Ал убакта корей жерине кытайлар кургак жер аркылуу да, деңиз аркылуу да байма-бай каттап, соода кылышчу экен. Ал эми кайсы жерде ач көз соодагерлер болсо ошол жерде алдамчылык болбой коймокпу.

Ушундай соодагерлердин бири бир жолу парустуу кайык менен сүзүп отуруп Ресенган дарыясына чейин жетип, деңиз жээгиндеги бир айылга токтоптур. Бул жерден ал болбогон товарларын айга, күнгө теңеп, эпчилдик менен  саткандыктан соодасы жакшы жүрдү.

Бир жолу анын дүкөнүнө ушул жерлик бир сулуу аял кирип соода кылганда ал соодагерге абдан жагып калып, товарларын ага арзан сатып, жагынганга аракет кылып, ал арада таанышканга да үлгүрүп, кийинкиде дагы келүүсүн суранат. Жакшы мамилеге ийиккен, арзан товарларга кызыккан аял дагы келгенде соодагер мурункудан да жакшы мамиле кылып, “кыздын көзү кызылда” экенинен пайдаланып, жылтыраган-жултураган нерселерден белек берип, айтор өзүнө ийиктиргенге аракетти мыкты кылат. Бирок мунун артында соодагердин арам ою турганын байкаган аял анын эч нерсесин албай дүкөнүнөн чыга качат.

Анткен менен соодагерлер куу келет эмеспи. Акчага сатып ала албагандарына алар башка эпчилдиктери менен жетишет. Биз сөз кылып жаткан соодагер да алиги сулууга жетиштин жолун издеп, аны дыйканчылык кылган күйөсү аркылуу колго түшүрмөк болот. Бир күнү ошол дыйкан дүкөнүнө киргенинде ага акчага мелдешип шахмат ойноону сунуш кылат. Бул учурда түшүм жыйналып, дыйкан бош жүргөндүктөн макул болот. Соодагер шахмат оюну боюнча чоң чебер болсо дагы дыйканга атайылап акчаларын уттуруп, кызыктыра баштайт. Ошентип соодагердин көп акчасы дыйканга өтсө да ал болбой эле өжөрлөнүп ойной берет. Дыйкан тигинин куулугун билбей боору ооруп, оюнду токтотууну сунуштайт.

Соодагер буга макул болгону менен акыркы оюнду ойноону суранат.  Каршылашынын андай деле кыйын оюнчу эмес экенине ишенип калган дыйкан бул жолкуда эки-үч жүрүштөн эле мат болуп калат. Чапкан сайын көз чыга бербесин айткан дыйкан кайра ойномой болуп, бирок соодагер эми ага маттарды биринин артынан бирин койот. Анын үстүнө дыйканга соодагер шараптан улам берип атып, ал жакшы эле кызып калат. Ошентип соодагер өзүнүн баятадан бери уттурган акчаларын кайрып алганы аз келгенсип, дыйкандын базарга азык-түлүк алганы келген акчасын да кагып алат. Анан ал букасын арабасы менен кошо уттуруп, эми карызга ойной баштайт. Убакыт билинбей түн ортосунан ооп кетет. Ошентип дыйкан кызуу болгонуна жараша баардык оокаттарын, үй-жай мүлкүн уттуруп карызга батып, башын салаңдатып отуруп калат.

– Дос,- дейт ошондо соодагер боор оорумуш эте. — Аялыңды оюнга сай, эгер утсаң бүт карызыңдан кутуласың, үй-жайыңды кайрыйсың, анан кошумча катары дүкөнүмдү бүт товары менен аласың.

— Макул,- деп булдуруктайт дыйкан азгырыкка алдырып, уттурса эмне болорун ойлобой. Соодагердин дүкөнүнө өзү ээлик кылып, анда аялы соода кылып жатканын элестетет. Ошентип ойноп баштап, дыйкан соодагердин таштарын биринин артынан бирин кайсайт. Мындан улам утарына да көзү жетет. Бирок соодагер капысынан чабуул жасап, эки жүрүштөн соң дыйканга мат койот.

– Сөз деген сөз, мелдеш деген мелдеш, аларды бузуу өлүмгө барабар. Сен аялыңды уттурдуң ал эми меники,- дегенде гана дыйкандын көзү чакчайып, арактан соолугуп, эмне кылып жибергенин эми араң түшүнүп, башын мыкчып отуруп калат. Ушул арада соодагер кызматкерлерин жумшап, дыйкандын сулуу аялын алып келүүгө жиберет.

Ошонун эртеси эле соодагер товарынын баасын түшүрүп, шашылыш сатып жиберип, дыйкандын сулуу аялын алып жолго чыгат. Бирок соодагер сулуу аялдын өзүнө ээ болгону менен ал ага жүрөгүн да, көңүлүн да бербейт. Аны жанына жакын жолотпой, чапкылап-тепкилеп, тытып, чырды катуу салат.

Ошентип кеме мейкин деңизде сүзүп баратканда камап койгон жеринен качып чыккан сулуу аял палубага чуркап келип, алыстап бараткан туулган жери менен, анда калган сүйгөн жары менен коштошуп назик үндө ырдап жиберет. Анын муңдуу ырын толкундар алып-жүрүп отуруп деңиз падышасына угузат. Ырдан улам баарын түшүнгөн ал соодагерге ачууланып, деңизди буркан-шаркан түшүрө толкутат. Кемеде көптү көргөн аксакал кары бар эле, заматта толкун болуп кеткенине таңгалган матростор андан сурашат:

– Бороону жок эле толкун болуп кетти, бул эмненин жышааны?

Кары муңга батып артты карап турган сулууну көргөзүп:

– Тигил сулуу үчүн деңиз толкуп жатат. Ал ак ниет дыйкандын жары эле, аны кожоюн алдап алды. Эгер аялды артка кайрыбасак, кеме чөгөт.

Муну укканда соодагердин жүрөгү түшүп, коркконунан кемени артка бурууга буйрук берет…

Ошондон кийин күйөөсү акмак болсо да аны сүйгөн аялдын муңдуу ыры элди аралап, муундан муунга, ооздон оозго өтүп ырдалып келатат дейт.

Которгон Кубанычбек Аркабаев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.