2015-жылдын 24-25-октябрында Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педагогикалык университетинде «Манас» жана кыргыз салты» деген темада болуп өткөн эл аралык илимий талкуу жыйындын кезектеги эс алууларынын биринде, бизге, кыргыз адабиятчыларына, Алма-Атадан келген Ал-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Булдырбай Анарбай «силер Катаган деген акынды билесиңерби, казактын Сүйүнбай акыны менен айтышкан» деп калды. Ырасында, мен укпаптырмын, жок, укканым менен, жакшы билбейт экенмин. Баарыбыз эле билбей чыктык.

Бактияр Сманов деген казактын дагы бир окумуштуусу бар, академик, педагогика илимдеринин доктору, профессор, мамлекеттик жана коомдук кызматтарда иштеп жүргөн, ал киши бизге диссертациялык кеңешке мүчө болчу, келген сайын Катаган акынды сурап кетет. Биз оңдуу жооп бере албайбыз…

Б.Сманов Катаган менен Арыстанбек бир эле адам, Катаган Арыстанбектин азан чакыртып койгон аты дейт [13, 113]. Сүйүнбайдын чыгармаларын изилдеп жүргөн сынчы, жазуучу, Абай атындагы педагогика университетинин алдындагы «Жамбылтаануу жана эл акындары» илим изилдөө институтунун директору, филология илимдеринин доктору Бекен Ыбырайым «Биздиги илимий даректер боюнча Катагандын чын аты Арыстанбек Буйлаш уулу» деп айтат [3]. Ушундай эле ойду филология илимдеринин доктору, профессор Мухамедрахым Жармухамедуулу да карманат [6, 293].

Казак адабиятчылары Арыстанбек менен Катаганды бир киши катары караган учуру өтө көп, бирде Арыстанбек, бирде Катаган деп айта беришкен. С.Садырбаев менен Е.Естаев Сүйүнбайдын китебине жазганы боюнча [18] Катаган-Арыстанбек 1840-жылы Нарында туулуп, 1882-жылы каза болгон. М.Үмбетаевдин «Пірім мениң Сүйінбай» (1992) деген китеби боюнча Катаган-Арыстанбек 1828-жылы Эки-Нарында туулуп, 1882-жылы каза болгон.

Бул Арыстанбек ырчы саяктын ичиндеги катаган уругунан чыккан, андыктан Катаган деген ат менен белгилүү болгон деген пикирлер да бар. Ошол эле кезде Катаган өз ысымы болуп, айтышка түшкөндө арыстандай айбаттуу, сүрдүү, кубаттуу боло калгандыктан, Катаган ысымы унутулуп, Арыстан, Арыстанбай аталып кеткен деп да айтышат [2, 310].

Мындай дейин десең Бойлоштун (Буйлаштын) уулу Арыстанбектин Катаган болуп калышына логикалык жүйө жок. Кыргызда саяк ичиндеги катагандан башка да катаган деген чоң уруу бар. «Манаста» да кездешет («Катагандан кан Кошой»). Эгер Арыстанбек тынымсейит болбой, бугулар арасында жүрбөй, жаш чагында Анжианда адигине Алымбек датканы ээрчибей, катаган уруусунан чыкканда анда аны Катаган деп аташы мүмкүн эле. Анан калса ал саяктардын катаганынан да эмес.

Демек, бул экөө бир киши эмес го деген ой келет. Ага дагы бир жүйөө мындай: «Сүйінбай. Шығармаларында» (1990) «қағылез, қайыстай қара жігіт» – Катаган (111-бет) деп айтылса, Арыстанбек узун бойлуу, чокчо кара сакал, жаагында сакалы жок, кара мурут, ничке шырыктай карасур, толмоч келген, сары чийкил, кой көз, бултулдап, жөн тура албаган жайдары, ачык-айрым, отурган жерин оюн-күлкү» кылган киши болгон дешет. Салыштырыңыз «кайыштай кара киши» Катаган менен «сары чийкил» Арыстанбекти. Ушундан Катаган менен Арыстанбекти бир эле киши деген окумуштуулардыкы жаңылыш болушу мүмкүн деп турам. Бирок али далилим толук жетишсиздигин да айта кетүүгө тийишмин, дегеним, Арыстанбектин да, Катагандын да чыгармалары дээрлик жазылып калган эмес.

Кыргыздарда мындай бир кеп айтылат: «…казак-кыргыз билермандары Катаган менен Тезекти жеңип, даңкы күчөгөн Сүйүнбайды эми ыгын таап, Арыстанбек менен айтыштырмак болушат. Акыры, Иледен кайра көчүп келгенден кийин Ормон хандын карындашы, Жантайдын келининин (Ысактын аялы) ашын Ысык-Көлдүн башына белгилеп, Тезекке да кабар берилет:

…Тезек төрө бийлерин кашына алып,
Калтырбай ала келсин чечен, ырчы, акындарын!

…Төгөрөктүн төрт бурчунан келген эл, арасында кыргыздан Жантайдын өзү баш, жез чочмор Менде, Төрөкелди, Боромбай, Жангарач, Балбай, Медетбек чечен, казактардан Тезек султан, Рүстөм, Адамсат, Сыпатай баатыр сыяктуулар. Сексенден ашкан Бөлтүрүк чечен бар, ошолордун баары ушул эки акындын айтышына күбө болду. Катаганды жеңип, байгесине Мейиз деген сулуу кыз алган Сүйүнбай баштаганда эле Арыстанбекти теңине алгысы келбей, «кыргыз-казакта мага тең келе турган акын али туула элек, айтышпай ак жыгылып бер, арнаган мөрөйүңөр болсо, мага бере бергиле, боз үйү менен күң кошуп» дейт [1].

Дагы бир пикирди окуйлу: «1850-жылы Жети-Өгүздө кыргыз, казак катышкан чоң жыйында казак ырчысы Сүйүнбай менен Арыстанбек айтышмак болот. Бир жыл мурда Каркырада өткөн Алыбайдын ашында Сүйүнбай Катаган ырчы менен айтышканда Катаган ырчы: «Кенесары Нооруздун башын кесип алганбыз, итке ыргытып салганбыз» — деп казактарды басынтып ырдай баштаганда, калыстар токтотуп: «Кой, өткөн өттү, кеткен кетти. Эми эски жараны чукуба», — деп байгени Сүйүнбай ырчыга берип коюшат. Арыстанбек өзү айтышпай калгандыгына өкүнүп, Сүйүнбай менен бир айтышсам деп, эңсеп жүргөн болот» [7].

Кыргыз тараптан айтылган мына ушул эки пикирге караганда да Катаган өзүнчө, Арыстанбек өзүнчө адамдар, болгондо да акындар.

Бирок Катаган сыяктуу эле Сүйүнбай Арыстанбек экөө да айтышкан. Биринчиси, кыргыздарга кеңири тараганы 1850-жылдардын тегерегинде Түптөгү беш уулдуу Аалыбайдын ашынан эки-үч жылдан кийинки Жети-Өгүз тараптагы бир чоң жыйында айтышканы. Мында экөө бири-бирин жеңе албай, мындан кийин айтышпайлы деген чечимге келишет. Экинчиси айтыш – казактарга кеңири тараган, көлөмдүү жана Сүйүнбайдын китептерине кирип жүргөн айтыш [14]. Ал 1873-жылы Ормон хандын ашында болот. Ошол ашка Абылайдын байбичесинин баласы (Абылайдан Эдил, Эдилдин уулу Нуралы, Нуралыдан Тезек) Тезек төрөнү да чакыртат. Ошондо Тезек төрө менен Сүйүнбай да келет да, Арыстанбек менен айтышып, жеңип, бир тогуз, кымкап тон, Кайчыбектин эчен байгеде уткан карагер аты баш болгон 74 атты утуп кетет.

Ал эми Арыстанбек башка сөз, башка тема. А Катаганчы?..

Андай болсо – ал ким? Кайра Катаганга келели…

Бир маалыматтарда Катагандын атасы кыргыздардын сол уругунан болуп, илгерки Абылайдын көп чабуулунун биринде казактарга туткунга кетип, ошол жакта калган деп айтылат [1].

Башка вариантта (казактардагы Өмүрбек Кабыловдун жаздырганында) Катаган Сүйүнбай менен айтышында «Чоң-Кемин – тууган мекеним» деген жери бар экен. Кыргыз-казак акындары боюнча ар тараптуу изилдөө жүргүзгөн Б.Кебекова «Чоң-Кемин өрөөнүндө Катаган аттуу акындын жашагандыгын тактай албадык. Балким, аны билген адамдардын көзү өтүп, кийинки муундар тарабынан унутулуп калган чыгар?..» деп айтат. Ошол эле кезде ал кыргыздын белгисиз кеткен акындарынын катарына Сартимбет (Сарт ырчы), Катаган, Байкабыл, Көчүбай, Абат Алымкул уулу дегендерди кошуп жүрөт [9, 87].

Дагы бир Катаган ырчы Таластан чыккандыгы айтылат. Ал катаган уруусунун алакчын уругунан болгон, Таласта жашап, Олуя-Атада (Жамбыл) каза болгон экен.

Казактын Бактыбай, Сарбас деген акындары менен айтышкан дагы бир Катаган тууралуу маалымат гана бар.

Сүйүнбай менен айтышкан ушул Катагандардын бириби, же башка Катаганбы, же чын эле Арыстанбекпи?..

Казак аалымдары биздин Катаган ырчы тууралуу айтканда анын Сүйүнбайдан жеңилип калганына басым коюшат. Кыргыз төкмөсү Аалы Туткучев: «Тарыхта биринчи Катаган менен Сүйүндүн айтышы деп казактар киргизип алган менен бизде Катаган деген жок. Мисалы, Нурмолдо, Ниязаалынын бизге ырлары жетпесе да аттары жеткен. Ал эми Катаган деген бизге жеткен эмес. Булар жөн эле өздөрүнүн идеологиясын, улуттук ар-намысын көтөрүү үчүн ушундай нерселерди чыгарып алган», — десе, Азамат Болгонбаев: «Булар Сүйүнбай менен Катагандын айтышына да көп басым коёт. Биздин укканыбыз боюнча Ашыралы, Эстебес аталарыбыз деле айтып калчу. Катаган деген ырчы болсо болгондур, бирок анын казак-кыргыз айтышынын деңгээлиндеги чоң айтышы болгон деген жарабайт» [5], — дейт. Бул биздин соңку муундагы жаш төкмөлөрдүн Катаган акындан оңой кутулуусу болгондой…

Казак адабиятчысы Тогатай Оморовдун мындай пикири да ойлонтпой койбойт: «Ушул арада биз М.Жармухамедуулунун Катагандын чын аты Арыстанбек деп ката кетиргенин айтууга тийишпиз. Биздин колубуздагы Арыстанбек менен Сүйүмбайдын айтышы, Сүйүнбай менен Катагандын айтышы бири-бирине окшобой турган башка-башка дүйнөлөр. Эки акындын сөз саптары, стили эки түрдүү. Эң башкысы, кыргыз адабиятаануучуларынын эмгектеринде бул эки акын бир адам деп таанытылган эмес. Тескерисинче, алар экөөнү эки акын катары айтып келе жатышат. Ошондуктан бул туура эмес пикирди түзөтүүнүн убактысы жетти [10].

Мен болсо Катаган акын тууралуу издей баштадым. Айрым гана маалыматтар калкып чыга баштады. Мисалы, Арыстанбек акындын китептерине [8, 164-165] баш сөз жазган фольклорчу Батма Кебекова Сүйүнбай менен Арыстанбектин айтышынын себебин көрсөтүү үчүн 1850-жылы Түптөгү беш уулдуу Аалыбайдын ашында кыргыздын акыны Катаган менен казактын акыны Сүйүнбай айтышып, Сүйүнбай жеңип тогуздап байге алып кеткенин жазат. Ошондо өзүнөн улуу Катагандан жол талашып айтыша албай жаш Арыстанбек өкүттө калган экен. Адабиятчы ушул жерде эки нерсени белгилейт: биринчиси – Катаганга карата «чоң ырчы» деген сыпаттоо сөзүн колдонот; экинчиси – таланттуу Арыстанбек Катаган акындан жол талаша албай калат. Демек, Катаган катардагы бир ырчы эмес экен. Казактын ошол кездеги даңкы жаңы чыгып аткан Сүйүнбай ырчысынан үстөм туруп, андан алдыда ырдап чыгып атат. Экинчиден, төкмөлөр үчүн дайым эле жеңиш боло бербейт, айтыш болуп жаткан учурдагы маанайына, темасынын өзүнө жакындагына, каршылаш кишинин туруш-турпатына, куулугуна ж.б. жагдайларга карата эң эле таланттуу ырчылар дале жеңилип бериши мүмкүн. Кээде мындай нерсе конокту сыйлоо этикети менен да байланышат.

Катаган казак-кыргыз айтыштарында мурда да эрөөлгө түшүп жүргөн экен, 1975-жылы чыккан Сүйүнбайдын китебинде [18] Катагандын Коңурбай дегендин ашында 500 жылкы утуп кеткендиги тууралуу маалымат менен кездешебиз. Фольклорчу Б.Ыбырайым [20] муну жеңип алган байгесинин көлөмүнө караганда, бул айтыш жөнөкөй эместигин, эки элдин иргелген гана төкмөлөрү мындай ыр-байгеге салынарын туура түшүндүрөт.

Жогорудагы бир топ аспектилер менен карап көргөндө Катаган акынды жектөөгө, кыргыз төкмө өнөрүнөн аты-жөнүн сызып салууга такыр акыбыз жок.

Арыстанбек менен Сүйүнбайдын айтышынын башындагы кара сөз менен айтылган киришүүдө мындай делет: «…Аалыбайдын ашы Кененсары, Норузбай менен кыргыздардын согушунан кийин эки эл ынтымакташып, баш кошкон алгачкы чоң жыйын экен. Ошол себептүү Боромбай, Жантай, Ормон, Байтик сыяктуу кыргыздын билермандары чатак чыгып кетпесин деп катуу көзөмөлгө алышат. Ашта Катаган ырчы менен казак Сүйүнбай айтышат. Сүйүнбай чоң айтышка жарайт деп Тезек төрө, Бөлтүрүк ээрчите келиптир. Ал мындай казак, кыргыз чогулган жыйында айтышып көрбөсө да, жаштыгына карабай, казак калкынын учу-кыйырына атагы чыгып, оозго алынып калган курч ырчы экен. Катаган болсо, кырктын тегерегинде, оңду, солду аралап, элге катуу таанылып калган, казактарга да барып айтышып байге алып жүргөн чоң ырчы болот» [4, 59].

Эми элестетип отуруңуз: казак-кыргыз кыргыны кечээ эле өтүп, жетим-жесирлер өксүп турган; казак-кыргыздын бүт мыктылары өткөн өттү, кеткен кетти, эми жарашалы деп үмүт кылып турушат; ошол ынтымакка акындар өбөлгө болушу керек эле. Буга ким жарайт?! Эл жакшылары ошондо Катаганды тандап атат, ошого караганда ал сарыбагыш, бугу, солто урууларынан чыккан №1 акын болуу керек, анан калса «оңду, солду аралап, элге катуу таанылып калган, казактарга да барып айтышып байге алып жүргөн чоң ырчы» болуп атат.

Анан эмне үчүн Катаган жеңилип, тогуздап сайылган байгени казак акыны Сүйүнбай алып кетти?

Азыр ойлосок, бул саясат экен, кыргыз бийлеринин, хандарынын жана байларынын конокторду ызаттоо чечими экен. Ичинде кеги барбы, Катаган кыргыздардын атынан түз эле Сүйүнбайга карап «Кененсары, Норузбайыңды өлтүрүп, башын итке салгамын, канакей кегиң алганың» деп «сүйлөнбөс» теманы сүйлөп, «айтпас» сөздү айтып жиберет. Бийлер менен манаптар, акылман карылар «мындай дебе», «мындай айтпа» дешсе керек эле, акын дегениң ага болобу – айтып жиберди.

Калыстар жаңыдан карттанып келе жаткан жараны кайра ырбатып ийиштен коркту, байгени конокко берди. Албетте, ал кезде калыс дегендер азыркыдай баа коюлган кагаздарын көтөрүп, аларды суммалап отурган эмес. Калыстар аш башкарган манаптар, байлар, бийлер, аксакалдар болгон. Ар кими өзү тарапка жеңиш ыйгара берген.

Ошентип тарыхта Катаган «жеңилген» аталып калды… Ушул «жеңилүү» анын ырларын жыйноого, мурастарын үгүттөөгө, окуп-үйрөнүүгө да таасирин тийгизген сыяктанат. Өзгөчө совет учурунда мындайларга катуу жаза колдонулчу эмес беле?

А түгүл Катаганды ошондон кийин ырдын, комуздун кусуру уруп, эл аралап ырдабай калган деген уламыш да тараган. Бирок ар нерсени ордуна коюп, тарыхты туура чагылдыруубуз керек. Аны бүгүн биз жасабасак, эртеңки муун кечирбестир…

Казак боордошубуз Бекен Ыбырайым бир туура, калыс пикирин айтты: Бир эле айтышты ар акын ар түрдүү кылып айтат, мисалы, казак акыны айтса Сүйүнбай жеңди деп айтат, кыргыз ырчылары айтса, Арыстанбек (Катаган) утту дей берет деген [20].

Эми Катаган менен Сүйүнбайдын айтышы качан болгонун тактоо үчүн кийинки Арыстанбек менен айтышында Сүйүнбайдын мындай деп айтканына көңүл буралы:

Арыстанбек, мени ким дейсиң,
Абайласаң пир дейсиң.
Туура жыйырма эки жашымда,
Аалыбайдың ашында
Ормон, Жантай, Боромбай,
Жакшыларың башында,
Тезек төрө, Бөлтүрүк
Булар болчу кашымда.
Өйдө-төмөн тартышкам,
Көптү көргөн Катаган,
Көп ырчыны матаган.
Көп сөздүн башын чатаган.
Ага моюн бербестен,
Домбураны колго алып,
Толгоп-толгоп бурадым,
Толгон сөздү курадым.
Бир алланы пааналап,
Артыктыгым дааналап,
Көк шилиге сайгамын
[4, 76], — деп келип:

Анда, Арыстанбек, кайда элең,
Сүйүнбайдай акынга
Сүйлөй койчу жан белең?
[4, 76-77], — дейт.

Ошондо Сүйүнбай деген ким эле, анын даңкы-даңазасы канчалык эле?

Сүйүнбай Арон уулу 1815-жылы (1822-жылы деген да булактар кездешет) Жети-Суу облусунун Узун-Агач волостунда Май-Төбө (азыркы Алма-Ата облусунун Жамбыл районунун Каракастек деген айылында) туулган. Жамбыл Жабаев: «Менің пірім – Сүйінбай, Сөз сөйлемен сиынбай. Сырлы, сұлу сөздері, Маған тартқан сыйындай! Сүйінбай деп сөйлесем, Сөз келеді бұрқырап, Қара дауыл құйындай!..» десе, Мухтар Ауэзов Сүйүнбайды «Жети-Суу акындарынын алтын өзөгү» дейт. Улуу жүздүн чапырашты уруусунун екей уругунан чыккан бул акынды Жамбыл Жабаев, Кенен Азеров, Майкөт, Умбеталы, Бармак сыяктуу казак акындары устаты катары аташат. Ошол Сүйүнбай жаш чагынан чоң атасы ырчы Күсөп Жээнкул уулунун (1701-1791), өз атасы Аруундун (Аран деп да айтылат, 1750-1835) устаздык таасири менен ырдап чыгып, жашынан эле элге алынат.

Кызык факты: 1815-жылы туулган акын 22 жашында Катаган менен айтышка түшүп жатса, демек, айтыш 1837-жылы болуп атпайбы. Ал кезде Кененсары хан боло элек (ал 1841-жылы күзүндө хан көтөрүлөт эмеспи). Кененсары андан алты жылдан кийин, 1847-жылы 20 миңдей колу менен Чүй этектей чаап кирет эмеспи да, кыргыз-казак чабышы бүткөндөн кийин алты ай өтүп, 1847-жылы 22-августта Копал (азыркы Талды-Коргон) чебинде орустар ортомчу болуп жараштырат эмеспи. Айтыштын бүткүл мазмуну ошол окуядан кийинки бир-эки жыл аралыгында болуп жатат. Мына ушул жараштыруудан кийин Сүйүнбай менен Катаган айтышат. Демек, Сүйүнбайдын 22 жашымда айтыштым дегени туура эмес сыяктанат.

Сүйүнбайдын туулганы жылы 1822-жыл дегенде да, айтыш 1844-жылы болуп атат. Ал дагы айтыштын мазмунуна ылайык келбейт.

Сүйүнбай менен Катагандын айтышы бул жанрдын импровизациялык искусстводогу эң алгачкы жолу оозеки формадан кагаз формасына түшкөн көрүнүшү, б.а, ал 1935-жылы Ильяс Жансугуров жана Ф.Габитова чыгарган Сүйүнбайдын биринчи «Сүйінбай ақын» жыйнагына кирген. Деги эле бул айтыш казактар арасында өтө популярдуу болгонун ушундан билиңиз, аны Жети-Суудагы Жамбыл, Кенен, Үмбетали, Өтеп, Өмүрзак, Аргынбай, Карабак, Макыш, Шүкүтай ж.б. белгилүү акындар бүт айтып жүрүшкөн. Эң көлөмдүү вариантын Жамбыл Жабаевдин оозунан 1937-жылы Ө.Каргабайуулу жазып алган. Дал ушул нуска Сүйүнбайдын соңку жыйнагына кирген [14, 112-284]. Ал нускага Мастура Керибайкызынан, Медеш Алимбековдон, Сатыбалды Аягановдон жазып алынган варианттары да салыштырылган.

Ошентип казакка белгилүү, кыргызга белгисиз калган айтыш качан, кайсыл жерде болгон?

Биринчи пикир: «1847-жылы Қырғыздың бай шонжар манабы Орманхан шешесіне ас береді. Бұл ас жиынға Қазақ пен Қырғыздың игі жақсылары бас қосады. Қазақ ақыны Сүйінбай Қырғыз ақыны Қатаған да осы жиында кездеседі» [15].

Экинчи пикир: «1848-жылдың қоңыр күзінде қырғыздың бай шонжар манабы Орманхан шешесіне ас береді. Бұл жиынға аралас құралас отырған қазақтың Тезек төре, Бөлтірік шешен бастаған игі жақсылары бір қауым ел болып қатысады. Астың ақындарсыз өтпесін білген ақын жанды Тезек төре елге атағы жайылып, таныла бастаған Сүйінбай ақынды ала барады» (Садык Смагулов) [12].

Үчүнчү пикир: 1850-жылдардын тегерегиндеги Жети-Өгүз тараптагы бир чоң жыйында Сүйүнбай менен Арыстанбектин айтышынан эки-үч жыл мурда Түптөгү беш уулдуу Аалыбайдын ашында өтөт [9, 345].

Төртүнчү пикир: «1847-жылы қырғыз манабы Орманхан анасына ас береді. Бұл жиынға қазақ пен қырғыздың игі жақсылары түгел келеді. Сүйінбай Аронұлымен қырғыз ақыны Қатаған осы аста айтысқан» [17]. 

Бешинчи пикир: «Сүйінбай мен Қатаған алғаш рет қырғыздың ең ірі билеуші манабы Орманның шешесіне берген асында кездескен. Ас 1852-жылы Ыстықкөл жағасындағы табиғаты көркем жайлауда өткен» (Мүбәрак Үмбетаев) [19, 89].

Алтынчы пикир: «1847-жылы қазақ пен қырғыздың арасындағы билікке таласқан әлдекімдер, екі елдің ежелгі достығына біршама нұқсан келтіреді. Арада бір жыл өткен соң соғыста шейіт болған бейкүнә азаматтарға арнап қырғыз елі Ыстықкөлдің жағасына жиналып, үлкен ас береді» (С.Садырбаев) [16, 86]. Айтыш аштын төртүнчү күнү Ормон хандын жүз кишилик боз үйүндө болот, аны Кара Байтик башкарат (С.Садырбайуулу) [11, 268-269].

Дагы пикирлер: Жамбыл Жабаев Сүйүнбай менен Катагандын айтышы Ормон хандын энесинин ашында болгон десе, ошол эле Жамбылдын шакирти Өмүрзак Каргабаев бул айтыш Алыбайдын ашында болгон дейт.

Пикирлер да ар түрдүү болуп жатат. Суроо: Айтыш 1847-жылы болгонбу, же 1848-жылы болгонбу, же 1952-жылыбы? Түптөгү беш уулду Аалыбайдын ашындабы? Ормон хандын атасы Ныязбектин ашындабы? Ормон хандын апасынын ашындабы?

Кыргыз фольклористи Б.Кебекова 1985-жылы «Кыргыз, казак акындарынын чыгармачылык байланышы» деген монографиясында, Султангали Садырбаевдин Сүйүнбайдын чыгармачылыгы боюнча кандидаттык диссертациясында, Мүбәрак Үмбетаевдин  «Пірім менің Сүйінбай» аттуу монографиясында, Т.Омаровдун казак-кыргыз адабий байланышы тууралуу диссертациясында Сүйүнбай менен Катагандын айтышуу тууралуу сөз болот. Бирок Катаган акын жөнүндө маалыматтар дээрлик кездешпейт.

Бул айтышты талдоо үчүн биз Жамбыл Жабаевдин вариантына токтолууну эп көрдүк. Биринчиден, бул толугураак текст болсо, экинчиден, Сүйүнбайдын соңку жыйнагына да ушул нуска берилген. Анан калса, Жамбыл Жабай уулу Балык, Тыныбек, Калыгул, Найманбай, Катаган, Арыстанбек, Сагынбай, Токтогул, Байымбет, Муратаалы ж.б. кыргыз ырчылары, манасчылары  менен да карым-катышта болгон.

Жогоруда айтылгандай Жамбылдын вариантында кара сөз түрүндөгү киришүү менен башталат. Анда кыргыз ханы Ормон атасына аш бере турганы алты ай мурда айтылганы, Жети-Суунун казак урууларын бийлеп турган Тезек төрөгө атайын арналуу катын жибергени, ал катта акындарды, жарчы-ырчыларды, бүркүтчүлөрдү, балбандарды өзү менен кошо ала келүү таклиби айтылганы белгиленет. Аш XIX кылымдын орто ченинде Ысык-Көлдүн атактуу жайлоолорунун биринде өтүп, ага казак менен кыргыздын ак сөөктөрүнөн, бий-болуштарынан, манаптарынан жана карапайым букара калктан көп адам жыйналганы айтылат.

Казактан келген калың топ ичинен Тезек төрөгө кайрылып ашты башкарып жаткан Байтик: «Тезек төрө! Мына бадана көз, сулуу жигит Сүйүнбай акын эмеспи?» дейт. Ошондо Сүйүнбай мындай учурашат:

Ассалаумағалайкүм, сәлем бердік,
Мүбәрәк жүздеріңді жаңа көрдік.
Атақты ас-жиынды құттықтауға,
Бауырлас, қырғыз елі, саған келдік.
Жүйріктер қосылмаған қою шаңға,
Қосылар қыран бүркіт қашқан аңға.
Хан Жантай, Қара Бәйтік, Әтекеңе,
Келіп ем амандаса Орман ханға
[14].

Андан ары эр Атаке, баатыр Жантай деп кыргыз жакшыларын мактап, ушул аштын болорун алты ай күткөнүн, кол жайып, өткөндөргө куран окуп кетүү үчүн келгенин айтат.

Сүйүнбай ушундай учурашуу салтын аткарып токтогондо Байтиктин жанында отурган кайыштай кара жигит Катаган каргып туруп, колуна домрбасын алат да, Сүйүнбайга тийише ырдайт:

Катаган:

Сүйүнбай, токтот сөзүңдү,
Оёоюнбу көзүңдү!
Акынмын деп ойлойсуң,
Мен турганда өзүңдү,
— деп баштап, «кудай кезин келтиргенин», «Катаганды байкабай, түштүң беле, колума», «тарнагыма илиндиң, күтүрөтүп чайнайын, кыбыраган жериңди», «көрбөйсүңбү, Сүйүнбай, казып койгон көрүңдү», «келиптирсиң байкабай, өлө турган жериңди», «тентиреп жүрүп каңгырап, булгаба чалкар көлүмдү» дегендей сөздөрдү айтып психологиялык атакага өтөт. Акындардын айтыш салтында бул боло берүүчү көрүнүштөрдөн. Мындан өөн табууга болбойт. Ушул жерде «Катаганга Сүйүнбай урундуң келип кайтадан» деген саптар бар. Бул саптарга караганда казак адабиятчылары да айтпай жүргөн бир нерсе бар окшойт – ал бул эки акындын мурда да айтышка түшкөнү. Ал айтыш качан, кайда болду экен? Балким ошондо Катагандын Сүйүнбайда өчү калгандыр, ошон үчүн ырын дароо эле кекчилдик менен баштап жаткандыр… Ким билет?..

Катаган өзүн кыргыздан чыккан мыктылардын бири экенин айтат, бирок таң каларлыгы комуз менен эмес, домбра менен ырдайт. Муну балким тигил коноктор үчүн атайын жасайт.

Андан ары Сүйүнбайды «Таз төбөңөн урайын, тал түштө соккон куюндай» деп аны боз жапалакка, өзүн шумкарга теңейт, аны жар боорундагы жантакка, өзүн алмаз болот кылычка салыштырат. Бир жеринде «Чоң Нарын тууган мекеним» дейт. Коңурбөрү ашында беш жүз жылкы матаганын ортого салат. Ошондо казак, кыргыз таңыркап Катаган шайыр атаганын, акындар алдына келип бата алганын эскерип өтөт. Падышадан барып чин алган Кара Байтик, Ормон хан, Жантай баатырды мактап кирет. Соңунда мындай дейт:

Арманда калба, Сүйүнбай,
Акын болсоң байкайын.
Эсиңди сенин оодарып,
Мээңди бир аз чайкайын.
Айтышпаймын сен менен,
Сес көрсөтүп кайтайын.
Сүйүнбай, белем, сениби,
Келе албайсың теңиме!
Оозуңду ачып сүйлөбө,
Ормон хан, Жантай бегиме.
Түшүндүңбү, Сүйүнбай,
Сөзүмүн чындык жерине.
Башың олжо өзүңө,
Эртең кайткын элиңе!,
— деп ырдайт (Катагандан ырлары Жамбыл тарабынан казакча берилген, биз кыргычалоого аракет кылдык).

Катагандын саптары, албетте, туздуу, мурчтуу. Тажрыйбалуу акын экени ошончо казак-кыргыз жакшылары чогулуп турганда тайсалдабай, тартынбай ырдаганынан көрүнүп турат.

Ушунда кайра кара сөз менен Катагандын эпкининен жазганган Тезек төрөнүн Сүйүнбайды жалтак-жалтак карагандыгы, Бөлтүрүк баатыр Тезек төрөгө «Ей, төрем, көтер басыңды, қаныңды қашырма, Сүйінбай өлең таппай, сөз таппай отыр дейсің бе?! Булығып отыр. Сүйінжан, шығар даусыңды», – деп айтканы баяндалат. Анан кезек Сүйүнбайга келет.

Сүйүнбай Тезек төрөгө карап, «Качырба, төрө, каныңды, киргизейин жаныңды, Катагандан жеңилсем, талап алгын малымды», «Катаган сөздөн жаңылды, кызып турган темирге өзү келип карылды» деп өзүн «алмаздай курч кылычка», «наркескенге» салыштырат. «Манаптар алып келген акын ушулбу», «уяты жок», «алжыган», «элиме неге келдиң деп, далбасалап таарынды», «мен казактын атынан бир кагайын дабылды» дегендей сөздөрдү айтып келип, Сүйүнбай:

Сүйүнбай сүйлөр чындыгын,
Чениме жакын жолобо!
Жыйылган калктын ичинде,
Келтирем сени тообаңа!
Айтпай турган сөзүңдү
Өзүң айттың ашыгып.
Чындык үстү мен айтсам,
Айтпаймын, жалган, жашырып!
Алыңды билбей, Катаган,
Алжыганың белгиси –
Жайыңа неге жатпайсың?!,
— деп кезекти Катаганга берет.

Айтыш кызыйт. Саламдашуу учуру кордошуу, бири-бирине асылышуу мүнөзүнө өтө баштайт. Анан Катаган калың элдин алдында бийикке көтөрүлөт, ойлоруна тереңдик жана кенендик киргизет:

Белгилүү кептен алалык,
Белгисиз кептен кайталык.
Үлгүлүү кептен алалык,
Үлгүсүз кептен кайталык.
Атактуу кептен айталык,
Атаксыз кептен кайталык,
— деп кара жерден боорун көтөрүп, таарынычтан өйдө болуп, «булбул куштай сайрайын» деп, «зорлугумду карасаң адам үнү жетпес», «кеңдигимди карасаң асман менен Таластай, күчүң келбес акыным, жайыңа тур, талашпай» деп кыргыз элинин зорлугун, байлыгын, көптүгүн бир четинен айтып кирет. Тынайды айтат, саякты айтат, элинин жогорку чети Марал менен Сан-Ташты, төмөнкү чети бетегелүү Кой-Ташты, жедигерди айтат, сарыбагыш менен мундузду айтат, мундузду «жакамдагы кундузум, маңдайдагы жылдызым» дейт. «Бугудан чыккан Боронбай манаптан чыккан дүр эле», «саруумду козгосом күнү-түнү айтсам да, буга келбес каруум» деп бир серпип өтүп, андан ары алакчынды айтып келип:

Мындай жаткан Оң багыш,
Кашкарда жаткан Чоң багыш,
Чоң багыштан козгосом,
Нар төөдөй болуп боздосом,
Арыстанбек деп неге айтат,
Жарышкандан озбосом,
— дейт.

Катагандын ыры андан ары уланат: «Ормон баатыр көсөмүм», «Карабек уулу Жантай тапты сөздүн эсебин», «Жаман тамак ичпеген, жаман кийим кийбеген, жаман атты минбеген, жамандыкты билбеген Кара Байтик, хан Жантайды, төрдө отурган хан Ормонду бир-бирден айтып келип:

Менин атым – Арыстан,
«Мен» дегенди кескилеп,
Далай жан менен алышкам.
Мени жеңер акың жок,
Менден өтөр акын жок,
— дейт.

Айтышта эң негизги нерселердин бири – акын өнөктөшүнүн эмнелерди айтканына көңүл буруп, кайсыл жерден кармоо керектигин ууга чыккан жолборстой аңдып отурушу. Баарыбызга белгилүү айтыш болуп жаткан тарыхый учурда кыргыз менен казак кадимкидей согушка чыгып, бири-бирин өлтүрүп, бири-бири менен тирешип, күч сынашып бүтпөй турган кез эле. Кыраакы Катаган мына ошол ситуацияда кыргыз урууларын, кыргыз жергесин, кыргыз манаптарын, ханын, байларын, баатырларын бир-бирден санап, ичинен бизге силер тең келе албайсыңар дегенди акырын жылдырап ийди. Демек, каршысында турган Сүйүнбай ушул өңүттөн жооп табышы керек эле. «Көппін деп айттың, Қатаған, сөзіңнен осы ұстайын» деп Сүйүнбай Катагандын кыргыздарды көпчүлүк деп айтканынан, казактардан жогору койгонунан кармамак болот. Мындай кылуу Сүйүнбайдан сөз күтүп турган Тезе төрө, Бөлтүрүк чечен жана дагы башка казактарга майдай жакмак. Анан бир-бирден терип кирет:

Былай барсаң Албаным,
Албанымды қозғасам,
Саған түсер салмағым…
…Онан былай Суаным,
Аз да болса жуаным…
…Мен бұл жерде тұрмайын,
Іледен әрі өтейін…
…Он екі ата ол жақта
Тарақ деген жұртым бар.
Ақкөбікті өлтірген
Орақ батыр мықтым бар…
…Іле өзенін жерлеген,
Сыр суындай өрлеген,
Дұшпанға намыс бермеген,
Бақ-дәулеті кернеген,
Он екі ата Жалайыр…

Ушинтип санап отурат: Қалың жатқан Ошақты айтат, Сіргелі, Сұраншы, Саурық,  Қарасай, Шапырашты, Дулатты, Сыпатай, Андас, Байсейіт, Пиназар батыр, Дәуітәлі, Ботбайым, Жанысым, Шымырым деген урууларын жана баатырларын айтып келип, «жалпак жаткан улуу жүз, башка жүзгө кетейин» деп орто жүздөн «Найманым, Құлашты кең жайғаным», «Ол Найманның ішінде – Бегімбетім, Қызайым», Керейім, Арғыным» деп келип, Аркадагы каракесектерге, тобыктагы, Атығай мен Қарауылга барып, Орол тоого өтүп, «Айналасы көк теңіз, Соған барып қосылған, Еділ, Жайық – екі су, Сырдарияның саласы, Арасында сол жердің Кіші жүздің баласы, Сұлтансиық, Бақсиық» деп, «Он екі ата Байұлы, Жеті аталы – Жеті ру, Әлім менен Шөмекей, Алшын менен Жаппасым, Қаңлым деп келет.

Қазақты жинап алғанда,
Тоқсан екі ұлы бар,
Қыпшағымды айтайын.
Тоқсан баулы Қоңыратты
Әңгіме ғып қозғасам,
Жүре алмассың жалғанда!
Күнің қандай болады
Ноғайлыға барғанда?!

Андан ары талаа менен түздөгү бүт казак, кыпчак урууларын санап чыгат, ар биринин артыкчылык жагын айтат. Чыны менен мында Сүйүнбай казак этнографиясын, этнотарыхын, санжыра санатын, географиясын абдан мыкты белерлигин жана аны сөз менен келиштирип айтып бере аларлыгын көрсөтөт. Бул өзүнчө талант экендиги айтыш угуп отурган казак-кыргызды муютат. Сүйүнбай эпикалык масштабдагы акын экенин демонстрациялайт. Карапайым элге ушул керек эле. Душмандашып, чабышып, жакындарын жоготкон калк үчүн ушул санаттар зарыл болчу. Ал казакка да, кыргызга да керек эле.

Сүйүнбай казактын көптүгүн «көк менен жердин арасы» деп образдуу да, гиперболалуу да салыштырат. Ортодо Катаганды:

Шала сөйлеп шаңқылдап,
Қараттың жерге манапты.
Бағын бастан ұшырып,
Хандарың отыр қысылып,
— деп каарып өтүп, «Ажалы жеткен каргадай бүркүт менен ойнодуң», «Қозғалма енді, Қатаған, Оярмын екі көзіңді» деп аягын мындай жыйынтыктайт:

Мен бір емен ағашпын,
Білесе де сынбаймын!
Алдаспанға жолықтың
Түбіңе жетпей тынбаймын!
Сөз бастаған бұлбұлмын,
Топ бастаған дүлдүлмін.
Судан шыққан сүйрікпін,
Бәйгеде озған жүйрікпін!
Шығарма, Қатаған, үніңді
Есіңде сақта құлаған,
Қанатың сынған күніңді.
Қырғыз, қазақ жиылып,
Жалпылдатпа мұныңды!

Албетте, Сүйүнбай эргүү менен чечилип ырдайт. Катаганды аттан оодарып түшкөндөй болот.

Аш берип жаткандар, ашка чакыргандар кыргыздар да. Ушул жерде токтотуш керек, себеби тараза ташы конокторго ооп турат. Муну баары түшүнөт. Ошондо казак менен кыргызга кадыры зор Жантай ордунан туруп: «Ботом, Сүйүнбай! Сен жеңдиң, Катаган жеңилди деген экен!»

Айтышты башкарып жаткан Кара Байтик: «Өзүңдөй казактын алгыр ырчысынан кыргыз эч бир сыйын аябайт. Бир эркелигиңди көтөрөбүз. Жеңген байгеңе не тандайсың, ошону айтчы?» – дейт.

Сүйүнбай:

Ээр-токому алтындан,
Бир ат бергин астыма,
Асемдетип минерге.
Керегеси күмүштөн,
Босогосу асыл таш,
Бир ак боз үй бергин,
Эңкейип ага кирерге!
Алтын кынап, кылыч бер,
Билегиме илерге.
Он жети жашар бир кыз бер,
Аны менен ойноп-күлөргө.
Он беш атан төө бергин,
Жүгүмдү артып жүрөргө,
Тогуз жүз жылкы берерсиң,
Элиме айдап барарга!
Тогуз жүз жамбы берерсиң,
Сандыгыма саларга!,
— деп азил-чынын аралаштырып айткан экен.

Ошондо Кара Байтик: «Сүйүнбай ботом, эки элдин баш кошкон чоң айтышында Катаганды жеңгениң үчүн Ысык-Көлдүн ак көбүгүнөн жаратылган ашкан сулуу Мейиз аттуу кыз, алты канат ак ордо, алтын бешик, бир бүркүт, мойнунда күмүш каргысы бар эки тайган менен сыйлайбыз! Ыраазы бол, карагым!», — деген экен.

Мына эми кызык болду: тээ макаланын башынан бери Катаган бөлөк акын, Арыстанбек бөлөк акын деген ойлорум туура эмес чыгып калды. Себеби дал ушул Сүйүнбай менен Катагандын айтышында Катаган «Чоң Нарын – тууган мекеним» деп атат, анан да «Арыстанбек деп неге айтат, жарышкандан озбосом», «Менин атым – Арыстан, «Мен» дегенди кескилеп, далай жан менен алышкам» деген саптар бар. Буларда Катаган түз эле өз ысымы Арыстанбек экенин айтып атпайбы?..

Андай болсо Сүйүнбай менен Арыстанбектин айтышынын кириш сөзүндөгү Аалыбайдын ашында Катаган менен Сүйүнбайдын айтышканы, анда Арыстанбектин кырктарга барып калган Катагандан жол талаша албай калгандыгы тууралуу фактыны кандай түшүндүрөбүз?

Бир ой келет: Сүйүнбай менен айтышып жеңилип калгандан кийин Катаган өз ысымын өзгөртүп биротоло Арыстанбек атка ооп алышы мүмкүнбү? Болушу ыктымал. Болбошу да мүмкүн.

Анан Арстанбектин мурастары аябай эле аз жыйналган, негизги жука китептин материалдары Кабай Абдыракман уулунан алынган. Ал киши 1914-жылы туулган, мугалим болуп иштеп жүрүп, кол жазмаларды жыйнап, аларды катып атып, Түштүккө кетип, ошол жактан 1937-жылы репрессияга кириптер болгон экен. Мына ушул жалгыз мураста жаңылыштар кетип калышы да мүмкүн.

Бир топ варианттарда Катаган:

Кенесары төрөнүн,
Башын кесип алганмын,
Ноорузбайдай бегиңди,
Итиме сүйрөп салганмын,
(башка бир вариантта: Сууга сүйрөп барганмын)
Заты жаман Сүйүнбай,
Кана кегиң алганың!
– деп ырдагандыгы айтылат. Бул албетте, ошол учурдагы кыргыз-казактын жарасын тырмагандык болчу. Ошондон кийин журт башылары айтышты тереңдетүүдөн чочулаган сыяктанат.

Анан Сүйүнбайдын жеңишин атайын уюштурушкан болушу да мүмкүн. Себеби кыргыз тарап казак мыктыларын жарашуу үчүн, куран окутуу үчүн чакырып жатпайбы. Ага айтыштын аягында Мейиз аттуу кызды, боз үйдү, алтын бешикти ж.б. соогаларды даярдап тургандары да алдын-ала пландалган иш болушу мүмкүн деген божомолду айттырат.

Катаган жогорудагыдай катуу кеткенде Сүйүнбай:

Кенесары, Наурызбай,
Кыргызды барып бес шауып,
Келтірген аузын тобага!
– деп андан ары айтылбай турган сөздү тереңдетип жиберет.

Эки акындын сөз эрөөлү, жекеме жекеге чыгып, ыр союлу менен чапкылоосу жаңы кыргынды баштап ийиши толук мүмкүн эле. Айтышта эл жакшылары мына ошол коркунучтун алдын алышат.

Эми бир жыйынтыкка келели: Сүйүнбай түшүнүктүү дейли. А Катаган менен Арыстанбекчи? Булар бир кишилерби же башка-башка акындарбы? Кеп бул жерде, менимче, XIX кылымдын орто ченинде, мындан 170 жылдай мурда, болгон айтыштын акындардын өз оозунан же ошол айтышты угуп отургандардан жазылып калбагандыгында. Сүйүнбайдын да, Арыстанбектин да сүрөтү жок болгон сыяктуу алардын чыгармачылык стили, почерки да бул айтыштын кийинки алып жүрүүчүлөрү тарабынан бузулган, түзөтүлгөн учурлары көп болуп кеткендей. Сүйүнбай Арон уулунун эң соңку чыккан жыйнагына [14] «Сүйүнбай менен Катаган» (52-85-беттер), «Сүйүнбай менен Арыстанбектин айтышы» (86-111-беттер), «Сүйүнбай акындын кыргыздын атактуу акыны Арыстанбек менен айтышканы» (112-284-беттер)  деген үч айтыш кирген. Мунун ичинен «Сүйүнбай менен Арыстанбектин айтышы» дегени кыргызча «Арстанбек» деген китептен [4] (59-79-беттер) алынып берилген. Менин оюмча, түпкүлүгүндө ушул үч айтыш бир эле айтыш болуп, кийинки аны айтып калгандар тарабынан чачырап, ажырап кеткенби деймин. Себеби аларда бир топ окшоштуктар, кайталоолор кездешет. Бул эми менин жеке божомолум…

Канткен менен бул айтыш (айтыштар) казак жана кыргыз маданиятындагы чоң мурастар, ал эми Катаган деген акын өзүнчө акын болсо ал улуттук маданиятыбыздын бир байлыгы болууга ар тараптан татыктуу, а эгер ал Арыстанбектин башка ысымы болсо анда Арыстанбек акындын зоболосун дагы бийикке көтөрө турган факт болуп эсептелет.

Адабияттар:

  1. http://bizdin.kg/Chygysh-zhe-chon-biiler-baiany
  2. XIX ғасырдағы қазақ ақындары. – Алматы, Ғылым, 1988. – 310-б.
  3. Айтыстың алтын діңгегі. Әңгімелескен Гүлзейнеп Сәдірқызы // Егемен Қазақстан. – 2015. – 24-апр.  
  4. Арыстанбек. Түз.: Б.Кебекова. – Б.: КЭ башкы ред., 1994. – 180-б.
  5. Биздин үйдөгү чайлашуу. Маектешкен Бурул Мусабекова //Айат пресс. 2009. – 26-февр.
  6. Жармұхамедұлы М. Айтыс өлеңдерінің арғы тегі мен дамуы. – Алматы: Мұраттас, 2001. – 293 бет.
  7. Жекшелаев К. Арыстанбек менен Сүйүнбайдын айтышы http://old.kabar.kg/kyr/ishembilikbet/full/71235
  8. Кебеков Б. Арыстанбек Буйлаш уулу // китепте: Залкар акындар. 3-т.: Кетбука, Асан Кайгы, Токтогул ырчы, Калыгул, Арыстанбек. – Б.: Шам, 2006. – 164-165-бб.
  9. Кебекова Б. Кыргыз ырчыларынын тарыхынын очерктери: 1-китеп. – Б. Турар, 2009. – 496-б.
  10. Омаров Т. Сүйінбай мен Қатағанның айтысы // Түркология, 2010. – № 5-6.
  11. Садырбайуулу С. Өлең сөздің жарық жұлдызы // Жұлдыз, 2008. — №12. – 268-269-бб.
  12. Смағұлов С. Сүйінбай мен Қатағанның айтысы. http://abai.kz/post/49438
  13. Сманов Б. Сүйүнбай акын жана Молдо Кошык датка // китепте: Сманов Б.: Арналы агыстар. 2 томдук. 2-т. – Алматы, 2017. – 113-б.анов Б. Сүйүнбай акын жана Молдо Кошык датка // китепте: Сманов Б.: Арналы агыстар. 2 томдук. 2-т. – Алматы, 2017. – 113-б.
  14. Сүйінбай Аронұлы. Шығармалары. – Алматы: «Нұрлы Press.kz», 2014. – 288 б. – (Ақындар аманаты)
  15. Сүйінбай мен Қатаған айтысы // Дайындаған: Фараби Арыстанбек. https://massaget.kz/arnayyi_jobalar/22-nauriz/8810?rates=down
  16. Сүйінбай. Таңдамалы шығармалары. – Алматы: Білім, 1996. – 86-б.
  17. Сүйінбайдың қырғыздың атақты айтыскер-ақыны Қатағанмен айтыстың жазбаша нұсқасы http://emirsaba.org/ashifu-keremeti-derisiz-emdelu-tolitar-men-aritarfa.html?page=19
  18. Сүйүнбай Аронуулу. Ақиық. – Алматы, Жазушы, 1975.
  19. Үмбетаев М. Менің пірім – Сүйінбай. – Алматы: Қазақ университеті, 1992. – 89-б.
  20. Ыбырайым Б. Айтыстың алдаспаны // Қазақ эдебиети, 2015. – 25-окт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *