(Алгы сөз)

Эркалы, атактуу авар акыны Расул Гамзатов байкебиздин баягы, атактуу китебин баштаардагы айткандарын эстедим. Ал мындай дебеди беле:

Менин тоолуктарымдын бир адаты бар, бир жакка жөнөрдө эшик алдынан эле атына мине калып, жөнөп бербейт. Ал атын жетелеп, айылдын четине чыгат. Ага чейин унчукпай, ойлонуп, бир топ жерге чейин барат. Балким, жолго чыгарда эмнени унутту, жолдо аны эмнелер күтүп турат, кимдерге жолугат, ушуларды ойлоп алат. Анан, айылдын четине барып, атына минет да, чу койгон бойдон, аттын туягынан көтөрүлгөн коюу чаңга кирип жок болот, – дейт эмеспи. Анын сыңарындай, Эркалы, сенин поэмаларың жөнүндө сөз баштаардан мурун, бир топ жерге чейин, мен дагы оюмду «жетелеп» жүрүп отуруп, анан «аттанаарым» менен, орус эл адабияттарындагы «Эх тройка! Птица тройка!» деп, суктанганынан кыйкырып жиберген, үч ат чеккен чананы эстедим!..

Биринчи чана

Жер үстүндөгү баардык элдер сыяктуу эле, кыргыз эли да Кудай бир жараткан, балким, бир аз жогору жараткан же өзгөчө жараткан өнөрлүү эл экенин, элине кошуп, бейиштен артык жерин бергенин, элестүү айтсак, миң жыл мурдагы данекти ыргытып кетип, эртеси келсе, шагы ийилип, мөмө байлап каларын, башка жактан арып-азып келгендер абасынан кере жутуп, суусунан бир ууртам ичери менен көөдөнү толуп, көңүлү тазарып, айран-сүтүн ичкендер дарт деген эмне экенин билбей, узак жашаарын, ал үчүн кыргыз болуп туулган соң, кыргыз болуп жашап, кыргыз болуп өлүш гана керектигин, саймедиреп айтыпсың. Ааламды айланткан акыл бизде да барын кайра-кайра какшапсың:

Бөтөн калктын Каада-Адат, диндери,
Ойжоруму, обондору, бийлери.
Кыргызстанга жат экенин кылайып,
Жакшыларым, башчыларым билбеди! –
депсиң. Мунуң менен сен «башка элдердин ыр-күүлөрүн, ыр-бийлерин такыр эле билбе, түшүнбө, тааныба!» деп, «жинденип» жаткан жериң жок. Тескерисинче, адегенде «өзүңдү бил, өзүңдү тааны!» таризинде, күйүп-бышып жатасың. Өзүнүн Калыгулу менен Арстанбеги турса, Сократка кол куушурган, өзүнүн Куйручугу менен Көкөтөйү турса, Конфуцийге бүгүлгөн, өзүнүн Кара Молдосу менен Ниязалысы турса, Паганини менен Шопенге шилекейин агызган, өзүнүн «Манасы» менен «Кожожашы» турса, «Одиссея» менен «Иллиадага» баш урган «оомалыгыбызга» кыжырың келиптир. Менин да кыжырымды келтирдиң.

* * *

Эркалынын ар бир сабы ботодой боздоп турат! Мен акынды ээрчип баратып, маркум Нурак Абдырахмановдун мынабул айткандарын эстедим:

– Шайлоо, мен Америкада гастролдо жүргөндө, бир укмуш окуя болгон эле. Молдокемдин «Ибаратын» чертип бүтөрүм менен, залда отургандар узакка кол чаап турду. Байкаган эмес экем, алды жагымды карай калып, чочуп кеттим. Кудай бетин салбасын, чачы тизесине түшкөн, жыртык жынсы кийген бирөө, тизелеп алып, колун сунуп келатат. Кетенчиктей бердим эле, котормочу мага: «Коркпоңуз! Бул киши штаттагы чоң композитор… Колуңуздагы музыкалык аспапка таңгалып, ошонун кылына сөөмөйүмдү бир тийгизип көрсөм болобу деп, суранып келатат!» деди. Ошону уккандан кийин, эмне кыларымды билбей калдым. Мына! Биз Батышка суктансак, Батыш кайра бизге таңгалып, бизге суктанып жатпайбы? – деген эле.

Эркалынын «Кыргыз кайрыктары» поэмасы ар бир кыргызды кыргыз болууга, мекенчил болууга чакырган чакырык. Анын ырлары Расул Гамзатовдун ырлары менен үндөшүп турат. Расул бандурасын, атасын, акылман Абуталибин кеп кылса, Эркалы комузун, кылкыягын, өз элинин укмуштай өнөрүн, манасчыларын, Калык менен Мыскалын, Атай менен Мусасын агылып-төгүлүп даңазалайт!

Акын «Кыргыз эли башка элдерден мурда өзүн сыйлап, өз ата-бабалары калтырып кеткен жол менен басса мүдүрүлбөй, кыйналбай, кыйшаңдабай, түз басат эле» деген оюн канкакшап айтат…

Экинчи чана

Эне тил… Айрым бирөөлөр тайыз түшүнгөндөй, тил деген – тилчилердики же тил комиссиясыныкы эле эмес. Тил деген – элдики. Тил деген – Эненики! Ошон үчүн кыргыздар «Эне тил» дейбиз. Бизден бөлөк бир дагы элде тилин «Эне тил» деп, атабаса керек. Улуу орус эли «Родная речь» дейт эмеспи. Ошентип, Эркалы «Эне Тил кайрыктары» поэмасында, «Эне тил» жөнүндө эң сонун сөздөрүн жамгырдай төгүп, мөндүрдөй сабайт!

Акын, азыркы шаардык кыргыздар эч качан орустун бай, керемет тилин ошол орус баласы билгендей деңгээлде биле албасына ишенет.

Бүгүн, биз балдарды бир эле эне тилин эмес, колдон келсе, көп тил билсе экен деп тилейбиз. Эмне үчүн? Анткени, адам деген, башка тилдерди башка элдердин кулу болбош үчүн үйрөнөт эмеспи. Ооба, кулда гана тил болбойт.

Жанагы, орусча сүйлөгөн кыргыздар орус менталитетин, орус салтын, ошол эле убакта кыргыз менталитетин, кыргыз салтын билбеген арабөк жолдо өмүрү өтөрүн, мындайлардын башына эч качан өз ата-бабалары тургай, өз ата-энелеринин да ой-санаалары келбей тургандыгын Эркалы жаны күйүп сөз кылат. Акындын сабына сап болуп, оюна ой болуп, ага ынанып, ыраазы болуп, авторду коштоп жүрүп отурасың…

Үчүнчү чана

Айтылуу Ак Мөөр сулуунун тагдыры… Мен Касым Тыныстановдун «Ак Мөөрүн», Сүйүнбай Эралиевдин, Абдырасул Токтомушевдин «Ак Мөөрүн» окугам. Орозбек Кутманалиев ырдаган «Ак Мөөрдү» уккам.

Эми, жогорку дөө-шаалардан кийин, коркпой-үркпөй, «Ак Мөөргө» жана кайрылган Эркалынын эрдигине таңгалдым. Ооба, бул авторду таңгалып, суктанып да окудум. Ошол эле учурда, акындын айрым жазгандарына айланчыктап; «ай, атаңгөрү ай, дагы тереңдетсе болмок экен, дагы иштеп чыкса болмок экен…» деген ойго да кеткен кезим болду. Алибетте, телегейи тегиз, төгөрөгү төп, азын-оолак кемчилиги жок чыгарма болбойт эмеспи. Акын баары бир акын да. Башкаларга окшогусу келбей, Ак Мөөрдү жаңыча, башкача жазган экен. Мени кубантканы ушул болду. Эркалынын «Ак Мөөрү» да «айтылуу Мөөрканды изилдейбиз» дегендерге – адабиятчыларга, тарыхчыларга кошумча далилдерди, даректерди бериши ыктымал.

* * *

Акырында айтаарым: чыныгы поэзияда жашыруун сыр болбойт. Ал адамдардын даража-даңкына да, билимине да карабастан, баарына түшүнүктүү болот. Болгону, биздин жандүйнөбүз менен кабыл алуубуз гана «тирүү» болсо болду. Мен Эркалынын буга чейинки баардык чыгармалары менен таанышмын. Айрыкча, «Ырдаган Ай» аттуу ырлар жыйнагы, анын мыкты лирик акын экенин кашкайта далилдеп турган мыкты китеп!

Буга дейре «нукура поэзия» жана «синтетикалык поэзия» же «көйрөң поэзия» дегендер жанаша жашап келген. Булар Пушкин менен Тютчевдин заманынан бери эле өмүр сүрүүдө. Экөөнүн айырмасы эмнеде?

Кымбаттуу окурмандар, нукура тери менен жасалма терини, Күндүн нуру менен жасалма нурдун шооласынын табын бири-бири менен салыштырып көрүңүздөрчү? Бир караганда, көзгө баары эле сонун көрүнө берет. Атургай, жасалма нерселерди же нукура ырга караганда, жасалма ырды, жанагы колдон суурулган, алыпсатарлыктын алчы-таасын жеген соодагерлерге окшоп, синтетикалык товарларды көкөлөтө мактап-жактап олтуруп, кардарларга өткөрүп жиберген сыяктуу, биздин айрым, адабиятчымын, сынчымын дегендер, окурман жакшы көрбөгөн, окугусу келбеген чыгармаларды асман-айга жеткире мактап-жактап жатып, «өткөрүп» жиберген учурлар көп кездешет. Бирок мындайлар «алыпсатар адабиятчылардын» элегинен өткөн менен элдин элегинен өтпөй кала берет. Синтетикалык чыгармалардын трагедиясы ушунда!

Ал эми Эркалы Өскөналы нукура поэзиянын өкүлү. Атургай, ыр жазып жүргөн бир чоң эле киши өз ырларын жалаң Эркалынын таасири менен жазганын жакшы билем.

Синтетикалык чыгармалардын авторлорунун дагы бир «айыккыс оорусу» жазгандарын окурмандардын баасына караганда, адабиятчылар менен сынчылардын баасы убактылуу, ал эми, окурмандардын баасы, түбөлүктүү экендигин түшүнгүлөрү келишпейт. Эгер түшүнсө, көбү жазбай коюп, баарыбызды кубантышат эле.

Эркалыга акындык бактылуу сапар каалайм!

Шайлообек Дүйшеев, Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын, Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыктын жана КМШ парламенттеринин эл аралык Чыңгыз Айтматов сыйлыгынын лауреаты

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *