АҢГЕМЕ

Карта ойногондор карагайдан колго сомдолуп жасалган столдун одур-будур үстү менен картаны баскан сайын өздөрүн карай жылдырып убара болуп жатышты. Баары жалаң көйнөкчөн, беттеринен ылдый шорголоп тер агып турат, бирок калың чарык менен жүн байпактар кандайдыр суукка туруштук бере албай буттары какшайт. Бул кичинекей үйдөгү аба ырайынын айырмасы мына ушундай болучу. Юкон темир меши кызарганча дуулдап күйүп жатса да, андан сегиз кадам аралыкта — эшикке жакын жерге, ылдыйраак кагылган жыгач текчедеги бугунун жана чочконун чала туздалган эттери зыңкыйып тоңуп турат. Эшиктин төмөнкү үчтөн бир бөлүгүн муз каптап, жатууга ылайыкталган секинин ары жагындагы устундардын коңулдарынан боз кыроо жылтылдайт. Майланган кагаз тартылган терезеден жарык тийип турат. Үйдүн ич жагындагы анын ылдыйкы катмары адамдын деминен улам тердеп, улам кайра тоңуп отуруп, калыңдыгы бир элиге жакын боз кыроо туруп калган.

Оюндун шарты боюнча уттурган адам Юконду чүмкөгөн калыңдыгы жети фут музду жана карды балык уулоо үчүн тешмек болчу.

— Март айында сууктун мындай кескин күч алышы сейрек учурай турган нерсе! Канча градус болот деп ойлойсуз, Боб? — деди картаны аралаштырып жаткан адам.

— Кыясы, элүү бешке жетсе керек, болбосо бүт алтымышы бойдон нөлдөн төмөнбү дейм. Кандай дейсиз, доктор?

Доктор бурулуп, эшикке турган муздун калыңдыгын өлчөп жаткансып тиктеп туруп:

— Элүүдөн жогору болууга мүмкүн эмес. Же андан да төмөн, кырк тогуз болот деп айтууга болот. Көрдүңбү, эшиктеги муз тиги «элүү» деген чийимден саал-пал жогору чыгып турат, бирок ошол жогорку учу да түз эмес, өйдө-ылдый. Ал эми сууктун күчү жетимишке жеткенде муз туптуура төрт эли жогору жылып кетет, — деди.

Ал картаны колуна кайра алып, аралаштырып жатып, сырттан эшикти тыкылдаткан адамга:

— Кириңиз! — деп кыйкырды. Узун бойлуу, далылуу швед кирип келди. Анын кайсы улуттан экендигин, качан гана ал мех кулакчынын мындай алып коюп, андан соң сакал-мурутуна тоңуп калган муз эригенден кийин гана билүүгө мүмкүнчүлүк болду.

— Угушума караганда, сиздердин бекетиңиздерге доктор пайда болуптур, — деп швед отургандарга кыдырата суроолуу карап чыкты. Анын кыйналган иреңинен узакка созулган оорунун жабыркаткан запкысы көрүнүп турду. — Мен алыстан, так Вайонун түндүк жаккы урандысынан келдим эле.

— Доктор менмин. Эмне болуп кетти?

Адам жооп берүүнүн ордуна сол колун алга сунуп, укмуштуудай барсайган шишик сөөмөйүн көрсөтүп, бул балаага кантип кириптер болгонун мукактанып, байланышсыз айта баштады.

— Кана апкелиңизчи, көрүп-багайын, — деп доктор чыдамсызданып анын сөзүн бөлдү. — Колуңузду столдун үстүнө коюңуз. Мынабу жерге, момундай!

Сөөмөйүндө чын эле чоң жара бар сыяктанып швед бүжүрөп, айткандарды кылдат орундатып жатты.

— И-и, тарамышы түйүлүп калган турбайбы, — деп доктор өзүнчө күңкүлдөдү. — Жалаң ушул үчүн азап тартып жүз миль алыстыктан ушуякка келдиңби! Көз ачып жумганча ордуна келе турган иш. Карап туруңуз — эмкиден кийин муну эч убарасыз эле өзүңүз оңуна келтирип аласыз.

Доктор алаканын жайып, колун жогору көтөрүп туруп, тырышып-бүрүшкөн манжаны алаканы менен аңдоосуздан күч менен бекем басты. Шведдин бакырганын айтпа! Өзүнүн иреңи да, кыйкырганы да кандайдыр бир жапайы айбандын үнүнө окшош болчу. Ушунчалык азап көрсөткөндүгү үчүн докторду качырып сала бере тургандай кебетеленип кетти.

— Болду! Бардыгы жайында! — деп аны доктор байкай коюп, шведге кесе жана өкүм сүйлөдү. — Эми ооруган жокпу? И — и, мына жаның жай ала түштү, чынбы? Мындан ары бул иш өз колуңуздан да келет. Строзерс, картаны сиз тартасыз! Жаңылышпасам, жанакы саамды биз уткандай болдук эле. Шведдин маңыроо кебетесинен жаны-жай алып, эс акылын жыйганы байкалып турду. Оорубай калгандан кийин ал сөөмөйүн кайта-кайта бүгүп-жазып таң калып, көпкө карап көрдү да, андан кийин чөнтөгүнөн бир баштык алтын сууруп чыгып:

— Канча? — деди.

Доктор башын кескин чайкап:

— Эчтекенин кереги жок. Мен акы алып көргөн эмесмин. Жүрүш сизден, Боб, — деди.

Швед турган ордунда эмне кыларын билбей бир аз кайсактап, анан сөөмөйүн кайра тегеретип карады да, докторго жайдары тиктеп туруп:

— Сиз жакшы адам экенсиз. Деги ысымыңыз ким болот?

— Линдей, доктор Линдей, — деп Строзерс анын ордуна жооп бере салды доктордун ачуусуна тийип албасын деп.

— Кеч кирип калды, андан көрө мында конуп алыңыз. Ушундай суукта кантип жол жүрөсүз? Бизде бир кишилик бош орун бар, — деди доктор карта тартканы аралаштырып жатып шведге карап.

Доктор Линдей — беттери шишиңки, эриндери жука, чачы кара, сымбаттуу жана күчтүү адам болчу. Анын сакал-муруту алынган жылмакай кубарыңкы иреңинде эч бир оорунун салдары жок эле. Ал шайдоот жана так кыймылдай турган. Карта ойногондо да башкаларга окшоп ойлонуп отурбастан, ылдам жүрүүчү. Балбылдаган кара көздөрү адамды караганда жумурунан бери көрүп жаткандай кадала түшүп, теше тиктечү. Анын татынакай, калтылдаган колдору эң кылдат иштер үчүн гана жаралгандай эле. Көзгө чалдыгар замат аларда күч бар экендиги байкалып турчу.

— Дагы биз уттук! — деди ал үстөктү жыйып алып жатып. — Эми банк ойнорубуз гана калды, кимибиз муз оёр экенбиз кеп мына ошондо!

Эшикти кимдир бирөө дагы тыкылдатты, доктор бу жолу да:

— Кириңиз! — деп үнүн катуу чыгарды.

— Кебетеси ушул банканы бүтүртпөйт окшойт ко, — деп күңкүлдөдү ал эшик ачылар замат. — Сиздин эмнеңиз ооруйт? — Бул суроо тыштан кирген адамга тийиштүү болчу.

Жаңы келген адам канчалык сүйлөөгө аракеттенсе да, эриндери кыймылдоого жараган жок, анткени — суукка карышкан жаактары ачылбады. Кыясы, жол жүргөнүнө көп күн болгон окшойт. Бет териси бир нече жолу үшүгөнбү, карайып да кетиптир. Мурдунан ээгине чейин жыш муз дем алгандан улам эрип, пайда болгон кичинекей гана жылчык көрүнөт. Мына ушул жылчыктан чылымынын саргыч түкүрүгү жерге түшпөстөн, желимдей улам-улам бири-бирине жабышып, өзүнчө топтоп сакал сыяктуу ылдый салаңдап, муз болуп тоңуп калган. Ал үн чыгарбастан жылмайып башын ийкеп, сүйлөөгө жолтоо болгон муздар батыраак эрисин үчүн мешке жакындады. Эриген тоголок муздарды колу менен сыдырып таштап жатты:

— Мен өзүм куландан соомун, — деди ал акыры. — Бирок кокус силердин компанияңарда доктор болуп калса, анда анын абдан кереги тийип жатат. Литтл Пекодо бир адам илбирс менен кармашып, катуу майыпка учурап калды.

— Алыспы? — деп сурап калды доктор Линдей.

— Жүз милдей келет ко.

— Окуянын ортосунан канча убакыт өттү?

— Мен быякка үч күн жол жүрдүм.

— Абалы кандай?

— Акыреги чыгып кетиптир… Бир канча кабыргалары сынган окшойт. Бүткөн боюнан тамтык жок, бети-башы гана соо. Өтө оор эки-үч жараларын биз убактылуу эптеп жамамыш болдук, тарамыштарын ичке жип менен бири-бирине жеткирип, улап байладык.

— Мыктапсыңар эмесе! — деп доктор күлүмсүрөдү. — Кайсы жеринде ал жаралары?

— Курсагында.

— Анда иш бүтүптүр.

— Жок, түк иши бүтпөйт! Биз оболу жараларды жанагы курт-кумурсканы ууландыра турган суюктук менен жууп тазаладык, андан кийин гана, ошондо да убактысынча тигип койдук. Башка эчтеке табылбай айлабыз кеткенден кийин ич кийимдерден жип чубап алып, аларды да алиги дарыга жакшылап чайкадык.

— Эмесе аны өлгөн киши деп эсептей бергиле, — деп доктор тыянак чыгарып, картаны жыйыштыра баштады.

— Кайда, ал өлбөйт! Андай кишилерден эмес! Ал менин доктор алып келгени кеткенимди билди жана сиз барганча сөзсүз туруштук берет. Өлүмдүн ага күчү жетпейт. Мен аны билем.

— Кулгунаны кантип айыктыруу боюнча христиандык илимди айтып турганын карачы? — деп доктор бырс күлдү. — Деги чынын айтканда аны менен эмне ишим бар. Мен мындай ишке кийлигишпеймин. Көзү жумулган киши үчүн, элүү градус суукта жүз миль жол жүрүү оюма эч кирип чыкпайт.

— А мен сиздин барарыңызга сөзсүз ишенемин! Айтып жатпаймынбы, анын көз жумайын деген түк ою жок!

Линдей башын чайкады.

— Ушунчалык алыс жерден келгениңиз бекер гана убаракерчилик. Андан көрө бүгүн мында конуп кетиңиз.

— Эч мүмкүн эмес! Биз он минутадан кийин бул жерден кайра жөнөйбүз.

— Сиз кандай эле айтканыңыздан кайтпай, өз оюңузга катуу ишенесиз? — деп доктор корс суроо берди.

Мына ушу жерден Том Доу өмүрүндө биринчи жолу сөздү узакка созуп, жобуратып коё берди.

— Себеби, сиз бул жерден жөнөштөн мурун толук бир жума ойлонуп анан барганыңызга чейин да ал сөзсүз туруштук берет. Анын үстүнө жанында аялы бар. Болгондо да азамат аял экен — көзүнө бир жаш алып койгон жок, демек ал да өмүрүн созууга жардам берет. Экөө бири-бирин жанындай сүйүшөт. Күйөөсүнө окшоп. Кайраттуу. Эгерде күйөөсү алсырап өлүмгө багынып баратса, аялы анын жанын чыгарбай алагды кылып турууга кудурети жетет. Өлүмгө баш ийбесине кепил болоюн, күйөөсү сөзсүз чыдайт. Сиз барганча тирүү болоруна 3 унция[1] алтын саямын, макул, эгер сиз уттурсаңыз 1 эле унция алтын бериңиз. Жээкте менин ит чанам чегилип даяр турат. Эгер он минутадан кийин жөнөөгө макул болсоңуз үч күнгө жетпей жетип барабыз, анткени кайта кеткенде чыйыр менен жүрөбүз. Болуптур эмесе, мен иттерге барайын, сизди он минутадан кийин ошоерден күтүп алам.

Доу тумагынын кулакчындарын түшүрүп, мээлейин кийип, эшикке чыкты.

— Бу оңбогорду быякка кайсы шайтан айдап келди эле! — деп Линдей шарт жабылган эшикти ээрчий карап, ачуулуу кыйкырды.

II

Ошол эле түнү жыйырма беш миль жол жүргөндөн кийин түн бир топ болуп калган кезде Линдей менен Том Доу өрүүгө токтошуп, өздөрүнө убактылуу жай курушту. Талаага жай куруу анчалык деле татаал да эмес жана өзүлөрүнө тааныш болчу; кардын үстүнө от жагып ага карагайдын майда бутагын калың төшөп, аны жылуу мех одеялдар менен жаап, төшөктү чогуу салып, жылуулук сакталып ылымта болсун үчүн, анын арт жагынан брезентти чоё керип койду. Доу иттерге тамак берип, муз чаап жана от жагыш үчүн бутак кертип келди. Суукка бети-башы чымырап, тызылдаган Линдей отко жакыныраак отуруп, оокат даярдоого киришти. Оокатка лыкыя тоюп, чарыктар кургаганча бир-бирден канжа чегишкенден кийин одеялга оронуп, сулк уйкуга киришти.

Эртең менен суук мезгилсиз ылдыйлай түшүптүр, Линдейдин эсеби боюнча суук 15 градуска чейин басаңдап, анан көтөрүлдү. Буга Доунун тынчы кетип, эгерде күндүз жазгы ала-шалбырт башталса, анда алардын жолундагы терең жарды суу ташкындап, жайпап кетерин докторго түшүндүрдү. Ал эми жардын эки жак кырларынын бийиктиги бир нече жүз фут, кээ жерлери миңдеп да кетет. Жар менен чыгууга болот, бирок убакыт көп кетет.

Ал күнү кечинде алар караңгы, түнт капчыгайдан ыңгайлуу жай алышып, канжа чегүү мезгилинде жайдын ысыгын кадимкидей сезишкенин кеп салып отурушту. Кийинки жарым жыл ичинде бүгүн биринчи жолу градус нөлдөн жогору тургандыгына экөө бирдей ишеништи.

— Бу алыскы Түндүктө илбирсти көрмөк түгүл, аны бир да адамдын кулагы чалган эмес, — деп Доу сөзгө кирди. — Рокки аны «кугуар» деп атайт. Бирок мен өзүбүздүн Керриде мунун далайын жайлагам. Орегон штатында, — менин туулган жерим ошояк, — аны илбирс деп эле аташат. Айтор, илбирспи же кугуарбы, эмне десе ошо деп аташсын, иши кылып мен мындай чоң мышыкты өмүрүмдө көргөн эмес элем. Тим эле шумдук! Ушунчалык алыс жакка аны эмне айдап келгенин ойлоп жатып акылым айран болду.

Линдей сөзгө аралашкан жок, себеби төбөсү менен жер сүзүп, үргүлөп араң отурган. Оттун жанындагы жыгачтын үстүнө жайып койгон анын чарыгынан буу булап чыгып жатат, бирок аны байкап башка жагына оодарып да коюуга жараган жок. Иттер кардын үстүндө бүрүшүп уктап жатышат. Жыгачтын кээ кезде чартылдап күйгөнү гана айланадагы терең тынчтыкты белгилегенсийт. Линдей эмнегедир, кокустан көзүн ача салып, Доуну карады. Доу да аны тиктеп, башын ийкеп койду. Экөө тең кулактарын түрүштү. Кандайдыр алыс жактан күңүрт, дүңгүрөгөн коркунучтуу дабыш угулуп, көп узабай укмуштуудай уу-дууга жана күрс-тарска айланды. Барган сайын күчөп тоолордун чокусун басып өтүп, терең капчыгайларды аттап, тоо-токойду жапырып, таштын арасындагы ичке кызыл карагайларды кыйратып, улам жакындап келатты. Жолоочулар бул жаңылыктын жайын алдан эле түшүнүштү. Жаздын жыты менен толгон шуулдаган катуу, бирок жылуу шамал коломтодогу отту уюлгута асманга учуруп, зуулдаган бойдон өтө чапты. Чочуп ойгонгон иттер шоңшоюп отурушуп, тумшуктарын өйдө көтөрүп карышкырча узакка созуп, муңдуу улушту.

— Бул Чинук[2], — деди Доу.

— Демек, эми өзөн бойлоп жүрөбүзбү?

— Ананчы. Кашаттагы жолдон бир миль жүргөнчө, өзөндөн он миль жүрүү оңой. — Доу Линдейди көпкө чейин ыкласын коюп тиктеп турду да, анан сынаган сыяктуу: — Биз бүгүн он беш саат жол жүрдүк! — деп шамалга аралаштыра кыйкырып, кайта унчукпай калды. — Док, сиз коркоктордон эмессизби? — деп сурады акыры.

Линдей жооп берүүнүн ордуна канжасына тамеки толтуруп алып, ным чарыгын чойгулап, бутуна кие баштады. Бир нече минута өткөндөн кийин иттер шамалга термелип, чегилүү турду; бардык эмеректер, бүгүн пайдаланылбаган мех одеялдар чанада жатты. Жолоочулар бүгүнкү токтогон коштон түн жамынып жолго чыгып, мындан бир жума мурунку Доунун изине түшүштү. Алар таңды-таң атканча ызылдаган бороонго аралашып чаалыккан иттерди күш-күштөп, созулган булчуңдарды чымырканып түйүп, жүргөндөн жүрүп отурушту. Ушинтип дагы он эки саат жүргөндөн кийин, ушул жыйырма жети саат мезгилдин ичинде биринчи жолу оокаттанууга токтошту.

— Эми бир саатча чырм этип алса болот, — деди Доу чочконун майына куурулган бугунун бир нече кесим этин апылдата «күйшөп» жибергенден кийин.

Доу жолдошуна бир эмес, эки саат уктоого мүмкүндүк берди, бирок өзү көз ирмеген жок. Уламдан улам ыгырылып бараткан жумшак карга белги салып, ченөө менен убара болду. Кардын эриши кескин байкалды: эки саат ичинде үч эли басырылыптыр. Алыс эмес жердеги туш тараптан суунун шылдыраганы угулуп, улам шамалдын агымына жоголуп жатты. Литтл Пеко дарыясы кышкы чүмкөөдөн бошонуп, өзүнө сансыз кичирээк сууларды кошуп-көбөйүп, кулакты тундуруп, күрүлдөп-шарылдады. Доу Линдейди ийнинен бир-эки жолу акырын кыймылдатып ойгото албаган соң, катуураак түрткүлөдү.

— Тим эле өлгөн кишидей уктайт турбайсызбы? — деп таңдана сүйлөдү. — Тим койсо канча болсо да уктай бергидейсиз!

Салыңкы кабактын алдындагы чарчаган кара көздөрү тигинин айткан сөздөрүнө ыракмат айткансыды.

— Мындан көп укташка убакыт жок. Рокки болсо ара жолдо жатат. Анын жарылган курсагын өзүм тиккеним жөнүндө сизге айттым го. Док! — деп көзү жумулуп кеткен Линдейди кайта жулкулдатты. — Док, бери караңызчы! Мен сизден сурап жатам — мындан ары жүрө аласызбы же жокпу? Угуп жатасызбы? Дагы бир азыраак басууга кудуретиңиз барбы деп сурап жатам?

Түрткүлөп тургузганда чарчаган иттер ырылдап, тиштерин шакылдатты. Өтө эле жай жүрүшкөндүктөн, бар болгону саатына эки милден жол басышты. Иттер суу кардын үстүндө улам жата калышат.

— Эми жыйырма миль жүргөндөн кийин капчыгайдан чыгабыз, — деди Доу жолдошуна дем берип. — Анан мынабу муз суунун түбүнө чөгүп кетсе да бизге баары бир, анткени жээк менен жүрөбүз. Андан ары өзү да кошко чейин он милдей гана жол калат. Иши кылып, док, мындайча айтканда, түкүрүгүбүз жеткендей гана жер калат. Роккини айыктыргандан кийин сиз кайта үйүңүзгө кайык менен бир күндө эле зуу деп жетип барасыз.

Бирок алардын чанасынын астындагы муз барган сайын жээктен алыстап, ажырап, суу үстү-үстүнө кылкылдап жогору көтөрүлүп, опурталдуу боло баштады. Алиги жээкке кармалып турган муздун кээ бир жерлерин суу жаба коюп, бетин жайпап, чилкилдеген суу кар менен музду чалпылдатып кечип жүрүү өтө кыйын болду. Таман астындагы Литтль Пеко катуу шарылдагандан шарылдады. Алды жактан муздун жаракасы жана күбүрлөр бут шилтеген сайын учурайт. Жолоочулар өтө кыйынчылык менен алга жылышты, ар бир түйшүктүү миль жээк жолдогу он милге татыды.

— Док, чанага түшүп, бир аз тук этип алсаңыз болот, — деди Доу.

Линдейдин капкара көздөрү ага өтө кекээрдүү кабылгандыктан, Доу экинчи ал сунушу жөнүндө ооз ачкан жок. Түшкө жакын мындан ары жүрүүгө болбой тургандыгы толук ачык болду. Суунун ылдам агымы менен кошо кеткен сал муздар алиге кыймылдабай турган келки муздарга урунуп, аларды да копшоду. Чочулаган иттер каңкылдап жээкти көздөй жулунушат.

— Демек, жогору жакта бир жерден дарыянын музу жарылган экен, — деп түшүндүрө баштады Доу. — Алар агып жүрүп отуруп, акыры бир жерге келип шыкалып, үйөр болот, ага жараша суу иримдеп, минут сайын өйдө көтөрүлө берет. Кыясы, эгер жарга чыгууга жарасак, жогорку, жээк жол менен жүрбөсөк болбойт окшойт. Кана, док, кеттик жогору! Иттерди жан тери чыкканча кууй бериңиз! Кандай экени түшүнүксүз — Юкондо болсо муз кеминде дагы бир нече апта муңбай турат!

Эки жагы бийик жардын нак ушул кууш жери өтө типтик эле. Андыктан өйдө тырмалап чыгууга даашпай, жолоочулар жапысыраак жерин издеп, муздун үстү менен алга жүрө берүүгө мажбур болушту. Кырсыкка учурамайынча камарабай жүрүп отурушту: чанага чегилген иттердин дал таманынын астындагы муз чатырап экиге бөлүнө түштү. Ортоңку эки ит күбүргө күү дей түшүп, алдыңкы баштап жүрүүчү итти суунун агымына кошо алып кетти. Агымдын күчү менен муздун алдына кирип кеткен бул үч ит калган иттерди да каңкылдатып өлүмдү карай сүйрөп женөдү. Доу менен Линдей чананы жибербеске канчалык чымырканышса да, чана күбүрдү карай акырындап жыла берди. Иш көз ачып жумганча оңунан чыкты. Доу бычагы менен ортодогу чегилген иттин жан кайыштарын кесип жибергенде, күбүргө түшүп, бир заматта көздөн кайым болду. Жолоочулардын бутунун алдындагы муз кадимкидей термелип, бирде жээктеги музга, бирде аскага урунуп талкаланганы араң турду. Чананы жээкке алып чыгар замат, муз каңтарылып, аккан бойдон кетти.

Этти жана мех одеялдарды экиге бөлүп таңып, чананы ошо жерге калтырышты. Доу оорураак таңгакты ийнине салганда, Линдей капалана кетти, бирок Доу да айтканга көнө койгон жок.

— Тыякта сизге иш жетишет. Андан көрө жүрүңүз, кеттик!

Күндүзгү саат бир ченде алар айдөшүдө тик өйдө карай тырмалап чыгып баратышкан. Кечки саат сегизде терең жардын чокусунан ашып түшүп, эт-бетинен кетишти да, бир саат бут тартпай жатышты. Эс алгандан кийин от жагып, бир котелок кофе кайнатып, бугунун этинен итапкан кууруп оокаттанышты. Линдей эки таңылчакты тең салмактап көрүп, өзүнүкү эки эсе жеңил экенине көзү жеткенде:

— Темирдей чың адам экенсиз, Доу! — деп таңданды.

— Ким? Менби? Тапкан экенсиз? Роккини көрсөңүз болмок эле! Азамат деп мына ошону айтыш керек! Тим эле накта болоттон, таза алтындан, андан да кымбат баалуу металлдан, айтор дүйнөдөгү катуунун катуусунан жаралган! Мен тоолукмун, бирок ага теңелүү кайда! Өзүбүздүн Керриде аюу уулоого чыкканда мен биздин айылдагы жигиттерди аябай суй жыкчу элем. Рокки экөөбүз биринчи эле жолу бирге аңга чыгып калдык. Мени кара тер кысып, «муну бир мыш кылайын» деп ойлодум. Иттерди кынжыдан бошотуп коё берип, өзүм да алар менен тең жарышып, таёо жүрдүм, Рокки да менин артыман калбай келатты. Ушул көпкө чыдамак беле деп баягыдан да тырышып, жан-алымдын барынча жүрүштү көрсөттүм бейм! Бирок ал эки саат өткөндөн кийин дале мурункусундай эле артыман калбайт — ал турмак быш да дебейт. Анын үстүнө намыстана кеттим. «Мүмкүн сен алдыга өтүп кетип, кандай жүрүштү көрсөтөрсүң?» — дедим. «Болуптур» — деди. Чынында эле көрсөттү! Мен андан калышкан жокмун, бирок калп айтып эмне кылайын, аюуну колго түшүргөнгө чейин кыймылдарга кымындай шайманым калган жок. Мындай адамга эч нерсе туруштук бере албайт! Ал коркуу дегенди билбейт. Өткөн күзүндө, боз кыроо түшө баштаган кезде Рокки экөөбүз кошко кайтып келаттык. Иңир кирип, көз байланып калган. Мен дүрмөттөрүмдү ак чилдерге коротуп, такыр түгөткөм, а Роккинин бир огу калыптыр. Бир жерден Америкада жашоочу аябаган зор, ургаачы көк аюуну иттер токойго кууп киришти. Арасы бар болгону үч жүз фунт, ал эми көк аюунун сырын болсо билесиң! Рокки мылтыгын бетине кармай бергенде мен: «Койсоңчу, жалгыз огуң бар, караңгы бу болсо, эмнени шыкаалап жатасың, кароолго илинмек беле» дедим. «Эмесе, бакка чыгып кет» — деди ал. Мен бакка чыкканым жок, бирок кайпап тийген окко бууракандап ачуусу келген аюу төмөн түшүп келгенде — чынымды эле айтайын, Роккинин сөзүн укпаганыма аябай өкүндүм. Балекетке калганды ошондо көр! Андан ары иш ого бетер тескерисинен терс айланды. Аюу чоң дүмүрдүн түбүндөгү тереңдиги төрт футтай келген аңга секирип түшсө болобу. Аңдын бир жагы өтө тик, ал жагынан иттер бара алгыдай эмес: экинчи жагынан болсо тик ылдый куюлма кум. Дал ушул жерден иттер түз эле аюуга сойголонуп түшүп барышты. Кайта секирип чыгууга болбойт, аюу болсо аларды тытып таштагыдай. Айлана бадал, караңгы түн, биздин болсо жалгыз огубуз жок! Рокки эмне кылды дебейсизби? Дүмүрдүн үстүнө төмөн карай салаңдап жатып алып, колундагы бычагы менен аюуну сайгылап кирбедиби. Бирок ал аюунун арка жагына гана илинер-илинбес жетип жатты, ал эми үч ит үчөө күм-жам болуунун коркунучунда турду. Роккинин айласы түгөндү: анткени иттерге боору катуу ачыды. Дүмүргө тура калып аюунун арткы шыйрагынан алып сыртка сүйрөп чыкты. Дал ушул жерде кимди ким көрдү — аюу, иттер жана Рокки — камыр-жумур болуп, томолоктошуп жөнөштү! Төмөн карай жыйырма фут жерге чейин ырылдап, сөгүнүп, чапчышып барып, тереңдиги он фут сууга чулп дей түшүштү. Ар кимиси сыртка билгенинче сүзүп чыкты. Рокки аюуну колго түшүрө алган жок, бирок иттерин аман алып калды. Рокки мына ушундай адам! Эгерде ал бирдемени беттеп калса, эч ким аны токтото албайт.

Соңку өрүүн алган жерде Доу Линдейге Рокки соңку кырсыкка кандай учурагандыгын айтып берди.

— Балта сапка жарактуу кайың издеп өзөндү бойлоп үйдөн жогору бир милче жерге бардым. Кайтып келатып аюуга капкан салган жерде кимдир бирөөнүн алек болуп жатканын уктум. Кандайдыр бир мергенчи керектен чыккандан кийин ал капканды темир-тезек жыйнагычка өткөрүш үчүн аңга ыргытып таштаптыр, Рокки аны оңдоп, ишке жаратып койгон. «Алек болуп жаткан ким болду экен? — деп ойлодум ичимен. — Көрсө, Рокки менен анын иниси Гарри экен. Кандайдыр бир оюн ойноп жаткансышып, экөө улам кезек менен каткырып күлүп калышат. Ушундай ойрон болгон тамашаны ойлоп таап эмне кылат дейм да! Керриден да далай эле шок жигиттерди көргөмүн, ал бул экөө алардын баарынан ашып түшкөн немелер экен! Капканга аябагандай чоң илбирс түшүп калыптыр, мына ошону алар чыбык менен кезектешип мурунга сайгылап ойноп жатышыптыр. Бадалдан чыга калып карасам, Гарри өз кезегин бүтүп, чыбыктын учунан кыскартып кесип, узундугу алты дюймдай[3] чыбыкты Роккиге сунду. Ушинтип, чыбык улам кыскара берди. Мүмкүн бул оюнду сиз анчалык деле коркунучтуу эмес деп ойлошуңуз ыктымал. Илбирс улам кетенчиктеп, кадимки эле пружинадай жыйрылып, жонун бүкчүйтүп чыбыктан улам шамдагай буйтайт. Капкан арткы бутунан чапкан болчу, бирок ыргып жабыша калууну минута сайын күтүүгө мүмкүн эле. Ачык айтканда булар түз эле өлүм менен ойноп жатышты. Улам чыбык кыскарып, илбирс болсо ачуулуу боло берди. Акыры чыбыктын төрт дюймдан ашык эмес дүмүрү гана калды. Роккининин кезеги болчу. «Койчу, ушул оюнду токтотолучу» деди Гарри. «Эмне үчүн?» — деп сурады Рокки. — «Сен эми бир жолу урсаң, мага чыбык калбайт да» — деди Гарри. «Анда сен оюндан чыгасың, утуш меники болот» — деп Рокки шылдыңдап жооп берип, илбирске жакын барды.

— Көзүң жамандыкты көрбөсүн! Мышык артка кетип, өзүнүн алты фут узундугун боюна каткандай бүрүшүп, жыйрыла түштү. Роккинин колундагы чыбыктын узундугу төрт дюйм. Мышык шап апчып алды. Экөө мыкчыша кетти — кайсынысы мышык, кайсынысы адам экени билинбей будаланып калышты. Атууга болбойт! Акыры кудай жалгап Гарри ыгын таап барып, илбирсти тамактан ары бычак менен бышып алды.

— Мунун баарын мурун билгенде, эч качан келбейт элем! — деди Линдей. Доу ооба дегендей башын ийкеп койду.

— Аялы өзү да айткан болчу. Бу кырсыктын кандайча болгондугу жөнүндө сизге ооз ачпагын деп менден көптөн көп суранган.

— Ал эмне жиндиби? — деп Линдей ачуулу сурады.

— Бул эки бир тууган иниси да, өзү да кандайдыр шок немелер, дайыма бирин-бири болбогон оопай ишке ээликтиришет. Өткөн күздө агын сууда чабак урушса болобу. Суу болсо тоңгок, муздактыгына тим эле жаның көзүңө көрүнөт, дагы суу каймактап калган мезгил болчу. Алар мелдешип жарыша сүзүп жүрүшөт. Оюна эмне келсе, ошону кылышат ко! Роккинин аялы да алардан кем калбайт. Коркуу деген жок. Рокки уруксат берсе эле болду — эчтекеден тартынбайт! Бирок Рокки аны абдан аяйт. Канышадай бапестеп, оор жумушка кымындай колун тийгизбейт. Ошону үчүн мени жана дагы бир адамды акыны көп төлөп жалдап алышпадыбы. Акчалары топондой бапырайт. Бирин-бири эстен тангандай сүйүшөт! «Кыясы, ушуерде аңчылык түзүк өтөт окшойт, — деди Рокки, былтыр күзүндө ушул жерге келгенибизде. «Андай болсо, келгиле ушул жерге отурукташалы» — деди Гарри. Мен дайыма буларды алтын издеп жүрүшкөн немелер го деп ойлочу элем, а булар узун кышта бир чылапчын кумду жууп текшерип да көрүшкөн жок. Линдейдин кыжыры ого бетер кайнап кетти.

— Акмактарды түк көргүм келбейт! Кайта кетип калсам бейм!

— Жок, анте албайсыз! — деп Доу ишенгендей каршы чыкты. — Кайта кетүүгө жол азыгыңыз да жетпейт. А кудаа кааласа, эртең кошто болобуз. Мына эми акыркы жонду ашып, төмөн карай түшүп, үйгө жетип барабыз, Баарыдан да, сиз үйүңүздөн көп алыстап кеттиңиз, экинчиден мен да сизди ушу бойдон коё бере койбосмун!

Линдей канчалык чаалыкса да, кыжыры келип, кара көздөрүнүн чаары чыгып, от чагылыша түштү. Доу өзүнүн күчүн өзү жогору баалап жатканын сезе коюп, колун сунду:

— Беш өрдөктү азыраак учуруп койдум окшойт, күнөөмдү кечирип коюңуз, док! Иттериме ичим кейип, оозума келгенди оттоп, кичине капа болуп турам.

III

Баягыда кырда көөмп коё таштаган зыркыраган бурганактан үч күн өткөндөн кийин Линдей менен Том Доу акыры шаркыраган Литтль Пеконун жээгиндеги жемиштүү өрөөндөгү алачыкка келип жетишти. Сырттан кирин келгендиктен көрдөй караңгы үйдүн ичине Линдейдин көзү үйүр ала албай, анда жашагандарды даана көрө алган жок. Эки эркек бир аял бар экенин гана божомолдоду. Бирок аларга кызыкпастан, түз эле сыркоо адам жаткан койкага барды. Ал көзүн жуумп чалкасынан жаткан экен. Анын чийип койгондой кашы жана кара кочкул тармал чачы Линдейдин көзүнө чалдыга түштү. Арыктаган жана каны качкан кумсарыңкы иреңи букжуйган жоон мойнуна караганда өтө эле кичинекей көрүнөт, бирок канчалык жабыркаса да, иреңи сүрөткө тартып койгондой ажардуу.

— Эмне менен жуудуңар? — деп Линдей аялдан сурады.

— Кадимки эле сулема[4] эритиндиси менен.

Линдей аялды, андан кийин оорулуу адамды жалт карап, ордунан турган бойдон какыйып катып калды. Аял дембе-дем энтигип дем алып жатты, бирок эмне үчүн экенин жашырууга, билгизбөөгө тырышты. Линдей эркектерге бурулуп:

— Кеткиле биерден! Жыгач жарасыңарбы же дагы башка иш менен алек болосуңарбы, айтор, биерде турбагыла! — деди.

Алардын бирөө аярлап туруп калды.

— Абалы эң эле оор. Андыктан, мен анын аялы менен кеңешишим керек, — деди

Линдей.

— Мен анын инисимин да, — деп тигил кыйыктанды.

Аял андан бирдеме өтүнгөндөй жалооруп тиктеди. Ошондо гана кежигеси кер тартып жатып, ал эшикти карай жөнөдү.

— Мен да чыгып кетейинби? — деп сурады келер замат жыгач отургучка отура калган Доу.

— Сиз да.

Үйдөгүлөр бүт чыгып кеткенче Линдей оорулуу адамды кармалап, күйпөлөктөп, ар кайсы жерин көрүмүш болду.

— Демек, бул сенин Рекс Стрэнгиңдин өзү турбайбы?

Аял чыны менен ошол экенин тактоого аракеттенгенсип, жаткан оорулуу адамга көз чаптырып, анан үндөбөстөн Линдейдин көзүн тиктеди.

— Эмне унчукпайсың?

Аял ийнин куушуруп койду.

— Айтканда эмне? Мунун Рекс Стрэнг экенин өзүң дале билип турбайсыңбы.

— Ыракмат. Бирок мен аны биринчи көрүп отурушумду сага эскертип коёюн. Отур, — деп аялга отургучту жаңдап, өзү да отурду. — Мен аябагандай чарчадым. Юкондон бул жакка чейин али таш жол салына элек экен.

Ал чөнтөгүнөн макисин алып чыгып, баш бармагындагы тикенди ала баштады.

— Эмне кылайын деп ойлойсуң? — деп аял бир пастан кийин сурап калды.

— Кайта жолго чыгыштан мурун, оболу оокаттанамын жана бир аз эс аламын.

— Мен сенден тигиге жардам бериш үчүн эмне кылайын деген пикириң бар деп сурап жатам? — деп сурады аял эс-учу жок жаткан адам жакты башы менен жаңсап көрсөтүп.

— Эчтеке.

Аял койканын жанына басып барып, кайраттуу жана тармал чачты колу менен сылады.

— Сен муну өлтүрөм деп айткың келип турабы? — деп аял жай сүйлөдү. — Эч бир аралжы болбостон, өз жайынча өлө берсин деген турасыңбы? Эгерде чын көңүлүң менен кааласаң, аны сактап калыш сенин колуңдан сөзсүз келет.

— Кандай десең, ошондой де. — Линдей аз ойлонуп туруп, анан кырылдаган күлкү аралаш: — Атам замандан бери бул учу-кыйры жок дүйнөдө бирөөнүн аялын ала качкандардан көп убактарда так ушундай жол менен кутулушчу, — деди.

— Сен адилет эмес экенсиң, Грант, — деп аял жай сүйлөй баштады. — Рекс мени ала качкан жок, мен өзүм муну каалаган болчумун. Бул көптөн берки тилегим экенин сен алиге түшүнбөй жатасың. Кыскасы, мени сен өзүң жоготтуң. Мен ага өз ыктыярым менен кубанган бойдон кеттим. Аны азгырып алып кеттиң деп мени да күнөөлөөгө тийишсиң. Чын, биз экөөбүз кол кармашып, бирге кеттик.

— Ыңтайлуу ойлонгон көз караш! — деди Линдей. — Менин байкашымда, акылың баягыдай эле курч окшойт. Балким, Стрэнгдин шайын ушул акылың кетирип жүрбөсүн?

— Ойлоно билген киши сүйө да билет…

— Ошону менен бирге жөндүү иш кыла билсин да, — деп Линдей сөз кыстыра койду.

— Демек, менин туура иш кылганымды сен мойнуңа алат турбайсыңбы? – Линдей эки колун өйдө көтөрүп: — Шайтан баскырдыкы десе, акылдуу аялдар менен аңгемелешкен мына ушундай болот! Эркектер аны унутуп калып, капыстан сөзүнөн карматып коюшат. Чын, сен ага түрдүү иштин башын айтып отуруп, аны өзүңө бой сундуруп алгандыгыңа таң калууга болбойт, — деди.

Аялдын жооп бергени тигиле караган көк көздөрүнүн күлүмсүрөгөнүнөн билинип турду. Анын бардык тула бою аялдын сыймыктануусун дайын айкындады.

— Жок, жок сөзүмдү кайта аламын. Сен барып турган келесоо болсоң да, баары бир аны же кимди гана болбосун — өңүң, келбетиң, бардык өнөрүң менен өзүңө багындырып алууга жарайсың!.. Муну башка билбесе да мен билем го! Шайтан баскырдыкы десе, кайсы тоонун башын айтып жатам, деги ошол оюман кетпеди. Ал дайым аптыгып жана кыжырданып, бат-бат сүйлөчү да оюндагысын жаап-жашырбай туурасын айтчу (Медж муну биле турган). Аял анын акыркы сөздөрүнө жооп кайтарды:

— Женева көлүн али унута элексиңби?

— Ананчы! Мен аерде шумдуктай бактылуу элем.

Аял башын ийкегенде көзү кылгыра түштү.

— Канткен менен өткөндөн алыс кете албайт экенсиң. Сенден сураганым, Грант, эстечи… экөөбүз бири бирибизге ким элек… бир эле минут… эстеп көрчү… Ошондон кийин…

— И-и эми мени өзүңө ушуягынан тартайын деген экенсиң го — деп Линдей жылмайды да кайра бармагына илешти. Тикенекти алып чыгып, аны назарын салып карады да, андан кийин: — Жок, ыракмат. Дардаңдаган самаритяндыктын ролун аткаруу колумдан келбейт экен.

— Бейтааныш адам үчүн ушунчалык кыйын жолду басып келдиң да… — деп аял көшөргөнсүдү.

Линдей акыры чыдай албай:

— Эгерде мен муну аялымдын ойношу экенин билген күндө, бир кадам шилтебес элем, ага көзүң жетеби? Бирок, сен баары бир биердесиң да… Карачы, кандай абалда жатат! Эмне дейсиң?

— Эчтеме дебейм. Ал мени бүлүндүрүп кетсе, а мен ага эмне жакшылык кылышым керек экен?

Аял бирдеме дейин деп камданып келатканда эшик тыкылдады.

— Ары баргыла! — деп кыйкырды Линдей.

— Балким, сиздерге жардам керектир?

— Кеткиле дейм, бир гана чака суу алып келип эшиктин алдына коюп койгула.

— Сен аны… — деп аял сөзүн бүтүрбөстөн калтырап кетти.

— Жуунамын.

Мындай таш боорлукка аял айраң таң калып, эриндерин катуу кымтып мурчуйду.

— Бери карачы, Грант, мен болгон иштин бардыгын анын инисине азыр айтамын — деп кескин айтты аял. — Стрэнгдердин мүнөзү болсо мага белгилүү. Эгерде сен эски жолдоштукту унутууга жөндөмдүү болсоң, мен да эстебеймин. Эгерде сен эч чара колдонбосоң, анда Гарри сени да күм-жан кылат. Ал гана эмес, эгерде мен сурансам, ал Том Доунун деле колунан келет!

— Сен мени аз билгендигиңден опузалап жатасың! — деп ал аялды зекигендей мостоё карап, андан кийин келеке жылмайып туруп: — Анын үстүнө сенин Рекс Стрэнгиңе менин өлүмүмдүн кандай пайдасы тиерине түшүнбөйм?

Аял калтырап-титиреп терең улутунду, бирок муну тигинин кыйды көзү байкап калганын сезе коюп катуу тиштенип, байкатпаска аракеттенди:

— Бул, талма оору эмес, Грант! — деп аял тиштерин шакылдата шашып түшүндүрө баштады. — Менин талма оорум жок экенин өзүң билесиң го. Эмне болуп кеткенимди өзүм да билбейм, бирок буга жеңдире койбосмун. Анчейин эки нерсе — биринчиден сага ачууланып, экинчиден аны үчүн коркконум кошул-ташыл болуп — мени туталантып жиберди окшойт. Мен андан айрылгым келбейт. Аны сүйөмүн, Грант! Анын төшөгүнүн башында кандай гана коркунучтуу күндөрдү жана түндөрдү өткөрбөдүм! Айланайын, Грант, ырайым кыл… ырайым кылсаң боло…

— Бул анчейин кыжырдангандыктан болгон иш! — деди Линдей кайдыгер гана. — Токтот сөзүңдү! Сен өз боюңду токтотууга сөзсүз жарайсың. Эгерде эркек болсоң тамеки чегип жибер деп сунуш кылат элем.

Аял сенделип барып орундукка отуруп, боюн жыюуга тырышып Линдейди тиктеди. Одоно салынган очоктун ары жагынан кара чегиртке чырылдайт. Сырттан эки иттин кабышканы угулат. Мех жууркандын астында оорунун көкүрөгү дем алган сайын улам бат-бат өйдө көтөрүлүп, кайта ылдый басырылганы билинип турат. Эч жакшылык кылбай тургандай, мыйыгынан күлүп Линдей отурат.

— Сен аны катуу сүйөсүңбү? — деп сурады ал.

Аял бат-бат дем алып, көкүрөгү өйдө көтөрүлүп, көздөрү үмүттөнгөндөй жалжылдай түштү. Чын берилгендигин жашырбагандай Линдейди тайманбай тиктеди. Жоопко ачык түшүнгөндөй, Линдей башын ийкеп койду.

— Дагы биртике аңгемелешели, — деп сөздү эмнеден баштарын ойлогондой бир аз унчукпай калды. Бир кезде окуган жомок эсиме түштү. Жанылбасам, аны Герберт Шоу жазса керек эле. Ошону сага айтып бергим келди… Бир сулуу жаш аял жана сулуулукту сүйгөн дагы бир мыкты эркек болгон экен. Эркек саякатты абдан жакшы көрөт. Айтор, көп болбосо да, сенин Рекс Стрэнгиңе окшоштугу бар болуу керек. Өзү сүрөтчү, бирок цыган болгондуктан, жер кыдырып жүрөт. Ал да аялды дембе-дем жана ысык өпкүлөйт, өпкөндө да апталап, жумалап өбөт. Анан аялды таштап кетет. Аял болсо аны, кебетеси, сен мени… тиги Женева көлүндө кандай сүйгөн болсоң, ошондой сүйсө керек. Ошентип аял анын кайгысына чыдабай он жыл катары менен ыйлайт, ошондон сулуулугун көз жашы жууп кетет. Кээде аялдар сары санаадан саргайып кетет окшобойбу: кайгы адамдын дене мүчөлөрүндөгү зат алмашууларды бузат экен. Андан соң эркек эки көзүнөн тең ажырап, жаш баладай колунан жетелетип он жылдан кийин баягы аялга кайта келет. Турмушта карманар эч нерсеси калбайт. Сүрөт тартуу да колунан келбей калат. Аял болсо кайта бактыга бөлөнөт. Себеби эркек анын жүзүн көрө албай тургандыгына кубанат. (Ал сулуулукту жакшы көрө тургандыгын айтпадыкпы). Эркек аялды баягыдай эле жакшынакай экен деп ишенип, аны бооруна кысып өбөт. Анын сулуулугун баягыдай элестетет, жана кадимкидей өңүн көрө албай тургандыгына кейип, тынымсыз кеп салат. Күндөрдүн биринде ал аялга беш чоң сүрөт тартууну ойлогондугун айтат. Эгерде жарыкты кайра көрө турган болсо, беш сүрөттү тарткандан кийин: «Жашоом бүттү» деп өлүмгө моюн сунмак. Мына ушул мезгилде кандайдыр аялдын колуна сыйкырдуу дары пайда болот. Эгерде аны менен өзүнүн сүйгөн адамынын көзүн нымдап сүртүп койсо эле, кайта көзү көрөт.

Линдей ичиркенип, ийинин күйшөп койду.

— Аял кандай ойлорго чөмүлбөдү дейсиң? Эркектин көзү көргөндөн кийин баягы беш сүрөттү тартат, бирок аялды кайтадан таштап кетмек, анткени, сулуулук анын дини да. Ал аялдын өңү өчкөн иреңин эч карай алмак эмес. Дары менен эркектин көзүн сүртүү, сүртпөө жөнүндө беш күн ойлонот да, акыры сүртөт…

Линдей ушул жерден сөзүн токтотуп, аялга карады. Анын жалжылдаган көз каректеринен кандайдыр от чагылышып кетти.

— Демек сен да Рекс Стрэнгди ушундай катуу сүйөсүңбү деген суроо туулат?

— Мейли, ошондой эле болсун, эмне экен?

— Чын эле сүйөсүңбү?

— Ооба.

— Андай болсо, эгер ал айыксын үчүн кайыл болууга даярсыңбы? Андан кол үзүүгө кудуретиң жетеби?

Аял бир аз кысталып туруп, жай гана сүйлөдү:

— Ооба, — деп жооп берди.

— Демек сен мени менен кетесиңби?

Аял бу жолу үнүн угулар-угулмаксан араң гана чыгарып:

— Ал айыккандан кийин, макулмун, — деди.

— Женева көлүндөгү таттуу турмуш кайтадан баштала тургандыгына түшүнсөң. Сен эми кайра менин аялымсың.

Аял улам жыйрылып, жер карап шылкыйып баратканы менен, макул дегендей башын ийкеди.

— Эң сонун! — деп Линдей ордунан ыргып туруп, баштыгына барып, анын кайыш бүчүлүктөрүн чече баштады.

— Мага жардам керек болот. Инисин чакыр быякка. Баарын чакыр. Кайнаган суу керек, мүмкүн болушунча арбыныраак. Бинт ала келгем, бирок кана, силерде жара байлай турган башка кандай материал бар, көрсөтчү. Эй, Доу, от жагып тезинен канча суу болсо ошонун баарын кайнатууга киришиңиз. А сиз, — деп Гарриге кайрылып, — столду сыртка, тээтиги терезенин түбүнө алып чыгыңыз. Кырып, тазалап, кайнак суу менен жууңуз. Тазалаганда да укмуштуудай таза болсун! Сиз, миссис Стрэнг, мага жардамдашасыз, шейшеп болсо жоктур дейм? Мейли эми, эптеп бир балээ кылаарбыз. Сиз инисисизби, сэр? Мен азыр наркоз жыттатамын, анан качан керек болгондо сиз кайталап турасыз. Эми угуп туруңуз: эмне иштеш керек экениңизди сизге үйрөтөйүн.  Баарыдан мурда тамыр кармашты билесизби?

IV

Линдей кайраттуу жана жөндөмдүү хирург катары көпкө даңкы чыккан доктор болчу, ал эми кийинки мезгилде жөндөмдүүлүгү мурункудан да ашып кеткен. Же Стрэнгдин катуу майып болгонунанбы, же жардамдын кечиңкиреп келгениненби, айтор, Линдей бул сыңардуу кыйын окуяны мурда учуратпаган. Чын, ал эч качан бул сыяктуу саламаттыгы темирдей адамды кездештирбеген, бирок эгерде оорулуу адамдын ит жандуулугу, адам таң каларлык укмуштуудай күчү жана өлүмгө чыдамдуулугу болбогондо, баары бир, анын иши оңунан чыгып, колунан эч нерсе келмек эмес.

Стрэнгдин эти ысып, жөөлүгөн күндөрү болду; тамыры билинер-билинбес араң согуп калганда жүрөгүнүн кагуусу начарлаган күндөр да болду; кээде кадимкидей акыл-эсине келгенде, кыйналган жана чүңүрөйүп кирип кеткен көздөрүн чакчайтып, оорунун запкысынан кара терге түшүп жатып далай күндү өткөрдү. Линдей көшөргөн чыдамдуулугу, кажардуулугу жана ырайымсыз талаптуулугу, ороскелчиликке чейин барган тайманбастыгы аркасында бир нече ирет тобокелге салып, аны жеңип отуруп, ийгиликтүү натыйжага жетишти. Өзү дарылаган оорулуу адамды тирүү алып калуу ага аз көрүнгөнсүдү. Ал өз алдына татаал жана опурталдуу милдетти койгон: Рексти мурункудай күчтүү жана соо кылып айыктыруу эле.

— Бул эми майпар же мунжу болуп калабы? — деп сурады Медж.

— Ал жалгыз гана басып жүрүүгө жарабастан, сүйлөйт, мурунку Стрэнгдин жөнөкөй гана бир сөлөкөтү болбойт, жок, чуркоого, секирүүгө, таштак суулардан сүзүүгө, аюуга ыргып минүүгө, илбирс менен кармашууга — кыскасы, өзүнүн акылсыз кесирлүү иштерин бүт бойдон орундатууга жарайт. Эсиңде болсун: ал мурункусундай эле бардык аялдардын сүйгүнчүгү да боло алат. Буга эмне дейсиң? Канааттандыңбы? Бирок сен анын жанында бирге болбой тургандыгың эсиңден чыкпасын.

– Улант, улант өз ишиңди, — деп аял акырын жооп берди. — Эптеп саламаттыгын калыбына келтир, мурда кандай болсо, ошол кебетесине жеткир.

Оорулуунун абалы мүмкүндүк берген сайын, Линдей аны бир нече жолу дары менен уктатып, эң эле опурталдуу жана кыйын операцияларды жасады: дененин жана ичтин тайпылган эки анжы жерлерин кесип, жамап, улаштырып бириктирди. Күндөрдүн биринде ал оорулуунун сол колу начар иштегенин баамдады. Стрэнгдин колу кыйынчылык менен кандайдыр белгилүү гана өлчөмгө чейин көтөрүлчү болду. Линдей себебин териштире баштады. Көрсө, биердеги илинчек — чыйралган жана үзүлгөн бир нече булчуң айламталарында экен. Линдей кайтадан аларды кесип, чатышын жасып, чоюп, тегиздеп түзөтүүгө киришти. Стрэнгди анын темирдей чың жана укмуштуудай чыдамдуу дене жаралышы гана аны өлүмдөн сактап калды.

— Сиз минтсеңиз өлтүрүп аласыз! — деп Гарри каршы боло баштады. — Жанын кыйнабай жөн коюңуз! Кудай үчүн, тынч жайына коюңуз! Кескиленип жатып өлгөнчө, майып болсо болсун.

Линдейдин ачуусу келе түштү.

— Эшикке чыгып кетиңиз! Мен муну ажалдан аман алып калганы жатканымды толук ойлонуп, мойнуңузга алмайынча, үйдөн чыга туруңуз! Кажылдоонун ордуна мага дем бериш керек ко. Бир тууганыңыздын өмүрү кылдын учунда илинип турат. Үйлөп койсо үзүлүп кеткидей. Түшүнүктүүбү? Эмесе биерден кетиңиз да, баарыдан мурда, анын жашай тургандыгына, мурун кандай болсо, ошондой болуп айыга тургандыгына, экөөңөр обу жок иштерди дагы ойлой тургандыгыңарга бекем ишенип, жылуу-жумшак жана көңүлдүү болуп келиңиз.

Гарри муштумдарын түйүп, тиштенип, акыл сурагандай Меджге карады.

— Чыгып кетчи, бай болгур, чыгып кетчи! — деп ал жалынып-жалбарып жиберди. — Доктордун айтканы туура. Мен билип турам, анын айтканы туура.

Стрэнгдин абалы коркунучтуу кырдаалдан өтүп калгандан кийин, күндөрдүн биринде анын иниси мындай деди:

— Доктор, сиз тимеле кереметтүү адам турбайсызбы? А мен ушул кезге чейин жадаса, сиздин фамилияңызды суроону ойлонбопмун.

— Аны менен ишиңиз болбосун! Ишке саат болбой, оолак жүрүңүз!

Көбүрөк тытылып, тамтыгы чыккан оң колдун айыгышы кокустан эле токтолуп, бир жеринен эң коркунучтуу жаранын оозу ачылып калды.

— Некроз[5] — деди Линдей.

— Анда иши бүткөнү ошол! — деп Гарри кейий баштады.

— Үн чыгарбаңыз! — деп Линдей аны урушуп жиберди, — Азыр Доу экөөң жөнөгүлө, Биллди да кошуп алгыла да, мага тирүү жана куландан соо бир нече коён кармап келгиле. Бардык жерге кылтак коюп, кылтак менен кармагыла.

— Канча коён керек сизге?

— Кырк… төрт миң… кырк миң… канча кармасаңар ошончо! А сиз, миссис Стрэнг, мага кол кабыш кыласыз. Ушу колдун жарасын эмнеси болсо да ачып көргүм келди, А силер, жигиттер, коёнго аттангыла.

Ал жараны тереңирээк ачып, чирип-бузулуп бараткан сөөктү жонуп көрүп, бир топ жерге чейин ириңдеп кеткенин билди.

— Ушунун бардыгы анын ар жеринен катуу жарадар болгондугуна байланыштуу. Анткени, алар анын күчүн алып койбодубу. Болбосо мындай болбойт эле, — деп ал Меджге түшүндүрө баштады, — Баары бир мунун денесиндей чың дене да бардыгына туруштук бере албайт. Мен муну мурун эле билген болчумун, бирок тобокел деп күтүп туруудан башка айла калган эмес. Мына бул кичинекей сөөктү алып ташташ керек. Мунсуз деле иш бүтөт. Аны коёндун сөөгү менен алмаштырамын, кол кадимки мурункусундай, иштей берет.

Линдей кармалып келтирилген жүзгө жакын коёндун ичинен бир нечесин тандап алып, алардын жарактуулугун текшерип акыры бирөөнү жактырды. Наркоздун калдыгы менен Стрэнгди уктатып, жалпы физиологиялык өсүш колго жардам берсин үчүн, коён менен адамдын тирүү сөөктөрүн бири-бирине улаштырып, кыйыштырды. Мына ушул кыйын мезгилдин ара-торосунда, өзгөчө Стрэнг жакшы боло баштагандан тартып, Линдей менен Медждин ортосунда кыска сүйлөшүүлөр боло баштады. Доктор айтканынан кайткан жок да, аял анын айткандарына көп анчалык кежейген жок.

— Бул машакаттуу иш! — деди Линдей. — Бирок законду аттап кете албагандан кийин, экөөбүз кайта үйлөнүш үчүн, сен аны менен никеңди бузушуң керек. Муну кандай дейсиң? Женева көлүнө кетебизби?

— Мейли! — деп жооп берди аял.

Экинчи жолу доктор мындай деди:

— Бу сен, деги, анын эмнесине кызыктың? Мейли, эми анын акчасы көп экен деп эле коёлу, аны билем. Бирок экөөбүздүн деле, мындайча айтканда, жылуу-жумшак оокатыбыз бар эмес беле; кийин мен кириш китептен карап көрсөм, тажрыйбадан мен жылына орто эсеп менен кырк миң алчу элем. Жалаң эле өзүңдүн жеке менчик немең менен заңкыйган хан сарайың жетпейт дебесең, башканын баары бар эле го.

— Билсең иштин түйүнүнө мен ушул азыр араң түшүнүп жүрөм. Сыягы, сен дайыма тажрыйбаң менен алек болуп жүрүп, мага такыр көңүл бурбай койгондугуңан келип чыккан окшойт.

— Ошондойбу! — деди Линдей билмексен мыскылдагансып, — Мүмкүн сенин Рексиңдин деле илбирс менен кыска чыбыктан башы кутулбай жүрбөсүн.

Линдей аялдан Стрэнг аны кантип жана эмне өзгөчөлүгү менен өзүнө ыктатып алгандыгын түшүндүрүүнү ар качан талап кыла турган.

— Түшүндүрүү кыйын, — дей турган аял ар дайым. Бир күнү акыры аял мындайча жооп берди:

— Сүйүү эмне экенин эч ким түшүндүрө албайт, а жагынан мен деле эч кимден озуп кете албаймын. Мен сүйүүнү бар болгону эч кимдин алы жетпей турган нерсе деп гана түшүнөм. Ванкувер Фортто Гудзонова булуңундагы Компаниянын бир чоң капиталисти жергиликтүү англиялык чиркөөнүн побуна катуу нааразы болуп калат. Анткени поп Англияга жазган катында Компаниянын бардык кызматчылары башкы уполномочени баш болуп, индианкалар менен жолугушуп күнөөгө батып жатышат дептир. «Андай болгондон кийин сиз эмне үчүн жеңилдетүүчү себептер жөнүндө ооз ачпайсыз?» — деп сураптыр капиталист. Поп мындай деп жооп берет: «Уйдун куйругу төмөн карата өсөт. Эмне үчүн анын куйругу төмөн карата өсө тургандыгын мен түшүндүрө албаймын. Бирок болгонду болгондой, көргөндү көргөндөй айтыш менин милдетим».

— Акылдуу аялдарды шайтан алсын! — деп Линдей айкырып, көздөрүнөн чаары чыга түштү.

— Клондайкка кандайча келип калдың? — деп сурады Медж.

— Менде акча топондой эле, бирок аны сарп кыла турган аялым жок. Каржалып кеттим окшойт, — эс алгым келди. Адегенде Колорадого бардым. Оору кишилер аякка телеграмма жаадырып тынчымды алды, кээ бири үстүмө келе башташты. Сиэтлге көчүп кеттим — баягыдай эле тынчымды алышты. Рексом атайын поезд менен оору аялын жибериптир. Айла жок, качууга болбоду. Операция түзүк өттү. Жергиликтүү газеталар аны угуп алышыптыр. Калганы өзүңө белгилүү да! Баарынан жашынгым келди да Колондайкты көздөй сыздым. Мына ошентип, аерде Юкондогу алачыкта жылуу-жумшак карта ойноп отурган жеримен жанагы Том Доу издеп таап албадыбы.

Акыры Стрэнгди тургузуп, төшөнчүсүн күнгө жайып сергиткен күн да келип калды.

— Эми айтууга уруксат кыл, — деп сурады Медж.

— Жок, дагы коё тур, — деп жооп берди Линдей.

Көп узабай Стрэнг бутун койкадан түшүрүп отурууга, андан кийин эки колтугунан жөлөтүп бир-эки кадам шилтөөгө жарады.

— Айтууга убакыт жетти го дейм, — деди Медж.

— Болбойт. Адегенде чала бүтүрбөй ишти аягына чейин жеткириш керек! Сол колунун иштеши али ойдогудай болбой турат. Ал эчтеке эмес, бирок кайта төрөлгөндөй, куландан соо кылып айыктырышым керек. Эртең колунун жарасын дагы ачып көрүп, майып жерин алып таштайм. Дагы бир-эки күн чалкасынан жатууга туура келет. Наркоздун түгөнүп калганын карачы. Мейли эми, тиштенип эптеп чыдайт да. Антүү анын колунан. Келет. Чыдамкайлыгы он кишиникиндей эле бар.

Жай келди. Кар эрип бүткөн, тээтиги чыгыштагы аскалуу тоонун чокусунда гана бир аз кар жатат. Күн узара баштады. Дээрлик түн кирбестен, түн жарымы ченде күн түндүк жакка эңкейип, бир нече гана минут батып, кайра чыгып жатты. Линдей Стрэнгдин жанынан күнү-түнү чыккан жок. Ар дайым энеден туума чечинтип, керилтип-чоюлтуп, булчуңдарынын жана жалпы денесинин кыймылын, басканын баамдоочу болду. Денени жандантуу максатында тынымсыз ушалатып турду. Өзү токтотмоюнча Том Доу, Билл жана Гарри укалап жатышып, Турциянын мончосунда же сөөк ооруну айыктыруучу ооруканада укалоочу болуп иштөөгө жарагыдай үйрөнүштү. Бирок доктор алиге канааттанган жок. Кандайдыр бир жашыруун калдыктан кооптонуп, ал Стрэнгге дене тарбиянын ар түркүн көнүгүүлөрүн жасоого буюра берди. Кайрадан бир жума төшөккө жаткызып, майда көк тамырлардын үстү жагынан бир канча жеңил операцияларды жасап, кайсы бир шек санаган сөөктүн кофенин данегиндей жерин кырып, дал ошол жерге отургузулган жандуу сөөк — эт кызгылт, таза экенине көзү жетмейинче операция жасай берди.

— Айтууга эми уруксат берчи, — деп жалдырады Медж.

— Али убакыт боло элек. Дарылоо бүткөндө гана айтасың, — деп жооп берди Линдей.

Июль айы өтүп, август аяктап калган. Линдей Стрэнгге бугу уулоого барууну кеңеш берди. Өзү болсо анын артынан калбай, кыймылын байкап жүрүп отурду. Стрэнг кудум мышыктын кыймылындай мурдагы шамдагай калыбына кайта келдн — Линдей мындай ылдам жүргөн бир да адамды кезиктирген эмес. Стрэнг эч кандай кыйынчылыксыз бутун бир калыпта бийик таштап, чоң арыштап зымырылып баратканынан адегенде анын ылдам жүрүшү байкалган жок. Чыны менен бул баягы Том Доуну суй жыккан жүрүштүн нак өзү болчу. Линдей өзү айыктырган адамына араңдан зорго үлгүрүп келатты, анын караанынан алыстабас үчүн кээ кезде түзөң жерлерден чуркоого аргасыз болду. Ушинтип он миль басып өткөндөн кийин, Линдей тык токтоп, жерге узунунан түшүп, жата кетти.

— Жетет! — деп кыйкырды ал Стрэнгге. — Сизди кууп жете албайт экемин!

Линдей кара терге түшкөн жүзүн аарчынды, Стрэнг болсо докторду жылмая карап, диний көз караштагы адам сымак айлана тегерекке суктанып, кубанычтуу көз жиберип карагайдын дүмүрүнө отура калды.

— Эч жериң сайгылашпайбы, уюп-сыздабайбы? Ооруган жокпу? Оорунун ишаараты билинбейби? — деп сурады Линдей.

Стрэнг жок дегендей башын чайкап, магдырагандай бардык ийкемдүү денеси менен керилип койду.

— Демек, бардыгы жайында, Стрэнг. Кышында суук, ным, бүркөк кездерде эски жарадар жерлериң сыздап, уюп ооруйт. Бирок кийин өзүнөн-өзү басылып кетет. А мүмкүн андай сыздатып оору такыр болбошу да ыктымал.

— Теңир жалгаган, доктор, сиз тимеле кереметтүү иш иштедиңиз! Кантип алкыш айтарымды билбей турам… Мен жадегенде али сиздин атыңызды да биле элекмин!

— Аны билүүнүн көп анча кажаты жок. Сиздин сакайып кетишиңизге жардам болдум. Мына негизгиси ушул.

— Бирок сиздин ысмыңыз көп жерге белгилүү болуш керек! — деп Стрэнг айтканынан кайтпайт. — Мелдешип эле коёюн, эгер сиз ысмыңызды атасаңыз, мага да тааныш болуп чыгат.

— Мүмкүн, болсо-болор. Бирок анын азыр биерде зарылдыгы жок. Эми дагы бир акыркы сыноо — андан кийин мен сизди өз жайыңызга коёмун. Айрыктын ары жагында дал эле өзөндүн башталышында бул суу Биг Виндиге куйган жер бар. Өткөн жылы силер үч күндө ортоңку айрыкка чейин барып, кайра келгениңерди Доу мага айткан эле. Анын айтымына караганда сиз аны суй жыккан имишсиз. Азыр сиз ушул жерде калып, түнөңүз, а мен кошко барып, жолго керектүүлөрдүн баарын Доудан берип жиберемин. Сизге бериле турган тапшырма: ортоңку айрыкка жетип, былтыр канча убакытта кайтып келсеңер, ошончо убакытта келүүңөр керек.

V

— Бол, даярдан, — деди Линдей Меджге кайрылып, — аяк-башын жыюуга бир саат убакыт беремин, а мен кайыкка кеттим. Билл болсо бугу уулоого кетти, күүгүмгө чейин келбейт. Биз бүгүн эле менин алачыгыма жетип барабыз, бир жумадан кийин Доусондо болобуз.

— А мен үмүттөнгөн элем… — деп намысынан Медж сөздүн аягын айта албады.

— Мени жол чыгымдан качат деппи?

— Жок, макулдашканын макулдаштык, бирок мынчалык ырайымсыз болуунун кереги эмне эле! Эмне үчүн мени аны менен коштоштурбастан, үч күндүк жолго кууп жибердиң? Бул адилеттүүлүккө жатпайт!

— Кат жазып калтыр.

— Мейли эмесе, баарын жазамын.

— Үчөөбүздүн бири-бирибизден сыр жашыра турган жерибиз калган жокко, — деди Линдей.

Линдей кайыкты алып келген кезде, Меджинин эмеректери дайындалып, кат жазылып бүткөн эле.

— Эгер сен каршы болбосоң, мен окуп чыгайын.

Медж бир минутка олку-солку болуп туруп, анан катты ага сунду.

— Жеткилең, ачык-айрым жазылыптыр, — деди Линдей окуп бүткөндөн кийин. — Кана, даярсыңбы?

Ал аялдын буюмдарын жээкке жеткизип, тизесин бүгүп туруп бир колу менен кайыктын төңөлөгүн кармап, кайыкка түшүүгө жардамдашып, экинчи колун Меджге сунду. Линдей аны байкап турду, бирок Медж кайыктын кырын аттап өтүүгө умтулуп, кыйылбай туруп ага колун берди.

— Токто! — деди Линдей. — Бирпаска! Баягы мен сага айтып берген сыйкырдуу дары жөнүндөгү жомок эсиңде барбы? Жомокту аягына чейин айтып берген эмес элем. Угуп тур! Аял эркектин көзүн дары менен сүртө коюп, бура тартып жөнөйт, бирок кокусунан күзгүгө карай салса өзүнө сулуулук кайта пайда болгонун көрөт. А сүрөтчү көзү ачылар замат, супсулуу жарын көрөр менен кубанычына чыдабай кыйкырып, бооруна кысат…

Медж демин ичине жыйып, оюн билдирбеске тырышты. Анын иреңинен бир аз аң-таң калгандык байкалып турду.

— Сен эң эле сулуусуң, Медж… — деди Линдей, бир аз токтолуп туруп, мындай деп кайдыгер кошумчалады: — Калганы түшүнүктүү. Стрэнгдин кучагы көп анчалык узакка бош калбастыр дейм. Кош.

— Грант! — деп аял дээрлик шыбырап айтты. Мына ушул үндүн өзү гана бардыгын ага түшүндүрүп койду.

Линдей кыска жана жагымсыз күлдү.

— Сен ойлогондой ырайымсыз эмес экенимди көрсөткүм келген — көрбөйсүңбү, жамандыкка жакшылык кылып жатам.

— Грант!

— Кош! — деп ал кайыкка түшүп, өзүнүн ийкемдүү, калтырак колун Меджге сунду.

Медж колду бекем кысты.

— Кымбаттуу, кайраттуу кол! — деп аял күбүрөп, эңкейип анын колун өпкүлөдү.

Линдей колун тез булкуп алып, кайыкты жээктен алыстата түртүп, аны күзгүдөй тунук суунун көбүктөнүп шарылдап агып жаткан жагын карай бурду.

1911-жыл.

Которгон С.Эрматов

[1] Унция — оордук өлчөмү. Бир унция 29, 86 граммга барабар.

[2] Чинук – бороон деген мааниде.

[3] Дюйм — узундук өлчөмү. Бир дюйм 2,54 сантиметрге барабар.

[4] Сулема — дезинфекция жана башка нерселер үчүн колдойулуучу уу дары.

[5] Некроз — дененин кандайдыр бир бөлүгүнүн жансыз болушу, өлүшү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *