Бир кыз үйүнөн токойго жөнөйт. Токойдо адашып, үйгө кетчү жолду издеп жүрүп бир үйгө туш келет. Эшиги ачык болгондуктан, үйдүн ичин карайт. Караса, эч ким жок.  Акырын үйгө кирет.

Бул үйдө үч аюу жашачу. Саксагай чоң аюу — Михайло Иваныч, андан бою бир аз кичинеси, эне аюу — Настасья Петровна жана алардын уулу Мишутка. Аюулар токойго кетишкен болот. Үй эки бөлмөлүү, бириси ашкана, экинчисинде болсо аюулар укташчу. Кыз ашканага кирип, үстөлдө тамак куюлган үч кесени көрөт. Кеселердин эң чоңу — Михайло Иванычтыкы, экинчи кичирээк кесе — Настасья Петровнаныкы жана эң кичинекей көк кесе — Мишутканыкы болчу.

Кеселердин жанында чоң, орточо жана кичинекей кашыктар жаткан. Кыз чоң кашык менен чоң кеседеги тамактан ооз тийип, орточо кашык менен орточо кеседегинин даамын татып, кичине кашык менен кичине көк кеседеги тамактан ичип көрөт. Көк кеседеги Мишутканын тамагы баарынан ширин эле. Кыз отурайын деп караса, үстөлдү айланта Михайло Иванычтын чоң отургучу, андан кичирээк — Настасья Петровнанын жана Мишутканын кичинекей отургучу коюлуптур.

Ал чоң отургучка чыгам деп жыгылып түшөт.  Андан кичрегине отурса — ыңгайсыз. Эң кичине отургучка отуруп көрүп күлүп жиберет – ал ушунчалык чак келип, жагып калат.  Ал көк кесени алып, ичиндегисинин баарын ичип коёт. Курсагы тойгондон кийин отургучту чайпалта селкинчек кылып ойноп атканда отургуч сынып кетет. Өйдө болуп отургучту үстөлгө жөлөйт да, берки бөлмөгө жөнөйт. Анда үч керебет туруптур. Биринчи чоң керебетте — Михайло Иваныч, экинчисинде — Настасья Петровна, а кичинекей керебетте болсо Мишутка уктачу. Кыз чоң керебетке жатып көрсө, аябай эле чоң көрүнөт. Экинчисине жатса, бийиктей сезилет.  Мамыктай жумшак төшөгү  бар кичинекей керебет аябай жагып калат. Ага жаткан боюнча уктап калат. Аюулар болсо курсактары ачып үйлөрүнө келип, тамак ичмекчи болушат. Чоң аюу кесесин алып көрөт да, ачууланып, каардуу күркүрөйт:

— Менин ашымы ким ичти?

Настасья Петровна да кесесин карап, ачууланып кыйкырат:

— Менин кесемен ким ичти?

Мишутка болсо бошоп калган көк кесесин карап чыйылдайт?

— Менин кесемдеги тамактын баарын ким ичип койгон?

Михайло Иваныч  отургучу ордунан жылып калганын көрүп, ачуусу келип, каардуу күркүрөйт:

— Менин отургучумду ордунан козгоп, ким отурган?

Настасья Петровна да өз отургучун карап алып кыйкырат:

— Менин отургучумду ордунан козгоп, ким отурган?

Мишутка болсо үстөлгө сүйөлгөн сынык отургучун карап чыйылдайт:

— Менин отургучума ким отуруп сындырып койгон?

Аюулар берки бөлмөгө киришти.

— Менин керебетиме ким жаткан? — Михайло Иваныч ачуулуу күркүрөйт.

— Менин керебетиме ким жаткан? — Настасья Петровна ачууланат.

А Мишутка кичинекей отургучту коюп, керебетине чыгып, ичке үнү менен чыйылдайт:

— Менин керебетиме ким жаткан?

Төшөгүн ачып карап, уктап жаткан кызды көрүп, бирөө союп аткандай чыңырат:

— Мына ал! Карма! Карма! Мына ал! Мына! Ай-яй-ай! Кармагыла!

Ал кызды тиштегиси келет. Кыз ойгонуп кетип, аюуларды көрүп коркот да, терезеге чуркайт. Терезе ачык турган болот. Кыз терезеден секирип эшикке чыгат  да качып кетет. Аюулар кууп жете албай кала беришет.

Которгон Садир ДОСБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.