Менин колумда Чоюн Өмүралиевдин «Куш жолунда кут чөккөн…» аталыштагы, боёгу кургай элек жаӊы китеби турат. Балким, баамчыл, байкагыч окурман автордун ысымын атабаганда деле: «Аа, болду-болбоду, аны баягы Чокебиз жазса керек» — деген ойго келмек деп болжойм. Анткени, өз чыгармаларына кызыктуу (табышмактуу да) темаларды коюп, өзгөчө атап келаткан жазуучу эмеспи. Буга чейин көптөгөн курч публицистикалык таризде жазылган макалаларын, монографияларын, дилмаектерин, эл аралык конференциялардагы сөздөрүн ж.б. жарыялоолорун эсепке албаганда, соӊку беш жыл аралыгында эле анын калеминен «Теӊирчилик. Мамлекет – Коом» (2012), «Теӊирчилик. Бурут тамга – Төрөн тил» (2012), «Бурут тамга – Жандырмак» (2014), «Бурут тамга – Баянкат» (2015) деген академиялык маанидеги, фундаменталдуу (негиздүү, тереӊ) чыгармалар жаралды.

Практика көрсөткөндөй, Ч.Өмүралиев жазмышта кадам сайын жолугуучу көндүм көрүнүштөргө көӊүл бөлүп, убакыт коротпостон, илимий кыйырдан али изилденбеген, кызуу талаш-тартыш, талкуу, кайчылаш пикирлерди туудурган олуттуу жана орчундуу көйгөйлөрдү көтөрүп келаткандыгы илимий коомчулугубузга кеӊири маалым. Бир жакшы жери, ал ошо маселелерди козгоо менен эле чектелип калбай, аларды өзүнүн тереӊ (универсалдуу деп айтсак болот) билиминин, оригиналдуу, бөлөктөрдүкүнө окшобогон ой-туюмунун, көз карашынын жана ээлеп турган жекече позициясынын бийиктигинен ынанымдуу, далилдүү, эӊ башкысы, эч нерседен чочулабастан, ишенимдүү талдап да, аӊдап да, тактап да берүүгө жетише алган. Бул – чыныгы, нукура илимпоздуктун айныгыс сапаты жана белгиси!

«Атын атаса, куту сүйүнөт» эмеспи, бул жерден автордун өйдөдө саналып өткөн чыгармаларынын негизги идеясы менен сюжетине жалпылоо иретинде гана учкай токтоло кетсек, биз төмөнкүдөй бүтүмгө келебиз. Тактап айтканда, белгиленген биринчи эмгегинде анын 20 жылдан арбын аралыктан берки мамлекет жана коом туурасындагы изденүүлөрү жыйынтыкталып, учурдагы кыргыз укукчул мамлекети кандай жолдор менен өнүгө алат маселесин козгоп, улуттук идеологиянын өзөгүн жаӊы – «Кыргыз Эл» мамлекети концепциясы түзүш керек деген ой-толгоосун ортого салат.

Экинчи чыгармасында автордун философиянын, табигый илимдер менен тил илиминин теориялык маселелерине байланыштуу жекече көз карашы камтылып, кытай иероглифтеринин кыргызча-түркчө окулушу чечмеленген. Үчүнчү китебинде бардык 214 кытай белгилеринин кыргызча-түркчө окулушу сунушталды. Автордун төртүнчү изилдөөсүндө эч качан, эч кимдин оюна да келбеген жаӊы ачылыш жасалып, кытай иероглифтеринин уӊгусунда катылган маанилерди табуу аркылуу байыркы текстерди кыргыз-түркү тилинде окуу жүзөгө ашырылды.

Эми, булардын бакисин корутундулоо менен, биз бир гана: Чоюн Өмүралиевдин бөтөнчө талантынан жаралган ушул фундаменталдуу эмгектер – анын чыныгы, эч төгүндөлгүс илимий эрдигинин даана далили болуп саналат деген так бир беткей бүтүмгө келе алабыз.

Автордун бул, соӊку эмгеги – атамекендик адабиятыбыздын алпы, улуу гуманист, ойчул-философ Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун улам жакындап келе жаткан 90 жылдык торколуу тоюна арналган. Басмалык стандарт эсеп менен алганда, дээрлик 300 бетти түзүп, кеминде 20 басма табактан туруучу академиялык маанидеги бул ири эмгектин көшөгөсүн Кыргыз Эл акыны С.Тургунбаев ачып, ага бийик баа берип кеткен. Чыгарма «Чэң көз – тэңри-кут» («Айтматовду жоктоо»), «Кыргыз поэзиясынан үч сабак» жана «Ууз Алтай» деген негизги үч бөлүмдөн куралган. Өз кезегинде, алар өзүнчө жүк көтөргөн бөлүмчөлөргө ажырап, автордун айтайын деген ойлорун бир кылка ырааттуулукта ачып берүүгө чоӊ көмөк көрсөткөн. Бул макаланын энченинде алардын бардыгына токтолуп кетүү мүмкүн эместигине байланыштуу, биз тек гана, Чыңгыз Айтматовго тиешелүү болгон бөлүгүнө көӊүл бөлүүнү эп көрдүк.

Китептин бул бөлүмү: «Бир сөз менен айтканда, калыӊ «элдеги» Айтматов бар жана ар бирибиздеги, «мендеги» Айтматов бар. Калыӊ элдеги Айтматовдун карааны белгилүү, аны дүйнө, орус, кыргыз илими биригип калыптандырды, биринчи иретте, өзүнүн чыгармалары «айтматовдук» өлбөс-өчпөс эстелигин тургузуп салды. Ал эми «мендеги» Айтматов да бүтпөс, анын окурманы кайсы тилде канча болсо – ал ошончо!» деген абдан туура байкоо менен башталат. Автор андан ары кадам сайын жүрүп отуруп, али жаш Чыңгыз Айтматовду алыскы тоо койнундагы өзүнүн Куланак айлында тестиер чагында эӊ биринчи жолу көргөн мезгилден тарта, анын өмүр жашынын акыркы күндөрүнө чейин көз чаптырып, саресеп салып, коштоп жүрүп отурганын эскерет. Экинчи жолу, орто мектепти аяктап жаткан мамлекеттик экзаменде өзү жазган «Ч.Айтматовдун «Жамийла» повестиндеги Жамийла менен Даниярдын образы» деген дилбаяндан «5» алганда жолугат. Үчүнчү сапар КМУнун кыргыз филология факультетин аяктоодо «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын экрандаштыруу» темасы боюнча дипломдук ишти жазып, аны да «5»ке жактаганда кезигет.

Аталган дилбаяндын кандайча себептерден улам жазылганын эскерип, Ч.Өмүралиев аны: «Айтматов талантка карата эӊ кенже окурмандын – мектеп окуучусунун урмат-сыйы, сүйүүсүнүн тазалыгы, мөлдүгү; кандай болгондо да, андагы 40 жаштагы (мындан жарым кылым мурунку!) Айтматовго карата 16 жаштагы баланын мамилеси эле…» — деп чечмелейт. Повестти окугандан кийин алган таасирин ал: «…романтикалык маанайда окудум! «Сүйүү тууралуу дүйнөдөгү эӊ улуу баян» — деп Арагон эмес, биринчи мен айткансыдым» — деп эргүү менен эскерет. Бул сезим ошол туштагы кыргыздын Чоюнга окшогон миӊдеген улан-кыздарына тиешелүү энчилүү көрүнүш болгондугу – карандай чындык.

Ал эми аталып кеткен анын дипломдук ишинин илимий жетекчиси, атактуу адабияттаануучу, сынчы, акын, философ Салижан Жигитовдун: «Дипломанттын алдына коюлган маселелер дээрлик туура, теориялык жактан билгиликтүү чечилген десек болот. Буга Ч.Өмүралиевдин жалпы теориялык даярдыгы, жандуу эстетикалык табитинин бардыгы чоӊ өбөлгө болгон… Албетте, бул анын жакшы касиети. Ч.Өмүралиевдин дипломдук иши, менимче, быйылкы башка иштерден өзүнүн теориялык деӊгээли жана жазылыш манерасы жагынан кескин айырмаланып турат. Ага жогору баа берсе болот», — деген таамай да, таасын да көз карашы эч кандай комментариялоого (чечмелөөгө) жатпайт ко…

Автордун Чыкебиз менен болгон андан кийинки кезигүүсү – белгилүү кинорежиссер Б.Карагуловдун анын «Бетме-бет» повестинин негизинде экрандаштырууга киришип жаткан «Кайрылып куштар келгиче» кинотасмасына байланыштуу болгон. Киносценарий жаӊы окуялуу жана орус тилинде жазылгандыктан, аны кыргызчалаш керек эле. Белгилүү эмеспи, ошол чакта Айтматовдун чыгармаларын эне тилибизге которуп жүргөн жападан жалгыз Ашым Жакыпбеков болчу. Бирок анын сыркоолоп калышына байланыштуу, тезинен которууга мүмкүнчүлүгү жок болуп, бул милдет Айтматовдун макулдугу боюнча Чоюнга жүктөлөт. Кино өнөрү менен баштайынан тааныш болгон ал: «Бир отурдум да, бирар күндө, бир демде которуп салдым» — деп эскерет. Котормонун жогорку деӊгээлде ишке ашырылгандыгын А.Жакыпбековдун андагы бир гана сөздү оӊдоп, «эми, Чыкеге айта бергиле, менден уруксат…» — дегени эле, айкын мисал.

Чыгарманын «Айтматовду жоктоо» аталыштагы бөлүгү өзүнө: 1. «Этюддар», «Чыңгыз деген ат эмнени билдирет?», «Бечара жаш», «Чынгыз – сырттан», «Дүйнөлүк сыйлык тууралуу», «Муундар байланышы», «Туу Түбү Эр», «Ак таӊ – кызыл күүгүм»; 2. «Көчпөс Көк дөбө» деген ой толголорду сыйдырып турат. Алардын ар биринде өтө маанилүү маселе-жагдайлар көтөрүлүп, алар теориялык да, практикалык да кынтыксыз деӊгээлде, оригиналдуу ой жүгүртүүнүн өӊүтүндө чечилгенин озунуу менен айтып кеткенибиз эп. Алсак, «Чыңгыз» деген ат эмнени билдирет?» бөлүгүндө автор: «Бул тууралуу бир да такталган билдирүү, пикир жок алиге. Ар ким ар кандай жоруптайт» — деп баса белгилөө менен, анын он төрт аныктамасына купулубуз толбой, биз он бешинчи вариантын сунуштаганбыз дейт.

«Тэңир» деген аталыш байыркы алтайтек элдеринде – жапан, корей тилдеринде – «Тэн»; маңгулдарда – «Чэн, Цэн, Цэңхэр, Тэңгээри» делет. Ал «Тэлэгэй» белгидеги «Күн» менен кабатталышканда Чэң көзү, б.а. Теӊирдин көзү дегенди билдирет. «Чэң Көз» деген маани оозеки айтылышта Чыӊгыз деген угумга барып такалат деп белгилеп, Чокебиз: «Ошентип, «Чынгыз» деген аттын «мааниси – «Асман көзү», «Тэӊир көзү» дегенге келет. Бул – кокустан эмес, байыркы хуннулардан бери келаткан туруктуу, салттуу аталыш кагандарга гана ыроолонгон! Анткени, Чэң Көздүн да бир мааниси – Тэңри Кут, Тэӊирдин куту деген илимий ачылыш жасайт. Ынандыраарлыкпы!? Арийне!

Басылманын «Бечара жаш» бөлүгүндө автор Ч.Айтматовдун капилеттен каза таап, кыргыз журтчулугун гана тургай, ааламдын бардык ак ниеттүү адамзатын да оор кайгыга чөмүлткөнүнө токтолуп, бул орду толгус жоготууну биздин ошол туштагы жетекчилерибизди мындай коелу, оперативдүү жаӊылыктын жарчысы саналан теле-радио каналдары да (КТР) жетимдүү кабарлабай койгонуна ичи куйкаланып күйүп, капа болгонун жашыра албайт. «Селдейе түштүм. Көзүмдөн каканактап жаш кетти. КТР турсун, башка көп каналдарда футбол боюнча чемпионат көрсөтүлүп турду. Дүйнөдө – футбол. Айтматов жок дүйнөдө» — деп бугун чыгарганын жазат ал.

«Чыңгыз – Сырттан» бөлүгүндө: «Айтматов дүйнөгө – кыргызча дүйнө кабылдоону, кыргызча ой жүгүртүүнү алып кирди, жөн эмес, аны дүйнөлүк бийиктиктин сересинен туруп сиӊирди», — деген эӊ туура, эч кандай кайчы пикирди туудурбай турган, так жана даана жыйынтык чыгарат.

«Дүйнөлүк сыйлык тууралуу» бөлүгүндө адабият сырттанына эл аралык Нобель сыйлыгынын ыйгарылбай калганына саресеп салып, ал ага муктаж да эмес болчу деген күтүүсүз оюн билдирип, бул сыйлык билинбей, жылма саясатташып кетти, «биздики» жана «биздики эмес» конъюнктурасы басты. Сыйлыктын өзү түбү, каргыштуу уюп калды. Ушундан улам – түбү каргыштан таза, Азия мейкиндигинде Нобелге тараза Айтматов атындагы дүйнөлүк жаӊы сыйлыкты уюштуруу зарыл деген кызыктуу көз карашын билдирет. Мындай пикирди ал: «Өткөн кылымдын экинчи жарымынан бери Азиядан Айтматовго тете башка жазуучу чыга элек, жок. Латын Америка прозачылары: М.Астуриас, К.Фуэнтес, Х.Кортасар, Х.Борхес, Г.Маркестердин биздин дүйнөбүзгө кыйла жакын (анткени, алыскы тектешпиз!) повесть, романдарын эске албаганда, христиан батышында Айтматов менен таймашаар караан жок» — деп бир чети абдан туура, экинчиден, өтө калыстык менен түшүндүрөт.

Баса, муну мындан 10 жыл мурда, залкардын 80 жылдыгына карата жар салып чыккан эле. Чокебиздин бул пикири бүгүн парламенттин айрым депутаттары тарабынан Ч.Айтматов орденин негиздөө жөнүндөгү демилгеси менен шайкеш келип, үндөшүп жатканы – коомчулугубузду кубандырбай койбойт деп ойлойбуз. Өзүнүн ушундай философиялык тереӊ ой-мүдөөсүн жалпылап, ал мындай сыйлыктын уюштурулушу – Айтматовдун (демек, кыргыздын!) кадырынын Нобелге муктаж эместигин белгилөө менен, кыргыз колуна Айтматов көтөргөн туунун көкөлөп сакталып кала беришине ыӊгай түзмөк деген калетсиз пикирин коомчулугубузга сунуштайт. Албетте, бул – республиканын жогорку бийлик турпаттарынын, адабий-маданий коомчулуктун, жалпы эле улуттук интеллигенциябыздын көӊүлүн өзүнө сөзсүз түрдө бура турган демилге экендиги – айдан ачык.

Мына, ушул, биз буга чейин баяндап өткөн жагдайлардын бардыгы, барып-келип эле, «андагы» (Ч.Өмүралиевдин «мендеги») Айтматовуна барып такалат жана алар өтө тереӊ, чыныгы публицистикалык, бийик кесипкөйлүк вазипада, жеткиликтүү, түшүнүктүү жана ынанымдуу кыйырда шардана кылынган деп ырастагыбыз келет.

Ар дайым өз мезгилинен эки кадам алдыда жүргөн илимпоз, новатор-изилдегич, ар дайым жаӊычылдык (инновациялык) багытты медер туткан таланттуу инсан – Чоюн Өмүралиевге ак пейлибизден күрдөөлдүү жаӊы жетишкендиктерди каалап кетебиз.

Кеп этегинде, айрыкча белгилээр нерсе – бул, Ч.Өмүралиевдин буга чейинки бардык чыгармаларын басмага даярдап, басып чыгарган белгилүү илимий-агартуучулук «Кыргыз Жер» коому жана анын жетекчиси, таанымал коомдук ишмер, КДКны уюштуруучулардын бири, өлкөдө өз кезинде эӊ алгачкы сапар ачылган «Кыргыз Жер» менчик университеттин президенти Сарыбаев Эдилбек Азим уулу экендигин айта кетүүгө милдеттүүбүз.

Т.ИШЕМКУЛОВ, КР Маданиятына  эмгек  сиӊирген  ишмер, БГУнун профессору

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.