ЖОЛБҮГҮН

Прекрасная вещь — любов к отечеству, но есть еще нечто более прекрасное — это любовь к истине.
П. Я. Чаадаев. «Апология сумасшедшего»

Петр Чаадаев акыйкат деп ак урган киши эле. Атамекенди алдагандан көрө айыбын ач дечү. Андай «артыкчылыгынын» азабын да тартты. Орус падышачылыгынын каарына калып, «акылдан айныган айбан» маанисинде каргы илинди. Расмий. Ашынган патриоттор адашкан иттей талады. Акыл айран калгыдай аналогия: ошол сыяктанган токонаалатка бир жарым кылым ашуун мезгилден кийин биздин улуу устат Салижан Жигитов да туш болду.

Эсиңиздеби, 1993-жыл. Эгемендик демине ээликкен, демократия желине жээликкен митингчилер Ак үй алдында турду; «кыргыз тили душмандары Т.Усубалиев, С.Жигитов, А.Муралиев жоголсун!» жолоюндагы плакат көтөрүп.

Мен анда «Кыргызстан маданияты» гезити аркылуу Салижан Жигитовичтен «сериал» баштап, улантып жүргөм. Ошондогу анын жообун үзүп-жулкуп келтирейин: «жамандыр-жакшыдыр Кыргыз Совет энциклопедиясын чыгарышкан, андан да мактанып айтсам, чыгарган, кыргыз маданиятынын, адабиятынын тарыхын изилдеп, кыргызча китептерди жазган, айтор кыргыз тилинин аркасы менен оокат кылып жүргөн мен, кыргыз тилине каршымын да, кыргызча эки ооз сөздүн башын курап жазалбагандар, жазса да тилдин кунарын кетирип, тантык кылып салгандар күйөрман болуп калабы?»

«… кыргыз тили эл аралык тил деп закон кабыл алып, Конституцияга киргизип койсок, андан эл аралык тил болуп калбайт да, туурабы? Тилди закон же Конституция өнүктүрбөйт, кишилер өнүктүрөт. Адабий тилди жазган кишилер, билимдүү кишилер, кыргыз интеллигенциясы жаратат. Мына ошол интеллигенциябыз начар, чаласабат, чала билимдүү болуп атпайбы. Кыргыздын шору ошол. Маркс айткан: «Интеллигенция — улуттун башы, жөнөкөй эл — денеси». Мына ошол улуттун интеллигенциясы итий болуп өскөн, мээсине кислород жетпей кыйналып чоңойгон баланын башындай болуп атат. Анан ошол башына революцияга чейинки, андан кийинки иллюзияларды, жалган элес, түшүнүктөрдү толтуруп алып, өзүнүн башы айланганы аз келгенсип, элдин башын да адаштырып, айландырып отурат» (Жел желпинте соккон менен таң мезгилсиз атпайт. «КМ», 15.04.1993).
Үзүктөй цитата келтиргениме кечирим сурайм. Цитата өзү жулунуп атыр. Үзүп-жулбай баарын жарыяласа деле болмок.
… Дегинкиси мага берген интервьюларын бириктирсе жаман китеп болмок эмес. Каражат жок. Окула бермек. Ушул жүрүштөн жазбасак, дагы далай жыл окулат. Маанисин жоготпойт дегеним.

Салижан устат Жигитовдун андагы айткан-дегенин айрыкча ушул тапта удургута колдонсо эч ким жаңылбайт. Бакырчак патриоттор менен «итий» интеллигенциянын баш терисин байка: баягыдай… анчалык өзгөрүү жок. Бүтдүйнө кыргыздан тараган дейт. Алардын башында азырынча бир эле дилемма туру: кыргыз маймылдан жаралганбы же маймыл кыргыздан жаралганбы?

«Кыргыз тили өлүп баратат» деп түшсө, өкүрүгү таш жарат. Ким өлтүрүп атат? Орус тили! Андыктан орус тилдүүлөргө акча төлөп болсо да, зордоп болсо да кыргызча үйрөтүп, кыргызча сүйлөөгө мажбурлоо керек, Салижан Жигитович какшап жүрүп өттү: «ашып кетсе жарым миллион орус тилдүүлөр калды, анын дагы 60-70%ы чал-кемпир, алардын көбүн мен жакында аркы дүйнөгө ээрчите кетем, андан көрө дүйнөлүк илим-билим таянган өзөктүү, омоктуу, негизги түшүнүктөрдү, идеяларды, маалыматтарды баяндаган тексттерди жазалы, которолу, басалы. Жөн эле өкмөттөн «келе, акча!» деп кежилдеп, улуттар ортосун удургута берген болбойт. Билим берүүнүн деңгээлин көтөрөлү, болбосо силер кыргыз рухунун «Манастан» кийинки туу чокусу деген Чыңгыз Айтматов деле балдарын орусча сүйлөтүп, орусча окуткан, эми англисче сүйлөтүп, англисче окутуп жатат, окута берет».

Андай жүйөөгө түшүнүү, моюндоо үчүн анчалык көп акыл талап кылынбайт. Тек, биз балакеттин башкы себебин өзүбүздөн эмес, ар дайым башкалардан издеп көнгөнбүз. Болбосо, гезиттерди кара, радиоңду ук, китептериңди оку! Алайлык атактуу жазуучунун тили менен айтканда, өлөсүң да! Башкасын коюп, кадыры кыргыз кыйырына өткөн «Азаттык» радиосунан бир-эки мисал алалы. Эсеби маселең, анын журналисттери эфирге чыкканда эл көтөрүлдү, козголду же толкуду дебейт, элдик толкундоолор болуп өттү дейт. Иран менен мамилени токтотту же бузду дебейт, мамилени тоңдурду дейт. Кызматтан түштү же кетти дебейт, кызматтан чегинди дейт. «Кылмышкерлерди зыянсыздандырды» же «мульти-медиалык түрмөк» деп, тил мүдүрүлтүп санай берсек андай мисалга «Азаттык» эле эмес, кызылдай кыргызча басма сөздүн баарынан чалынып жыгыласың. Бирок кыргыз тилинин «чолпонбайлары» андай сөз көчүн түзөтүүгө өлүп баратса аракет кылбайт, талкуу уюштурбайт, сын пикир айтпайт жана айттырбайт. Анан эле айкырып чыгат: жыйындарды кыргызча өтпөсөк, орустарды кыргызча сүйлөтпөсөк, кыргыз тили өлүп баратат маанисинде.

Айталы, ушуга окшогон мисалдардан улам орус тилине кылапат айтууга эмне негиз бар? Туура, аларга орус сөз айкалыштарынан калька каскак болуп атыр. Маяковскийдин метафорасы менен айтканда, аны түзгөн «Мария Иванованын эри» эмей эле сөз менен жан баккан кыргыз «коперниктери» экендигин кантебиз?
Маселе ушунда. Салижан Жигитович ушундай иштин көзүн издеген маселелердин «кумарпозу» эле. Орустарды кыйнап кыргызча сүйлөтүү эмес, кыргыз тилин канткенде заманбап таалим-тарбия, илим, саясат, укук тилине айлантабыз менен алек боло турган.

Мага берген интервьюларынын биринде кытай жазуучусунан бир икая айтты эле. Сөз ыңгайы келип калды, толук келтирейин: «Бирөө балалуу болсо, көргөнү келген бирөө «бу дагы бий болор» дейт экен. Аны аябай сыйлап чепкен кийгизип жөнөтөт. Экинчи бирөө көрүп, «бу дагы бай болор» дейт. «Айланайын, оозуңа май» деп беркиден да ашыра сыйлап узатат. Үчүнчүсү келип, «атаңдын көрү, бу дагы өлөр» десе, аны ашата сөгүп, ташка алат. Лу Синдин жыйынтыгы бул: ал баланын бий болорун да, бай болорун да эч ким билбейт, бирок өлөрү чын, ошол чындыкты айткан киши ташбараңда калат… Анын сыңары… чындыктын баарын чөнтөгүнө салып алган киши жок, тек, көрүп, билип, көзүң жетип турган нерсени айтып коюш парз».

П. Чаадаевдин башкага калп айтсам да, Атамекенге калп айткан жокмун деп жазганы бар. Салижан устат, менимче, мүмкүн, жаңылгандыр-жазгандыр, бирок мойнуна кылыч такаса да Атамекенге калп айтпаса керек. Эмнеси болсо да өз чындыгын айтчу. Курч айтчу, мурч айтчу. Айрыкча «жарымы төгүн, жарымы чын» кыргыз тарыхын обу жок көкөлөтүп, көбүртүп-жабырткандарга жаанын огундай тийчү.

2002-жыл эсиңиздеби? Салижан Жигитов «Республика» гезитине интервью берип, ал «Кыргыз интеллигенциясынын көзү желкесинде» деген ат менен жарык көрүп (5.11.2002) кыргыз коомчулугун кыйла дүрбөткөн. Өңгө учурда өпкөдөн дем албаган өкмөттүк гезиттер баш, «короодон тоок койбогон Кожожаштай мерген» майда гезиттер төш болуп С.Жигитовду ташбараңга алып, өлкөдөн чыгарыш керек дегенге чейин барган. «Эмгекчилердин» каттары узун-туурасынан кол коюлуп жарыяланган. Эмне үчүн? Кыргыз интеллигенциясынын абийирин аштай төгүп, алар туткан рухий ориентирлердин, дөөлөттөр, символдордун жалгандыгын жалтанбай айтканы үчүн. Айрыкча байыркы кыргыз тарыхынын апыртылып-жапыртылып, ага өлүк-тирик, аттуу-баштуу окумуштуулар да салым кошконуна жаны жалындап күйгөнү үчүн. Эмнеге күйөт? Анткени адам жашаган коом тарыхка карап түздөнөт. Ал эми жасалма көбүртүп-жабыртылган тарых Атамекенди ак жолунан адаштырып коюшу ыктымал.

Албетте, аны талашса, тартышса, такташса болот. Бирок биздин жаңы тарыхты каныккан тарыхчы, болот калем окумуштуулар эмес, начар жазуучулар, мага окшоп чыкпай калган акындар, санжырачылар, чала манасчылар, кызмат жетпей калган же пенсияга чыккан кары-картаңдар ж. б. жазып жатканы анчалык ишеним арттырбайт. Алардын өздөрү да анча аңдай бербеген максимализми демагогияга айланып, чыңдыкка болгон сый-урматты кайт кылат. Көрдүңүзбү, аларга ишенсек кыргыз чаппаган жер дүйнөдө аз. Ар колотто бирден жеңиштүү цезарь. Бирок кимди жеңгени белгисиз. Ага бул төңкөрүш дагы бир короо баатырды кошту. Калк санына салыштыра келгенде кыргыздай баатыр эл дүйнөдө жок болсо керек. «Тарас Бульбаны» жазган Гоголду эч ким патриот эмес дебестир, ошол жазып атыр: «Орустун эрдигин көтөрө чалып, обу жок көкүрөк каккандар өзүнө да, башкага да зыян келтирет… Бул Европага «көзүңдү ач, немистер, биз силерден кыйынбыз!» деп кырдангандай кеп. Антип кырдануу бүткөн ишти бүлдүрүп, таза сууну ылай кылып салат» (Полн. собр. соч., т.З, с.513).

2005-жылдын март төңкөрүшүнүн каны кургай электе Салижан Жигитович «Тагдыр тартуусун дагы пайдалана албасак, Тамангого айланабыз» («Агым», 15.04.2005) деген интервью берип, «элибиз революция эмес, жапайы бунтка жакын экендигин турмуш көрсөттү. Себеби, кара букарабыз дагы, интеллигенциябыз дагы бышып жетиле элек. Жалпы кыргыз үчүн орток мүдөө көздөгөн, жалпы улуттук аң-сезим ташыган кишилер аз», «…дуулдаган эл бир чачыраса аны чогултуш кыйын. Дагы бир төңкөрүш болсо оңбой калышыбыз ыктымал» деп саксактаган. Ошондой болду, экинчи төңкөрүш элдин канын суудай агызуу менен аяктады. Саксактагандан сабак албадык.

Кийин Бакиев такка бекиген соң жана бир интервью берип, «жаңы бийлик патриархалдык-феодалдык идеологиянын сазына баткан бойдон турат. Ага каршы күрөш жок. …биздин идеологдор көчмөн турмушту идеализациялап, өрнөк кьшып, калктын мээсине карандай чай кайнатып, элди алга эмес, артка үндөп атат, демек, барар багытыбыз белгисиз» деген.

Бул азыркы бийликке деле тиешелүү. Анткени «элди артынан ээрчите турган бардыгына тегиз тиешелүү идеология жок». Анархия бүтө элек. Маселе митингдер менен чечилип атат. Парламентке да, өкмөт курамына да жалаң бизнесмендер келгендиктен, бизнестин гана кызыкчылыгы. Жөнөкөй мисал. Өлкө экономикасынын 60-70%ы көлөкөдө, жашыруун деп атырбыз. Парламент ишмердигин анын бетин ачууга жумшалган финансы полициясын жоюп, салык полициясына айландырабыз менен баштады. Бийликке илинбей калган элита ар уруунун жаңы феодалдарына жамынып, курултай курабыз аракетинде. Анткени азыркы бийлик төңкөрүштү курултай аркылуу уюштурган. Ал эми эл, Салижан Жигитов эскерткендей, акча берсе тирилип келген Гитлерди деле ээрчип кете берерин парламент шайлоосу ырастады.

Кечээ Салижан Жигитовдун кесиптештери, шакирттери 75 жылдыгын белгиледи. Ошондон улам устаттын айрым сабактары эске түшүп туру. Дагы далай түшөт.
Алым ТОКТОМУШЕВ «Жаңы Агым» гезити, 18-март, 2011-жыл.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.