Лев Толстой: Үч аюу (жомок)

Бир кыз үйүнөн токойго жөнөйт. Токойдо адашып, үйгө кетчү жолду издеп жүрүп бир үйгө туш келет. Эшиги ачык болгондуктан, үйдүн ичин карайт. Караса, эч ким жок.  Акырын үйгө кирет. Бул үйдө үч аюу жашачу. Саксагай чоң аюу — Михайло Иваныч, андан бою бир аз кичинеси, эне аюу — Настасья Петровна жана алардын уулу Мишутка. Аюулар токойго кетишкен болот. Үй эки бөлмөлүү, бириси ашкана, экинчисинде болсо аюулар укташчу. Кыз ашканага кирип, үстөлдө тамак куюлган үч кесени көрөт. Кеселердин эң чоңу — […]

Айгүл Узакова: Сиз жана күз

* * * Оюңузга салды бекен дүрбөлөң, Ошондогу жашылданбай чечилүүм. Эңсөө дагы болбой калып аралжы, Эки келбес өмүрдөгү кечигүүм. Сизге болгон көңүлдөгү урматтоом Калар дегем жакшы сырдай жабылуу. Алаксуу да болбой калып аралжы, Болот тура кээде минтип жабыгуу. Булуттуу көч берсе күздүн кабарын, Өткөндөргө токтолуу жок жалдырап, Калып калар сагынычты эскертип Дарактагы саргайган бир жалбырак. Деңиздеги бушаймандуу толкундар Кайра жанып өткөн көңүл кушундай. Айбыгуу да — коркунучу жыргалдын, Сизде дагы болсо керек ушундай. Каректерде ойноп өткөн шаттуулук, Кете койбос токтоолукту […]

Людмила МОЛДАЛИЕВА: О театральном сезоне 2017 года

Интерес и любовь к театру были всегда. Как писал В.Г.Белинский в «Литературных мечтаниях» в 1834 году, люди идут в театр, где они могут жить «не своей жизнью, страдать не своими скорбями, радоваться не своим блаженством, трепетать не за свою опасность». Просмотрев поставленные за год спектакли  в театрах республики, видишь, что хоть они и  различные по своим творческим результатам, но в равной мере говорят о развитии кыргызского театра. Самая яркая постановка ушедшего года – это, безусловно, спектакль «Томирис» Б. Калчабевой  в […]

Мар БАЙЖИЕВ: Арбак урду

АҢГЕМЕ Силер 23 жашка чыкканда чачы купкуу болуп агарып кеткен адамды көрдүңөр беле? Мен көргөм жана эмне себептен ошондой болуп калганын билем… Мурдагы жылы Пржевальск шаарынан Жыргалаңды көздөй жол тарттым. Күн бүркөк, бирок жаан-чачын болбосуна көзүм жетип турат. Салкын. Өзүң жаш болсоң, көтөргөн жүгүң жок, жолуң кыска болсо, жөө баскандан жыргалы барбы! Мемиреп, учу-кыйрына көз жетпеген алтын деңиздей толкуган аштыкты жиреген жол менен чегирткелердин ансамблин, асманда безеленген торгойлордун үнүн угуп, терең ойго чөмүлүп, шашпай жол жүрүп отурган кандай ыракат! Мындай […]

Жалалидин Руми: Дыйкан менен арстан жөнүндө икая

Түн караңгы, бир дыйкандын байлануу, Короодо уюн арстан кирип жайлады. Тойгон арстан тойгонуна кубанып, Тойгон жерге жатып калды суналып. Шектүү дабыш тынчын алып ашыгып, Дыйкан кирди чырак албай шашылып. Жатабы уй деп сыйпаласа колуна, Колу тийди арстандын жонуна. Арстан ойлойт: «Эки буттуу эшегим, Уй деп мени жатканыңды сеземин! Эгер азыр короо жарык болгондо, Даамак беле колун жонго койгонго. Өт жарылып караанымды көргөндө, Даяр болчу ушул жерден өлгөнгө.» Сен акылдуум, бир нерсени бааларда, Маңызын көр, сырт келбетке алданба. Уурдалган кой тууралуу […]

Бекташ Шамшиев: Англис адабиятынын кыскача тарыхы

Биз өз казаныбызда гана кайнаган улут болуп калдык. Ашкере. Ашкере улутчул, ашкере билермандар арбыдык. Жер планетасында кыргыздан улуу, кыргыздан кыйын улут жоктон бетер кыргыз тарыхын жазгандар арбып-дарбып аткан кезең. Адабиятчыларыбыз да тарыхка чала-чарпыт сүңгүп кетишти. Жазуучулар тарыхый темадагы китептерди атаандашып жазып аткандагыбыз… Улуу устатыбыз Салижан Жигитовдун «кыргыз интеллигенциясынын көзү желкесинде» деген таамай сөзү канчалык таасирдүү болгону менен, таасирдин тамыры кыргыз интеллигенциясын ойлондурган жок. Кайрале өткөнгө кылчактап, ордунда токтоп туру. Көздүн желкеге бүткөндөгүсү ушул окшобойбу… Албетте, тарыхтын сабагын алууга тийишпиз. Ошол […]

Абдыкерим Муратов: Кыргыз акыны Катаганды билесизби?

2015-жылдын 24-25-октябрында Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педагогикалык университетинде «Манас» жана кыргыз салты» деген темада болуп өткөн эл аралык илимий талкуу жыйындын кезектеги эс алууларынын биринде, бизге, кыргыз адабиятчыларына, Алма-Атадан келген Ал-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Булдырбай Анарбай «силер Катаган деген акынды билесиңерби, казактын Сүйүнбай акыны менен айтышкан» деп калды. Ырасында, мен укпаптырмын, жок, укканым менен, жакшы билбейт экенмин. Баарыбыз эле билбей чыктык. Бактияр Сманов деген казактын дагы бир окумуштуусу бар, академик, педагогика илимдеринин доктору, профессор, мамлекеттик жана […]