Бар экен, жок экен, бул дүйнөдө антилопа Сеша жана Арстан жашашкан экен. Арстан кожоюн, ал эми Сеша анын малайы болуптур. Алардын от жагыш үчүн ар биринин беш кутудан ширеңкеси бар экен. Тамакты дайыма эле Сеша бышыргандыктан анын ширеңкеси бир күнү түгөнүп калыптыр. Ал эми Арстандын эки куту ширеңкеси калганы менен антилопага көргөзбөстөн катып алыптыр.

— Эй тууганым, биздин ширеңкебиз калбай калды. Эми сен отко барып келсең гана тамак бышыра алабыз. Сен тээтиги күйгөн отко тезирек барып, андан от тамызгы алып кел,- деп  Арстан антилопаны батып бараткан күнгө жумшайт.

Сеша кожоюндун бул буйругун орундатыш үчүн батышты карай чымын-куюн болуп чуркап жөнөйт. Бирок ал канчалык күлүк болсо да күнгө жеталбай күйүккөн, чарчаган жана курсагы ачкан бойдон кур кол  кайтат.

— Кожоюн, мен от алып келалган жокмун, сен көрсөткөн жерге жеталбадым,- деди чарчаганынан жыгылайын деп араң турган Сеша.

– Эмне үчүн жакшылап чуркабай койдуң?

– Мен чуркадым кожоюн, чуркадым. Бирок сен көргөзгөн жерге жеталбай койдум. Ал жер абдан алыс экен, анын үстүнө караңгы кирип кетти.

Ошентип узак жол басып келгенден кийин байкуш Сеша бүк түшүп уктап калганда арстан от жагып тамак бышырып, өзү тойгончо жеп, антилопага эч нерсе калтырган жок.

– Кана эмесе тууганым, кечээ жалкоолонуп койдуң эле бүгүн эми отко жетип аны алып кел,- деп эртеси кечинде антилопаны Арстан батып бараткан күнгө жиберди.

Сеша кайрадан батышты көздөй баардык күчүнө салып жүгүрүп жөнөдү. Бирок күнгө жетүүгө мүмкүн болбогондуктан кайра эле шалдырай чарчап түн бир оокум болгондо кайтып келди.

– Байкебай, бүгүн да куру кол кайттым.  Мен канчалык катуу чуркасам ал да ошончо алыстай берди. Акыры көзгө көрүнбөй калды. Мен артка араңдан-зорго кайттым.

– Эх сен! Мен сага айтпадым беле, тез жана токтобостон чуркаш керек деп!- Арстан ачууланды.

Байкуш Сеша кайрадан ачка уктап калды. Ал эми арстан от жагып, тамак бышырып жеди.

Үчүнчү күнү Арстан эми аны отко жибербей жатып эле урушту:

— Сеша бүгүн дагы отсуз келсең сен экөөбүз ачкадан өлөбүз. Тез жана токтобой чурка. Уктуңбу?

Бирок күндү кууп жетиш мүмкүн эмес да. Антилопа ал күнү эки күндөн бери ачка жүргөндүктөн улам мурдагыдан да жай жана аз чуркады. Ошентип ал күндүн артынан беш күн бою чуркап, ачкалыгынан абдан чарчап, аябай арыктап да кетти.  Бешинчи күнү ал артка кайтып келатып жолдон бир алачыкты жана анын жанында отурган кемпирди көрдү.

— Сен мынчалык шашып кайда барып келдиң?- деп сурады кемпир андан.

– Мен отту карай чуркап жетпей келатам, чоң апа. Отко мени кожоюнум Арстан жиберген. Ал экөөбүздүн ширеңкелерибиз түгөнүп, тамак бышырып жей албай жатабыз.

– Сен эмне балам, батыштагы күйгөн от эмес эле күн экенин билбейсиңби? Ушундай да акылсыз болосуңбу? Ооба, бул жагылган от эмес эле күн,- деп чоң эне антилопага түшүндүрдү.

– Кандайча? Ал эмне от эмеспи? А мен беш күндөн бери чуркап ага жеталбай жүрбөймүнбү. Чоң эне, мен  абдан ачкамын жана аябай чарчадым.

Кемпир аны аяп тамак берип, курсагын тойгузду. Антилопа эс алгыча кемпир жакын жерде турган абдан бийик баобаб дарагына чыга баштады.

– Сен эс алып жата тур, а мен сенин кожоюнуң эмне кылып жатканын карайын,- деди ал.

Өзүнүн сыйкырдуу күчүн колдонгон кемпир бат эле баобабдын кылда учуна чыгып караса, Арстан от жагып, өзүнө тамак жасап жеп атыптыр.

– Балам, билесиңби, сен жокто кожоюнуң эмне кылып жатканын? Ал от жагып, тамак бышырып жеп атпайбы! Демек, анын ширеңкеси түгөнгөн эмес. Ал кесеп сени жөн эле азапка салып, шылдыңдап жүргөн турбайбы! Койо тур, эми биз ага көрсөтөбүз сонунду!

Ошентип кемпир антилопанын бетин ар түрлүү бойоктор менен бойоп желмогуздун кейпине келтирип, башына пальманын жалбырактарынан, теринин бучкактарынан тагып, көргөндүн жүрөгү түшкүдөй кылды. Анан аны Арстанга жөнөтүп жатып:

– Түптүз эле Арстанга бар. Ага жакындаганда: “Ким бул жерде турган! Ким болсоң да азыр мен сени жейм! Курсагым ачка. Бол даярдан!”- деп айт деди.

Ошентип антилопа Арстанга жакын барып, жанагы кемпир айткандай үн салганда анын жүрөгү түшүп, куйругун кыпчыган бойдон качып кетти. Ал эми кубанычы койнуна батпаган Сеша Арстандын бышырган тамагын бүт жеп, кайра кемпирдин алачыгына барып бетин жууп, өз кебетесине келип, эч нерсе болбогондой Арстанга келди.

Арстан аны ыйлап тосуп алып, арманын айтты:

— Бир тууганым, бир тууганым! Сен менден аз жерден айрылып кала жаздадың. Сен жокто бул жерге бир түрү суук желмогуз пайда болуп, мени жеп койорунда араң качып кутулдум. Андай коркунучтуу немени өмүрүмдө көргөн эмесмин. Анын бир гана жакшылыгы очогубузга от жагып кетиптир.

— Ал кандай желмогуз экен?- антилопа арстандын аңкоолугуна күлкүсү келсе да аны аямыш этип сурады.

– Айтып атам го, өмүрүмдө андай түрү суук желмогузду көргөн эмесмин. Чачтары сапсаңдайт, көздөрү акшыңдайт, бетинин баары шакмар, тиши шамшардай неме экен.

– Сен деген эр жүрөк элең го. Эмне үчүн аны менен кармашкан жоксуң?

– Сен эмне! Мени ага жем болсун дейсиңби? Ал ушундай бир коркунучтуу жаныбар экен. Эгер аны сен көргөн болсоң коркконуңдан жүрөгүң жарылып кетмек.

Үч жолу күндөн от алып келем деп кеткен антилопа аны ушинтип үч ирет коркутуп, үчөөндө тең Арстан качып кетти. Кемпирдин кеңеши менен төртүнчүсүндө антилопа Арстандын каччу жолуна терең аң казып, анын түбүнө бир нече казыкты учтуу учун жогору каратып орнотуп койду.

Желмогуздай түрү суук жаныбардан төртүнчү жолу качып бараткан Арстан бул терең аңга кулап түшүп, казыктарга сайылып өлдү.

Антилопа болсо кесепеттүү кожоюндан  куткарган кемпирге алкышын аябай айтып, аны менен бирге жыргап-куунап жашап калды.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.