Мамбетжунус Абылов: Жүз күндүн жүзү

   Ишке орношкон инсандардын келишими чет өлкөлөрдө үч айлык сыноодон кийин күчүнө кирет. Ал эми шайлоодо утуп, бийликке келген инсандарга ал жакта сыноо жүз күн. Бул салт биздин өлкөдө да жайылды. Мамлекеттик же жеке менчик ишканаларда кызматка орношкон инсандарга бүгүн үч айлык сыноо бар. Ал эми өлкө же өкмөт жетекчисинин ишмердигине бизде саясый баа берилбегени менен, алардын такка отурганына жүз күн толду деп маалымат тарайт. Муну белгилөөнүн себеби, 24-февралда С. Жээнбековдун такка отурганына жүз күн толгону турат. Эл аралык салтка […]

Ангола эл жомогу: Антилопа Сеша жана Арстан

Бар экен, жок экен, бул дүйнөдө антилопа Сеша жана Арстан жашашкан экен. Арстан кожоюн, ал эми Сеша анын малайы болуптур. Алардын от жагыш үчүн ар биринин беш кутудан ширеңкеси бар экен. Тамакты дайыма эле Сеша бышыргандыктан анын ширеңкеси бир күнү түгөнүп калыптыр. Ал эми Арстандын эки куту ширеңкеси калганы менен антилопага көргөзбөстөн катып алыптыр. — Эй тууганым, биздин ширеңкебиз калбай калды. Эми сен отко барып келсең гана тамак бышыра алабыз. Сен тээтиги күйгөн отко тезирек барып, андан от тамызгы алып […]

Шариятты канча казса да \ шайтандап туру маскара

Адамдык жолдон адашкан Чубак, адепти куру сайраган чунак. Калктарды бөлүп каапыр дейт кантип калктарды калкка кайраган чунак. Мусулман журтун бузулган кылып, мунуңар сообу – туз урган «чудак»?! Байыртан келген Нооруз деп ыйык өз элби, жатпы нарк-салтын улап… Түркөйлөр үчүн пайгамбар болду, түргүлө кулак, түргүлө кулак! Канымды тартсам кантейин… Ыраматылык атам Шакирдин атасы Эгемберди, Эгембердинин атасы Ажыбай жана таятабыз Курман чоң молдо болгонуна карабай, биздин атабыз Шакирдин молдолорго куйкасы курушкан адам эле. Куйкасы курушкан атабыз анан мындан 44 жыл мурун «Чалкан» […]

Лев Толстой: Кристалдар

Эгер сууга туз салып аралаштырса, туз эрип көрүнбөй калат. Туздан дагы салып аралаштырса дагы эрийт. Ушинтип улам үстүнө туздан кошуп бара берсең, акырында эригени токтоп, сууда ак порошок болуп туруп калат. Суу тузга каныкты, эми башка эрите албайт. Бирок сууну ысытса, муздак сууга эрибей турган туз да эрийт. Эгер тузду улам кошо берсең, жанагыдай болуп эрибей туруп калат. Андан катуулап ысытсаң, суу бууланып, туздун өзү гана калат. Сууда эриген заттардын ар бирине, андан ары эритүүгө мүмкүн болбогон чеги бар. Ал […]

Гүлмайрам Саалаева: Куйрук

АҢГЕМЕ — Мы-ы-на, сага! Жаңы эле соткасынан кимдир бирөө менен сүйлөшкөн Кумаркүл, диванда чалкалап телевизор тиктеген күйөөсүнө карай деп калды: — Бейшебай иниң 7-ноябрга 60 жылдык тоюна чакырып жатат. — Чакырса барабыз да,- деди тигиниси камаарабай. — «Байа калганга» эле даярсың, акчаны кантебиз? Ага чейин  эки той, эки ашка барабыз. Осмондун особнягы он жылда араң бүтүп, там той өткөрүп атса деп ага 4000 коштук. Эми эки ашка 3 миңден — 6 миң, эки тойго 5 миңден — 10 миң алып […]

Иван Бунин: Селкинчек

АҢГЕМЕ Жайкы кечте фортепьянону дыңгыратып отургам, тосмолуу аянтчадан кыздын кадамдарын угуп, клавишаларды катуу койгулап өзүмдү жоготуп ырдап кирдим: Көз артпайм кудайларга, Көз артпайм хандарыңа, Көргөндө кара көздү, Шыңга бой, чачтарыңды! Көк көйнөк кийип, айдалысына узун эки өрүм кара чачы төгүлөт, маржан шуру тагынып, күнгө күйгөн жүзүндөгү көгүлтүр көздөрү күлүңдөйт: — Мунун баары мен жөнүндөбү? Өзүң чыгарган ырбы? — Ооба! Мен кайрадан клавишаны тарс эткирип, кыйкырып кирдим: Көз артпайм кудайларга… — Үнүңүз кантет! — Бирок мен атактуу сүрөтчүмүн. Ошондой эле Леонид […]

Табият сабагы: Ургаачы бүркүт болочок балапандарына ата тандаарын билесиңби?

Бул да өзүнчө ары кызык, ары таңгаларлык бир ыкма. Ургаачы бүркүт бак-дарак же бадалдын бир бутагын сындырат да аны тиштеп тээ обого бийик көтөрүлүп, ободон бир оордунда айланып учуп баштайт. Качан гана бүркүттүн эркектери анын жанында тегеренип учуп баштаганда ургаачы бүркүт баягы тумшугундагы чырпыкты жерди көздөй таштап, ободон көз салып карап турат. Топтолгон эркек бүркүттөрдүн бири төмөн кулап бараткан чырпыкты жерге жеткизбей ободон тумшугуна тутуп алып, кайра ургаачы бүркүткө кайрып апкелип берет. Бирок ушуну менен эле токтоп калбай, ургаачы бүркүт […]

Рысбек Эшматов: Адабий түштөрдүн поэтикасы

Түштүн табияты жана тарыхы В.В.Шкловский баамдаганын мындайча туюндуруп, айтып өткөнү бар: «Адам баласы өз түштөрүн айта баштагандан жана үңкүрлөрдүн боорлоруна сүрөттөрдү тарта баштаган күндөн тарта — бул биринчи болуп анын жашоосун эки эселентти»[1]. Ушундай тарыхый-турмуштук көрүнүштөрдүн өзү көркөм чыгармачылыкка (ишмердүүлүккө) өз алдынча стимул болуп, кызмат өтөөгө жараганын, ушундай табигый-тарыхый көрүнүштөрдүн өзү алгачкы искусствонун түптөлүшүнө, негизделишине алгачкы жерпайы (фундаменти) болуп бергенин белгилей кеткенибиз оң болор. Түш көрүүнүн өзү архаикалык доордогу адамдарда алгачкы диний түшүнүктөрдүн, ишенимдердин, жан жөнүндөгү ар кыл идеялардын пайда […]

Жыпаркүл Осмонканова: Көктөмдөгү бүчүрлөр

АҢГЕМЕ Класста тынчтык өкүм сүрүп, мугалимдин гана үнү угулат, капысьшан тарс этип бирөө кулап кеткендей болуп баарыбыз карап калдык. Класстагы эң мыкты окуган бала отурган партасынан кулап уктап кетти, окуучулар көнүмүш адатты көрүп унчугушкан жок, эжей да таң калып унчукпай карап эле койду. Эртеси эжейге төмөндөгүдөй дилбаян келип түштү. «Эжей, сиз бизге класс жетекчи болгонуңузга аз гана убакыт болду, мени кечириңиз. Эжей, мен эки ооз сөз менен сизге өз жагдайымды түшүндүрсөм болмок, бирок ичиме батпай кетти. Ичтеги толгон бугумду кимге […]