“Идеал Хаус” аталган 48 коттедждүү 12 га жердин сатылышын иликтеген журналисттин кандайдыр бир кылмышка тиешелүү болушуна шек туудурган эч бир жагдайды көрүүгө мүмкүн эмес. Баары түшүнүктүү, баары такталган, даана. Ал коомчулукка чечип берген чиеленген түйүндөрдү коё туралы. Ансыз да баары жашырууга мүмкүн болбой жагжайып турат. Максим Бакиевдин ач көздүк илдети катуу өтүшүп кетип, ачылган араанын жаба албай, жылт эткендин баарын алып-жулкканынын айынан төңкөрүш болуп, 100гө чамалаган кырчындай өмүрлөр кыйылбады беле. Ошол төңкөрүштүн арты менен мамлекетке өткөн, тактап айтканда 100дөгөн адамдын каны менен кайтарылган жердин ит бекер сатылышынын өзү шумдуктуудай моралдык майыптыкты, олчойгон кылмышты айгине кылып турган жокпу?

Салыштырып көрмөккө Lalafo.kg жарнама сайтына кирип, Бишкектеги үйлөрдүн бааларын карадым. 5 сотых тилкедеги үйдүн орточо баасы 40 миң доллар экен. Ушул орточо баа менен 12 га жерди эсептей турган болсок, 12 га жер 9 млн 600 миң доллар болуп атпайбы. Ал эми Алканова иликтеген 12 га жер, 48 коттеджи менен 2 гана млн долларга сатылган. Бул кылмыш эмеспи? Мамлекетке келтирилген укмуштай зыян эмеспи? Бүтүндөй бир мамлекеттин өкмөтү, күч, коопсуздук органдары кыла турганды кылып берген журналистке алкыш айтыш керекпи же айыптоо керекпи? Соо эс-акыл кайсынысын кылат эле?

Лиглас чуусу боюнча Сапар Исаков Алкановага моралдык жактан чоң карыздар. Уставдык капиталы 9000 гана долларды түзгөн компания өлкөгө 10 чакты ГЭС курмакчы болгону шек туудурса да, Алканова аларды мындай кең көлөмдүү ишти аткарууга жөндөмсүз деп айыптоого шашылган эмес. Бул тууралуу ал Нарын Айып менен болгон маегинде айтып берген. А мүмкүн анын айлампасында (оборот) каражаты жетиштүүдүр, мүмкүн баалуу кагаздары бардыр, мүмкүн таянган ири контракттары бардыр… – мына ушулардын бардыгын тактап билип, бул компания жөн гана шылуундар экенин санаалаштары менен бирге аныктаган.

Чехия өлкөсүнүн өзү да бул аты-жыты белгисиз компания экендигин шардана кылып, алардын алдамчылыгы ачык айгине болгондо гана бакыйган өлкөнүн өкмөт башчысына жетип, абийири аштай төгүлгөн. Жаңыдан премьерликке шайланып жатып, тим эле мелтиреген таза келишим деп түзүлгөнсүгөн. Элнура Алканова шериктери менен коомчулукка ачып бербесе, ТЭЦтегидей чуунун дагы бир өрчүгөн түрү кайталанмак экен. Ошондо эле адам атым өчүп кала элегинде кур дымакты тыяйын, колдон келген ишти кылайын деп, өз ыктыяры менен кызматтан кеткени огожо болор эле.

Жоопко тартылганын мындай коёлу: дүйнө жүзүнө шылдың болгонубузду да айтпайлы. Ушул үчүн Исаков Алкановага орден такса жарашат эле. Тилекке каршы, иш тескерисинче жүрүп келатат. Абийири аштай төгүлгөнүнө кабагым-кашым дебеген өкмөт башчы каадасын күтүп жүргөнү, ал эмес, негизсиз кечирим суроосун талап кылганы ары күлкүнү келтирсе, ары кыжырды келтирген. Негизсиз кечирим суроо жөнсүз деп, кечирим сурабастыгын билдиргенде, ага эс-акылга туура келбеген кылмыш иши козголуп, кысым көрсөтүлүп жатат. Бийлик тизгини колдо, каалаган жагына бурат. Аянычтуу, мансаптын кумарына көз тумандап, бул тизгин анда канчалык көпкө болсо да, түбөлүккө болбостугун эске алууга дарманы жетпей калгандай.

Ушу жерден Сапар Исаковду жана анын өкмөтүн бекиткен депутаттар да ушул жоболоңдуу жоруктарга түздөн-түз жоопкер экенин айтуу керек. Беш депутаттан: Каныбек Иманалиев, Алмамбет Шыкмаматов, Наталья Никитенко, Аида Салянова, Жанар Акаевден башкалары бүт макул добушун беришкен эле. Элдин мүлкүн ээн-жайкын тоноп аткандарды эмес, аларды коомчулукка ачып берген эр жүрөк уул-кыздарыбызды кысымга алган өкмөттү бекитүүгө макул добушун берген сатылма-сатма депутаттар, сатылма-сатма шайлоочулар ушул жагдайга жоопкер экендерин аңдап түшүнүүлөрү керек. Алканова өз санаалаштары менен Лигласс чуусун иликтеп, өлкөнү дагы бир алдамчылардан сактап калды. Эми биз аны ага азуусун кайрап жаткандардан сакташыбыз керек. Алканова айыптоого эмес, алкышка татыктуу!

Өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы дал бутага тийген сөздөрүн уккандан бери ажобуз өлкөдө мындай адилетсиздиктин жолун жылчыксыз бууйт деген ишенимибиз зор.

2 Replies to “Жетиген Асанбек: Алканованы айыптоо соо акылга сыйбай туру”

  1. Былыгы биринин артынан бири, өзүнөн-өзү ачылып атканына карабай, журналисттердин оозун жабуу аракети, акылсыздык. Элден жаап жашырганы менен, иштеринин баары «после меня хоть потоп» менен кылынганын эл жакшы түшүнүп калды.

    1. Туура айтасыз, баары көрүнүп турса деле мурдун балта кеспейт экен, тобо

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *