Эгер сууга туз салып аралаштырса, туз эрип көрүнбөй калат. Туздан дагы салып аралаштырса дагы эрийт. Ушинтип улам үстүнө туздан кошуп бара берсең, акырында эригени токтоп, сууда ак порошок болуп туруп калат. Суу тузга каныкты, эми башка эрите албайт. Бирок сууну ысытса, муздак сууга эрибей турган туз да эрийт. Эгер тузду улам кошо берсең, жанагыдай болуп эрибей туруп калат. Андан катуулап ысытсаң, суу бууланып, туздун өзү гана калат. Сууда эриген заттардын ар бирине, андан ары эритүүгө мүмкүн болбогон чеги бар. Ал чектен өткөндөн кийин, суу аларды эрите албайт. Ошондой заттар муздак сууга караганда, ысык сууда көбүрөк эрип, суу каныккандан кийин эрибей туруп калат.

Суу бууланып кетип, заттын өзү калат.

Эгер сууну селитра порошогуна каныктырып, үстүнө дагы селитра порошогун кошуп, аралаштырбай ысытып, өзү муздагыча койсоң, селитра суу түбүндө порошок болуп тунуп калбастан, көптөгөн алты кырлуу мамычаларга топтолуп калат. Же селитра порошогуна каныккан сууну жылуу жерге коюп койсоң, суу бууланып учуп кетет да, ашыкча селитра алты кырлуу мамычаларга чогулуп алат.

Сууну жөнөкөй тузга каныктырып, суу буулангыдай жылуу жерге койсоң, ашыкча туз порошок болуп тунуп калбастан кубиктерге айланат. Эгер сууну туз менен селитрага каныктырып койсо, суу буулангандан кийин туз менен селитра аралашып калбастан, туз кубиктерге, а селитра болсо алты кырлуу мамычаларга айланып, ар бири өз өзүнчө топтолот.

Сууну акиташ жана башка туздарга же дагы башка заттарга каныктырса, суу буулангандан кийин бири үч бурчтуу, бири алты кырлуу, дагы бири сегиз кырдуу, бири кубик түрүндө – ар бири өз-өзүнчө болуп топтолушат.

Катуу заттардагы ошондой фигуралар ар түрдүү болушат. Кээде ушундай чоң фигуралар да табылат. Аларды жер алдынан казып алышат. Алар пайдалуу. Кээ бир фигуралар абдан кичинекей, алар көзгө көрүнбөйт, бирок ар биринин фигурасы ар башка.

Селитрага каныккан сууда жанагыдай фигуралар пайда боло баштаганда ийне менен бир четин чукуп сындырып койсоң, селитранын көзгө көрүнбөгөн майда бөлүкчөлөрү сынган жерге жабышып бүтөлүп, кайра эле алты кырлуу мамыча бүтүн болуп калат. Туздар же дагы башка заттар да ушундай болуп, кичинекей бөлүкчөлөр өз ордуларына керектүү жагы менен жабышат.

Муздун тоңушу да ушунун эле өзү. Кар түшүп келатканда фигурасы билинбейт, качан гана карамтыл же муздак нерсеге, кездемеге же териге түшкөндө, алты кырлуу жылдызча экени көрүнөт.

Терезеге тоңгон буу дагы туш келди жабышпастан, кичинекей жылдызчага айланат. Муз деген эмне? Бул – муздак жана катуу суу. Суюк суу катуу сууга айланганда, фигураларга жыйылып, андагы жылуулук бөлүнүп чыгат. Селитра да ушундай болуп, суюктуктан катуу фигураларга айлана баштаганда — жылуулук бөлүнүп чыгат. Туз деле, эритилген чоюн деле суюк абалынан катуу абалга өтө баштаганда жылуулук бөлүп чыгарат.

Кандайдыр бир нерсе, суюктуктан катууга айланганда, — фигураларга топтолуп, андан жылуулук бөлүнөт. Ал эми катуу абалынан суюктукка айланганда, зат өзүнө жылуукту алып, суукту бөлүп чыгарат да фигуралары ээрип кетет.

Эритилген темирди алып муздатып көр, ысык нанды алып муздатып көр, акиташка суу куюп муздатып көр – жылуулук чыгат.

Эми музду алып эритчи – суук чыгат. Селитра, туз же башка нерсени сууга салып эритчи – суук чыгат.

Балкаймакты тоңдуруш үчүн сууга туз салышат. Мына ушул сөз болгон фигуралар – кристалдар деп аталышат.

Которгон Садир Досбаев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.