Уинстон Черчиллдин  “Асти сынбагыла!” китебинин презентациясы болот

2018-жылдын 22-февралында Бишкек шаар отелинде Улуу Британия өлкөсүнүн көрүнүктүү мамлекеттик жана саясый ишмери У.Черчиллдин кыргыз тилинде чыккан “Асти сынбагыла” аталышындагы китебинин  презентациясы болот. Аталган китеп 2018-жылдын январь айында  жарыкка чыккан. Китептин кыргызча котормосу “Роза Отунбаеванын демилегеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан 2015-жылдан тартып жарык көрө баштаган “Өмүрү өрнөк инсандар” түрмөгүнүн алкагында даярдалды. Китепти дипломат жана Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Б.Каламбекова которду. У.Черчиллдин эӊ мыкты сөздөрүнөн  турган  “Асти сынбагыла!” китебинин аты  ал өзү билим алган эркек балдар  мектебинин окуучуларына  1941-жылдын […]

Корей эл жомогу: Ыр кантип жаралды?

Ал убакта корей жерине кытайлар кургак жер аркылуу да, деңиз аркылуу да байма-бай каттап, соода кылышчу экен. Ал эми кайсы жерде ач көз соодагерлер болсо ошол жерде алдамчылык болбой коймокпу. Ушундай соодагерлердин бири бир жолу парустуу кайык менен сүзүп отуруп Ресенган дарыясына чейин жетип, деңиз жээгиндеги бир айылга токтоптур. Бул жерден ал болбогон товарларын айга, күнгө теңеп, эпчилдик менен  саткандыктан соодасы жакшы жүрдү. Бир жолу анын дүкөнүнө ушул жерлик бир сулуу аял кирип соода кылганда ал соодагерге абдан жагып калып, […]

Айдарбек Сарманбетов: Малкиши

АҢГЕМЕ Ал отуздан ашкан өзү курдуулардан эч деле айырмаланбаган көптүн бири, өңү деле жугумсуз, пакене бойлуу, арыкчырай эркек сөрөй. Үндөбөй дулдуюп, башын жерге салып өзү менен өзү жүрө берет. Эч ким менен иши жок. Мейли атасыбы, кошуна, курбуларыбы — ага баары бир. Эч кимин көчөдөгү чоочун, бейтааныштардан жакын санабайт. Өзүнөн башка адамдар барбы, жокпу, өлүп атабы, жер астын-үстүн түшүп кыямат кайым келдиби — баары бир тең. Бирөөгө боор тартып же жакын санап ийилип койбойт. Өзү болсо болду. Жарытып деле ойлонбойт, […]

Мезгил Исатов: Бойдок бөлмөдө

ЭССЕ Бойдок күндөрүмдүн акыркы түнү. Бир аз башка, өзгөчө  болушу керек. Жарыктыктын ордуна эски бир шамды жактым. Жалтак жалындардын жалтак сезимдерге жолугушкан жери… Мен жана мен бармын. Түстүү жалындардын үчүнчү жүзү. Экөөбүз сыяктуу эки жүздүү жана бүтүн. Мен батпаган дүйнө бар ичимде. Жүрөгүм ичинен илинүү. Менсиз кет. Менсиз кетпейм. Ызы-чуунун ичинде отурсам. Үн көрүнөт көзүмө үнү бүткөн. Ошондо караштарым көздөрүмдү жаратты. Дагы ойлуу, жашынчаак. Бул эмнеси? Жалгыз гана түштөрүмдү даярдап жатпадым беле бир түнчөлүк. Эми болсо жүрөгүмдүн жалгыз калган жеринде […]

Кадыркул Даутов: Аңгеменин чебери

Жазуучу Аман Саспаевдин алгач чыгармаларын 1963-64-жылдары окуганымда, алар кандайдыр, бир өзүнүн жагымдуу, жаңы белгилери менен көңүлүмдү буруп, авторго карата менде окурмандык симпатия пайда болгон эле. Бирок анын аңгемелерине мындай өң-түс берип жаткан кайсы сапаттар экендигин ачык-айкын аңдап-билип белгилей алган да эмесмин. Ошол бойдон автордун башка чыгармаларын көпкө чейин окуй албай калгам. Арадан он-он беш жыл өттү, канча бир китептерди окудум, канча бир классиктер менен кездештим, адабият жөнүндегү көз караш, түшүнүктөрүм өзгөрүп жатты. А.Саспаев жөнүндө болсо, баягы биринчи кездешкенде калтырган таасири, […]

Махатма Ганди: Кудайга куру сыйынган жосундарыбыздан өлүп атабыз

(1869-1948) Индиянын мамлекеттик ишмери Мени ыйыктын ыйыгы санашат, а саясат мени эбак бузуп салган. Чынында саясат аркылуу барын түптөөгө болот: менин ыйык болуп калганым ошондон. * * * Биз сымаптай кылтың саясаттан, уят-сыйсыз ыракаттан, мээнетсиз байлыктан, кулк-мүнөзсүз илим-билимден, адамгерчиликсиз аалым болуудан, битибизден бизнес жасамайдан, анан кудайга куру сыйынган жосундарыбыздан өлүп атабыз. * * * Дайыма карама-каршылыгыбызды ачык билдиргенде гана алдыга жылабыз. * * * Саясый эркиндиктен мурда тазалык маселеси маанилүү. * * * Зергерлик мээнет болмоюн жез, күмүш, алтындын куну […]

Кубатбек Жусубалиев: Шатыдагы балдар

АҢГЕМЕ Балдар чоң үйдүн ойку- кайкы караңгы шатысында «адашып» жүрүштү. Кундуздардай ызылдашып, ага күн бою тынчтык беришпеди. Бала кездеги үйлөрү эсине түштү. Үйлөрү суунун боюнда эле. (Ал эрксизден тышка карады. Тышта лапылдатып кар жаап жатты. Үйдүн ичи караңгы боло түштү). Эл оор уйкуга киргенден кийин, ушундай кыштарда суунун боюнан ызылдаган үндөр чыгуучу. «Кундуздар сууну бойлоп келип көчүрүп баратышат» дечү апасы, чыгып көрөм десе, эшикке чыгарчу эмес… Балдардын ызылдагандары кокусунан лып басыла түштү. Бул кулак- мурдун кескендей томолок тынчтыктан ого бетер […]

Үч аргымак, үч чана

(Алгы сөз) Эркалы, атактуу авар акыны Расул Гамзатов байкебиздин баягы, атактуу китебин баштаардагы айткандарын эстедим. Ал мындай дебеди беле: – Менин тоолуктарымдын бир адаты бар, бир жакка жөнөрдө эшик алдынан эле атына мине калып, жөнөп бербейт. Ал атын жетелеп, айылдын четине чыгат. Ага чейин унчукпай, ойлонуп, бир топ жерге чейин барат. Балким, жолго чыгарда эмнени унутту, жолдо аны эмнелер күтүп турат, кимдерге жолугат, ушуларды ойлоп алат. Анан, айылдын четине барып, атына минет да, чу койгон бойдон, аттын туягынан көтөрүлгөн коюу […]