1. Экономикалык курал же акча

«Мага  бир мамлекеттин акчасын башкарууну гана берсе, анда ал мамлекеттин мыйзамдарын ким жазып, ким башкарганынын кызыгы жок»
Ротшильд

Мына ушул экономикалык курал, төмөнкү 5 — гендик жана 6 — аскер куралын түздөн-түз башкарат.

Түшүнгөнгө оңой болуш үчүн мындай  бир суроого жооп  берип көрөлү.  Жогорто айтылган  5-6 куралды сатып алса болобу?  Анда дагы бир салыштыруу.  Айталы акчаң бар.  Бирөөлөрүн аракка, экинчилерин  баңгизаттарга үйрөтүп, көз каранды кылып алдың дейли.  Алар колуңду карап калган. Башы  ооруса арак, баңгилер «ломка»  болсо наркотик  бересиң. Анан  керек болгон күнү аларга курал берип, «конкурентиңе» жиберсең болобу?  Теория  жүзүндө болот. Туурабы?  Турмушта мындайларды көрүп эле жүрбөйбузбү. Муну айтуу менен жаңы бир нерсе ачканым же ойлоп тапканым жок.  Кийинки ой түшүнүктүү болушу үчүн айтылды.

Глобализм  дал ушундай.  Болгону  масштабы өтө чоң  жана  кеңири. Мисал үчүн дүйнөнүн булуң-бурчунда болуп жаткан ар кандай окуяларды алып көрөлү. Кимдин аскери кайда, эмнеге жүрөт?  Сирия,  Украина сыяктуу  өлкөлөрдө,  оппозицияга курал жана башка каражаттар кайдан, эмне үчүн келет? Өкмөт жагыначы?  Кийинки ойдо ушул суроолорго жооп издейбиз.

«… көптөгөн элге карыз берсең, өзүң карыз албайсың жана аларга башчылык кыласың, алар сага башчылык кылбайт»
Библия

Кредит алып жүрүп, өлкөнүн тышкы карызы беш миллиард  долларга жакындаптыр. Алынган карыз акча кумга сиңген суудай болду.  Ойлоп көрчү. Үстөгү жеңил, тээ көп жылдан кийин кайтарып бериш керек болсо. Жыргал да. Туурабы?

Беш-алты ууру, коррупционерлерди айтпаганда жыргап кеткен эч ким жок. Маселе кредиттин пайдалуу же зыяндуу экенинде болуп жүрбөсүн?

… Кредит алып,  бала-чакам менен  кредиторго үч жыл иштеп бергем. Досум жеңил экен албайлыбы, шерик бол деп  акидей асылып, жан койбогонунан, шерик болуп,  6,5% үстөгү менен үч айга алдык. Анда  жеңил эле төлөгөндөй болгонбуз.  Зарылдыгы деле жок болчу өзү. Адам деген напсинин кулу экен го!

Бекерге, оңойго азгырылганы азгырылган. Тээ Адам атадан бери оңой, бекерге көз кызартып, «Шодокон абамын бүркүтүндөй» эле качырып турат. Мындай нерсе, аң-сезимдүү делген адамга гана мүнөздүү экен!  Болбосо акылы жок мал, оозу күйгөнгө,  өлүп баратса да жакын жолобойт эмеспи. Адамга  оңой, жеңил, таттуу, эч ким билбейт, көрбөйт деп тынбай кайталай берсе, оозу он эки  күйсө да алданганын койбойт.

Ошентип экинчи жолу да башымы  «шорго малдым.» Мунусунда пайызы аз болгону үчүн алты айга, кийинкисин  бир жылга.

Мисал үчүн 100 000 сом алсаң:

100 000 сом — айына 5%.  Ай сайын  жалпы сумманын он экиден бир бөлүгүн — 8333,33 сомун кармап калат.  100 000дин 5%и = 5000 сом. Ай сайын 13333,33 сом  төгүп турасың. Бир жылда 159 999,96 сом.

Эми «иттин өлүгү» көмүлгөн жер! 100 000дин 8333,33үн ай сайын алып турат!  Алган акчаңы мөөнөтү бүткүчө  толук иштете албайсың. Биринчи айында гана 5%!

Ай сайын: 5000 + 8333,33= 13333,33с

  1. 100 000 — 8333,33 = 91 666,67с 5%
  2. 91 666,67 — 8333,33 = 83 333, 34 5,45%
  3. 83 333,34 — 8333,33 = 75 000,01 5,99%
  4. 75 000,01 — 8333,33 = 66 666,68 6,66%
  5. 66 666,68 — 8333,33 = 58 333,35 7, 5%
  6. 58 333,35 — 8333,33 = 50 000,02 8,57%
  7. 50 000,02 — 8333,33 = 41 666,69 10%
  8. 41 666,69 — 8333,33 = 33 333,36 11,99%
  9. 33 333,36 — 8333,33 = 25 000,03 14,99%
  10. 25 000,03 — 8333,33 = 16 666,70 20%
  11. 16 666,70 — 8333,33 = 8333,37 30%
  12. 8333,37 0 0   60%

Ушу мисалдан көрүнүп тургандай айына 5%  эмес, 15,52% ке барабар болду.

Статистикалык маалымат боюнча элдин жетимиш проценти  кредиттен кутулуш үчүн миграцияда жүрөт.

Экономика — үй чарбасы деген сөз. Экономика — карапайым адамдын түшүнүгүндө татаал, акыл, билим талап кылган иш. Азыр жогорку окуу жайлардын баарында экономиканы окутат. Жылына жүздөгөн экономист бүтүп чыгат. Экономика илиминин кандидаттыгын, докторлугун жактап атышат. Экономика министрлиги эң чоң чиновниктик аппаратты кармап турат. Бирок иш жылбай атпайбы. Эмне үчүн? …

Азырынча жооп жок. Буга алдыда жооп издейбиз.  Адам факторун эсепке албастан, экономиканы гана талдап көрөбүз.

Кыргызстанда таш, кум, цемент, суу  барбы?  Асфальт чыгабы?  Ушуларды колдонуп жол курса, курбаса да оңдосо болобу? Болот да албетте!  Топурак, кирпич заводдор, жыгач барбы? Бар. Болбосо, курулушка материал болчу дарактарды, болгондо да тез жетилчү сортторун тигип өстүргөнгө болобу? Болот да. Отуз жылда сайган чырпыгыңын  ар бирөөсү бир тамга жеткидей жыгач берет эле да. Туурабы? Анда неге борбор шаардын кебетеси, же кыштак эмес, же шаар эмес ортозаар? Шаардын айланасындагы  тамдардын канча пайызы бышкан кыштан салынган? 5%пи?. 10%пи?.

Айдоо жер барбы? Мал жайытчы? Жылкы, бодо мал, кой-эчки барбы?

Баары бар. Анда арзан жана сапаттуу сүт, каймак-май, жүн, жүндөн токулуп, тигилген экологиялык таза кийим-кечек кана?  Ушуларды экспорт кылбай эле импортун неге токтото албайбыз? Буудай, арпа, таруу бышабы? Буурчакчы? Жүгөрү, күнкарама, пахтачы? …

Үрөнгө, жер семиркичке, ж.б.д.у. сыяктууларга акча керек. Туурабы?

А Кыргызстанда Улуттук Банк барбы? А банктын негизги милдети эмне өзү?

Таза кызык болдубу эми? Акча чыгара турган банк  бар экен го!  Анда өсүп-өнүгүүгө эмне жолтоо болуп атат? Шылтоо кыла турган нерсе калбады го. Баары бар!  Баары бар туруп өнүгө албаса, ал өлкөнүн эгемен, эркин эместигинин белгиси!

Экономисттердин айтуусунда, өндүрүштү жолго коюу үчүн сөзсүз карыз алыш керек! Ал карызды жогорто айтылгандай үстөк пайызы  менен көп жылдарга алат. Он жылга 10 % менен алса эки барабар кылып кайтарышы керек. Бул айсбергдин үстү.   Негизги бөлүгү көрүнбөйт.

«И лишь немногие, очень немногие будут догадываться или даже понимать, что происходит. Но таких людей мы поставим в беспомощное положение, превратим в посмешище, найдем способ их оболгать и объявить отбросами общества…»

Дүйнөлүк кредит финансы системасы жөн эле  карыз бере койбойт. Ал система (КФС) карыз алчу өлкөгө өзүнүн шарттарын коюп, ошо шарттарды аткарууга мажбур кылат. Мисалы: ар түрдүү реформаларды жүргүзүүгө милдеттендирет. Пенсия жана пособие, айыл чарбасы, сот системасы, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо тармактарында реформа жүргүзүлүп,  улуттук менталитетти акырындап жоюп, бузулуп бара бергидей шарттар түзүлгүдөй өзгөртүүлөрдү мыйзамдаштыргандан кийин гана берет. Болбосо жок. Бул башталышы гана. Кредитти алган менен пайдасынан зыяны көбүрөк, бирок аны баары эле тушүнө албайт. Ал эми түшүнгөндөрдү ар кандай шылтоолор менен «жок» кылышат.

Камакта жаткан саясатчылар ушундайча жол менен соттолгонун көрүп атабыз. Бул дагы эч нерсе эмес. Кредит алыш үчүн күрөөгө же кепилдик катары барымтага бир нерсе коюш керек. Болбосо ишенич болбойт. «Трежерис», «бонд» — ушундай  кагаздар. Бул терминдерди  жөнөкөйлөштүргөндө, карыз берген өлкөнүн банкына карыз алган өлкө акча салышы керек. Анын төлөм пайызы өтө кичине. Мисалы, жылдык кирешеси 0,25%. Ал эми алган карыздын үстөгү 5%!  Айырмасы 4,75%. Жакшы бекен? Алган карыз колго тие элегинде зыян келтире баштады. Ага деле макул болуп алабыз. Келген кредит максаттуу  иштетилиши керек. Мал чарбасына алсаң мал чарбасына иштетиш керек. Иш жүзүндөчү?  Иштеп атабы? Жок. Маселенин тамыры, алынган башка кредиттердин шарттарында катылган. Айталы, адам укугу же сот системасын реформалоодо. Максаттуу  пайдаланып иштеткенге,  башка бир кредит алыш үчүн салык системасына жасалган реформа жолтоо болот же тапкан кирешеси каптабайт. Ага да карабай өнүгүп кеткен ишкана, мекемеге өзгөчө шарт коюлат. Ал ишканын менчиги кредитор өлкөнүн юрисдикциясында болушу керек болот. Эң кызыгы ушунда. Карыздар өлкөнүн байлыгын ташып чыгарып кетүүнүн эң сонун жолу. Оффшор — мына ушундай жол.

Оффшор башка бир үчүнчү өлкөнүн аймагында болушу мүмкүн.   Эл аралык мыйзамдар менен корголгон афера.  Кыргызстан  ушундай жол менен сатылып кеткен мамлекеттик ишканаларды кайтара албай атпайбы. Ушу күндөрдө да  жогорудагы схема менен ишканаларды сатууга аракеттер болуп атканы  жашыруун эмес.

Кийинкиси мындан да кызыктуу. Жол салууга, ГЭС, ТЭЦке деп канча кредит алдык. Ошолордун баарында кредитор өлкөнүн жарандары иштеп атышат. Ушундай болгондон кийин берген акчасынын бир бөлүгүн кайра эле алып кетет да. Андай проектилерге керектелген каражаттарга да  өздөрүндө жасалгандарды сатып алышат. Берген акчасынын дагы бир бөлүгү өзүндө калды.  Мына ушулардын  баарын эсептеп келгенде  алынган карыздын суммасы аз эле болот. Чыныгы эркин өлкөдө  мындай  болушу мүмкүн эмес. Акчаны өзүбүз алып, өзүбүзгө керегине гана сарптап, өзүбүздүн жарандар иштеп, өзүбүздүн казынага салык түшмөк.

Кредит алуу менен эмгек рыногун да алдырып коюппуз. Ал эле эмес ички керектөөчү рынокту да кредиторлорго алдырып бүттүк. Бул жагы да карыз берүүчүнүнүн койгон шартына жараша.

Оңойлук менен көрүнбөгөн, бирок кара таандай каптап кирген «сетевой маркетинг» жөнүндө да сөз кылбасак болбойт. Азыр ар бир үйдүн эшигин жыртып аткан дааватчылардан да «сетевиктер» көп экени жашыруун эмес. Кыргызстандагысы үйдө, талаадагысы миграцияда жүргөндөрдү  тартышууда. Булардын зыяны дароо эле тийбеген менен, бара-бара жаш муундардын аң-сезиминдеги мекенчилдиктин, адамгерчиликтин, боорукерликтин ордуна акча, байлык сыяктуу түшүнүктөрдү орнотуучу курал экенин жакшы  түшүнө элекпиз. А «сетевиктер» болсо алчы таасын жеген, адам психологиясын өтө жакшы өздөштүргөндөр экени менен эч кимдин иши жок.

Сөз куру болбосун үчүн мисал келтирейин. Мүмкүн пайдасы тийээр.  «Сетевиктердин» баары психология менен психологиялык технологияларды жакшы билишет. Ишинде ал технологияны мыкты колдонушат. Ошол себептүү карапайым адамдар бул шылуундардын торуна оңой түшөт. Психологияда «момпосуй жана камчы» (пряник и кнут) түшүнүгү бар.

НЛП — бул гипноз. НЛП (нейро лингвистикалык програмалоо) жана  «пряник и кнут» методдорун пайдаланышат.  Гипноздун да ар кандай жолдору бар. Бул шылуундар болсо «массовый гипнозду» колдонушат.

Ким ушундай компаниялардын  «семинар», «жолугушуу», «окутуу», «консультация» жана башка уккулуктуу аталыштар менен аталган иш чараларына катышса, сөзсүз төмөнкүлөрдү көрөт.

Кулак тундурган музыка.

Компанияны жерге-сууга тийгизбей мактоо.

Продукция жана бизнес план менен тааныштыруу.

Жетекчилердин парады.

Алардын ар биринин тарыхы менен тааныштыруу.

Бир мүнөт да эркин ойлонууга убакыт калтырбай,  презентациялардын ортосунда  кулак тундурган музыка коюлат. Башка нерсеге алаксыганга же сүйлөшкөнгө мүмкүндүк болбойт. Ушул сценарий эч качан бузулбайт.

Тындырбастан телефондон же болбосо тааныштары аркылуу байланышып турушат. Мурдатан иштеп машыгып калгандар менен байланыш үзүлбөгөндөй шарт түзүшөт.  Андай тажрыйбалуу «сетевик» жаңы адамды кызыктыруучу атайын пособиелер менен компания кайсы өлкөдөн келсе ошол өлкөдөгү кызыктуу жайлар менен тааныштырат.  Гипноздун тили менен айтканда, кардар менен тыгыз контакт түзүлөт.  Апта сайын, ай сайын ушундай иш чаралар өтүп турат. Мына ушунун өзү гипноз.

Бир-эки ай тынбай жүргүзүлгөн  НЛП гипноз сеанстан кийин жаңы адам  сетевиктерге ишенип калат. Мен азыр үстүрттөн гана сүрөттөдүм. А иш жүзүндө болсо баары так пландалган жана пландалган иштин графиги эч качан бузулбай аткарылат. Бирок андай ишке «сетевиктердин» тили менен айтканда, «бизнеске» адамзаттын эки гана проценти жөндөмдүү экенин баары эле биле бербесе керек. Анда 98% адам алданабы?

Андай компания жазылам десең эле жазып койбойт да. Бери  дегенде 10 000 — 15 000 сомдук товарын сатып алсаң гана жазат.

Токсон сегиз процентинин колунан келбей, он-он беш миңдин үстүнө, ай сайын беш-алты миңден сарптайт. Бала-чакасынын ырыскысын, келечек үчүн жыйнаган акчасын алдатышканын түшүнгүчө убакыт өтүп кетет. А мурдатан жазылып, алчы таасын жеп көнүп калган алдамчы,  өзүнөн башканы ойлобогон эгоист, кыргыз менталитетин акырындык менен бузган бузукуларга жаңылардан түшкөн кирешенин проценти тийип турат. Алар ошо процент үчүн күндүр-түндүр тынчыңды алып, көңүл калтырар сөздөрдү укканына да, ит куугандай куулганына да макул болуп, көзүнө акчадан башка көрүнбөй чуркаганы чуркаган.

Эми чолок эсеп кылып көрөлүбү?

Азыр  МЛМ  компанияларда  жүз миңдеген кыргыз жарандары жүрүшөт? Макул, он проценти ийгиликке жетсин, мейли жыйырма пайызы ошолор айткан акчаларга жетишсин. Калган сексен пайыз адамдын убал сообу кимге? Алардын  акчалары  кимдин эсебине, кимдин чөнтөгүнө түшүүдө?  Сетевиктер каптагандан бери канча кыргыз жараны  алар айткан бийиктикке жеткенин билгендер барбы?  Беш-алтоосун таанычу элем. Алар да азыр ыркы кетип, биринин баскан изин экинчиси аңдып, бирисинин сөзүн экинчиси укпай, бирин-бири жамандаганын угуп калам.

Мындай иште табиятынан жалганчылыкка, алдамчылыкка жөндөмдүү адамдар гана пайда көрөт эмеспи. Жаратылышынан таш боор адам гана миңдеген адамдардын убалынан коркпойт. Адам оңой алданарын тиги шылуундар эң жакшы билишет. МЛМ үй-бүлөлүк бизнес дешет.

Үй-бүлөсү менен ушундай алдамчылыкты кесип кылып алган бир үй-бүлөнү  тааныйм. Уяты бар адам карыз болуп калса, күн тынымы,  түн уйкусу качат. А бул үй-бүлөдөгүлөргө болсо алдамчылык, бирөөнүн акысынан коркпостук, күндө жеген нанындай эле болуп калды. Убал-сооп эмне экени үч уктаса түшүнө кирбеген, бүгүнкү күн менен гана жашаган макулуктай тиричилик кылганын билишпей, сезишпей калганы аябай өкүндүрөт.

Ойлоп көргөн киши жакасын кармап тобо кылары анык. Ушу үй-бүлөнүн он чакты мүчөсү бар. Атасы менен балдары, энеси менен кыздары, келин-кесегинин баары, күндө бирден адамдын башын айлантып, ал байкуштарды он-он беш миң сомго күйгүзүшсө: бир аптада, бир айда, бир жылда канча адам алданып, канча миллион сом акча Кыргызстандан чыгып кетет?

«Сетевиктердин» келтирген башка зыяндары.

Негизги ой экономика жөнүндө болгондуктан, булардын тийгизген зыяны кайсы?

Айталы, отуз жылдан бери жүз миңдеген адамдар «сетевик» компаниялардын продукцияларын сатып алышат. Бул  өлкөнүн өндүрүшүнө, экономикасына зыян эмеспи? Булардын баасы ай чапчыган кымбат товарларынын ордуна, рынок арзан товарлар менен камсыз болбойт беле. Дагы бир суроого жооп издейличи. Эмне үчүн товарларын түз эле магазинге же базарга алып чыгып сатышпайт? Өздөрү айтмакчы, «элита» гана колдонгон  «элитный» товарын, эшиктен куусаң, тешиктен кирип, жалдырап жүрүп сатпай эле өздөрү колдоно беришпейт?  «Бир балээси болбосо жолдо куйрук не жатсын» …

Мындай компаниялардан болор болбос гана салык түшкөнү болбосо башка пайдасы жок. Эң жаман жагы — элибиздин руханий жагына азырынча билинбей, туюлбай, көрүнбөгөн, бирок келечекте сөзсүз жарылчу бомбадай келтирээр зыяны жөнүндө ойлонууга мезгил жетти.

Эми кайра кредит темасына келсек, өзүнөн өзү эле мындай  бир  тиянак  чыгат. Акылдуу өлкө же адам, өз колу менен өзүнө атаандаш чыгарышы мүмкүнбү? Азыркы заманда, андай келесоо жок. Мындай жомокко ишенүүнүн өзү кемпайлык эмеспи?

Кээде ушул ойдон уялам, намыстанып кыжаалат болом. Эркиндик, эгемендик деген момпосуй болсо, биз сыртындагы кагазын, фантигин эле алып жүргөндөйбүз. Эч нерсени окутуп, үйрөтпөй туруп эле колуна аттестат, диплом жазып карматып «бар эми, сен билимдүүсүң» деген баладайбыз. Эгемен деген атың, колуңда документиң бар. Иш жүзүндө ар кимдин колун, ар кимдин көзүн карайбыз. …

Глобализмдин башкаруу куралдарынын үчөөнү санап өттүк, таанышуу үчүн азырынча ушул маалымат жетиштүү деп ойлойм.

Эмки  сөз бул үчөөнү башкарган идеология куралы жөнүндө болот. Эң кызыгы алдыда.

(Уландысы бар)

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *