Түштүн табияты жана тарыхы

В.В.Шкловский баамдаганын мындайча туюндуруп, айтып өткөнү бар: «Адам баласы өз түштөрүн айта баштагандан жана үңкүрлөрдүн боорлоруна сүрөттөрдү тарта баштаган күндөн тарта — бул биринчи болуп анын жашоосун эки эселентти»[1]. Ушундай тарыхый-турмуштук көрүнүштөрдүн өзү көркөм чыгармачылыкка (ишмердүүлүккө) өз алдынча стимул болуп, кызмат өтөөгө жараганын, ушундай табигый-тарыхый көрүнүштөрдүн өзү алгачкы искусствонун түптөлүшүнө, негизделишине алгачкы жерпайы (фундаменти) болуп бергенин белгилей кеткенибиз оң болор.

Түш көрүүнүн өзү архаикалык доордогу адамдарда алгачкы диний түшүнүктөрдүн, ишенимдердин, жан жөнүндөгү ар кыл идеялардын пайда болушун шарттаган, алардын жаралышына түрткү берген. Алгачкы адамдардын көзү менен караганда, поэтикалык эргүү, жапайы табияттын жандуу стихиясы канчалык табышмактуу көрүнсө, адам табиятындагы түш көрүү дагы ошончо табышмактуу туюлган. Ошондон улам, түш көрүү жөнүндөгү түшүнүктөрдүн өздөрүнө таандык табияты жана тарыхый өнүгүү жолу бар экени баамдалат. Архаикалык доордогу адамдар түштү жандын кыдыруусу катары түшүнгөн: жан денеден бөлүнүп чыгып, кайсы жерлерде болуп, эмнелерди көрүп, кимдер менен жолугушса, түшкө да ошол нерселер кирет деп ойлошкон. Аристотель «Түш жөнүндө», «Аяндуу түш жөнүндө» аттуу эмгектеринде түш «кудайлардын тили» эмес, «жандын кыдыруусу» да эмес, адам духунун өзүнөн чыгуучу адам мээсинин спецификалуу ишмердүүлүгүнүн жыйынтык-натыйжасы экенин белгилеген[2]. Лукреций Кар «Нерселердин табияты жөнүндө» поэмасында адам өңүндө кандай түйшөлүүлөрдү башынан кечирсе, түш адам жашоосунун күндөлүк кадыресе агымынан озуп өтүү менен, түндөсү ошолорду башкача бир формага келтирип көрсөтөрүн ырга салган[3].

Түштүн психофизиологиялык табиятын изилдөөнүн андан кийинки көп кылымдык эволюциялык өнүгүүсү П.Кабанис, Ж.Ламетри, Г.Нудов, Г.Лейбниц (алар «бейаң» жөнүндөгү түшүнүктү илимге киргизишип, ошондон баштап философияда «бейаң» жөнүндөгү окуунун тарыхы башталган), Санте де Санктиса, И.М.Сеченов (булардын аныктамалары боюнча, түш көрүү — «боло турган таасирлердин болбой тургандай шай келиши» (комбинацияланышы) сыяктуу окумуштуу-философтордун ысымдары менен тыгыз байланышып, тарыхый өрүш алуусунда З.Фрейддин «Түштөрдү жоруу», «Кадыресе жашоонун психопатологиясы»[4] өңдүү фундаменталдуу эмгектеринин жаралышын гана шарттабастан, И.П.Павловдун «эки сигналдык система»[5] жөнүндөгү тажрыйбасынын ачылышына да түрткү берген, ошолор менен тең катар, бул теманы ар тараптан байытуучу анын эстетикалык проблематикасынын (Г.Шуберт, Жан Поль, А.Шопенгауэр, К.Абрагам, Ф.Фишер, З.Фрейд, К.Юнг, Э.Фромм)[6] жаралышына дагы жол ачкан.

И.Кант билгичтик менен түштү: «Ойлордун киндик энеси» — деп атаган. Чындыгында эле түш ойду, образды, идеяны жаратуучу керемет касиетке ээ, башкача айтканда, түш көрүү мезгилинде чыгармачылык жактан жетилүү абалы — чыгармачыл түштөрдүн табиятын иликтөө — азыркы психология илиминдеги актуалдуу проблема. Чыгармачыл түштөргө болгон түшүнүктүн, тажрыйба менен мамиленин башаты элдик ишенимден — фольклордон башталат. Мисалы, манасчылыкта түштөрүндө аян көрүү менен «Манас» айтып калышкандары, же Арстанбектин өзүн өзү издеп, кыйналып жүргөндө (12-13 жашында) түш көргөнү: «Түшүндө кош өркөчү баладай ак төөгө минип, ак чепкен кийип, Ак-Дөбөгө чыгып, колуна ак комуз алып ырдап турган болот. Ак-Дөбөнү тегеректеген казак-кыргыз калың эл черткенине ыраазы болуп, алкап жаткан болот…» — тагдырын алдын-ала түшүндө көргөнү[7], же Молдо Кылыч акындыгы ойгонордо оозуна кум толуп калганын көргөзүү аркылуу түшүндө аян бергени[8]. Андай чыгармачыл түштөрдү көрүү — түштөгү интенсивдүү жетилүү темасы профессионал адабиятта да кездешет. Алсак, акын Сүйүнбай Эралиев Рабиндрат Тагордун ырын которуп жатканда түш көрөт.

Түшүндө индус акыны менен эшек жарыштырып жүргөн болот. Тагордун чырлаганына карабай, жарышта үч жолу алдыга озуп чыгат[9], же жазуучу-драматург Мурза Гапаров «Күнөстүү арал», «Туздуу чөл», «Киотого кеткен жолдо» чыгармаларынын сюжетин түшүндө көргөнүн айткан[10]. Чыгармачыл түштөр дүйнөлүк адабият, маданият ишмерлеринин мисалында да көп кездешет. Алардын айрымдарына токтолсок; айтылуу Рафаэль (Рафаэлло Санти) Бүбүнүн (Мадоннанын) образын алгач түшүндө көрүп, ал элести анан сүрөттөрүндө чагылдырган[11]; Кольридж, айтымына караганда, түш көрүү мезгилинде үч жүздөн ашуун ыр жазып, ойгонгондо анын элүү төртүн гана эсине сактап, жазып калууга үлгүргөн. Р.Л.Стивенсон «Доктор Джекйж менен мистер Хайддын таң каларлык окуялары»[12] аттуу романынын айрым сюжеттерин түшүндө көргөн. Далинин, Бнюэльдин, Куросаванын, Бергмандын, Тарковскийдин, Акутагаванын, Кавабатанын чыгармачыл тагдырларында түш негизги роль ойногон.

Белгилүү ачылыштар дагы түштөргө таандык: Элиас Хоу кийим тигүүчү машинка жаратуу ниетинде жүргөндө, түшүндө учу тешик найза көтөргөн жапайы адамдардын куугунуна калган, ойгонгондо жип саптай турган көзөнөкчө ийненин баш жагында эмес, уч жагында болуш керектигин түшүнгөн[13]. Мисалдар көрсөткөндөй, түш мезгилиндеги чыгармачыл жетилүү темасы жөнүндө көп жазылып, көп эле ойлор айтылып жүрөт. Бирок бул өзүнчө сөз кылууга арзый турган өзгөчө бир илимий изилдөөлөрдүн предмети болмокчу. Анын үстүнө, ар кандай кырдаалдагы, ар башка, ар кыл, кызыктуу мындай көп мисалдын бардыгын камтып, карап өтүү не деген күчтү талап кылары, бир айтып өтүүдө деги эле колдон келбеген нерсе экени өзүнөн өзү түшүнүктүү эмеспи.

Орус адабиятынын кылымдап түптөлгөн бай тажрыйбасы адабияттагы түштөрдүн өзгөчөлүү касиеттерин көркөм сүрөттөп чагылдыруунун бай ыкмаларын да иштеп чыкты. Орус фольклорунда жана жазма дөөлөттөрүндө кездешүүчү андай онейростук (түш көрүүчүлүк) фрагменттердин айрымдарын мисалга алсак, «Игордун кошуну жөнүндөгү баяндагы» Святославдын «бүдөмүк» түшү же протопоп Аввакумдун түштөрү, же фонвизиндик Митрофандын, грибоедовдук Софья Фамусованын, пушкиндик Татьяна Ларинанын, толстойдук Стив Оболонскийдин, гоголдук шаар башчысынын түш көрүүлөрүндөгү гротеск. Айрым кейипкерлер (Пискарев, Анна Каренина, Ф. Сологубдун «Оор түштөр» романындагы Логин) адабий тип катары, алардын жүрүш-туруш манераларын, алардын көркөм-психологиялык обликтерин маңыздуу толуктап, атүгүл аныктап туруучу, айтып бере алгыстай сырдуу, фантасмагориялуу «түнкү кыялдардын» бүтүндөй бир түрмөктөрүн баштарынан өткөрүшөт. Чыңалган ички драматизмге бугуп турган пушкиндик Борис Годуновдун белгилүү фразасы — орус падышасынын күйүттүү тарыхый тагдырынын жана сюжеттик трагедиясынын доминанттуулугун камтып турат: «…отуз жылдан бери мага катары менен өлтүрүлгөн бала түшүмө кирет!» Бул жерде түштүн ситуациялык доминанттуулугу ханзаданын өлүмүнө байланыштуу болгон каргашалуу тагдырдын, уятынын тынымсыз жемелөөсүнөн чарчаган Годуновдун жашоосунун жана жүрүш-турушунун көркөм-психологиялык драматургиясынын доминанттуулугуна дал келет.

Диалектикалык байланышта болуучу жакшылык менен жамандык, ишеним менен ишенимсиздик, кылмыш менен өкүнүү сыяктуу ыймандык көз караштагы антитезалардын тереңине жетүүгө, рухий жактан жаңыланууга жана «пейилди оңдоого» орус классикасындагы каармандар (Пьер Безухов, Андрей Болконский, князь Касатский, Раскольников, Ипполит Терентьев, Дмитрий жана Алексей Карамазовдор, Достоевскийдин «күлкүлүү адамы») түштөрүндө аяндуу берилген табышмактуу сырлардын маани-маңызы жөнүндө терең ойлонушкандан кийин гана келишкен. И.А.Гончаровдун «Обломов», Ф.М.Достоевскийдин «Кылмыш жана жаза», Н.Г.Чернышевскийдин «Эмне кылуу керек?» аттуу чыгармаларында борбордук кейипкерлердин түштөрү маанилүү идеялык-философиялык жана көркөм мазмунга ээ болуу менен, «романдын ичиндеги роман» сыяктуу өз алдынча талдоого алынышы мүмкүн, башкача айтканда, өзүнүн кылдат закону, структуралык жана образдык-символдук логикасы боюнча, бир бүтүн баяндуу комплекс катары тааныла баштайт[14].

Адабий түштөр көркөм чыгарманын системасында өзгөчө бир сыйымдуу каражат, таасирдүү чагылдыруучу көркөм форма катары көп кырдуу кызматтарды аткара тургандыгы даана кармалат. Анысына карабай, орус адабиятындагы мындай жагдайлар, башкача айтканда, орус адабий тарыхында эчак эле белгилүү болгон, ачык эле көрүнгөн бул факт-мисалдарга байланыштуу, И.В.Страхов, С.Г.Бочаров, В.М.Маркович, Р.Н.Поддубная, О.Б.Улыбина, Г.К.Щенников[15]

сыяктуу адабиятчылардын, андан тышкары, адабий түштөрдүн табияты жөнүндө орус тилине таржымаланган А.Беген, Ф.Прескотт, К.Кодуэлл, X.Борхес, Р.Мортимер[16] өңдөнгөн чет элдик изилдөөчүлөрдүн кылдат каралып, терең чечмеленген, маңыздуу изилденип, кызыктуу жазылган олуттуу бир топ макалалары бар экендигине карабастан, орус адабиятында өзүнчө эле мухит сындуу мелмилдеп жаткан адабий түштөрдүн кур дегенде «жээги» да көп жылдарга чейин илимий алкакка тартылбай, системага келтирилбей, аларга ар тараптуу илимий изилдөөлөр жүргүзүлбөй келди.

Эми орус адабият таануусунда да көркөм чыгармалардын тутумундагы түштөрдүн функцияларын ар тараптан аныктап чыгуу иштери жанданып, аларды иретке салуу, системалуу кароо жумуштары колго алынып жатат. Мисалы, орус адабият таануусунда соңку мезгилдерде адабий түштөрдү генетикалык, идеялык-көркөм проблемалык, поэтикалык, типологиялык, ассоциативдүү-образдык, андан тышкары психологиялык, философиялык, символдук ж. б. өңүттөн караган эмгектер көбөйүп, «Түш көрүүлөр жана дүйнөлүк диндер», «Байыркы орус жазмасындагы «түштөрдүн» жана «көрүнүүлөрдүн» рухий маани-маңыздары», «Романтизмдеги түш сындуу мистика», «Н.В.Гоголдун көркөм дүйнөсүндөгү түш көрүүлөрдүн поэтикасы», «Ф.М.Достоевскийдин жана Л.Н.Толстойдун түштөрүнүн философиясы» (Д.А.Нечаенко) деп белгиленип, тематикалык жактан да аталыштары ушинтип татаалдашып, такталып, адабий түштөрдү изилдөө аспектилеринин алкагы кеңейе баштады.

XX кылымдын 20-жылдарынан баштап түптөлүп, «тездетилген темп менен өнүгүүгө ээ болгон» (Г.Д.Гачев) кыргыз профессионал адабиятында (кыргыз совет прозасында) да түштөр арбын учурайт. Албетте, алар орус адабиятындагыдай эң татаал, өтө эле жалпылаштырылган бурум-бурумдуу бийиктигине көтөрүлө алышпаса да, кыргыз жазма адабиятынын 70 жылдык өнүгүү тарыхында табигый өнүгүү эволюциясын баштарынан өткөрүштү. Кыргыз прозасындагы адабий түштөрдүн көркөм-эстетикалык сапатынын жогорулашына орус адабиятынын, батыш-чыгыш чыгармаларынын бийик үлгүлөрү таасир көргөзсө, жазма адабияттын онейростук мотивдеринин поэтикалык өр алуу башатына алды менен элдик көркөм сөз үлгүлөрүндөгү түштөр уютку катары кызмат өтөштү — жазма прозадагы түштөрдүн эстетикалык кыртышы алгач фольклордук эстетикада даярдалганы — мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Улуттук дүйнө тааным, улуттук көркөм аң-сезим улуттук кыртышта калыптанат. Андай дегенибиз: түштүн тили жалпы-универсалдуу болгону менен, ар бир элдин өзүнө таандык психологиясы бар. Адамдын дене түзүлүшү (анатомиясы) анын урук-туугандарына мураска өткөн сыңары, түштөгү образ-символдор да адам психикасы аркылуу атадан балага, укумдан тукумга бериле турганы илимде аныкталган. Ошондо, ар бир элдин жашоо ыңгайына, өзгөчөлүгүнө ылайык, түштөрүндө да өздөрүнө таандык туруктуу образ-символдору жашайт. Алар кылымдарды карытып отуруп, элдик ишеним-тажрыйбадан өтүп келип, катмарланып жыйылган байлыктар. Башка элдердин салтында (мисалы, орус элинде) андай дөөлөттөрдү жыйнап, «бал китептерди» (сонниктерди) чыгаруу иши колго алынган.

Жаандан кийинки козу карындардай жайнап чыккан «бал китептердин» маани-маңызынан шектенген изилдөөчү А.Н.Афанасьев XIX кылымдын экинчи чегинде эле: «…андай «бал китептерге» анча деле ишене бербей, өтө этият болгонубуз, керек болсо, ишенбей деле койгонубуз оң. Эгер «бал китепти» чыгаруучулар түш көрүүлөрдү түшүндүрүүчү эл арасындагы чыныгы нерселерди жыйнап чыгарууга аракет кылышса, түш жоруулардын өзөктүү негизин кармап туруучу, алардын каймана маанилерине жакындата алар, илим үчүн баа жеткис материал жыйнашкан болор эле. Бирок анткендин ордуна «бал китептерди» чыгаруу иши илгертеден эле чайкоочулардын иши болуп келген»[17], — деп белгилеген.

Бай маданияты бар орус элинде ушундай ойлор айтылып жатса, бизде бул жагдай аман эле болсун (!) дегендей абалда. Материалисттик методология өкүмүн жүргүзгөн советтик идеологиянын тушунда түшкө болгон ишеним коом тарабынан кадимкидей цензорго учурап, түш көрүү — адам табиятына таандык касиет экени бааланбады. Ага ылайык, түштөрдүн символдук-образдык белгилерин окуп-үйрөнүү иши да колго алынган эмес. Түшкө болгон кызыгуу эгемен мезгил менен кошо жанданып, эл арасындагы түш жорууга байланышкан символдук белгилердин кичине үзүндүлөрү массалык маалымат каражаттарында жарык көрсө, кичине бөлүгү «Түш жоруу»[18] деп аталган жупкадай түрмөктүү китепчелерден орун алды. Алардын көбү диний түшүнүктөрдүн өңүтүнөн түшүндүрүлүп берилген. Ал символ-образдардын маани-маңызы практикага канчалык жакын экенин да ажыратып берген киши жок. Түш жоруунун табияты жөнүндө фольклор таануучуларыбыз, психологдорубуз, философторубуз эч нерсе айтыша элек. Демек, түш жоруу маселеси кыргыз маданиятында актуалдуу бойдон турат.

Түш жоруунун кылымдап түптөлгөн салты бар: кыргыз адамы көргөн түшүн көрүнгөн эле адамга жорута берген эмес, өзүн таза тутуп, таза кармаган, көптү көрүп, көптү билген, элге кадыр-баркы өтүмдүү, эл сыйлаган кишиге жоруткан. Илгери түш жорууну атайын кесип кылган, ошонусу менен оокатын өткөргөн, атагы кыргыз элинин учу-кыйырына таанымал, сезимтал адамдар болгон (алардын жөн-жайы кумга сиңген суудай болуп, бизге чейин жетпеди…). Андай кишилерди алыс-жуук жашаганына карабай атайын киши жибертип ат менен алдыртып, түш жорутушкан.

Түш таң үрүл-бүрүл атканда, адам оозуна наар ала элек мезгилде, ачкарын абалда туруп жорулган. Кыргыздар аян берүүчү түштү жоруурда эң аяр болушкан: «Кептин негизи түштө эмес, а жорулушунда — көрсөтчү жышааны да, берүүчү аяны да ошого байланыштуу», — деп айтышкан. Кыргыздардын түшкө карата ойлору, ишенимдери, көз караштары, окуялары диний түшүнүктөрдө, элдик оозеки чыгармалардын түрлөрүндө — ырларда, жомоктордо, оозеки аңгемелерде, дастандарда чагылдырылган. «Башкасын коюп, «Манасты» айт» дегендей, «Манас» эпосундагы түш көрүү мотивдери эле канча нерсени билгизип турары эпоско культурологиялык өңүттөн мамиле кылган кинорежиссер М.Убукеевдин ойлорунда мыкты чагылган: «Манас» бардык элдик эпикалык чыгармалар сыяктуу эле, магиялык реализм менен комедиядан тартып, сюрреализм менен трагедияга чейинки бардык ойго келе турган да, келбей турган да стилистикалык жана жанрдык көп түрдүүлүктү өзүнө камтып турат. Буга эпостон алынган анча чоң эмес мисал: көзү ачык Каныкей Манастын баатырлары кырсыктаар алдында аяндуу түш көрөт:

«…Түштө бир мүшкүл иш болду:
Канжыгага байланган
Адам башын мен көрдүм.
Көз жашка мелт-калт кырбуусу —
Көөкөр идиш мен көрдүм.
Кең Таластын жайыгын
Каптаган өрттү мен көрдүм.
Кыңшылап, анан тим болуп,
Тумшугун жерден албаган,
Кырк эмчегин сүйрөгөн
Кызыл канчык мен көрдүм.
Каркайган мүйүзүн көтөрүп,
Айды карап бакырган
Калжайган теке мен көрдүм.
Корто мүйүз көк бука
Сууну жиреп чамынып Өкүргөнүн мен көрдүм».

Муну таза сюрреализм үлгүсүндөгү эпизод десек болот. Ал азыркы мезгилдеги сюрреализмдин атасы катары таанылган Сальвадор Далинин дагы талабы күчтүү табитин канааттандыра алмак»[19]. «Кожожаш», «Жаныш, Байыш», «Эр Табылды», «Курманбек» сыяктуу кенже эпостор менен элдик дастандардагы онейростук мотивдер эпикалык чыгармалардын системасында өзгөчө эстетикалык жүк көтөрүп турушкандары шар эле баамдалат. Ал эми кайгылуу тагдырдын күйүтүнөн жаралган элдик кошоктун саптарына жакшылап үңүлсөңүз:

«Капилет жатып түш көрсөм,
Карарган көлдөр көрүнөт.
Карарган көлдүн үстүндө
Капкара өрдөк бөлүнөт.
Карарган көлдөр — көз жашым,
Капкара өрдөк — өз башым»[20] — аң-сезиминен мурда бейаң дүйнөсү озунуп — аяндуу түшү аркылуу кара башынын жоготуусун (трагедиясын) көрө билген лирикалык «Мендин» жандүйнөсүнүн айласыз абалы — тушуккан туңгуюгу айтылат.

Келтирилген мисалдардан байкалып тургандай, кыргыз фольклорунда түш көрүү мотивдерине байланышкан дөөлөттөр өтө эле арбын. Аларды жыйнап, иретке келтирип, фольклор таануу илиминде ылайыгына жараша илимий алкакка тартуу иши да, буйруса, келечектин иши катары жетиле турган мезгили алдыда. Кыргыз профессионал жазма адабиятында түшкө байланышкан дөөлөттөр бар болсо, албетте, алардын башаты — түйүлдүк алышы, башталышы, тажрыйбасы, булагы, өнүгүүсү элдик оозеки чыгармачылыкта — фольклордо жатат. Эл чыгармачылыгындагы түш көрүү мотивдеринин көркөм тажрыйбасы жазма адабияттагы адабий түштөрдүн эстетикалык жетилүүсүнө жол салганы жазуучу Ч. Айтматовдун балалык учуруна байланышкан чоң энеси жөнүндөгү эскерүүсүндө образдуу кармалат: «Ал жомокторду, ырларды, кошокторду көп билген адам эле. Айыл-апага жентек тойго, конокко, өлүм-житимге же үйлөнүү үлпөтүнө барып калганда мени дайыма өзү менен кошо ээрчитип алчу. Чоң энем мага түштөрүн көп айтып берчү. Ал түштөр ушунча кызык болгондуктан, кичине талыкшып уктап кетсе эле ойготуп алып, түшүңдү айтып бер деп кыйначумун. Кичинекей, кыска түштөр мени алымсындырчу эмес. Ошондо ал кошуналардан түш «карызга сураганы» кетчү. Кийин ойлосом, муну ал мен үчүн ойлоп тапкан экен»[21]. Эскерүүдө сезимтал баланын чыгармачыл ойноок кыялынын жетилишине түштөрдөгү элестүү фантазиялар менен ситуациялуу окуялардын эстетикасы «гүлазык» катары таасир эткени даана кармалат. Алынган мисал фольклордогу түштөр адабий түштөргө бейаң түрүндө болсо да таасир көргөзөрүн тастыктайт.

Профессионал адабиятта Илиястын («Делбирим»), Органдын («Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт»), Эдигейдин («Кылым карытаар бир күн»), Роберт Боргдун («Кассандра тамгасы») образдарындагы түштөрдү Ч.Айтматов жаратканы баарыбызга белгилүү эмеспи. Фольклор таануу илиминде кезегинде «Манас» эпосундагы түш көрүү мотивдерине, манасчылык өнөрдүн түш көрүү менен байланышына В.М.Жирмунский, М.О.Ауэзов, К.Рахматуллин, Т.Саманчин, Б.М.Юнусалиев өңдүү окумуштуулар кайрылышып, фольклордогу түштөргө алгач илимий өңүттөн мамиле жасоого жол салышкан.

Аталган окумуштуулардын салтын улай, кийин фольклордук түштөргө атайылап системалуу кайрылышпаганы менен, өздөрүнүн кызыккан объект-аспектилерине байланыштыра алынган маселенин бир бутагын, бир салаасын, бир көрүнүшүн карап өтүшкөн М.Борбугулов, Р.Кыдырбаева, Б.Кебекова[22]  сыяктуу фольклорист-окумуштуулар тарабынан жазылган эмгектер бар экенин белгилемекчибиз.

«Кыргыз прозасынын басып өткөн жолуна көз чаптырып, анын азыркы деңгээлине карай ой жүгүртсөк, анын бир учу фольклор менен тутумдашып, бир учу азыркы адабияттын профессионалдык бийиктиктерине жеткенин даана байкайбыз»[23], — деп адабиятчы К.Асаналиев кыргыз прозасынын басып өткөн тарыхына бир эле сүйлөм менен экскурс жасап, бизге чейин эле анын тарыхый абалын кашкайта аныктап койгон. Жазма адабияттын башатына кайрылып, 20-жылдардын аяк ченинде жазылган «Ажар» повестиндеги бир ньюанска токтолсок: Батманын балдары токтобой койгондуктан, Айткулу ага көп аракеттерди кылып, айылдагы бакшы, молдолорго ырым-жырымдарды жасатып, Кашкардан келген азирети аппак кожого да көрсөтөт. Анысы «Батманын мойнуна тумар тагып, чыныга аят жазып, эзип ичирип», бир топ ырым-жырымдарды жасайт. «Түшүндө Батманы айлантып жүргөн кара чаар, көк жал жолборс менен күрөшүп, кырк чилтен менен сүйлөшүп, көп-көп кереметтерди көргөнүн» айтып, «арысы эки, бериси бир айдын ичинде Батманын боюна шексиз бир эркек бала бүтүп,» аман-эсен тууларына Батма менен Айткулуну ишендирет… Аягында автор: «Мындан үч жыл өткөндөн кийин кожосуз, молдосуз, бакшысыз эле Батманын боюна бүтүп, Ажар туулган»[24], — деп баяндайт. Баяндоонун нугунан молдо, бакшылардын ырым-жырымдарына, түштөрдүн керемет сырларына ишенбей, аларга ирониялуу мамиледе турган автор-баяндоочунун позициясы кармалат. Кыргыз жазма прозасы ал учурда телчигүү абалын башынан өткөрүү менен, коомдун идеологиялык кысымына али анча тушуга элек мезгили болгонуна карабай, «Ажар» повестиндеги автордун түшкө карата андай «ирониялуу» мамилеси коомдун ошол учурдагы духуна — материалисттик көз карашка бар тарабы менен төп келе жарашып турат.

Кыргыз дүйнө таанымы менен илиминде түш, биринчи кезекте, адабият чөйрөсү аркылуу көркөм чагылдырылып, көркөм иликтөөгө алына баштаса, андан кийин философиялык, психологиялык өңүттөн карала баштады. Философ А.Салиев «Акыл-эс дүйнөсү жана көркөм элес» аттуу эмгегинде жана орусча жазылган («Что такое мысль?», «Мышление как система», «Человеческая психология и искусство», «Человек входит в мир») монографияларында «психологиялык кыймылдардын маңызы логика закондорунун аракетинен келип жаралары жөнүндөгү ойлорун азыркы мезгилдеги психология менен физиологиянын фундаменталдуу эмгектерине таянуу менен далилдөөгө аракет жасайт. А.Салиев түш көрүү, галлюцинация, интуиция сыяктуу категорияларды аң-сезим менен эч байланышы жок иррационалдык кубулуштар катары караган, көркөм-образдуу ойлоону логикалык ойлоого карама-каршы койгон көз караштарды акыл-эс чөйрөсүнүн структурасы менен механизмин изилдеген илимдердин жогорудагыдай жоболорунан кабарсыз калган көрүнүшү катары санайт».[25]

Анын пикиринде, биздин күндүзгү аң-сезимибизде күндө жаралуучу образдардын түш көрүүлөрдөгү фантасмагориялуу образдардан бар болгон айырмасы, болмушка багытталган сергек акылдын өзүндө жаралганына жараша, ал тарабынан иретке салынып жана чегине келтирилип берилсе, ал эми түш көрүүлөрдө болсо, акыл кыймылы реалдуулук тарабынан ориентирге алынбай, катуу көзөмөлгө учурабай эркин болгонуна ылайык, көбүнесе калейдоскоп сындуу үзүндү абалында болушат. Түш көрүүдөгү элес-кыялдар мээдеги катталып калган ойлордун кармалып турган эмоцияларынын аракет-таасирлери аң-сезим тереңиндеги материалдар менен өз ара алакалаш болгон мезгилде жараларын, булар ошол үчүн ойлордун чыңалуу багытына, мүнөзүнө жана жаралуучу жаңы элементтердин логикалык актыларына таасир көргөзөрүн табигый көрүнүш катары карайт. Ошол эмоциялуу таасирлери канчалык күчтүү болсо, түш көрүүлөрдөгү формалар да өзгөчө бир керемет абалда болорун, түштөрдөгү образдар эки аспектилик касиетинде: биринчиси — түз (манифесттүү) эле абалында көрүнүшсө, экинчиси — кыйыр (латенттүү) түрүндө жолугарын, бирок түштөр кандай абалда болушса да, алардын түпкү негизинде логика сакталарын белгилеп, түштөрдүн маңыздуулугу жана аяндуу белгилерин ажыратууга боло турганы да түштөрдүн мына ошол логикалык негизинен келип жараларын айтып өткөн[26].

Р.Эшматовдун «Адабий түштөрдүн көркөм табияты» аттуу китебинен 

  1. Литературное обозрение. 1990. №6. — с. 93.

2 Анохин П. К. Сновидения и наука. — М., 1945. — е. 5-6.

3Кузъмин Е. С„ Якунин В. А. Психологические воззрения в античную эпоху. — Л., 1984.

4Фрейд 3. Ш. Толкование сновидений. — М., 1913.

5Василъев Л. Л. Сновидения, гипноз в свете современного естествознания. — Л., 1948, — с. 13.

6Жан Полъ. Приготовительная школа эстетики. — М., 1981; Шопенгауэр А. Мир как воля и представление. — М., Издательство «Наука», 1993. Том 1-2; Абрагаж К. Сон и миф: очерк народной психологии. — М., 1912; Ф. Фишердин эстетикасы жөнүндө — Гулыга А. В. Принципы эстетики. — М., 1987; Фрейд 3. Поэт и поэтика фантазировании. — М., Издательство «Республика, 1995; Юнг К. Символ и архетип. — М., Издательство «Ренессанс», 1991; Фрожм Э. Забытый язык. В книге: Душа человека (Мыслители XX века). — М., Издательство «Республика», 1992.

7 Бегалиева Н. Арстанбектин чыгармачылыгы. Автореферат. — Бишкек, 1992.

8 Сажанчин Т. Молдо Кылыч — жазгыч акын. Кыргызмамбас, 1948.

9 Ак Бата. 1992, № 1. — 22-6.

10 Токтомушев А. Мурза Гапаровдун гяпканасы / Агым. 2002, январь-июнь

11 Гуревич А. Я. Культура безмолствующего болыпинства / В кн.: Избранные труды. Том 2. — М., — СПб.: Университетская книга, 1999. — с. 375-387.

12 Шарон Бегли. Из чего сделаны сны…/ Советская культура, 7 октябрь. 1989.

13 Аталган макалада.

[14] Нечаенко Д. А. Художественная природа литературных сновидений. Автореферат. — М., 1991. — с. 2-3.

[15] Страхов И. В. Психология воображения. Саратов, 1971; Маркович В. М. Сон Татьяны в поэтической структуре «Евгения Онегина» / В сб.: Болдинские чтения. Горький, 1980; Поддубная Р. Н. Рассказ «Сон» И. С. Тургенева и концепция фантастического в русской реалистической литературе 1860-1870-х гг. Свердловск, 1980; Улыбина О. В. Мотив сна и его художественные функции в повести И. С. Тургенева «После смерти» / В сб.: Вопросы сюжета и композиции. Горький, 1982; Щенников Г. К. Функции снов в романах Достоевского / В кн.: Художественное мышление Ф. М. Достоевского. Свердловск, 1978.

[16] Кодуэлл К. Иллюзия и действительность. — М., 1969; Борхес Х.Л. Кошмар. Сочинения в 3-х томах. Том 3. Рига: Полярис, 1994. — с. 229-342.

17 Афанасъев А.Н. Поэтические воззрения славян на природу. Опыт сравнительного изучения славянских преданий и верований в связи с мифическими сказаниями других родственных народов. Том 1. Москва. 1865. — с. 39-40.

18 Асанказы кызы Анара. Туш жоруу. — Бишкек, 2003.

19 Убукеев М. Тайны эпоса «Манас». Литературный Кыргызстан. №11-12. 1992. — с. 160-170.

20 Салиев А. Человеческая психология и искусство. -Ф.:Издательство Кыргызстан, 1980. — с.63.

[21] Айтматов Ч. В соавторстве с землею и водою… (Очерки, статьи, беседы, интервью). Заметка о себе. -Ф.: Кыргызстан, 1979. — с.153.; Түштү өңдө сатуу жана сатып алуу элдик ишенимде — чыгыш фольклорунда кеңири жолуккан мотивдердин биринен. Өзгөчө жомоктордо кездешет: персия, түркмөн, кыргыз жомокторунда. Аталган макалада Айтматов фольклордогу ошол түштү сатып алуу, карызга суроо салты жөнүндө сөз кылып жатат.

22 Киргизский героический эпос «Манас». -М.: Издательство Академия наук СССР, 1961.; Рахматуллин КА. Манасчылар. — Ф.: Кыргызмамбас, 1942.; Саманчин Т. Арстанбек (Очерк). Китепте: Арстанбек (ырлары). Түзүүчү: Кебекова Б. Бишкек, 1994.; Юнусалиев Б.М. «Манас» эпосу боюнча эмгектер. Китепте: Тандалган змгектер. Том 1. — Ф: Илим басмасы, 1985. 391-742-6.

23 Асаналиев К. Тандалмалар (Макалалар жыйнагы). -Ф.: Кыргызстан, 1983. 76-6.

[24] Баялинов К. Ажар (Повесть). -Ф.: Кыргызстан, 1984.

[25] Ибраимов К. Б. Адабият, адам жана дүйнө (Адам дүйнөнү аңдайт). — Ф.: Кыргызстан, 1986. — 88-6.

26 Салиев А. Человеческая психология и искусство. — Ф.: Кыргызстан, 1980. — с. 62-63.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *