Адамдык жолдон адашкан Чубак,
адепти куру сайраган чунак.
Калктарды бөлүп каапыр дейт кантип
калктарды калкка кайраган чунак.
Мусулман журтун бузулган кылып,
мунуңар сообу – туз урган «чудак»?!
Байыртан келген Нооруз деп ыйык
өз элби, жатпы нарк-салтын улап…
Түркөйлөр үчүн пайгамбар болду,
түргүлө кулак, түргүлө кулак!

Канымды тартсам кантейин… Ыраматылык атам Шакирдин атасы Эгемберди, Эгембердинин атасы Ажыбай жана таятабыз Курман чоң молдо болгонуна карабай, биздин атабыз Шакирдин молдолорго куйкасы курушкан адам эле. Куйкасы курушкан атабыз анан мындан 44 жыл мурун «Чалкан» журналына төмөндөгү ырын жарыялап жибергенине чоң атабыз Эгемберди абыдан капа болгон дешчү… Агер бизге таята, атама кайната – Курман молдо окуган болсо анын да Алласы оозунан ыргыгандыр. Арийне, те илгери жазылган бул ырдын актуалдуулугу бүгүнгө дейре маанисин жоготпогонунан улам жарыялоонун мөртү келип туру.

Минтип калдың неликтен?
Шариятты сүйлөгөн,
Шарты жок ишти сүйбөгөн.
Дартыңа даба болот деп,
Таптаза сууну үйлөгөн.
Кеңешин угуп келгенсип,
Кеп салып аркы дүйнөдөн.
Тели болгон жылкыдай,
Теспесин ала сүйрөгөн.

Байгамбар, кудай колдо деп,
Бата кылган молдосуң.
Башынан бир жан көрбөптүр,
Байкачы кантип колдосун.
Акча алмакка калп айткан,
Алдамчылык жолдосуң.
Абайладык чынында,
Ансыз жолуң болбосун.

Дооран деп алып өлүктөн,
Доосу бардай көнүккөн.
Битир жыйнап түтүнгө,
Бир калбайсың бөлүктөн.
Садагасы дагы бар,
Сакалдууну жөөлүткөн.
Чыныңды айтчы, молдоке,
Минтип калдың неликтен?
Шакир ЭГЕМБЕРДИЕВ.
«Чалкан» №1 (211) январь, 1973-жыл.

Атамдын ырындагы «Акча алмакка калп айткан, \ Алдамчылык жолдосуң. Абайладык чынында, \ Ансыз жолуң болбосун» – деген көрүнүш бүгүн да кайталанып аткандай… Кайталанганда да эбегейсиз көлөмдө! Мындай бүтүмгө келген себебим, бүгүнкү диний фанатизмдин доору кыргыз ичин бөлүп-жарууга атайы багытталгандай. Атайы финансылык булактар менен сырткы күчтөрдүн аракети ишке ашып жатканы ушу эмеспи – cоңку учурларда Чубак ажы Жалилов менен Абдышүкүр ажы Нарматовдун диний ишмердигин сындаган макалаларымды окуган динчилдердин көбү соцтармактар аркылуу менин дарегиме: «Сага кайсы күчтөр чоң акча төлөгөн үчүн биздин устаздарыбызга сөз тийгизип жазасың», – деген тариздеги божомол-дөдөмөлдөрүн дөөрүп, кээси телефон чалчу болду. Араптын пулуна кул болуп бүткөн андайларга «Каждый судит по мере своей испорченности» дегенден бөлөк аргабыз жок…

А чала молдокелерибиз болсо: «Кеңешин угуп келгенсип, \ Кеп салып аркы дүйнөдөн» Чубагы баш болуп минтип дөөрүгөнү – элди диний ынтымак-ырашкерликке чакырар кеппи: «Нооруз деген байыркы перстердин, азыркы ирандыктардын ата бабасы күнгө, отко сыйынган, күн тогошкон күнүнө сыйынган майрамы. Кыргыздын майрамы эмес. Исламда Нооруз арам. Ким нооруз «майрамынын» урматына деп бир жумуртка берсе да ыймандан чыгат, капыр болот… Же кошулуп бул майрамды майрамдаса да ыймандан чыгат. Ким кайсы коомду ээрчисе ал ошолордун бирөөсү болуп калат. Бул менин сөзүм эмес, бул исламдын талабы. Исламда эки гана майрам бар — ал Курбан айт жана Орозо айт майрамдары. Андан тышкары чоң майрам жок… Нооруздун урматына жасалган сүмөлөк арам… Башка күнү сүмөлөк жасап жесек болот… Ширк майрам майрамдайм деп түбөлүк отто калып кетпейли, ыйманыбызды сактайлы!»

Олжобай ШАКИР

One Reply to “Шариятты канча казса да \ шайтандап туру маскара”

  1. Эчки сакал Чубак, дин бузаар чаламолдо Чубак, чаламолдолугун коптон бери кылып журот. Чубак чаламолдо куранда жазылган Иса пайгамбарды дагы тааныбайт, жана Исанын жолундагыларды дагы каапырлар — деп дооруп журот… Исанын туулган кунун — жаны жыл майрамын дагы майрамдабайт жана аны майрамдагандарды каапырлар — дейт. Демек, Чубак чаламолдо, чаламолдо гана эмес, курандагы эн чон пайгамбар болуп саналган Исадан баш тарткандыгы учун Иса пайгамбардын элдешкис душманы — антихрист дагы болуп саналат. Ал эми. антихрист — бул мусулман эмес, ошондуктан, антихрист Чубак — бул анык каапырдын озу. Чубак чаламолдо-антихрист кыргыздын салтын дагы чанат, кыргызча мурут-сакал койбойт, бирок эчкиникиндей мурутсуз сакал койот. Ушул эчки сакал кейпи менен ал мусулман эмес эле шайтанчыл болуп калгандыгын аныктап журот. Анткени, диний окууларда эчки-текенин солокоту шайтандын образы катары саналат.
    Нооруз майрамы перстердин эмес, байыркы арий кыргыздарынын — бурут кыргыздарынын майрамы экендигин Чубак антихрист билбейт, ошондуктан, ноорузду чанып жатат. Чубак антихрист — кыргыз деле эмес, манкуртташкан жана арабдашкан антихрист-киргиз болуп саналат.
    Жаман киши тор талашат, жаман молдо кор талашат, — дегендей бул акмакчылык кылып, кыргызды болуп-жарып, маркумдардан кор дагы талашып журот.
    Чубак чаламолдонун, Чубак антихристтин, Чубак арабдашкан манкурттун кыргыз элине эч кандай пайдасы жок, бирок анын кыргызга душмандыгы — кыргызды болуп-жаруучулугу, динди чалмакей чалып, кыргыздарды каапыр атагандыгы — бул кыргыз элине жасаган эн чон душмандыгы болуп саналат. Мындай душмандыкка чыдоого болбойт. Ошондуктан, чубак чаламолдо-антихристке карата катуу жана элдешкис чара коруу ото зарыл. эгерде, андай кылбасак кыргыздар болунуп-жарылып чон зыйанга учурап калуусу мумкун.
    Чубак антихрист-чаламолдонун кыргыз элине карата арабдаштыруу жана манкуртташтыруу жонундо чала-диний угут таратууга эч кандай моралдык укугу жок. Чубак анихрист-чаламолдону арабстанга карай аттап-тондоп, кайра келбес кылып жонотууго убакыт келди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.