Чыңгыз АЙТМАТОВ: Дүйнө бүтүн болушу мүмкүнбү же Ислам неликтен өзгөчө токонаалатка учурады?

Үстүбүздөгү  кылымдагы канды булоон каргаша,  кашайгыр, кайдан,  космос мейкиндерин технологиялык жана антропологиялык жактан  өздөштүрүүгө  көчкөн  береги  цивилизациянын кайсы көрүнөн чыкты,  чар тарабыбызда  эл аралык террорчулук деген  аталыштагы   ашынган  карамүртөздүк менен зордук-зомбулук эмне үчүн   чайлап-коолап  баратат?   Террорчулук  кадимки  казават  согуштардын  сөөктөн  өтүп, чучукту көзөгөн  азаптуу  сабактарынын  алгылыктуу  натыйжасында  жаралган  улуттардын бейпил  да,  прогрессивдүү  да  жанаша   күн кечирүүгө   умтулуусун астыртан, аста-секин  жексендөөчү   калк  ара  диверсиялык уруш  болуп  жүрбөсүн? Баякы кырды бычак сабаштардын  залакасы  жетишсизби?  Анда   неге террорчулук окуясы  эң оболу  жана  дүңүнөн […]

Айтматовдун армандуу тагдырынан

“…Шекер кыштагы анчалык чоң эмес кыргыз кыштактарынын бири. Мени менен “Кыргызстан маданияты” газетасынан барган жолдошум азыр кыштакта курулмакчы болгон жаңы клуб, китепкана жөнүндө айтты. Алар Шекер үчүн абдан керек, себеби, бул Кыргызстандын түндүк-батышында жайгашкан кичине кыштак бүткүл дүйнөлүк адабиятка таанымал эмеспи… Шекерде китепкананын бар экендиги бардыгыбызга белгилүү. Биз ал жерге барганда, китепканада шайлоо участогу орношуптур, себеби, жергиликтүү советке шайлоо болмок экен. Ал кичине китепкана Аманбаев атындагы селолук советтин китепканасынын филиалы… Бул жерде дайыма эл көп болот экен. Алар, Чыңгыз Айтматовдун […]

Интернеттен алынган дил азык: Жашооңо бакыт тартуулоочу негизги үч эреже!

Кээде жакындарыбыз менен бири-бирибизди жактырбай уруша кеткен күндөрүбүз болот. Мүмкүн абыдан чарчагангандыктан чыгар: жакындарыбыз болбогон жерден атайылап ызалантып, капалантып, таарынткылары келгендей туюлат. Ал кезде көңүлүң чөгүп, өзүңдү эч кимге керексиздей сезесиң. Эмнеликтен бул акыбалга жеткениңди билесиңби? Көрсө, бизге келген бардык бактысыздык, оору-сыркоо, кайгы, өз абалыңа канаттанбай жинденүү, өзүңдү жаман сезүүнүн себеби – өз ойлоруңдун жана аракеттериңдин натыйжасы экен. Биз көбүнчө эң маанилүү нерсени майда-барат көр оокатка алмаштырып алабыз да, негизги нерсе, өзүң менен өзүң гармонияда жашоо экенин унутуп коёбуз. Бир […]

Түгөлбай СЫДЫКБЕКОВ: Коштошуу

АҢГЕМЕ Касен Батийге кынала олтурду да: — Батиш,— деди кыздын жоодураган акылдуу көзүнө кадала,— алдыңа койгон сунушумду кабыл ал? Дарак жалбырактарын аралап күлүң-күлүң серпилген ай нуру кыздын бетине түшүп турду. Кыз ойлуу, үнсүз олтуруп тынымча убакытты өткөрдү. Жүрөгү дикилдей түштү. Назик мүчөлөрүн майда калтырак аралады. — Кабыл алышка тийишсиң, Батиш-жан? — деди Касен. Батий ооз ачып унчукса эле, өз үнү өзүнө каргылданып, мукактанып жат чыкчудай, башкага угулбачудай сезилди. Анан акырын: — Сиз да…— деди кыз. Бирок анын үнү өзү болжогондой […]

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: Пьер жана Мария Кюрилер & Радиация кубулуштары

1903-жылкы физика боюнча Нобель сыйлыгынын тең жарымын Анри Беккерель, ал эми экинчи жарымын жубайлар Пьер Кюри менен Мария Склодовская-Кюрилер алышкан. Биз азыр кеп кыла турган каармандарыбыз, жубайлар болгондуктан, алардын өмүр баяндарын, илимий иштерин чогуу-аралаш эле баяндоону туура көрдүк. Окурманга деле бул сунуш ыңгайлуу болот деген ойдобуз.  Нобель Комитетинин токтому боюнча лауреаттарга сыйлык: “Профессор Анри Беккерель ачкан радиация кубулушун биргелеш изилдеп, илимге көрсөткөн эң баалуу кызматтарын таануу максатында”, — деген пикир менен ыйгарылган. Алгач, Пьер Кюри жөнүндө сөз кылалы. Окумуштуу 1859-жылдын […]

О` ГЕНРИ: Ал эмнеге арсар болду?

АҢГЕМЕ Терең кайгы менен азаптардын издери көрүнгөн чарчаңкы, арык жүздүү киши “Техас почтосунун” редакциясына алып баруучу тепкичтер менен толкундана чуркап баратты. Адабий бөлүмдүн редактору бурчтагы ордунда жалгыз олтурган, кирип келген адам редактордун жанындагы жумшак отургучка өзүн таштап, божурап кирди: — Кайгымды таңуулаганым үчүн кечирим сураймын, сэр, бирок ичимдегини ким бирөөгө төкпөсөм болбойт. Мен эң бактысыз адаммын. Мындан эки ай мурун чыгыш Техастын чакан бир тынч шаарында алпейим жана бакубат турмушта бир үй-бүлө жашады. Бул үйдүн кожоюну Хезекия Скиннер өзүн ал […]