АҢГЕМЕ

Иниси Ыбырайымдын аялы кыз төрөгөндөн бери Мамбет кары баштагыдай кабагын карыш салып, отура бербес болду. Ал өзү илдиреп, араң жүрсө да, Ыбырайымдыкына барып, анын балдарын эркелетип, тырбалаңдап отунун жарып берип, короосун шыпырат. Эр ортону элүүдегү Ыбырайым колхоздун эки аттуу ырдыван арабасын айдайт. Анын үч уул, үч кызы бар. Улуу баласы аскерге кеткенине эки жылча болуп калды. Андан кийинки кызы өткөн жылы турмушка чыгып кетип, эми үйүндө бир кол арага жарап калган кызы, эки чыт курсак, бир ымыркай бар. Ал келечекте дагы канча балалуу болмок…

Мамбет жыйырма алтыга чыгып, Алыйпаны алган жылы Ыбырайым жаңы төрөлгөн бала эле. Жаңы төрөлгөн жан менен алты баланын атасы болду, а Мамбетчи? Мамбет баа деген баланын үнүн укпады… Мамбет менен Алыйпа алка жакаларын мууна кармашып, кудайдан ыракым күтүп, жер кыдырып касиеттүү мазарларга барышса да балалуу боло алышпады. Элдин эшигинин алдында чаң салып чурулдап ойногон балдарды көргөндө Мамбет менен Алыйпанын ичтери сыздап, көздөрүнөн жаш айлана турган. Мамбеттин ак сакалы, кемпиринин куудай чачы, бул биздин жашоодон бөтөнчө, кайрылгыс болуп өтүп кеткен илгерки турмуштан баян кылгандай. Колхоз адеп уюшула баштаганда алар ушул азыркы үйлөрү турган дөбөчөнү жактырышып там салышкан. Кийин башкалар да үй салып, отурукташа баштаганда эмнегедир алар четкерээк калышты. Тай чабым темөн, айылдын орто ченине салынган Ыбырайымдын үйүнөн туруп караганда обочодо калган бул үй түп-орду менен көрүнүп турат. Ошол Ыбырайым кыздуу болгондо:

— Ай чал, тиги кудайга шүгүр десин, иниңдин балдары алтоо болду. Эми кудай дээр, мурун да унчукпай коюучу эмес элек, мурун да сурап жүрдүк. Эми ушунусун берээр. Кудайдан корксун. Эрмек болсун бизге. Серейтип экөөбүздү калтырбай, боору таш болбосо бизди аяшаар,— деп кемпиринин байкуш болуп отуруп айтканын туура деп тапкан Мамбет кары инисиникине күндө барат дагы, бербейм деген сөз угамбы деп, ооз ачууга батына албайт. Күн сайын анын үйүнө барып оокатын кылып, анан терс жооптон коркуп, унчукпай башын жерге салып кайра тартат.

Бүгүн шашке ченде Мамбет Ыбырайымдыкына барса, келини жаңы төрөлгөн ымыркайын эмизип, бир жагынан от жагып, жарма кайнатып, кемегенин оозунда отурган экен, Кайнагасын көрө коюп, кызынын оозунан эмчегин алып, келини баланы төргө салынган ала кийизге жаткыра турууга басты.

— Балам, кызымды берчи бери,-—деди Мамбет баланы карай колдорун сунуп,— берчи мага кызымды,

Келини кызын кайнагасына берип коюп, кемегеге от жага берди.

— Муйдуңдан айланайын, муйдуңдан. Мен садага болоюн,— деп жатты чал төрдө баланы алып отуруп. Бышбыраган ымыркай болсо, чалдын жалынышын жактырбагандай бети-башын жыйырып, анан ыңаалап жиберди. Чал аны өбөм деп эңкейди эле, сыйда сакалы баланын жүзүнө тийди. Бала искегилей түшүп ыйын баскан кезде үйгө Ыбырайым кирди.

— Ыбы, бүгүн жумушка чыккан жоксуңбу?

— Чыгам,— деди босогодогу отургучка отуруп, арык, кара киши кайраттуу, көөдөй сакалын көнүмүштүк менен сылап.

— Жөн эле сурадым. Бу… элдин баары тең эле жүгөрүлөрүнүн биринчи чабыгын бүтүрүп жиберишмек болду… Силердикине кол тие элек ко.— Ал кайра бышылдап дем алып жаткан ымыркайды карап: — айланайын, садага болоюн,— деп баланы дагы өптү.

— Кол тийбейт. Мен арабадамын,— деп тим болду Ыбырайым, ичинде болсо «жүгөрүмдү чаап бербей-ак кой, кызымды сурабай-ак кой» деп ойлоп турду. Анын баласаак экендигин Мамбет жакшы биле турган. Мамбетте башка арга жок.

— Жүгөрүнү ойлобой, арабаңды тарта бер,— Мамбет айжаркын сүйлөдү,— кызымды ыйлатпай келин балам үйдө болсун, мен эле чаап коём.

Ыбырайым ичинен тынып үн каткан жок.

— Берчи максым,—- деди анан ал аялына бурк этип. Чоң кесе максымды бир көтөрүү менен тартып жиберип, үн-сөзсүз тышка чыкты да, колхоздун сарайы жакка басып кетти.

Мамбет кары келини жармасын кайнатып алгыча өпкө-боорун чаап ымыркайды колуна алып отуруп, келини оокаттан бошогондо үйүнө жөнөдү. Короонун бурчунда турган кетменин чыкылдатып жатып чыңады. Анан инисинин огородунун четине келип кемселин таштап, калпакчан, ак көйнөкчөн болуп алып жүгөрүнүн чөбүн чаап кирди.

Анын каруусу жок колдору бат эле талып, жаак сөөгүнө жармашкан, илип аларга эти жок кубаңкы бетин тер басты. Бирок эс албады. Бул учурда көчө менен жогору карай жайкала басып баратышкан жоон топ кемпир Ыбырайымдын огородунда ирбеңдеп жүргөн Мамбетти байкашып:

— А-а байку-уш! Кудай кылам десе ушул турбайбы, карачы тигини. Макоо Ыбырайымдын аягын жалап, жанагы жаңы төрөлгөн кызды берер бекен деп кылып жүргөн иши да, кудай!

— Анан эмне ботом. Болбосо бу байкуштун жүгөрү чабар каруусу калдыбы, өз огороду чөпкө басылып жагат.

— Кантет анан бечара. Баланын баркы карыганда билинет турбайбы.

— А-а айланайын кудай десең. Асили бир үйдө сөксөөлдөй кууратып абышка-кемпирди калтыргылык кылбасын,— деп кемпирлер өздөрүнчө кобурашып, улам-улам тиги ак сакалын сербеңдетип, арык жетим козудай тейпеңдеген Мамбетти карап коюп өтүп баратышты.

Кайраты качкан Мамбет огороддун жээгиндеги арыктын кырына келип отурду. Анын чыпылдап тердеген аркасына көйнөгү жабышып, көздөн аккан жаш өңдөнгөн тер сакалынын арасы менен төмөн куланат. Бир оокумда ал ордунан турууга обдулду. Денеси бүтүндөй сыздап, жерге бирөө матап койгондой өйдө боло албады. Эрдин кемшейте тиштенип жатып көтөрүлдү да, белин бүкүрөйтүп барып оңолуп кетти. Эртеси эртең менен отуз эки мүчөсү бүт сыздаган Мамбет түштөн кийин гана огородго келип чабыкты улантууга жарады. Өзүн зордоп жатып үчүнчү күндүн көзү батып баратканда жүгөрүнү чөптөн арытып бүтүрдү.

Кечкурун эле. Мамбет Ыбырайымдын огородунун жээгиндеги тал-теректерди бутап, үйдүн алдындагы дөңгөчкө жаңы отурган.

Келин баласын уктатып коюп, эки чакасын алып, төмөнкү суу түтүгүнө баскан болучу. Ыбырайым жумуштан келип калды. Ал дайыма ат, арабасын сарайга калтыра турган.

— Ыбырайым, — деди Мамбет үйүнө кирип бараткан инисине үн салып. Босогодон ары бир бутун таштаган Ыбырайым ордунда турган бойдон эмне дегендей бери карады.

— Бери басчы.

Ыбырайым унчукпай үйүнө кирип кетти. Анан ичкериден челектеги максымдын шалдырттап чалынып жатышы үңкүйүп убайымда отурган Мамбетке угулду. Аздан кийин Ыбырайым сыртка жайбаракат чыкты.

— Мындай отурчу,— деп Мамбет калтаарый сүйлөп, жанында жаткан устундун учун Ыбырайымга көрсөтө берди. Тиги отургандан кийин:

— Эрмегим төрөлгөндөн бери эле кы:з меники деп эшигиңде жүрөм. Атын да Эрмек деп өзүм койдум. Алыйпа экөөбүз тун балаңдан башкасынын баарын эле сурап келе жатабыз го… Эми…

— Ал,— деди Ыбырайым кылчайбай кетип баратып.

— Ия? О, айланайын Ыбыке! О, кудайыңдан айланайын, Ыбы, эмне дедиң?

— Жинди болгон го мобу?— деди бери бурулуп чалды ороё караган Ыбырайым, — алып кет деп жатпайымбы,— деп корс этти да, огородго басып кетти.

Чал колундагы таягын ар кай жерден бир таянып жалаң кат чепкенин делбелектетип үйгө кирип бешикте уктап жаткан баланы калтыраган колдору менен чечкиче шашты. Анан аны бооруна катып, таягын бешиктин жанына унуткан бойдон эшикке чыга жөнөдү. Үйүнө бараткан жолдо кудайга миң мертебе жалынып, кубанычынан топурак жолдун ой-чуңкурун карабады Мамбет узап кеткенден кийин эки чака суусун көтөрүп келген Ыбырайымдын аялы үйдө бош калган бешикти көрүп, жүрөгү оозуна тыгылган бойдон сыртка чуркап чыкты. Ыбырайымга жетип барып кызын сурады.

— Мамбетке бердим, андан эчтеке болбойсуң,— деди тигил. Аялы эмне дээрин билбей селдейип туруп калды. Бул иш кыз төрөлгөндөн үч айдан кийин болгон эле.

Мамбет менен Алыйпа эртеси эле эки эчкисинин бирин союп, айылды бүтүндөй чакырып, той кылып ымыркайды асырап алышты. Эми алардан мурдагыдай мүңкүрөө жоголуп, бала менен кошо күлкү, кубаныч келди. Карыганда тапкан каралдыбыз, көңүл токтотоор эрмегибиз дешчү болушту. Экөөнүн эртеден-кечке эле алмак-салмак көкүрөгүнө көтөргөнү Эрмек. Мурун эчкилерин кошуунга сала берип карап отурушчу болсо, эми сойгондон калган жалгыз улактуу эчкисин алып калып, үйдүн тегерегиндеги отко аркандап үч маал саап алышат. Алыйпа кемегеде күйпөлөктөп сүтүн бышырып Эрмекке даярдаса, Мамбет Эрмекти көтөрүп алып кемеге менен кемпирин тегерене басьт жүрө турган болду. Түйшүктөрү көбөйүп, көңүлдөрү ачык, жыргап калышты. Түнкүсүн болсо, баланы ортолоруна жаткызып алышып, анан мейли түн ортосунда болсун чыракты жагып, оромолдорун которуштуруп чыгышат. Убакыт өтө берди: бала күлүшүп, анан «ата», «апа» деп, анан буту басып, анан тили буудай кууруп, бир кубанычтын артынан экинчисин тартуулады.

Жылдар өтүп, Эрмек жети жашка чыкты. Ал кара көздүү, кызыл торусунан келген, кичинекей чыйрак кыз болду. Алыйпа жууп-тарап, артына өрүп берген эки өрүм чачын сексеңдетип, кемпир-чалдын эчкилерин эртең менен айдап малга кошуп, кечкисин бөлүп келет. Кемпир-чалдын эми Эрмекти окууга берүү кубанычы турду. Балдар жайкы каникулга тарап жатышса, Мамбет менен Алыйпа келерки окуу жылында мектепке берер кызына керектүү дептер, китеп, карандаш, калем даярдап, дүкөндөн «кызыбызга» деп кездеме алышып, айылдын иштүүлөрүнө окуучунун порумун тиктирип туруп токчойтуп бир кийгизип көрүштү да, анан окуунун башталышын күтүшүп, пормону баптап туруп үкөккө катып коюшту.

Өз колу менен Мамбетке берген кызынын дегеле алданемедей болуп өсүп келатканын көргөн Ыбырайым, бир кездеги жумшактыгы үчүн өзүн кечирбей жүрду. Анын үстүнө кийинки убактарда Эрмек жөнүндө көп ойлойт. Бойтоңдоп Ыбырайымдын түшүнө киргеничи. Мындай түндөрдө жаткан үй Ыбырайым үчүн үп болуп ысып чыгат, ал үстүндөгү жуурканын сыйрып ыргытып жиберип көпкө төшөгүнүн үстүнө дамбалчан отурат. Эрмектен улуу, он-он эки жаштарга келген кыз, балдары Ыбырайымдын көңүлүндө эмнегедир Эрмекке жетпеди. Эрмектен кийин бир бала көрүштү эле, ал жыл айланбай чарчап калды. Ыбырайымдын жүрөгү «Эрмек!» деп согуп туруп алды. Ал кызын абдан, ушунчалык сагына турган болду. Ага куса болду. Аны кучактап алып жыттагысы келди. Жытын сагынды. Ичин күйгүзүп жүргөн бул оюн аялына айтпады. Бардык ишти өзү кылбады беле. Айтса, чоңоюп калган баланы көрүп, эне эмеспи, ичинен ансыз да сызып жүргөн неме эмне дейт?

Бир жолу түн ортосунда уктай албай түйшөлүп жатып, жамбашы талыганда соксоюп төшөгүндө туруп отурду. Көңүлүн буюктурган күйүткө чыдай албай, терең үшкүрдү. Көкүрөктөн күйүп, катуу чыккан үшкүрүктөн жанында мемиреп уйкуда жаткан аялы ойгонуп, делдее баш көтөрдү.

— Ой, сен эмне, түн ортосунда минтип жаман жорону баштап отурасың?— деп ал бир жагынан таң калса, бир жагынан чочулай сурады.

— Жата берсеңчи,-— Ыбырайым тигинин тура келгенин жактырбай, караңгы үйдө тескери карап отурган калыбын бузбады. Анан кайра: «ушундан бир акыл чыгып жүрбөсүн» деген ой менен, жаздыкка башын коюп, күңкүлдөгөн аялын түрткүлөдү:

— Турчу бери, таркыйбай! Баланын энесиндей болуп бир бирдемени билип койсоңчу!—- деп жемелеп кирди.— Эрмек менин эсимен күндүр-түндүр кетпей калды. Сен аны бир ойлоп койсоң боло. Деги көчөдөн аны көргөндө өз балаң экени эсиңе түшөбү?

Бул сөздү укканда аялы жаздыкка чыканактай берди.

— Эмне деп жатат деги мабу?— деди ал таңдана.

— Эрмекти алыш керек деп жатам…-— Ыбырайым токтоо үн катты.

— Кантип?— аялынын уйкуда кезү умачтай ачылды, бери обдулуп, түзөлө отурду.

— Жөн эле.

— Кантип жөн эле?

— Жөн эле,— деп күрс этти Ыбырайым ачуусуна чыдабай.

— Акырын, балдар ойгонот.

Мындан кийин ал экөө күңкүлдөп сүйлөшө баштады.

— Соосуңбу деги? Чоңойтуп-чочойткон алар болсо, тарбия-таалим берген алар болсо, ата-эне алар болсо…

— Биз ата-эне эмеспизби?! Ой, ушу сен өз балаңдан качып турган жоксуңбу? — Ыбырайым үнүн пас чыгарып ызырына сүйлөдү.

— Баладан качкан энени көрдүң беле?

— Мына, көрүп отурбайымбы!

— Мен акем менен жеңемдин убалын ойлоп жатам. Анын үстүнө алардын жыты сиңип калбадыбы балага. Бизге келгенде деле акем менен жеңемди дегдеп туруп алат ал. Өз кызымдын бозоруп, менден чочулап турганын көргөндөн көрө ошоякта ойноп жүргөну жакшы маа.

— О азезил! Келесоо! Саа эмне деп айттым экен. Ушундан бир акыл чыгат деген мен да акмак! Жат нары, аламбы-коёмбу—сенин ишиң эмес!

— Ой, арам жинди!

— Бас жаагыңды! Өлтүрөм!

Ыбырайымдын катуу чыккан үнүнөн балдарынын кичинеси ойгонуп, «апа» дей берди баш көтөрүп.

Алар тыйылышты.

Эртеси кечинде жумуштан атайы эрте келип, эчкилерин айдап жол менен жогору өтүүчү Эрмекти күтүп Ыбырайым эшигинин алдына туруп калды. Аялы жумуштан келе элек болучу.

Учур жай мезгили эле. Асман булутсуз, бырышсыз кериле тартылган көк шайыланат. Батышты карай мелтиреп узакка-узакка созулуп кеткен горизонттун кылда учунда күн тептегерек кызыл чок болуп нурсуз турат. Серүүн желден чар тарапты бүтүндөй курчаган көк жашыл акырын шыбырттанат. Ылдыйтадан жолдун чаңын уюлгутуп эчкилерин айдаган Эрмектин башы гана көрүндү. Анын кичинекей, чыйрак денеси эчкинин боюнан ашпайт, анын далдасында калып келатты. Жүгөрүсү киши боюнан аша шуудураган огородго карды ток болсо да, көз артып, улам тап берген эчкилерди тызылдап кайрып айдайт. Көчөнүн четинде күтүп турган Ыбырайымдын жанынан эчкилерди айдаган Эрмек «чек!», «чек!» деп өтө берди.

—- Эрмек! — деп үн катты Ыбырайым. Эрмек үндү уккан ордунда бери кайрылды да, анан Ыбырайымдын жанына чуркап келди.

— Эмне, байке! — деди ал жакын келип. Ыбырайым жапайы коёнду мына эми басып калчудай колунун кырын сунуп барып шап билектен алды. Алгач эч нерсени сезбеген бала Ыбырайымдын бул жоругуна капарсыз борсулдап күлдү. Анан сөзгө келбей эле үйүн карай дегдеңдетип сүйрөгөн Ыбырайымдын суз өңүн байкап, «коё бер колумду!» деп чырылдап ыйлап жиберди. Ошондо гана Ыбырайымдын оозуна сөз келип, ал шашылып калган эле, токтой калып мындай деди:

— Эрмек, сен менин кызымсың. Алар сени багып алышкан. Жүр үйгө. Мындан кийин сен дайым биздикинде болосуң,-— ал кайра сүйрөп жөнөдү.

— Жок! Барбайм! Коё бер колумду! — деп чырылдады кыз. Ыбырайым ага болгон жок, баланы каршылыгына карабай дегдеңдетип баратты. Кыз анын кочун бар күчү менен түйүлө түшүп тытып алды. Ыбырайым канап кеткен колуна караган жок, сезген да кок, кетенчиктеген кызды сүйрөп отуруп эшигинин алдына апкелди.

— Жүр. Эрмек, сен менин баламсың!

— Барбайм! Барбайм! Барбайм!!!

Кыз мойнун созуп умтулуп барып Ыбырайымдын колунун баш бармагын катуу тиштеди. Ыбырайым кан жайыла берген колун эми көрдү. Өз кызынын өзүнөн качып, өз атасынын жанын кейитип, тишин батыра тиштеген кызды Ыбырайым чаба турган болуп бош колун көтөрдү да, эмнегедир ошо калыбында бир оокумга туруп калып, анан кыздын колун бошотту. Кыз ыйын дароо басып мындай чыга берди. Анан карап туруп калган Ыбырайымга кайрылып, аны мыскылдаган түрдө тилин бултуйтуп көрсөттү да, көчөгө чуркап чыкты.

— Сениби, шашпа,— деди оозунан алдыргандай болуп аңкайып карап калган муңайымдуу Ыбырайым өзүнчө акырын,— экинчи ушул көчөдөн эле өт, шыйрагыңды чагайын.

Бул сөздү анын эриндери гана айтканы болбосо, жүрөгүн солкулдаткан ачуу ыза тамагына таш болуп кадалып турду.

Селдейип тура берди.

Анын көз алдында Эрмек жок эле. Эрмек тызылдап көчө менен жогору чуркап баратты.

1960.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *