»

  1. Адамзатын башкаруунун эң байыркы куралы. Аскерий курал, согуш менен башка элдердин жерин басып алып кул кылуу, байлыгын жана башкасын ээлеп алуу сыяктуу саясат жүргүзгөнгө эң ыңгайлуу. Азыр дүйнөгө өз өкүмүн жүргүзүүгө жараган өлкөлөрдүн баарында аскер күчтөрү жана куралдары көп экенин билебиз. Бул жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмундагы Коопсуздук Кеңешинин отурумундагы иштерден көрүп, билип атабыз. Күндөлүк турмуштагы мисалдар, керек болсо криминалдуу адамдардын карапайым адамдарды курал колдонуп, айтканын аткартып атканын айтса да болот. Аскер куралдарына бычактан баштап ядролук куралдарга чейин кирээрин айтсак жетиштүү болор. Кыскасы, сөзү өтүмдүү өлкө болом десе — аскери көп жана тапанчадан баштап ядролук заряд алып жүрүүчү, континент аралык ракеталары болушу керек.
  2. Гендик курал же адам генин, генофондун бузуучу заттар. Дагы бир аталышы — геноцид кылуучу курал. Тамеки, спирт ичимдиктери, ГМО азыктар (гени модификацияланган), баңгизаттар жана дары-дармектин кээ бир түрлөрү. Азыркы күндө эч кимге жашыруун болбой калган, жаңы төрөлгөн балдарды эмдөөнүн айланасындагы, ар кандай кеп-сөздөр да ушундан улам чыгып жаткандыгы белгилүү.

Бул куралды кантип колдонушат?

Бир караганда билинбеген, бирок адамдын ден-соолугуна тийгизген зыяны өтө күчтүү болгондуктан, буларды адамдарга билгизбестен, акырындык жана айлакерлик менен күндөлүк турмуш-тиричиликтин айрылгыс бир бөлүгүнө айлантышкан. Мунун ар түрдүү ыкмаларын ойлоп табышып, кирешелүү бизнеске айлантышкан.

Ошол ыкма же методдордун бир экөө жөнүндө мисал: Мен өзүм жана бир-эки таанышым жөнүндө айтып берейин. Өтө жашыман тамеки чегип, атың өчкүр аракты ичип баштагам. Азыр Кудайга шүгүр, булардан кутулдум десем болгудай элемин.

Ойлоп көрсөм, мындай тиянак чыкты: балким сага да кызыктуу жана пайдасы да тийип калса ажеп эмес. Мектепте жакшы окугам. Сегиз жашыман баштап китепканадан чыкпай китепти көп окугам. Мындайча айтканда, үлгүлүү окуучу элем. Окуган китептердеги чыгармалардын көбүндө оң каармандар тамеки тартышат, арак ичишет. Эми ошол тамеки тартканын сүрөттөп жазгандарычы. Тим эле көзүңө көк түтүнүн булатып атканы көрүнө, элестей калгыдай кылып сүрөттөлөт. Мурдуңа жыты келе калгандай элес калтыра тургандай жазылат. Ал эми ичкилик ичилген эпизоддорчу. Бөтөлкөнү ачканы, стакан, бокалдарга асипеттеп куюлганы, анан оң колдун манжаларынын учу менен кармап, арак, вино, шампан же вино куюлган бокалдарды тамшана тиктегени, акырын оозго жеткирип кылтылдата жутканы, сулуунун тамагынан ичкиликтин кантип өткөнү жөнүндө ушунчалык билгичтик, усталык менен көркөмдөлөт. Туурабы?

Айрыкча жигиттер менен кыздар чогулуп майрамдаган же жөн эле жолугушуу кечелерде таттуу винолор жөнүндө, аны ичкенден кийин тамылжыган жүздөр, моймолжуй сүзүлгөн сулуу көздөр, сырдуу көз караштар, баарынан да соо маалында уялып айта албай жүргөн ой-тилектер, жигиттин кызга же кыздын жигитке болгон сүйүү сезимдеринин, ичкенден кийин өзүнө өзү эле оңой айтылып калганы жөнүндө окуган жаш бала же кызда ичкилик жөнүндө алгачкы кызыгуу пайда болот. Андан да кызыгуу арттырганы, ошондой кечеден кийин уланган эротикалык эпизоддор ого бетер жаш адамдын канын дүргүтүп, ошол сезимдер түпкү акылга же «подсознание» деген балакетке билинбей жазылып калып, кийин бой жеткен мезгилде акырын ойгонуп, тарс жарылган бомбадай эле эффект берет.

Азыр ойлосом ушул нерселер таасир кылып ичип-чегип алган турбаймынбы. Эми кино жана театр дагы бул зыяндуу заттарды реклама кылууда жогорто жазылган китеп, гезит-журналдарга караганда алда канча күчтүү каражат эмеспи. Китеп, гезит-журналда сөз менен жазылса, кино-театрларда ал нерселер жандуу жана элестүү кылып көрсөтүлөт. «Миң уккандан, бир көргөн артык» дегендей.

Ал эми телевидение болсо бул нерселерди реклама кылып көбөйтүүчү каражаттын эң күчтүүсү. Күчтүүлүгү — күнү-түнү тынбастан жылдар бою кайталай берип адамдардын мээсине мыктап койгондон да бекем орнотот тура.

Бангизаттарды биз жаш маалда билчү эмеспиз. Менин курбалдаштарым бала кезде укпасак деле керек. Кийин-кийин гана 90-жылдардын араак-берагында пайда болду окшойт. Ошол жылдары имиш сөздөр угулуп, анан гезит бетинен түшпөй калган эле. Анан теле-радиодон тынбай уктуруу-көрсөтүүлөр бериле баштаган. Анан эле айылдан паланча наша эгип колго түшүптүр дегенди уктук. Түкүнчө наша чегет экен деп угуп калып жүрдүк. Эми азыр карачы. Канчалык көбөйдү. Кырылып атпайбы баңгилер. Коомго тийгизген зыянын айт. Өлкөгө тийгизген залалы менен оорчулугун айт. Баш жакта келтирилген цитатадан үзүндү.

<<Мы будем расшатывать, таким образом, поколение за поколением… Мы будем драться за людей с детских, юношеских лет, будем всегда главную ставку делать на молодежь, станем разлагать, развращать, растлевать ее>>

«Кайсы улутту багынткың келсе — ошол улуттун баласын тарбияла»;

«Кайсы улутту жок кылгың келсе — аялын буз».

Кандай гана көрөгөчтүк менен айтылган! Ойлочу. Кыргызстанда ушундай көрүнүш барбы? Албетте, бар. Эми санап өткөндөн да күчтүү таасир кылчуу нерсе — бул адамды курчап турган чөйрө. Айланасындагы адамдар. Үй-бүлө, тууган-урук, жоро-жолдош, бирге окугандар, коңшу-колоң жана башкалар.

Элибизде «Уядан эмне көрсө, учканда ошону алат» — деген макал бар. Уябыз болсо мына ушул санап өткөндөр да. Баарыга маалым болгондой, эгер жүргөн-турганы жакшы, сылык-сыпаа адамдар менен чогуу жүргөндөр да ошолордой болот. Адамдар кандайдыр бир нерсеге кызыгышат, спорт, саякат, кайырмак салуу, чыгармачылык, маданият жана башкаларга. Ошондой топторго чогулушат. Кээ бирөөлөр бейбашчылык кылган топторго кошулат. Баңгилер, ичкендердин өздөрүнчө топтору бар. Айрым бир учурларда гана бир топтон экинчисине кандайдыр бир себептер менен өтүп калышпаса, көбүнчө өздөрүнүн тобу менен гана алака кылышат. Коом деген ушундай нерсе экен, анда бир убакта жакшы нерселер көбөйүп, кээ бир мезгилде жамандык көбөйүп турат.

Азыр жер жүзүндө жакшыдан жаман көп болуп тургандай мезгилде жашап атабыз. Биздегидей эле көрүнүш баардык жерлерде бар экенин теледен, интернеттен көрүп атабыз. Социалдык тармактардан: «фейсбук», «инстаграм», «твиттер», «одноклассники» жана башкаларда эмне жөнүндө маалымат көп? Коомго жат, терс көрүнүштөр. Өсүп келе жаткан муун уяда жатып эмнени көрүп атканы белгилүү болду окшойт? Учканда эмнени алаары да белгилүү болду. «Бешиктен бели чыга элек» беш көкүл кыздардын мас болуп мушташкандары, «ит жеңгенин талайт» кылып көптөшүп, бирөөнү тепкилеп атканы да жогорку макалдын ырастыгынын далили эмеспи. Ушуларды жазуудан да көңулүм чөгүп турат.

Тууганым, эгер ушундайларды көргөн болсоң, анда ушундай бузулган жашпы же карыбы, аялбы же эркекпи — баш жакта айтылган Рух деген дарактын жалбырагы, чырпыгы жана бутак-шактары ошолор. Ал дарак сеники! Меники! Баарыбыздыкы! Дарак куураса — баарыбыз куруйбуз. Ал өлсө — баарыбыз өлдүк.

Эми ГМО азыктары жөнүндө эки ооз гана сөз. Мындай дейт элем, эмне жегениңи айтсаң, кандай адам экениңди айтып берем. Ооба, бул чынында ушундай. Бул жөнүндө «РухЭште» «Адамды адам кылып турган эмне?» деген макалам чыккан эле. Ошондон толук маалымат алсаң болот. Кайталап отурбай, төмөнкү нерсеге көңүлүндү бургум келе. Адамдын ДНКсына ар бир жаңы муун, жаңы информация кошуп турат. Бул орточо 25 жыл. Бул маалыматты толуктап гана турат дегенди билдирет. Ал эми гени модификация кылынып өзгөртүлгөн азыктар адамдын генин да өзгөртөт деген илимий көз караш бар. Бул өтө кооптуу маселе экенин да айтып өттүк дейли да, жаңы төрөлгөндөрдү эмдөөлөрдүн зыяны же пайдасы бардыгы тууралуу маселени адистерге калтыралы.

Бул 6 жана 5 куралдар, материалдык куралдар экени жөнүдөгү сөзгө чекит коёлу. Таанышуу үчүн азырынча ушул маалымат жетишет деп ойлойм. Булардан кийинки куралдар болсо маалыматтык куралдар. Көзгө көрүнбөгөндүгү үчүн акыл жетип, тушүнгөнгө бир аз оор сезилиши мүмкүн. Бирок өтө кызык жерине эми жакындадык.

  1. Экономикалык курал же акчалар жөнүндө ойду кийинкиде улайлы.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *