(Азил-чыны аралаш)

Досторум көп сараңбай,
кысталышта карызга
сокур тыйын алалбайм.

Бак-бак сүйлөр Садыкка[1]
баштап ишти кеңештим.
Башкалардай айнытып,
баш чайкады дебесмин.
«Бали, – деди – Олжоке!
Кылчактаба деги эч бир…»
Кызып достун кебине,
кыйынчылык тартуудан,
кылчактаган эмесмин.
… эмесмин-эй, эмесмин,
… саясатчы эмесмин.
… эмесмин-ай, эмесмин,
… эх депутат эмесмин…
… эмнесине теңештим…

Калың эле капчыгы,
Каныбекке[2] кеңештим.
Салт сыйлаган ал досум
сараңданды дебесмин.
«Ула», – деди – ишиңди» –,
улуу ишке себепчим.
Жардам берер болгондо,
жалкоолонгон эмесмин.
… эмесмин-эй, эмесмин,
… эр депутат эмесмин,
… эмнесине теңештим…

Жүгүн айтып «РухЭштин»
Жумадинге[3] кеңештим.
Коомдук ишим жактырып,
колдогон жок дебесмин.
«Талыкпастан эмгектен,
таштабагын, – деп – эч бир»
таптап жондон турганда,
тайсалдаган эмесмин.
… эмесмин-эй, эмесмин,
… өндүрүшчү эмесмин.
… эмесмин-ай, эмесмин,
… эмнесине теңештим…

Кубат берип жүрчү эле,
Кубан[4] менен кеңештим.
Бирин-экин колдоду,
битиреди дебесмин.
Аз-мас берди жардамын,
ал мээнетин жебесмин.
… эмесмин-эй, эмесмин,
… фермер болор эмесмин.
… Ат-Башынын суугуна
… чыдай албайм мен эч бир…

Качан болсо мага март,
Касым[5] менен кеңештим.
Салым кошкон ал дагы,
сараңданды дебесмин.
Сайттын ишин колдойт деп,
санаа тарткан эмесмин.
… эмесмин-эй, эмесмин,
… Ак-Сайдагы топоздон
… карыз берсе мен эч бир
… карышкырча жебесмин…

Дүң соодасын жүргүзгөн,
Дүйшөн[6] менен кеңештим.
Дүңгүрөткөн иши көп,
дүнүйөкор дебесмин.
«Таш көчүк дос, Олжоке,
талыкпагын сен эч бир», –
деп шык берип турганда,
демди сууткан эмесмин.
… эмесмин-эй, эмесмин,
… эргулдардан эмесмин…
… элге неге теңештим…

Эй, чынжырлуу достор, эми силерге таклик: менин ишимдин түйшүгүн көрүп да, билип да жүрсүңөр. Ийиндешели… Оозеки түрүндө эмес, иш жүзүндө!!! «РухЭштин» жүгүн силер да бирге көтөрүшкүлө. Рухий коом агартуу ишине силерди да тартпасам болор эмес. Чарчадым жалгыз. Иштин сапатын арттыруу айланып келип эле финансыга байланат экен. Баарыбыздын өмүр курагыбыз өргө таяп барат улам, артта калтырар изибиз болсун: улуттук рухий дөөлөттү түптөөдө силердин четте карап турганыңар жарабас, кара жандын камын баары эле ойлойт. А силер кара жандын камын тургай элдин адабиятына, маданиятына камылга көрүүгө жарай турган эр-азаматтардын сабындасыңар! Карт тарыхтан билерсиңер, кай элде, кайсы доордо болбосун элдин адабияты, маданиятына капчыктуулар кам көрүп келген…

Кептин кыскасы, бул менин жакырчылыгымдан келип чыккан кеп эмес, кеп, коомдогу рухий жакырчылыкта болуп атыр. Эй cараңбай достор, силерге иттей жиним келип жүрөт. Оозеки колдогонду токтоткула да, эмне кылышты кеңешели… Дубай саламым ушул силерге…

Олжобай Шакир

Береги шилтемеге да көз жүгүртүп койгула, достор! «РухЭш» – улуттук долбоор

[1] Садык Шер-Нияз – ЖК депутаты.

[2] Каныбек Иманалиев – ЖК депутаты.

[3] Жумадин Кадыров – «Улуу тоолор» басмасынын ээси.

[4] Кубан Айдаралиев – атбашылык фермер классташ-дос.

[5] Касым Өмүракунов – атбашылык фермер классташ-дос.

[6] Дүйшөмамбет Орозалиев – «Сармерден» ресторанынын ээси.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *