АҢГЕМЕ

Бир окуяны эстесем, жүрөгүм шуу деп оозума тыгылат. Ошондо кантип жарылып кетпегенине азыр да таң калам. Иши кылып, кудай бир сактаган…

Мындан көп жыл мурда Бейшембай деген агаларыбыз токол алды, Саткын досум экөөбүз тойго барып, тамаша көрүп, бозо ичип, колго суу куюп, табак тартып жүрдүк. Той таркады, конокторду узаттык, конуп калгандар да болду.

— Кызмат кылган балдарга бирдеме калдыбы? Берсеңчи, Мисти кан! — деп Бейшембай абам байбичесине буйурду.

— Көрөңгүлүк эле калды, аны да бригады уул менен балдырак акемин байбичесине ооз тийгизейин дедим эле…

— Алып кел! — деп күрүлдөдү кызуу абабыз…

Заматта жүктүн астынан томпойгон челек менен мелт-калт бозо чыга келди.

Үч кеседен удаа-удаа тартып жибердик. Ал кезде эмне? Буюм эмес да! Мурун да 2-Зтөн басып алдык эле, мунун бардыгы кошулганда баш тегеренип, үлпүлдөп үкөктүн үстүндө турган жалгыз лампа бирде эки болуп көрүнсө, бирде үч болуп көрүнөт. Уйкубуз келди, Саткын тырмап тешкен көздөнүп үңкүйүп араң эле отурат.

— Ой, меймандарга короого төшөк салып берсеңчи! — деп абам акыркы буйругун берди да, Толтойчо басып жеңем отурган үйгө кирип кетти.

Анын долдураган үнүн укканда, үргүлөп отурган Кусубалды молдокем башын көтөрүп:

— Э, кокуй, бу кайсы жер? — деп элеңдеп эки жагын каранып алды да, башы кайра шылк дей түштү. Кусубалды молдокем телегейи төп келген молдо эмес, бирок шариятты кыйын билет. Анча-мынча ооруларды эмдеп-демдеп, тамырын кармап көрүп: «Ысык экен, суу ич» же болбосо: «Суук экен, жаш сорпо ич», — деп дарылай турган. Аялды кара басса андан арылтып, баланын жүрөгү түшсө тердеген, майланышкан эки жоон бармагын оозуна тыгып, какатып, түшкөн жүрөгүн ордуна байлай салчу.

Ал эми албарсты, шайтан, жез кемпир, арбак-сарбак жөнүндө билген бул кишиден кыйын илимпоз жок болсо керек.

Молдокемдин жанында жантайып жаткан борбойгон кара киши — Бөкөн мерген деген агабыз. Мергендиги жанда жок: «Майда-барат коен-поенду таш менен эле ыргыта коюп алат экен», — деп укчубуз. Ширеңке толуп турса да оттук, шагыраган эки тай туяк жана мизи майтарылган чоң шамшар бычак куруна байлануу. Төртөбүз короого жайланыштык.

Ушундай даңктуу адамдар менен жанаша жатканыбызга Саткын экөөбүздүн төбөбүз көккө жеткенсиди. Бозого кызып алган Бөкөн абам далайга дейре бышылдап өтүгүн чече албай, бир өтүгүн араңдан зорго жулуп алды да жини келип:

— У, желмогуз! — деп чөптүн арасына ыргытты.

— Желмогуз демекчи, сен аны көрдүң беле? — деп болдурап калды молдокем.

— Жерге кирсин. Желмогузуң! Өзүң көрдүң беле, кандай неме болот экен?

Бөкөн мерген кекете сүйлөдү.

Молдокем жайбаракат гана:

— Далайын өз колум менен кармагам.

Бул сөздөрдү укканда биздин көздөрүбүз чайыттай ачылып, кызыгып баштарыбызды көтөрө калдык. Молдокем бир-эки жөткүрүп алып сөз баштады.

— Ал кудай урган адегенде кенедей мыймылыңдаган күчүк болот. Былтыр келатсам алдыман баягы сенин кандегиңдей кара күчүк булт койду. Артынан чаптым. Жетейин-жетейин дегенде, күчүк тишин арсайтып мени бир карап алды да, чоң кара дөбөткө айланды, эки кара канат пайда болду, жерден көтөрүлүп учту. Атым кошкуруп баспай койду. — Молдокем бир аз унчукпай калды.

— Кийинки сүзгөн бозосу укмуш чыгыптыр, — деп уйкулуу күңгүрөндү. Бөкөн абамы бозонун күчү бир топ жерге жеткизип койсо керек — сөз деле уккан жери жок, шамшар бычагын айдын нуруна жалаңдатып, мизин бармагы менен кыртылдатып жанып көрүп, башына жаздап жатып алды.

— Өгүнү ошол желмогузга дагы жолукпадымбы. Аркы айылдан күүгүмдө аттандым, чоң арыкка жеткенде, бирдеме шырп дей түштү, карасам чөптүн түбүндө үлпүлдөгөн от көрүнөт, бастырып бардым… Карасам эле…

Сөздүн эң кызык жерине келгенде Бөкөн мергендин коркураган коңуругу угулду.

— А, кокуй, уйкуга кеткен тура! Бу кургур өтүгүн чечпей жатып шымын кантип чечкен? — Молдокем бул таң калгандыгын билдиргенден кийин өзү да кудукка түшүп кеткен немедей тым-тырс болду. Андан кийин үн алышып эки коңурук чыкты. Бирөө: «кырр-пүфф! кырр-пүф! — десе, экинчиси: «Айгырр-ий, айгыр-ий!» — дегенсийт. Коркунучтуу…

Саткын экөөбүз үн жок, сөз жок кыса кучакташып жатып калдык. Уйку качты. Көзүмдү жумсам эле, молдокем айткан желмогуз алдыма келип аңырайып карап калат. Бир маалда Саткын да бышылдап уйкуга кирди, бозонун жыты: «бур-бур».

Асманды карап жатам. Жыбыраган жылдыздардын арасында күлүмсүрөп ай турат, бирок күлүмсүрөшү кандайдыр суук жана ырайымсыз: анын бетинде тишин арсайткан бир балакеттин сүрөтү бар сыяктуу. Бир кезде апсайган чоң кара булут сүзүп келип мөлтүрөгөн айды кучактап, арбайган колдору менен кап-кара бооруна кысты. Ай жок болду. Келме келтирдим эле, ай сымаптай булт этип кара ниет мокочонун кучагынан чыга качты. Кудайга тобо кылдым. Байкуш ай баягыда байкем калаадан сатып келген батыноздой жаркырап, мага алкыш айткансыйт. Улам бир апсайган немеси келип айды кучактап калат, келме келтирсем — кое берет, улам келет — улам кое берет.

Ошол түнү дардайып уктап калсам далай кырсыкка учурап, айыбыздан да ажырап калмак экенбиз. «Жылдыздар жылдыз эмес эле асмандын тешиктери турбайбы» деген ойго келдим.

Бир кезде чоң кара булут оозун арсайта ачып, айды жутканы келе жатыптыр, Саткынды ойготоюн дедим эле сол тараптан бир нерсе шырп дей түштү. Бөкөн абамдын өтүгүнө жан кирип жаткан экен дедим, бирок бир аздан кийин «кар-карт» деген дабыш чыкты. Тура калдым. Дагы эле «карт-карт..» Анан… анан… өөй, энеке!.. анан баягы молдокем айткан желмогуздун эки канаты, арсайган тиштери көрүндү! Картылдатып азууларын кайрайт! Далайга дейре туттугуп, тилим байланып калды.

— Саткын! Саткын! — ойгонбойт. Кытыгылап жатып араң ойготтум.

— Эмне? — деди Саткын.

— Өлдүк, желмогуз!..

Экөөлөп келме келтире баштадык, эриндерибиз жаңы сойгон койдун сулп этиндей титирейт. Желмогуз болбой эле бизди көздөй келатат.

— Кана, дагы бир сугунуп кой! — деди молдокем (түшүндө эт жеп жатса керек). Молдокемдин үнүн угуп биз кайраттана түштүк. Ал кишини ойготтук, Бөкөн мергендин канжары менен сырбараңы эсиме түшө калды.

Шашкан бойдон:

— Ой, абаке, туруңуз!

— Желмогуз!.. Атыңыз…- деп жибериптирмин.

— Кана, кана! — дешип экөө тең тура калышты. Көрсөттүк. Желмогуздун арсайган тиштерин, жалпаңдаган канаттарын көргөндө молдокем да, Бөкөн мерген да төшөктүн астына кире качышты, Саткын өңгүрөп ыйлап жиберди.

— Бөкөн, ат! Атып сал! — деп күңкүлдөдү молдокем.

Карасам, чунак киши башын тердиктин астына катып алып, «лаила хиллаланы» согуп жаткан экен.

Бөкөн мерген шарт-шарт мылтыгын октоду. Канжарын тиштеп алды. Күтүп жатабыз. Желмогуз көрүнөрү менен баң дедиртип басып калды, тиги каапыр шалак эле дей түштү. Жым-жырт, молдокемдин гана эбиреп-жебиреп келме келтиргени угулат.

Желмогуз дагы башын көтөрдү, шалпайган бир эле канаты калыптыр, баатыр мерген дагы бир коюп калды да кыркырап-шыркырап ойрон болду.

Айылдагы иттердин бардыгы абалап үрүп, чуу салышты.

— Эмне болду? Э, кокуй алат! — деп Бейшенбай, аялдары, коноктор үйдөн чуркап чыгышты. Туш-туштан чогулган эл опурап-топурап төшөнчүнү тепсеп тамтыгын чыгарды, желмогуз жыгылган жакка эч ким бара албады.. Бөкөн мерген дымы чыкпай калган желмогузду дагы эки жолу атты да, огу түгөнгөн соң, «кудай өзүң колдо» деп канжарын алып, аны көздөй ак дамбалчан, жалгыз өтүкчөн боортоктоп жөнөдү.

Чогулгандар:

— Баатыр эмеспи, азыр жайлайт, — дешип, дем албай күтүп турушат.

Бирок иш башкача болуп чыкты. Бөкөн мерген жылып отуруп, жатарда ыргытып жиберген өтүгүнө жетти. «Астапырылда» деп, анысын ала койду, тура калып канжары менен карарып жаткан желмогузду уруп жиберди да, талтаңдап элди көздөй чуркады, көздөрү алайып чанагынан чыгып кетиптир. Мизи кайтарылган канжар желмогузга былч этип сабы менен тийди окшойт.

— Ууру! Ууру!..

— Жок, молдокем желмогуз кармаптыр! — деген бакырыктар туш-туштан иттердин үндөрү менен кошулуп чыгат. Айылдын белдүү эркектери айры, союл, мылтык ала чуркашып, жардана желмогуз жаткан жерден тегеректеп калышты. Желмогуздун кырр эткен дабышы чыкты эле, кээси дүрбөп качты.

Бир аял:

— Кокуй, жолой көрбө, — деп күйөөсүн шымдан тартып жүрөт.

Жерге жарык түшө баштады, тургандар куралдарын соройтуп уламдан-улам желмогузга жакындай беришти.

— Ой, бул эшек турбайбы! — деген кыйкырык чыкты.

Тургандар дуу күлүп жиберишти.

— Оо, кудай эшек боло калганын карасаң! — Молдокем майланышкан кир жакасын кармады.

Эл дагы күлдү.

— Шүк, макулуктар, күлчү эмес! Шайтан эсебиңдерди табат! — Ал кара эшек болуп да калат, билбейсиңерби?

Эл унчукпай калды, анткени мындай шумдукту эч кимибиз уккан эмеспиз. Ошол эле замат:

— О-о-о-ой! Бейшенбай! О менин кара эшегим короодон көрүнбөйбү? — деген Үркүмбай уйчунун үнү айылдын ары четинен угулду.

— Шык… — деп койду Бейшенбай абам.

Кээси оозун басып күлүп жүрөт, кээси «тобо» деп жакасын кармайт…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.